ТАМГАЛАР МЕНЕН ТААНЫШАМ
Аа
“А” боломун билсеңер,
Алга кадам ташталат.
Алфавитте биринчи,
“А” тамгасы башталат.
Бб
Баарыбызга эң зарыл,
Биринчиден тазалык.
“Б” тамгасын камтыган,
Баары сүйгөн балалык.
Вв
Волга сөзүн окуп көр,
“В” тамгасы турамын.
Велосипедге жанашып,
Вертолетто учамын.
Гг
“Г” тамгасын билдирген,
Гүлдөрүмдү үзбөймүн.
Гимн ырдап жатканда,
Дене бойду түздөймүн.
Дд
“Д” тамгасы урунат,
Деңиз, данек дегенде.
Дайым балдар кубанат,
Дарбыз, коон жегенде.
Ее
“Е” тамгадан айтылат,
Енот деген жаныбар.
Далай сөздө кездешет,
Дагы издесең табылар.
Ёё
“Ё” тамгасын эстеп кал,
Башында бар кош чекит.
Коён менен боёкту,
Кошо жүрөт дос дешип.
Жж
“Ж” тамгасын көргөндө,
Жазбай таанып аламын.
Жаштын берсе тилегин,
Жакшы окууга барамын.
Зз
Зебра, Зейнеп сөзүндө,
“З” тамгасы катташат.
Зирек жүргөн балдарды,
Замандаштар макташат.
Ии
Илим менен билимдин,
Издеп көрсөң арасын.
“И” тамгасын көп ирет,
Ийгиликтен табасың.
Йй
“Й” тамгасын тааныбай,
Уят болуп калбагын.
“И”ге мени окшотуп,
Алмаштырып албагын.
Бардыгына көрүнгөн,
Башымда бар калпагым.
Кк
“К” тамгасы кызыктуу,
Күлкү менен кубаныч.
Кылым кезген комуздан,
Күүлөр чыгат уланып.
Лл
“БиЛим” деген бир сөздөн,
“Л” тамгасын тааныды.
Бөлмөбүзгө пайдалуу,
Лампочканын жарыгы.
Мм
“М” тамгадан башталган,
Мекенимди барктаймын.
Мыкты окуп буйруса,
Милдетимди актаймын.
Нн
Назик гүлдөр ичинен,
“Н” тамгасын издешти.
Нуркыз менен Нускайым,
Нанды бөлүп бир жешти.
Ңң
Сүйлөмдөрдө аз эле,
Колдонулат дебегин.
“Ң” тамгасы айтылат,
Жаңгак болсо жегениң.
Оо
Бүт баарысы тааныган,
“О” тамгасы боломун.
Талаадагы буудайды,
Орок менен оромун.
Өө
“Ө” тамгасы өзгөчө,
Өлкөбүздүн символу.
Өзгөдө жок өнөрүң,
Өргө чапсын миң жолу.
Пп
Поэзд менен паравоз,
Толукташат бир-бирин.
“П” тамгадан башталат,
Парта менен пингвин.
Рр
“Р” тамгадан жазылган,
Ракетада учамын.
Рахмат айтып апама,
Роза гүлүн сунамын.
Сс
“С” тамгасы мен болом,
Жарым айдай элесим.
Жакындарды унутпай,
Сагынганда келесиң.
Тт
Танабайдын атына,
“Т” тамгасы жазылат.
Туягына тулпардын,
Темир така кагылат.
Уу
“У” тамгасын үйрөнүп,
Улуу жолго чыгабыз.
Учуп келген куштарга,
Уя белек кылабыз.
Үү
“Ү” тамганын өзүндө,
Үкү, үтүк дагы бар.
Үйүн алып баратат,
Үлүл деген жаныбар.
Фф
“Ф” тамгадан башталган,
Футбол сөзүн алабыз.
Эртең менен мектепке,
Форма кийип барабыз.
Хх
Пайдалуусу спорттун,
Хоккей жагат Акматка.
“Х” тамгасы камтылган,
Пахта менен шахматта.
Цц
“Ц” тамгасы угулат,
Циркуль сөзүн айтканда,
Цемент менен курулган,
Циркте учат асманга.
Чч
Чындап эле коркомун,
Чартылдаса чагылган.
Чычкан, чүкө, чоң эне,
“Ч” тамгадан жазылган.
Шш
“Ш”дан кеткен досторум,
Ширин, Шакен, Шарапат.
Шайы көйнөк кийинип
Шаар көздөй баратат.
Щщ
“Щ” тамгасын кайталап,
Көнүктүргүн тилиңди.
Тиш щеткада ар качан,
Тазалап жүр тишиңди.
Ыы
“Ы” тамгасы боломун,
Ызы-чууну билбеген.
Ынтымактуу балдарга,
Ыр үйрөтөм миңдеген.
Ээ
“Э” тамгасы эр жүрөк,
Элин жоодон сактаган.
Энекемди сүйөмүн,
Эркелетип мактаган.
Юю
Уюк, аюу, оюнчук,
Ушуларды карасак.
“У” менен “Й” биригип,
“Ю” тамгасын жаратат.
Яя
Аяз ата, аяз кыз,
Качан келет ким билет.
“Й” менен “А” экөөсү,
“Я” тамгасын билдирет.