И.Буниндин аңгемелери Т.Чакиевдин котормосунда

КОТОРМОЧУ ТАШТАНБЕК ЧАКИЕВ: “И. БУНИНДИН АҢГЕМЕЛЕРИН КОТОРУУ, ЧЫН-ЧЫНЫНА КЕЛГЕНДЕ ӨТӨ МАШАКАТТУУ БОЛДУ”

 2013-2020-жылдар аралыгында мен котормо жаатында талыкпай эмгектендим

«Кудайдын кулагы сүйүнсүн» демекчи бүгүн китеп дүкөнүнө баш баккан адам  андагы текчелерде эне тилибизде жарык көргөн түрлүү китептердин жыйылып турганын көрөт. Бир кездердеги “кара курсак менен кармашып” калган күндөр артта калып, элибиз, анын ичинде өзгөчө жаш муундун жакындан бери адабиятка болгон кызыгуусу артып, совет доорундагыдай болбосо да колуна акырындап китеп кармап, ошол доордо жарык көргөн кыргыз классиктеринин чыгармаларын издеп, сураштырып жүрүп, таап окуй баштагандыктары кубандырат. Бирок, ошол эле учурда коңшу элдердин адабияты, деги эле дүйнөлүк адабияттын, анын ичинде  айрыкча прозалык чыгармалардын жаркын үлгүлөрү кыргыз тилинде дээрлик кезикпей жаткандыгы өкүндүрөт.

Ошентип, мен өзүмдү котормочу катары поэзия гана эмес прозалык чыгармаларда дагы сынап көргүм келди. Мурда-кийин ыр жаза коюп, өңчөй поэзиялык чыгармаларды которуп келе жаткан мага кара сөздү, болгондо да кара сөздүн чебери И. Буниндин аңгемелерин которуу, чын-чынына келгенде өтө машакаттуу болду. «Аракет кылсаң – берекет» демекчи, эчен машакаттуу айлардан (жылдардан десек деле ашыктык кылбайт, себеби Буниндин стилин тапкыча арандан бери дегенде эки жыл өтүп кетти) кийин Бунинге катар эле А. Чеховдун аңгемелерин, анан ал аздык кылып жаткансып дагы бир Нобель сыйлыгынын лауреаты, атактуу жапон жазуучусу Р.Акутагаванын новеллаларын кыргызчалай баштадым. Ал ортодо Мокрыниндин «Горная царица Курманджан и её время» деген тарыхый повестин кыргыз тилине котордум. Айтор, мына ушул жылдары, тагыраак айтканда 2013-2020-жылдар аралыгында мен котормо жаатында талыкпай эмгектендим десем болчудай.

 

Дүйнө элине таандык чыгармаларды кыргыз тилине которуп, сөз менен иштөө маданиятын өздөштүрүүбүз абзел

Орус адабияты өзүнүн уникалдуулугу менен дүйнө элинин назарын өзүнө буруп келет. Арийне, Достоевский, Гоголь, М. Булгаков, М.Шолохов, анан калса Л. Толстой өңдүү кара сөздү камырдай ийлеп келген гениалдуу жазуучулардын чыгармаларын окубаган  өлкө элин бүгүн дүйнө жүзүнөн  табуу кыйын. Кечээ, 1917-жылы совет бийлиги орноп, Ала-Тоо жергесинде “Өктөбүрдүн таңы” атып, жалпы кыргыз эли илим-билимге ээ болгондон тартып алгачкы жазма акын-жазуучуларбыз дал ушул орус адабиятын казып окуп, андан таалим алганы, анан барып эл ичинен Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, А.Осмонов,  С.Эралиев, О.Султанов, Ашым Жакыпбек, Э. Турсунов, М.Абакиров, К. Акматов, К. Жусупов, Т.Мамеев, С. Акматбекова, М. Ааматов өңдүү алп акын-жазуучулардын, котормочулардын чыккандыгы айтса-айтпаса төгүнбү. Демек, бүгүн дагы биз орус адабиятын казып окуп, орус тилинен болобу, же башка тилден болобу дүйнө элине таандык чыгармаларды кыргыз тилине которуп, сөз менен иштөө маданиятын өздөштүрүүбүз абзел.

 

Алгачкы ыр жыйнагым 35 жашымда жарык көрдү

Котормочулукка мен студенттик курагыман тартып эле аралаша баштадым. Баса, менин студенттик доорум К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өттү. Кийин 2002-жылы Бишкекке келдим, алгачкы ыр жыйнагым “Күн дидары” деген ат менен 2005-жылы жарык көрдү. Муну айтып жатканымдын себеби, мен көпчүлүк акын, жазуучулардай бала кезимден тартып калем кармаганым жок. Бул өнөр мага 17 жашымда, мектепти бүткөндөн кийин келди. Ошого  байланыштуу, жогоруда аты аталган ыр жыйнагым да кечигип, тагыраак айтканда 35 жашымда жарык көрдү.

 

 

 КЕМ АКЫЛ                                                                                        

                                                                                                                                                           И.Бунин

         Чиркөө кызматкеринин семинарияда билим алып жаткан уулу ысык, саратан жай түндөрүнүн биринде делебеси козуп ойгонуп, бир далайга чейин кыймылсыз жатты. Баса, ал жайкы каникул күндөрүн өткөрүү үчүн айылдагы ата-энесинике келгенине аз гана убакыт болгон. Талаа жумуштарын токтото коюшуп, алыс эмес жердеги өзөн жээгине келип, үстүндөгү көйнөктөрүн башы өйдө чечип ыргытып, энеден туума жылаңач кейипте кыраан-каткы түшүп, сууга жапырт чуркап кирип жатышкан ошол күнкү кыздар менен алардын кебездей аппак денелери көз алдынан кетпей сезимин ого бетер дүргүтүп жибергендиктен ордунан туруп, не кылаарын билбей от жагып койгондой ысык, көзгө сайса көрүнгүс караңгы ашканага ууру мышыкчасынан жылып кирип, колдорун сунган боюнча барып жакыр, тексиз жана да кем акыл атанган кызматчы кыз жаткан секичени сыйпалап тапты да, үстүндөгү жуурканын тартып ачып, коюнуна кирип кетти. Кыз коркконунан үн чыгарган жок. Ошол күндөн тартып ал жайды-жайлай кыз коюнуна түнөп кетип жүрдү. Жыл айланбай кызматчы кыз эркек төрөп, ашканада өз жумушун кылып, күнүмдүк жашоосун өткөрүп жүрдү. “Асыранды баланы айылчы катын билдирет” – демекчи бул иштин чоо-жайы тууралуу кабар эбак эле айылды аралай чаап тарап кеткен менен тууган-уругу бул тууралуу билсе-билмексен, укса-укмаксан. Бул окуяга бир гана семинарист өзү көз жуумп коё албады. Айылга келген сайын ызага чөмүлөт, нары-бери чуркап жүргөн наристе баланы көргөндө, айрыкча качандыр бир кезде мына ушул баланын энесинин, болгондо да “кем акылдын” коюнунда түнөп кетип жүргөнүн эстесе, жети өмүрү жерге кирет.

Чиркөө кызматкери айтмакчы курсту ал “эң мыкты” бүтүп, академияга тапшыраар алдындагы жайкы каникулга келгенинде ата-энеси эт-бетинен кетип, келечектеги академик менен мактанып калуу максатында биринчи эле майрам күнү конок чакырышты. Граммофондун сыбызгыган үнүн коштой коноктор да үй кожоюндарын кубаттап, окууну бүтүп келген уулдун жаркыраган келечеги тууралуу жарыша сүйлөп, ар түркүн кыям менен чай ичип отурушту.

Бардыгы бир саамга демдерин ичтерине тартып, музыканын жагымдуу кайрыктарына курсант болуп отурушканда отургандардын көңүлүн алып коймокко: “Бар, барып бийлеп бер” – деп шыбырай койгонунан улам ашмачы катындын уулу бөлмөгө антаңдап чуркап кирип, тайталаңдап бийлеп кирди. Не болуп кеткенине жакшы түшүнө бербей отургандардын бары тең бири-бирин нес боло тиктеп калышканда чиркөө кызматкеринин баласы ачуусуна чыдабай, кызарып-татарган тейде отурган жеринен атып туруп, көз ачып-жумганча олжосун кежигеден тиштеп ыргыткан кадимки жолборс сыяктуу, тигини желкеден апчый кармап ыргытканда бала кире бериштеги бөлмөнүн оозуна тоңкочук атып барып кулады.

… Кийинки күнү дьякон жана анын аялы уулунун талабы боюнча ашмачы катынды үйдөн кууп салышты. Алар жөнөкөй жана боорукер адамдар болушкандыктан айткан сөздөн чыкпагандыгы, баш көтөрбөй иштей берчү мээнеткечтиги үчүн ашмачы аялды жактырыша турган. Канчалык суранышып, кечирип коюусун өтүнүшкөн менен тыянак болгон жок. Кечинде ашмачы аял бышактап ыйлап, бир колуна түйүнчөгүн көтөрүп, экинчисине баласын жетелеген боюнча короодон чыгып кетти.

Жайды-жайлай ал баласын жетелеп алып, ар кайсы айылды түтүнмө-түтүн кыдырып, кудайчылык кылып жүрдү. Күнгө күйүп, шамалга колу-бети туурулуп, кайырмакка илер эти жок калганына карабастан башын салып, таптакыр мөгдөп жатып албады. Ийнине таар себетти арта салып, узун таяк таянып, жылаңаяк ар бир үйдүн короосуна келип, лам деп ооз ачпай жүгүнгөн болот. Бала артынан калбайт. Ийнинде – тар себет, бутунда – майрыйган эски чокой.

Баланын түрү суук эле. Башынын төбөсү жалпак келгени аз келгенсип, чачы дүкүйүп, кадимки каман чочконун кылындай кызгылт тартса, дердейген таноолуу мурду барбыйып, көздөрү күйүп тургандай элес калтыра турган. Бирок, ууртунан тарта жылмайган учурда ажары ачылып, татынакай болуп кетчү…

         1940-жылдын 28-сентябры

 

 

КАРЫШКЫРЛАР

         Август айынын мемиреген жумшак түнү талааны бойлой жаткан чаңдуу жол менен кош ат чегилген араба келе жатты. Тиги, булуттуу асман бетинде жылдыздар адаттагыдай жамырап көк бетин талашпай, анда-мында гана бир жылт этет. Дал мына ушул коюу, буурул түндөгү кулак-мурун кескен тынчтыкты бузуп келе жаткан арабада арабакечтен башка дагы эки адам бар эле. Анын бири – өзүнө тиешелүү кичи жер ээлиги бар жаш келин, экинчиси – гимназияда окуп билим алып жаткан жаш улан. Анда-санда булуттардын арасынан жылт этип көрүнө калып жаткан тээ көктөгү ай кечээ гана эч нерсе менен иши жок жаштык дооранын сүрүп жүрүп, бүгүн минтип башына сыйда жоолук салынып, ата-бабасы тааныбаган эле бир үйгө келин болуп келип калган уяң кыздай толукшуп, көздүн жоосун алат. Күмүш түстүү нурлары жер бетине тегиз чачырап, теребелди жарык кылат. Ошондон улам жал-куйругу байланып, араба сүйрөп бара жаткан аттарды, башында картузу, үстүндө жупуну чыт көйнөгү бар арабакеч жана муңайым тарткан тиги муңдуу талаа алаканга салгандай даана көрүүгө болот. Шумдугуң кургур, кечээ элдин бары кечки тамакка кирген маалда, карышкырлар кайсы бир үйдүн короосуна кирип, бир койду жара тартып, сүйрөп бара жатканында, иттердин калаймакан түшкөн ызы-чуусуна чуркап чыккан жигиттер колдоруна бакан ала чуркап, капталы жарылып, небак ичеги-карды чубалып калган койду арачалап калышыптыр. Мына эми ошону уккан арабадагы бул жаш келин ширеңке чагып күйгүзүп, оңду-солду ыргытат. Анан калса, өз кылыгына өзү маашыр боло: – Энекебай, деги кашабаңдардан сактай көр! – деп экилүү каткырат. Ширеңкенин учкуну анын жанында отурган жаш уландын албырып чыккан жүзүн улам кайра жарык кылат. Араба нары-бери чайпалат. Денеси-денесине кынала түшкөндөн пайдаланып, гимназист жигит келинди белинен имере тартып, бирде алкымынан, бирде бетинен өбөт. Эриндерине жетүүгө ашыгат. Келин башын чулгуп, жигитти чыканагы менен капталдан нары укуй түрткөн болот. Сезими делөөрүп алган жигит өзүн араң токтотуп, арабакеч уксун дегенчелик кылып катуу кыйкырып мындай дейт: – Жетишет эми, ширеңкемди кайтарып бериңиз. Антпесе, тамеки күйгүзө албай калып жүрбөйүн? – Коркпоңуз, тамеки күйгүзгөнгө ширеңке калат! – дейт келин жооп кылып. Анан кайра ширеңке жанып, учкуну айлананы бир саамга жарык кылат. Ошол көз ирмемчелик жарыкта арабанын дөңгөлөктөрү алдыны карай эмес, артты көздөй айланып бара жаткандай элес калтырат.

Келин бир маалда жанатан берки аракетине жооп кылып, жигиттин кучагына боюн таштай бөрсөйгөн эриндерин тосуп, эзилише өбүшүп кирди. Дал ушул маалда арабакеч божуну күч менен тартып, текирең таскак менен бара жаткан аттарды капысынан тык токтотту да, аз жерден эт-бетинен кете жаздап барып оңолгон берки экөөнө бурулуп: – Карышкырлар! – деп кыйкырды.

Оң тарапта жанатан бери болуп жаткан өрт учкуну уюлгуган түтүн аралаш тээ асманга көтөрүлүп, теребелге жарык чачат. Токой эми жанагысындай болбой, көзгө комсоо көрүнөт. Караган-бута чатырап күйөт. Ал ансайын өрт долуланат. Аптабы улам жакындап, мына эми бети-башты чымыратат. Дал ошол өрт болуп жаткан тарапта чоңдугу торпоктой болгон үч карышкыр аларга тигилет. Кан толуп, кыпкызыл болуп күйүп турганы аз келгенсип, көздөрүнөн от чагылат. Убакыт токтоп калгансып, бир саамга жымжырт боло калгандан кийин, капысынан аттар катуу кошкуруп жиберип, арабаны күү менен солду көздөй булкуп тартып, аң-дөңдү карабай айдоо үстү менен атырылтып сүйрөп жөнөйт. Муну күтпөгөн арабакеч чалкасынан түшөт. Колундагы божуну коё бербей, өйдө турууга далалат кылат. Арабанын дөңгөлөктөрү зыңкыйып катып алган бир бороздодон экинчи бир бороздого согулуп, ал ансайын турууга жолтоо болот… Бир маалда өлөр-таларын билбей күү менен бара жаткан аттар алдыдагы аңга жетип-жете бербей арабаны дагы бир жолу булкуй тартып, башка нукка саларда келин ордунан атып туруп, арабакеч баланын колундагы божуну күч менен жулуп алды да, бирок ошол замат эт-бетинен барып арабакеч отурчу секичени сүзүп кулады.

Ошентип, эрин туштагы ошондон калган тырык изи өмүр боюу кеткен жок. Бул туурасында андан сурап калышса, ал ага жылмая күлүп, маашыркана: – Э, кайсы бирин айтайын! – дей турган ал тээ алыста калган качанкы бир жай мезгилин, август айынын кургак күндөрүн, кызыл баскан кырман жана сары кыр тарткан үймөк самандагы сакалы кырылбаган гимназист бала менен коюн-колтукташа жатып эзилип, тиги көк бетин бербей жымыңдаган түнкү жылдыздарга телмире тиктеп, кыялдана жатчу түндөрүн эстей берип. – Капысынан карышкырлар чыгып, аттар ала качып… – А мен болсо, эмне жаш элем, мас элем – дегендей, аттарды токтото калам деп…

Анын албуут сүйүүсүнө ким гана кабылбады дейсиң…. Мына ошолордун бары бир ооздон анын ажарын ачып турган дал мына ошол эрининдеги узатасынан кеткен тырык экендигин айтышчу.

 

1940-жылдын 7-октябры