Проза

Ислам Дооров: БАЙТАМАН

 

(аңгеме)

        Чак түштө канчык итин шпагат жипке байлап алып ачуулуу сүйрөп баратты ал. “Бол эми Байтаман, бас дейм!” а Байтаман баскысы жок.

-Салимбой, каёкка олип кетияпсиз Бойтомонни бу пайтта?- өзбек эли сылыктыгынан кайтпаган эл. Салим он жашар бала болсо да сиз деп кайрылып жатты тандырчы Абдираим аке тандырына нан салып жатып.

Салим маңдайынан куюлган терди жеңине сүртүп Абдираим акени жоопсуз калтырды. Ал болбой эле Байтаманды тартып баратты.

-Бойтомон куникмаганда, ипка бойламагансиз. Ушангаям кетмеяпти- деген бойдон калып калды тандырчы.

Ит менен күрөшүп атып көк дарбаза астына жетти акыры. Үхүлдөп атып Байтаманды жаш терекке байлады да дарбазаны каккылап кирди.

-Батма эже, алып келдим! Ургаачы ит алып келдим! -деп кыйкырып жатканда Батманын  Салим менен куракташ небереси Айнагүл дарбазаны ачты. Салим Айнагүлдү көрөр замат тамагын кырып, үнүн түздөп чоң кишиче сүйлөп кирди:

-Тайнең үйдөбү?

-Үйдө, эмне кыласың тайнемди?-деди Айнагүл бирде Салимге, бирде терек түбүндө итче жаткан Байтаманга карап.

-Ишим бар.- Салим чоң иш жасап жаткан киши көрүнүп Байтаманды теректен чечип Батманын короосуна кирип келди. Короодо Батманын абышкасы отун кесип отурган экен.

-Оо Салим палбан, кел, келе кой. Бизден не кызмат?

-Бизден эмес, Салим бизге кызмат кылып келип отурат. – деп четтен Батма аксап басып келди. – бул жерге байлап коюп ойной бергиле деди алманын түбүн көрсөтүп Салимге. Салим Айнагүл, Айнагүлдүн сиңдиси Сырга, иниси Арген менен ойногонду жакшы көрөт. “Ойной бергиле” деген сөз буга аябай жагып шаша-буша Байтаманды алманын түбүнө байлады да Айнагүл менен үйгө кирип кетти. Чак түш болгондуктан сыртта оюногулары келген жок. А Батманын үйү чоң, эки кабат. Чуркап ылдый түшүшөт, өйдө чыгышат. Анын үстүнө Салим итти жетелеп келбедиби. Өзүн ого бетер маанилүү конок сезип жаткан кези. Башында жашынмак ойношуп анан көз таңмай ойношту. Айнагүлдүн көзүн жолук менен таңып калгандары ар кандай үн чыгарышып шаштысын кетирип жатышты. Салим аябай жакын келди эле Айнагүл аны оңой эле кармап алды.

-Оой Салим ава, биз издегенде такыр карматпайсыз го. Айнагүл эжем издегенде тарс эле кармалып бересиз. – деди Сырга.

-Анткени Салим ава Айнагүл эжемди жакшы көрөт да. – деди Арген каткырып. Муну укканда Айнагүлдүн бети кызарып кирди.

-Арген, жинди болбочу. – биз доспуз да. – деди Айнагүл уялганын жашыра албай. Айнагүлдүн “биз доспузда деген сөздөрү бир аз оор тийди көрүнөт Салимге. Салим ал кичинекей таарынычын шилекейине кошо жутуп салды да:

-Келгиле, ким таңат көзүмдү. – деп Айнагүлдөн алган жоолукту сунду. Жоолукту Айнагүл алып Салимдин көзүн таңды. Үч ирет ордунан тегеренгенден соң Салим издеп кирди. Бир кезде Салим сырттан келип жаткан чуунун дабышын укканда көзүндөгү жолукту чечип эми гана эмне болуп атканын түшүнгөндөй сезилди. Алар ойноп жаткан бөлмөдөгү терезе бийигирээк болгон үчүн Салим бутунун учуна туруп карады сыртты. Сыртта Байтаманды тегеренип үч киши турат. “карма, карма, бул жагынан карма! Тиштейт! Коркпо! Мындай өт!” деген үндөр сырттан угулуп жатты. Байтаман байланган шпагат жипти алманын калың бутагынан өткөрүп тартып киришти. Ошондо ит муунуп аткан кишидей асылып калды жипке. Тыпырчылап, тебинип жатты жаныбар. “Дөңгөчтү ал!” деди бири. “Сок башына, башына сок! Мындайда соё албайбыз!” деп кыйкырып жатышты. Салим эмне кылып койгонун эми аңдап жаткандай. Анын көздөрү төрт болуп, өз огунан чыгып кете жаздады. “Кыңк!” эткен үн менен коштолду акыркы сокку. Салим көзүнөн бошоткон жоолукту колуна бекем кысты да ылдый чөгүп отуруп калды айласы кетип. Мындан бир күн илгеркини эстеди Салим. Салим окуудан келсе Батма Салимдин энеси менен сүйлөшүп отурган экен.

-Катыраңдагы бир табыпка бардым эже. Барсам сага канчык иттин тээриси керек деди. Ушу сиздердин ит канчык беле ошону сурайын деп келдим. Баспай калчудаймын ушу бойдон кетсе. – деди Батма арыздана.

-Бу итти балам жанындай көрөт. Макул болбойт го.- деди энеси.

Мунун баарын астанада Салим угуп турган. Байтаманды жакшы көрөрү чын. Бирок, Салим Батманын небереси Айнагүл менен жолугушууга, аны менен жашынмак ойногонго дайым куштар. Ал ойлуу туруп калды. Айнагүл бир итке караганда сулуу, акылдуу, анан дагы адам да дейт бирде туруп. Антсе бирок, Байтаманды күчүктөйүнөн өзү чоңойтподу беле. Мектепке барса мектепке чейин ээрчий барып, кайтса кайтып жүргөн ушул ити да. Айылдын баары бул экөөсүн көргөндө адам уулу менен иттин достугунун үлгүсүндөй суктанышчу да. Байтаман Салим кайда барса ошол жерге барып кубалашып ойноп, же бир бактын көлөкөсүндө жатып Салимге аянычтуу тигилчү. Эгер ал итин Батмага бербесе анда ал баспай калмак да. Айнагүл анда таенесин карап калып Салим менен ойногонго убакыт таба алмак беле? Ал Батманын үйүнө Байтаманды алып барганын такыр башкача элестеткен. Анын бала оюнда итти ээрчитип келген Салимди Батманын үйүндөгүлөр кол чаап тосуп алмак. Айнагүл болсо Салимдин бул курмандыгын көрүп чуркап келип кубаныч аралаш көз жаш менен Салимди кучактап кирмек да. Салим ушуларды эстеп жатты эки тизесин кучагына кысып. Айнагүл көзүнө көрүнбөй калды бөлмөдө. Көз алдында эң жакын досу Байтамандын алманын шагына асылып кыңкыстап, дөңгөч менен соккондон кийинки шылк этип бошой түшкөн денеси турду. Ордунан ыргып туруп жылаң аяк бойдон чаңытып чуркап кетти көчөгө. Көзүнөн жаштар мөлт-мөлт агып артына кылчайбай чуркап баратты Салим. Байтаманды сүйрөп келген жол менен чургап баратты зуулдап. Жолдон колуна жоолукту бекем кармап алып өңгүрөп ыйлап бараткан Салимди көргөн тандырчы Абдираим “ой таубаа! Бу нимаси булди?..” деген бойдон Салимдин артынан карап туруп кала берди. Үйгө бастырып кирип келсе энеси Салимдин топчуларын тигип отуруптур.

-Эне, мени эмне токтоткон жоксуз?! – деп өкүрүп кирди. Энеси уулунун көзүнөн шурудай төгүлгөн жаштарды көрүп ордунан ыргып туруп баласын бооруна кысты. Салимди энеси жетелеп барып жер төшөкө жаткырды. Салимдин ыйы токтобойт.

– эне, мен эми Айнагүлдү сүйбөйм, Батманын буту баспай калса да мага баары бир эне! Мен Айнагүлдү сүйбөйм эне! Кечир мени Байтаман, кечир мени…– деп өкүрүп боздоп атып уктап калды Салим энесинин бутуна башын коюп. Салим уйкуга кеткенде энеси топчу тигүүнү улантты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Комедия

(аңгеме)

Ал эл толгон кафенин эң караңгы бурчунда Бектемирди күтүп отурду. Кайдан-жайдан көзү колундагы Мандельштамдын чөнтөк китебинен кафенин эшигине бурулду. Эшик ачылганда жарашыктуу кийинген, желкенсине саргыч күрөң чачтары тийип-тийбеген, көз айнекчен кыздан алыстан билип жүргөн күйөрманын тааныды.  Кубат-аты таанылып, эл оозуна илинип баштаган жаш жазуучу. Кубаттын назарын өзүнө бурган кыз кирип келип официант кыз менен сөзгө кирди, желкесине кыл кыяктын баштыгын артынып алыптыр.  Ортолорунда чоң аралык, анын үстүнө кафе ичи күрүгүү-чуручуу  болуп Кубат алар эмнени сүйлөшүп атканын уккан жок бирок, ага ал манилүү эмес болчу. Ал көзүн тигил кыздан алган жок. Ажайып аңгеменин башындай туюлду ага ушу саам. Көкүрөгү бир аз ысый түштү. Көз айнекчен кыз Кубат тарапка карады. Чыгармаларын сүйүп окуган, адабий кечелерине калбай барып жүргөн авторун дароо эле тааныды окшойт, кол булгап жылмайып койду. Кубат шашып оң-солуна карап эл толгон кафенин бул караңгы бурчунда жалгыз экенин түшүнүп, кол булгап жооп кылды. Байкатпаганы менен ичиндеги ысык туйгу бир күчөп, терең демин тартып “жок, бул-повесть” деди шыбырап. “Повесть” официанттан Кубатты көздөй жакындады. Кубат ордунан олдоксон тура калды.

-Саламатсызбы? -деди назик үн.

-А, ии, саламатчылык! Сизди жүзүңүздөн таанып турам, кечиресиз бирок, аттарды бат эле жадымдан чыгарчу жаман адатым бар. -деди уяткарып Кубат.

-Кечирим суроонун кажети жок. Сиздей жазуучуга кечиримдүү. Атым-Асел. – деп көз айнегинин артындагы карагаттай көздөрүн жылмыңдатты.- Мен бул жерден кез-кезде жумуштан чарчап чыкканда тамак буюртма берип алып турам. Сиз да мендей жалкоосузбу?-деп тамашага салып күлдү Асел.

