К.Кадыракуновдун “Закым” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, котормочу КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракуновдун “Закым” китебинин бет ачары болуп өттү.

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков алып баруучулук кылган кечеге КР Эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, КР Эл акындары К.Култегин, М.Мамазаирова, Н.Жаркынбаев, О.Ибраимов, К.Коңкобаев, Л.Үкүбаева, Б.Асаналиев, М.Төлөмүшев ж.б. акын-жазуучулар катышты.

Иш чарада адабиятчы, академик О.Ибраимов, филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева, адабиятчы Б.Таштаналиевдер К.Кадыракуновдун чыгармачылыгы боюнча баяндама жасап, акын-жазуучулар “Закым” китеби боюнча пикирлерин айтышты.

Студенттер тарабынан автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды.