Гаарба Орозматов: Кыргоол

Кыргоол

-Эй чупуруштар! Сакалдуу кишиге куйдурганыңар кандай? Же эмне кызматыңар бийик болсо эле, пайдалана бересиңерби! – деп тигилерге үстөмөл сүйлөдү. Башкарма дароо түшүнүп, эми өзү тейлей баштады. Исполком, гос контроль, башкарма үчөө тең секретарга жагыныш үчүн, эмне деген гана сөздөрдү айтышпады. Айтор жагалдангандын чеги жок. Бир гана бригадир терең ойлуу, салабаттуу. Эпилдеп, жепилдебей өз калыбында.

Ошентип бир сыйра куюлуп, биринчи тост секретардын ден – соолугу үчүн деген менен алынды. Экинчи тост деле секретарь үчүн. Үчүнчү анан төртүнчү, удаасы менен бешинчи, алтынчы тосттор айтылып, бөтөлкөлөр биринин артынан бири бошой баштады. Жакшы сөздөрдү уккан секретарь маашырлана сынай карап олтурду. Аңгыча секретарь кызымтал болуп, гос контролду ырда деди. Ал дароо эле буйрук ирээтинде кабыл алып, “Партия” деген ырды созуп калды. Муну уккан башкарма эми даана титирей баштады. Мени ырда деп калса эмне кылам? Кайсы ырды ырдайм?- деп өң алеттен жок. Исполком кызуулуктан коркконун сездирген жокпу… же чын эле арак ичине кирген соң анча корко бербедиби, айтор ырды коштоп ий – ий, бали ! деп гана кыйкырып отурду. Ал эми көптү көргөн бригадир эмнеден корксун, эч камырабай меймандостугун гана билдирет. Жөн гана конокторду сыйлоо таризинде алыңыздар, жеңиздер деп гана анда – санда бир сүйлөйт. Ыр да ырдалат, арак да жутулат, закүскөлөр биринин артынан бири желет. Тамекилер чегилип, баланча баланчаевич дешип бири – бирин улуктап сүйлөшөт.

Токойдун кооздугун айтпа. Чымчыктардын сайраганы, куштардын түрлөп обон созгону, көк чөптүн жыты, тал, кара – жыгач, терек, бадалдардын көлөкө берип жыш өскөндөрү. Суунун шарылдап акканы, токойдун ичиндеги жаратылыштын көркөмдүгү бир укмуш. Ушундай керемет сулуулуктагы токойдун салкын абасы адамды өзүнө тартат го чиркин. Аңгыча болбой бадалдын түбүнөн кыргоол учуп калбаспы.

Секретарь үнүн чыгара кармагыла кыргоолду деп өктөм, катуу сүйлөдү. Аттап – буттап башкарма кыргоолдун артынан зуу койду. Курсактуу башкарманын чуркаганы күлкүлүү укмуш эле көрүнөт экен. Артынан тартактап, салмактуу, узун бойлуу гос контроль чуркап жөнөдү. Мындайда исполкомдун башы бешөө беле, ал карап турмак беле, тигилердин артынан кыргоол артынан, көчүгүн томпоңдото чепеңдей чуркап ал кетти. Бригадир гана бир ордунан козголбойт. Турганынан жазбай ошол ордунан жылбайт. Аңгыча секретарь ачуулана:

-Сен эмне чуркабайсың? Же эмне коммунистик партиянын буйругун кабылдабайсыңбы? Сакалдуу деп баятан бери сыйлап койсо, эмнеге мени тоготпойсуң? – Эмне секретардын сөзү сөз эмеспи? Партиянын буйругуна баш ийбеген сени көрсөтөм! Сен эмес сенден кыйындар менин бир сөзүм менен буйрукту аткарууга кетишти го?!

Албууттанган секретарь мындан он минут мурун эле бригадирди сиз деп аткан. Эми сенге өтүп орусча, кыргызча урушуп жатты. Кыргоолду кубалап кеткен беркилер, аз жүгүрүштүбү же көп жүгүрүштүбү, айтор, акактап ар кимиси күйүккөн жеринде отуруп калышты. Учкан кыргоол ушундай токойдон буларга кармата коймок беле. Секретардын жини келип, бригадирди тилдегени тилдеген. Бир убакта бригадирдин да жини келип, секретарды баса калып сабап жиберейин дейт. Өзүн – өзү кармап туруп калды. Өзүнө – өзү сабыр тилейт. Анткени бир айылдашынын илгерки жоругу эсине келе түштү.

Жумаке деген кампачыны чогулушка салышып, ишеним көрсөтүшпөй жатышса, бозого тойгон Жумаке аларың эле кызматпы? Аларың эле кампабы? – деп жооп кайтарып үч мүнөт тынч албай койгон экен. Чоңдун укуругу узун дегени чын белем. Жумакең ошентип үч жылга кесилип кетет экен. Үч мүнөт унчукпай койсо, үч жылга кетпейт эле деген сөз эл оозунда калып кетет. Ошол окуяны эстеп, бригадир өзүнүн ачуусун басып, өзүнө токтоолук тилеп, секретардын сүйлөгөнүн этибар албайт.

-Жолдош секретарь, жолдош секретарь бир ачууңузду мага бериңиз деп гана айтар айтмаксан болот. Ал эми секретарь кызуулукка алдырганбы же чын эле жини келип аттыбы, айтор, токточу түрү жок. Арадан бир топ убакыт өттү, ачуусу тарабай бригадирге;

-Сен жумушуңан кеттиң! Эмне кылсаң ошо кыл! Сендей партиянын буйругун аткарбагандарды жазалоону токтотпойбуз! Менин сөзүм бир! – деп жапсардагы сууну көздөй басып кетти.

Ал кетээри менен үчөө аңдып тургансып, чарчаңкы басып келишти. Башкарма бутунан аксап алган. Чуркап бара жатканда салмактуу неме кокустатып алса керек. Исполкомдун беттери кызыл-ала тытылган. Сыягы кыргоолду кубалаганда чыргай тытып кетсе керек. Гос контроль улам – улам окшуп кускусу келет. Бою узун салмактуу неме катуу чуркаганда абдан күйүксө керек. Үчөө далдоо жерде туруп алышып бригадирди тилдегенин, жумуштан кет дегенин угуп отурушкан экен. Дароо келишип эле:

-Эми аксакал, ой жумуш табылат, алтын башыңыз аман болсо дешип, үчөө үч жагынан көңүл айтышат. Биз каралашып турабыз, пенсияга чыгаарыңызга канча калды? – дешип чебелектешет. Башкарма арактан куюп бригадирге сунат. Ачууну ачуу басат дейт, алып жибериңиз. Күйпөлөктөгөнүн токтотушпайт. “Көрөт элем өздөрүн жумуштан бошотушса” – деп бригадир ойлонуп да коёт. Үчөө бригадирге көңүл айта беришип, бөтөлкөлөрдү бошотуп жатышты. Бир чети бригадирге көңүл айтышса, бир чети секретардан коркушат. Кыргоолду кармай албай качырып жиберишкенин кантип айтышат. Айтор үчөө абдан коркушуп, ичкендери ирим, жегендери желим болуп сабырлары суз. Бир маалда суу жээктен илкий басып секретарь келди.

-Ии келдиңерби? Кармадыңарбы? – деп үнүн жоон чыгарды. Үчөө баш көтөрүшпөйт. Кудум сабак билбеген экинчи класстын окуучусундай шылкыйышат. Коркконго кош көрүнөт болуп, кебетелери бир укмуш.

-Эй, кыйсыпырлар! – эми секретардын үнү өтө эле өктөм чыга баштады. – Тизилгилечи ! Бригадирден башкаңар! Качан эле кыргыз баласы… Качан эле ата – бабаңар кыргоолду кубалап жетчү эле?! Үчөөң тең жигит эмес экенсиңер! Үчөөң тең эркек эмес экенсиңер! Үчөөң тең мансапкор экенсиңер! Үчөөң тең кызматтын кулу экенсиңер! Үчөөң тең жумушуңардан кол жуудуңар! Жолдош бригадир сиз салт билги, нарк билги, салабаттуу жакшы адам экенсиз. Катуу кетсем кечирим сурайм. Өз жумушуңузда иштей бериңиз: – деп машинасын көздөй барды да, айдоочусуна кеттик дегендей ишарат кылды белем, дароо жөнөп кетти.

***

Үч күн өтүп өтпөй үчөө кызматтарынан алынды…