-А, ооба, ачыгын айтсам тамак жасаганды ушу жашка келип да үйрөнө албай койдум. -деди Кубат желкесин сылап.

Асел Кубаттын өз сыры менен ачык бөлүшүп турганына күлүп жиберди. Аселдин назик күлкүсү, анын жымыңдаган көздөрү Кубатты элжиретип жатканы калаты абал жаратып жатты. Бектемирдин кафеге кирип келгени Кубатты дароо өзүнө келтирди. Бир топтон бери Бектемирди кыжырданып күтүп отурган Кубат “дагы бир азга кечиге турбайт белең” деген көздөр менен карап койду. Аны Асел да байкады сезилет.

-Кубат, мени тааныштырасыңбы сулуу кызга? -деди ого бетер кыжырына тийип.

-Асел, таанышып алыңыз, бул менин балалыктан берки досум Бека. Бека, бул кыз Асел… Асел… -деген бойдон не деп улантарын билбей калды. Кубат Аселди алыстан эле байкап жүргөн да. Атын да бүгүн эле таанып атса. Асел Кубаттын маң болуп турган абалын сезип сөздү өзү улады.

-Мен скрипкада ойнойм. Болгону Кубат мырзанын чыгармачылыгын сыйлагандардын биримин. Кечиресиздер, менин буюртмам даяр болду, шашып жаттым эле.-Асел өзүн Бектемир келгенде ашыкча сездиби шашып калды. -Кайырлуу кеч!

“Көрүшкөнчөлөр” менен алмашышып Асел кафеден буюртмасын көтөрүп чыгып кетти.

-Ай сен Кубат! Кайдан эле сен мындай татынакай кыздарды таап аласың? -деди Бектемир кызганыч жыттана. “Билбейм” дегендей желкеси менен ишарат кылса да жүзүндө кубаныч тартылып турду.

Арадан бир нече убакыт өттү. Бир бөлмөлүү батир, текчелер толо китеп. Кубат иштеген үстөл үстүндө гана чырак күйүп турат. Иш үстөлдүн маңдайында Эндрү Уайеттин “Кристинанын дүйнөсү” сүрөтүнүн репродукциясы илинген. Бөлмө тынч. Болгону душтан аккан суунун үнү чыгып жатты. Иш үстөлүндө кагаздарга аралаш жаткан телефонго смс келди. Душтагы суунун үнү басылып Кубат сүлгүгө сүртүнүп чыга келип телефонун колго алды. Бейтааныш номурдан келген катты ачты.

           “Кубат, аттарды көп эстей бербейт экениңизди билем. Сиз менен эки ай мурун кафеде жолукканбыз, эстейсизби? Атым дагы деле Асел бойдон, сиз менен жолугушууну каалагам, бүгүн кеч сейилдеп келгенге макулсузбу? Саат 18:30да жумуштан бошойм. Жооп бересиз деген үмүттөмүн.”

Муну окуганда Кубаттын эсине ошол күн келди. Ал Аселдин чачтарын, баскан кадамдарын, жагымдуу үнүн кайра көз алдында элестетти. Жүзүнө жылмаюу тартылып эми бул повесттен романга өтүп бараткансыды ага.

Жолугушуу сааты жакындап жатты. Ал кечикпейин деп жарым саат эрте келген турбайбы. Кубат дайым ушундай, күттүргөндү жаман көрөт. Бирок, Асел Кубаттай эмес, ал жарым саатка кечигип келди. Жолугушуу эмен багында өтмөк. Алар жакын келип учурашышты да Асел кечигип келгенине узур сурап сөз баштады.

-Кубат, “сен” деп кайрылсак кандай дейсиз бири-бирибизге? – деди күндүн акыркы шоолаларынан бетин тосуп.

-Каршы эмесмин.

Экөө эмен бакты аралап бир топ басышты. Отуралы дешсе бактагы отургучтадын баарын же жаштар, же кары кемпирлер ээлеп алышкан тура. Сүйлөшүп көпкө басышты. Ыңгайы келген сайын Кубат тунук көз айнектин артына жашынган Аселдин мөлтүр көздөрүнө карап тойбой баратты. Кең тротуарда экөөсүнүн желкелери тийишип, аны да сезбеген болуп коюшат. Булар алда качан эмен багынан чыгып жаңы уйкудан ойгонгондой эки жагын карап эми эле кайда жүрүшкөнүн сезишти. Ушунча жылдан бери жашап келген шаары жаңы боёктор менен ачылгансыйт экөөнө. Караңгы коюулап, жылдыздар көрүнүп калганда бул экөө шаардын көпүрөсүнө жетишти. Асел көпүрөнүн темирине жөлөнүп бийиктеги жылдыздарга кыялдуу карап калды. Кубаттын колдору Аселдин белине аяр конуп, кучагына тартты. Асел Кубатка бирде таң калган көздөр менен караса, бирде белгисиздиктен коркуп аткандай карады. Кубат болсо Аселдин көзүнөн суроолоруна жооп издегенсип, белги издеп жатты. Кубат Аселдин пушту,  назик эриндерине карап өпкөнгө батынды. Асел бетин жашырып, жай гана үн чыгарды.

