К.Басылбековдун “Туюктар” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде акын, котормочу К.Басылбековдун “Туяктар” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китептин бет ачарына арналган иш-чарага КРУЖС төрагасынын орун басары, акын К.Кадыракунов, КР Эл акыны К.Бакиров, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Б.Максүтов, Б.Чотурова баштаган акын-жазуучулар, котормочулар, өнөр адамдары, автордун жакын санаалаштары жана ыр күйөрмандары катышты.

Кечеге модераторлук кылган К.Кадыракунов автордун ырларынан, котормолорунан окуп берип, келген меймандарга автордун бейнесин ачып, тааныштырды. Кеченин коноктору акындын котормочулуктагы талыкпаган эмгегин баса белгилешип, жарык көргөн алгачкы автордук жыйнагы менен адабиятка жаңылык алып келгенине токтолушту. КРУЖСнун котормо багытынын дыйканы, 14 котормо китептин автору, өзүнөн да чыгармачылыкты жогору койгон чыныгы талант ээсин – дүйнө-мүлктөн кечип, өзүң издеп кеткен “дервиш” аташты.

Автор өз кезегинде оңдон-солго, солдон-оңго окулса да мааниси өзгөрбөгөн ырларын окуп берип, кечеге келген меймандардын жарпын жазды. Эки саатка созулган кечени КР Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын А.Кутманалиев, обончу С.Туташбаевдер коштоп, көркүнө чыгарды. Соңуна чейин бир дем менен отуруп күбө болушкан катышуучулар ыр кечеден ырахат алып, ыраазычылыгын билдирип кайтышты.