Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун имаратында коомдук жана саясий ишмер, белгилүү жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар” аттуу китебинин фарсы тилиндеги басылышынын салтанаттуу бет ачаары болуп өттү. Иш-чарага маданият өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, тарыхчылар, ЖМК кызматкерлери жана Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү катышты.
Бул чыгарма чет элдик окурмандар арасында чоң кызыгуу жараткан. Буга чейин китеп сегиз ирет ар түрдүү тилдерде басылып, бүгүнкү күндө тогузунчу жолу — фарсы тилинде жарык көрдү. “Кыргыздар” китеби буга чейин:
- орус тилинде — 7 жолу,
- англис тилинде — 3-4 жолу,
- ошондой эле түрк, азербайжан, кытай, немис, корей, араб тилдеринде басылып чыккан.
Жакынкы бир ай ичинде аталган китеп француз тилинде да окурмандарга сунушталмакчы.
Иш-чаранын жүрүшү
Иш-чаранын жүрүшүндө Каныбек Иманалиев китептин мазмуну, анын тарыхый жана маданий маңызы, кыргыз элинин баалуулуктарын чет элдик окурмандарга таанытуудагы орду тууралуу кеңири баяндама жасады.
Андан соң Голамхоссейн Ядегари, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, бул китеп Иран менен Кыргызстандын ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Абузар Тогани, Ирандын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, “Кыргыздар” китеби фарсы тилдүү окурмандар үчүн абдан кызыктуу болоорун айтып, андагы мазмун алардын тарых жана маданиятка болгон кызыгуусун арттырарын белгилеп өттү.
Белгилүү кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков бул эмгектин кыргыз элинин руханий дүйнөсүн жана маданий мурасын чагылдыруудагы терең мазмунуна токтолуп, “Кыргыздар” китебин улуттук сыймык катары сыпаттады.
Кыргыз эл акыны Маркабай Ааматов бул китепти кыргыз-иран достугунун айкын белгиси катары баалап, эки элдин ортосундагы маданий көпүрө болуп бере турганын белгилеп өттү.
Ыраазычылык
Иш-чаранын соңунда Каныбек Иманалиев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине, маданий өкүлчүлүгүнө жана бул ишке салым кошкон бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирип, китеп мындан ары дагы башка тилдерге которулуп, кыргыз элинин бай тарыхын жана маданиятын чет өлкөлөргө таанытуу иши улантыларын баса белгиледи.