-Менин күйөөм бар.

Бу саамда Кубаттын түпкүрүнөн шылдың, же азилдей жагымсыз бир үн каткырык аралаш: “Бул-трагедия!”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сасык кулак

(аңгеме)

-Эй сасык кулак! Барып акыркы партага отурчу, кулагыңдын сасыгы чыдатпай жатат!

-Сасык кулак! Сасык кулак! – деп класстагы балдар Зебону шылдыңга алып жатышты.

Зебо – 5 а кыргыз классында окуган жалгыз өзбек кыз. Бир кезде кулагы ооруп, ириң агып, кулагынан жагымсыз жыт келгени үчүн классташтары адаттагыдан көбүрөөк кемсинтип калышкан. Кулагы алда качан айыгып, жагымсыз жыттан арылса да, жагымсыз лакап жабышты да калды – “Сасык кулак”.

Азыр да мына мугалим дайымкыдай тапшырма берип коюп, сыртка чыгып кеткенде балдар Зебону кайрадан кекетип-мокото башташты. Зебо – булардын эрмеги. Ушунун баарына Кайрат четтен көз салып отурган. Ал ичтен Зебо көргөн кордукка зээни кейип турса да, классташтарынын жанында аброюн жоготуп, топтон бөлүнүп калгысы келбейт. Зебо алаканы менен кулактарын бекем жаап, эжейдин “жаттагыла” деп айтып чыгып кеткен жаңылмачын үн чыгара окуй баштады…

-Бугунун бугун кара,

Бугунун муңун кара.

Муңдуу бугунун бугун кара,

Бугунун бугун айтайын сага, – деп кайра-кайра кайталап, денесин калтырак баскан Зебо өз алдынча ааламда башка эч нерсе уккусу келбегендей көрүндү.

Кайрат мугалим отурчу үстөлдүн артындагы саатка карады. Коңгуроону күтүп отурат ал. Коңгуроо кагылаары менен сабак бүтөт. Окуучулардын баары китеп, дептерлерин рюкзакка салып, кийинки сабака жөнөшөт. Келерки сабактын мугалими бул эжейдей жакшы эмес, ал сабагын таштап кетип калбайт. Ал коңгуроодон коңгуроого чейин окуучуларды кыйнаганды жакшы көрөт.

Кайрат ордунан турду да Зебо отурган катар менен Сагын тарапка басты. Сагын анан дагы эки-үч бала болуп булар чүкө ойногонго маш. Ал Зебого жакын келгенде Зебонун жаңы кызыл пеналын маңдайында отурган балдардын бири кокус колу тийген болуп партадан түртүп салды. Бул пенал – Зебонун калемдерин салчу сүйүктүү буюму. Чет элде иштеп жүргөн атасы акыркы келгенинде кызына тээ Маскөөдөн алып келген. Зебо дароо пеналды көтөргөнгө умтулду. Ушул учурда жердеги пеналды баамдабай бараткан Кайрат аны байкабай тээп жиберди. Зебонун колу жетерде кооз калем куту эки кадам ары ыргып кетти. Буга балдардын баары боору эзилгенче каткырып күлүп жатышты.

Зебо ордунан тура калып, ый аралаш кыйкырып кирди.

-Мен… мен силерге мынчалык эмне жамандык кылдым эле?! Мени эмне мынча жек көрөсүңөр?! Өзбек болгонум үчүнбү? Эмне күнөөм үчүн? Сасык кулак дейсиңер, эбак эле сасыбай калбадыбы кулагым! Ушу элеби? Ушул эле кулагымбы? Мына, жаптым кулагымды! Сасыбайт башка! – деди да чөнтөгүнөн пахта алып кулактарына ойду-келди тыгып жатты.

Бир азга тынчып калган класс Зебонун кулактарынан учу чубалып чыгып турган пахтага андан бетер каткырып кирди. Зебо бул учурда ага эч нерсе көмөк болбой турганын, аны эч ким түшүнбөй турганын, эч ким аны кабыл албай турганын сезди. Айланага караса, дубалда илинип турган жазуучу-акындардын портреттери… Зебону кайдыгер гана карап турушат. Ал бул шылдыңга чыдабай барып жерде жаткан пеналын алып рюкзагына салды. Башын ылдый салып класстан чыгып кетти. Класс бир саамга тынып, ортодо бир осол тынчтык жаралды окшойт. Бирок ал көпкө созулган жок. Ар ким кайрадан эки-ұчтөн болуп бөлүнө өз алдынча маектешип, шаракташуу кайра уланды.

Кайратты Зебонун сөздөрү ойлондуруп койгонсуду. Бир четинен ал пеналды атайылап тепкен жок да. Класста балдардын каткырыгы, кыздардын шыбырашып отурган үндөрү ушул учурда Кайратка жат же жаман угулуп, жүрөгү кысылып чыккансыды. Ал терезе жакка басып келип, мектептин чыга беришин карады. Ак бантик, кара формачан Зебонун мектептен чыгып, тээ алыстап баратканы көрүнөт. Ал Зебонун артынан коңгуроо чалынгычакты карап туруп калды.

-Эмне, чүкө ойнойлубу? Кеттик азыр, чоң тыныгууда кетип калалы. Болбосо кармалып калабыз, – деди Сагын Кайратка. – Сайпи агайды билесиң го, бир да сабакты калтырбайт. “Ий Шарипов, богуңду мыжыгып отурасыңбы?” деген сөздөрүн уккучакты качтык, досум!

Асман бирин-серин булут, абада мелүүн жел. Алыстан шаркыраган суунун үнү угулат. Алар адатта ойноочу жерине келишти. Бактуу, көлөкөлүү, анан да мугалимдер, чоңдор билбеген жер бул. Асынган рюкзактарын ыргытып, жеңдүүлөрү түрүнүп, жеңсиздер колундагы чүкөлөрүн айлантып сабырсыз. Көп күтпөй оюн да башталды. Чүкөнүн кызыгына жеткенде Кайраттын көзүнө бактардын тереңинде бир кыймыл байкалгансыды. Биринчи болуп ага ак бантик көрүнүп, анан гана бак артына жашынып карап турган Зебону байкады. Зебо бул ээн жерге ыйлап, жаттап жаткан жаңылмачындагы бугу сымал арманын төгүп алганга келген го. Эми мынтип балдар келгенде кете албай туру. Ары жагы дарыя, бери жагы тынчтык бербеген классташтары. Кайрат Зебону байкаса да байкамаксан түр жасады. Зебо алгач Кайратты анын жашынып турганын ашкере кылабы деп коркуп турду. Бирок анын андай ниети жоктугун түшүнгөндө бир аз жаны жай ала түштү. Ал улам бактын артынан бери чыгып “качан кетишет болду экен?” деп күтө баштады. Кез кез Кайрат менен көздөрү кезишише түшөт. Зебо бирде жерден таш алып топ таш ойноп кирсе, бирде жанагы кызыл пеналынан калемдерин алып чөптүү жерге жата калып сүрөт тартып кирет. Балдарын кетерин күтүп отуруп уйкуга кетти ал.

Кайрат Зебону эми такыр башка көздөр менен карап жатты. Зебого эми “сасык кулак” деген лакап такыр жарашпай жаткандай. Ал Зебого ыңгайы келгенде көз салып коёт. Бирок, эгер жанындагы балдар Зебону байкаса, тынчын алмак. Ал болгону кез-кез Зебонун ширин уйкудагы жүзүнө карап коет. Зебонун жумулган көздөрү, узун кирпиктери Кайраттын жүзүндө назик жылмаюу жаратат.

-Эй, азыр менин кезегим, энеңди… тур ары!

-Кандайча энеңди? Энеме тийбе!

Сагын менен чүкөлөштөрдүн бири уруша кетти. Бирок, Сагын кубаттуу, лөкүйгөн бала да. Тумшуктан ары чапты эле тигиниси ыйлап “авама айтам сени” деген бойдон кетти.

Оюн узакка уланды. Жамгыр тамчылап баштабаса булар дагы деле оюнга тоймок эмес. Кайраттын көзү кайрадан Зебого түштү. Зебо жүзүнө жамгырдын тамчылары тийгенде гана ойгонду. Ойгонгондо гана ал Кайраттын ага тигилип турганын байкады. Жамгыр күчөдү. Балдар да үйлөрүнө качышты.

Үйгө чуркап келип Кайрат рюкзагын ыргытты да, кийимин шаша-буша алмаштырып атасынын кол чатырын алып сай тарапка чуркады. Кайраттын жаан төккөн сайын сайдагы ушул чоң көпүрөгө келип селди тосмою бар. Алдынан чыккандын баарын кулатып-кыйратып, сындырып дөөдөй күч менен келген селди караганды жакшы көрөт. Өзү деле жакшы аңдай бербейт эмне үчүн ага анчалык кызыгарын. Селдин дал ошол акылсыз кыйраткыч күчү, бузукулугу ага башкача көрүнөт окшобойбу.

Сел күткөнгө сабыр керек. Анткени канча күтөсүң, канча убакта келет – бул сел менен Кудайга эле маалым. Ал көпүрөдө кол чатыр астында толкунданып күтүп жатты селди. Качан келет? Келеби деги? Мындай нөшөрдөн кийин сел келбесе кусур урганы ошол го. Сабыры түгөп баратканда ташкындап келе жаткан ылайка сууну көрдү. Бул сел эмнени агызып келет болду экен? Машинеби? Же бирөөнүн өлгөн малынбы? Балким, бир чоң даракты тамыры менен үзүп келер? Неси болсо да сел келди! Мына, ал жакындап келе жатат! Эмне деген табияттын албуут күчү бул сел!

Кайрат үчүн бул кызыктуу бир кино көргөнгө тете, жок, кинодон да кызыктуу. Бул сел аябай чоң келди. Бирок, Кайрат күткөндөй эч кимдин машинесин, же торпогун агызган жок. Буга Кайрат бир аз көңүлү да түшүп калгансыды. Болгону майда бутактар агып баратты. Агып бараткан бутактардын арасынан бир кичинекей кызыл нерсе тааныш көрүндү ага. Бирок, кайдан көргөнүн эстей албай жатты. Жамгыр токтоп, сел басаңдай түшкөндө Кайрат үйүнө кайтты. Ошол түнү ал түш көрдү. Түшүнө бүгүнкү сел кирди. Селде 5-а класстын баары кайыкка түшүп агып баратыптыр. Кайрат турган көпүрөдө Зебо Кайраттын кол чатырын кармап агып бараткандарга кол булгап туруптур.

Эртеси мектепке Зебо келген жок.

Зебо мектепке кийин такыр келбеди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Адырга кеткен жол менен

***

Кел чыгып убакыттын рельсинен,

Бир багалы,

Бизсиз кеткен жүргүнчүлөр жүзүнө,

Бизсиз кеткен жолоочулар изине,

изсиз кеткен…

Кел түшүп убакыттын рельсинен,

Аягансып бир багалы дүйнөгө,

Аяп бизге аалам дагы тиктесин,

Ишембинин айлуу, салкын түнүндө.

Дооров Ислам

I

Кыштын биринчи кары жааган сайын ошол таңды эстемей болду. Азыр дагы соңу жок жолду жээктеп баратып ошол таң эсине түштү. Ал кез энеси али тирүү эле.

Көзүн ачса терезе тиктеп адатынча сол колунан тесмеси түшпөгөн энеси отуруптур. Ильяздын ойгонгонун байкадыбы же жөн гана монолог болдубу, айтор, терезеден көзүн албай үшкүрүктөй айтылган “Сайпи дагы о дүйнөлүк болгонуна бир күн болду” деген сөздөрүн уга алды. Ага энесинин оозунан негедир “о дүйнө” кудум кошуна өлкөдөй жакын угулду. Болгону билетиңди алсаң эле оңой жетип барчудай. Көп жылдардан бери оор дарт менен алышып жүргөн энеси балким “о дүйнөнү” ичтен эңсеп айттыбы же Сайпи о дүйнөгө жат болбой калды, эң оору артта калды маркум үчүн деген мааниде айттыбы, эми ал түбөлүк сыр болуп кала берет.

Бир аз баш көтөрөр замат кечеги ичилген арак өзү тууралуу эстетти. Башы ооруганын энесине байкатпаганга аракет кылды. Мастык али толук тарай элек экен. Оозунун буркураган сасыгын чыгарбай эриндери менен бекем туткундады. Энеси тигилген терезе сыртынан айыл четиндеги адырдагы көрүстөн элес-булас көрүнүп турат. Кече күнү арака “закуска” кылган салаттар жогорулап атканын сезип сыртка шашып чыгып кетти. Кайра келгенде энесинин үнүн укту.

-Бечара балам, кече Сайпи агай өтүптүр деп келип көңүлсүз жатып алды. Кеч тамакка да турбады, -деди энеси баласынын мас келгенин сездирбейин деп жатып алганынан кабарсыз.

-Сайпи жакшы адам эле. Ары жагынан берген болсун, – деген атасынын кайгырыңкы үнү таанылды.

II

Чынында кече Сайпи агайдын өлүмү күтүүсүз болду. Өлүм башкача болмок беле?… Айтор алар – кесиптеш мугалимдер – тойго барышмак. Эгер түнү көмүр исине ууланбаганда Сайпи агай да алар менен ошол тойдо болмок. Кыскасы жагдай мындай. Сайпи агай Ильяздын математика мугалими болчу. Ильяз сүрөт окуу жайын аяктап кайра өзү окуган мектепке мугалим болуп кирген. Ошол күндөн тартып Сайпи агай ага кесиптеш да болуп калган эле. Ильяз мектепте окуп жүргөн кезде андан математика генийи чыкпасын сезген агайы анын дептерге сүрөт тартып отурганын байкаса да каршы болчу эмес. “Закиров, сен чоң сүрөтчү болсоң менин портретимди тартып бересиң!” деп калчу маркум. Ильяз мектепте эң жаш мугалим болгондуктан, анын үстүнө сүрөтчү деп ар кандай жазма-чийме иштерге жумшай беришчү. Зауч эжеси расписаниени көтөрүп келип Ильязга жаңы расписание көчүрүп чийип берүүсүн өтүндү. А Ильязга түз сызыктарга караганда ийри сызыктар оңой келчү. Анын үстүнө расписаниени чийүү эсеп-кысапты да талап кылчу. Ильяздын башы катып турганда Сайпи келип бир кездеги окуучусунун башын тырмап турганын көрүп ары-бери эсептеп берип койгон эле. Ильязды карап Сайпинин ошондо “Закиров, мен өлгөндө математиканы мага Сайпи үйрөткөн деп уят кылба мени!” деп тамаша-чыны аралаш айтканы жадына түштү. Ушул сөздөрүнөн көп өтпөй эле бир кесиптешинин тою күнү кайтыш болуп атпайбы. Алгач барып агайды айыл четиндеги адырдагы көрүстөндө жерге беришти. Кыш жакындап калганы менен күн өзгөчө ысып турган. Сайпи агайды өзүнүн түбөлүк түнөгүнө узатып коюп кесиптештери тойго барышты. Той тойдой болду дейсиңби?… Бул Ильяздын биринчи ирет адамды жерге бергени да, тойлогону да болчу. Мугалимдер же тойдогудай шайыр маанай көрсөтө албай же каза болгон кесиптешине кайгыра албай – түшүнүксүз абалда отурушту. Бозоруп отурган эркек мугалимдердин үстөлүндөгү жымжырттыкты бузуп, Алмаз агай “не деген күн болду, түштө досуңду көмөсүң, түштөн кийин тойго барасың, бу не деги!? Акылдан аза электе куйчу, Тилек!” дегенде Ильяз да астында турган пияланы Тилек агайга ишарат кылып түртүп койду. Тилек агай Ильяз менен Алмаз агайдын пиялаларын толтуруп аракты үстөлдүн астына жашырып койду. Эки педагог арты артынан “агынан” көтөрүп жатышты. Бири кече окуу жайды аяктаган, окуучудан айырмасы аз жаш мугалим болсо, бири чачынын карасынан агы көп эски бөрү. Алмаз агай Сайпи агай менен көп жылдык достор, кесиптештер эле. Ильяз масая түшкөндө Алмаз агайдын үстөлдөгү чөйчөк толо аракты карап калганын байкады. Агарган башын шылкыйтып ылдый салып отурган агайдын көзүнөн мөлт-мөлт жаштар агып, кош тизесине муштумун түйүп үнсүз ыйлап жаткан экен көрсө.

Тойдун чуусунан тамеки чегүү шылтоосу менен чыгып кетишти бөтөлкөлөштөр. Алмаз агай тамекисин кызарта тартты да Ильязга карап.

-Ильяз Каримович, менин портфелимди алып чыгып берип коюңузчу. Мен ичкериге киргим келген жок,- деди Алмаз агай.

-Азыр агай!

Портфелин күтүп күзгү жылаңач дарактын астында отуруптур Алмаз агай. Ильяз портфелин алып келип.

-Мына агай! Портфелиңиз.

-Рахмат, Ильяз Каримович! Эми мен барайын. Кудай кааласа, эртең мектептен көрүшөбүз. Каалабай койсо, оо адырдан көрүшөбүз. Хи-хи-хи! – деп адырдагы көрүстөнгө көрсөтүп калаты күлүп койду. Бул сөздөр Ильязга ирония сыяктуу угулду. Алмаз агайдын атеист экени баарына маалым эле.

-Жакшы эс алыңыз агай. Адырлар бүгүнгө жетишет.

III

Ошол алыскы күндөр көз алдынан учуп дагы деле жол жээктеп баратты Ильяз. Не болуп мындай алыс кетип калганын, кайда баратканын да билбей жатты.. “Кайда баратам бирөө жарым айта алабы?… энем кайда?… үйүмчү?… селсаяк ит сыяктуу баратам бул каргыш урган ээн талаада” дейт түпкүрүнөн чыккан дабыш. Ар өткөн унаага кол көтөрөт, токтобой машинелер зуу өтөт. Кар, бороон, көлчүктөр. Көлчүктү чачырата кечип унаалар өтсө, ашата сөгүп калып калат. Бороон бетке уруп, суук сөөккө жетмей болду. Маңкасы шурулдап жүдөтөт. “Жетип алсам, айда жылынам дейсиң! Ваннага сууну толтурам да жатам суу муздаганча. Муздаса, кайра жаңыдан ысыгын агызам”, -деп баратты үмүткө жылынып.

IV

“Сайпи дагы о дүйнөлүк болгонуна бир күн болду” деген энесинин сөздөрүн кайра эстеди. “Азыр канча күн болду экен андан бери бери. Мейли аны кой, энемдин о дүйнөлүк болгонуна канча күн болду?… Деги эле эмнени түшүндүрөт бул сөздөр?… бир күн менен он күндүн айырмасы кандай маркум адамга?… неге мунун баары менин эсиме дал ушу тапта келип жатат?”

Ар бир өткөн унаага токтойт деген үмүттө бурулуп кол көтөргөндөн да тажады. Эч ким токточудай эмес. Эч ким аны көрбөй аткансыйт. Ильяз өзүн бул ааламда жалгыз калган жан сезди. Арбак сыяктуу баратты жолун улап. Тамекисин издеп чөнтөккө колун салды, бирин алып титиреген тиштерине кысты. Ширеңкени алса, ал да суу экен, жинденип оозундагы тамекини да, ширеңкени да ыргытып салды кар үстүнө. Жада калса, тамеки менен эрмектей албайт турбайбы өзүн. Үмүтү өчүп баратканда бир унаа артынан ылдамдыгын басаңдатып токтоп келе жатканын сезди. Бир аз жандана түшүп бурулуп караса, кара Sprinterдин сөлөкөтү көрүндү. Бурганактап жааган кардан алдыңкы терезесиндеги жазуу окулбай жатты. “Не дейт? Гр… гру… груз…

-ГРУЗ-200?!”

V

“О дүйнөлүк болгонуна дагы бир күн болду… о дүйнө… бир күн… Сайпинин о дүйнөлүк… о дүйнө… оо адырдан көрүшөбүз!… ” деген сөздөр жаңырып жатты кулагына.

Борошологон бороон бир замат басылып күн да чыга келди. Ээн талаада кез кез дырылдап өткөн машинелерден башка эч ким калбады. Биринчи кар бат эле ээрип жок болду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ошол кыш

Күз ортосу чоң оомат конуп кичинекей үйлүү болдум. Үйдүн бир бурчунан экинчи бурчуна бир секирим аралык болсо да кепедей баш паанектүү болгонубузга аялым экөөбүз балача сүйүндүк. Кызыл Туунун четиндеги дачалардын бири биздин жаңы дарек болду. Жети айлык кызым төрт чарчы бөлмөдө ары-бери жөрмөлөп бизди кубантат. Анда биз али кыштын кандай оор болорун биле элек кез. Мен үйдөн чай кайнам аралыктан эскилиги жеткен кичинекей дачаны ижарага сүрөт таркан устакана кылуу үчүн алдым. Күн сайын эртеден кечке устаканамдамын. Кеч үйгө кайтканда “чай менен ичкенге” деп Роза эженин дүкөнүнөн татуу бир демке алып алам. Анан аялым экөөбүз кызыбызды уктатып алып чай ичебиз. Күн түнгө алмашып отуруп бат эле устаканам сүрөткө толуп кетти. Устакана кепедей болгондуктан барган сайын кичинекей сүрөттөрдү тартып баштадым. Эгер жакын арада бир-эки сүрөт сатпасам устаканама өзүм да батпай калмакмын. Суук түштү, анан кар да жаады. Эски бир жылыткыч табып бутумдун астына коймой болдум иштеп жатканда. Атам айтып калчу “бутуң жылууда болсо үшүбөйсүң” деп. Үстүмө кат-кат калың кийинип, анын үстүнөн узун, кызыл-тазыл боёктор жуккан ишке кийчүү чапанымды кийип алчумун. Башымда кара топум. Пол тамекинин таштандыларына толо. Күндөрдүн биринде адаттагыдай мен сүйүп уккан күрттөрдүн элдик ырларын угуп, “Учуп бараткан дачниктеримди” (картинамдын аталышы) тартып отурган кезде телефонума коңгуроо келди. Бурулуп карасам “Cherie” деп сакталган номер чалып атыптыр. “Cherie” Мопассандын тилинен которгондо кымбаттуум болот. Жок, ойношум эмес, аялым чалып жатыптыр. Ала калсам кыйкырык, ый аралаш “келчи тезирээк, бол!” деди жүрөктүн үшүн алып. Жылыткычты өчүргөн ары кары калсын, колумдагы кыл калем кайда жоголгону алигече дарексиз. Устаканамдан ушундай атып чыктым дейсиң. Чуркаганымды айтпа. Кар ошол күнү тизеден жаап, дагы деле токтойм деген оюу жоктой. Үйүм устаканадан бийигирээк жайгашкан. Анын үстүнө калың карда чуркаган ого бетер оор болуп жатты. Жеткичекти ар кайсы жаман ойлор келет. “Кызыма бир балээ болдубу? Бир жерден кулап, бир жери сындыбы?” деген ойлордон жүрөгүм ого бетер оолугат. Оор өтүгүм калың карда ого бетер оорлошо түштү. Адатта шашпай, жеңил эле барып келип жүргөн жол ары алыс, ары татаал туюлуп жатты. Чапанымдын бурчун басып алып карга азында үч-төрт ирет куладым шекилди. Дачанын тар көчөлөрүнүн кесилишине кызыл жигули чыга калды. Машинаны от алдыра албай түртүп жатышкан экен. Өпкөм айрылганы калганда машинеге жеттим эптеп. Дароо алдыңкы орундугуна отурдум да шопур аксакалга “айда… алдыга айда… балам… кызым…” өпкөмдү баса албай ушуну гана айта алдым. Чал жүрбөй жаткан машинесин от алдырганга аракеттенет бирок, андан эч майнап чыкпай койду. Машинеден чыгып кайра чуркадым үй тарапка. Талпактап жатып жеттим акыры. Дарбазага жеткенде коркуу басты. Кызымдын денесин канда, же үшү кеткен абалда көрөмбү деп калтырап кирдим. Анан кайра убакытты уттургум келбей кар өтүгүм менен кирип бардым. Эшикти ача калсам бурчта жыйналган төшөктөрдүн үстүндө аялым кызымды кармап отуруптур. Менин алайып кирген жүзүмө карап кызым “ата!” деди сүйүнө “мени ал” дегенсип талпынып. Чуркап келе калып кай жери не деп кызымды карап чыктым. Эч нерсе көзүмө илинбейт. Болгону кызымдын кытыгысы кармап күлөт.

-Не болду Айсулуу?!

-Тиги кийимдердин арасында чычкан жүрөт! – деди ал арыздана кийимдер жаткан тарапка көрсөтүп. Көздөрүм жашылдана түштү. Чычкан экенине аябай ыраазы болдум. Калтырак басты мени жеңилдей түшкөндө. Мештин жанындагы күл алган темир күрөктү алдым да кийимдерди аралап жүргөн чычканды акырын чаап өлтүрдүм. Тынчыган соң аялым менен кызымдын жанына отуруп кызымды өпкүлөп кирдим. Аялым экөөбүз бири-бирибизге карап күлүп жаттык. Көзүм нымдашып турган. Машиненин сигналы чыкты. Мен ким бизге келиши мүмкүн деп чыга калсам жанагы байкуш абышка жигулисин жүргүзүп артыман келген тура.

-Аксакал, рахмат сизге, баары жайында, баары жакшы экен! Шашып, айлам кетип турганда сиз деген сылык сөз да жадыман чыга түштү. – дедим уяткарып.

-Бала аман болсо болду иним. – деди чал жылмая.

Жылыткычым да, кыл калемим да, башкасы да жадымдан чыгып кетиптир. Жанагы мен тоголонуп, тегеренип келген жол менен кайра жай төмөн бастым. Устаканама барып жылыткычты өчүрүп, Роза эжеден татуу бир демке алып кемпирим менен чайлаштык. Ошол кыштын бир күнү ошол чычкан менен эсте калды.

 

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу