«Менин эстүү курбуларым» сериясынан
«Менин эстүү курбуларым» сериясында окурмандарга бир катар аңгемелеримди сунуштап турмакчымын. Ал аңгемелерде эстүү аялдардын бөтөнчө окуялары тууралуу баяндалат.
Шаризаттын ыры, тергөөчүнүн сүйүүсү жана
Кымыевдин кармалышы
(Уу сөздөн көңүлү ооругандарга арналат.)
Уюлдук телефондун коңгуроосу жаналекетке түшүп чырылдады. Айгүлдүн ичке манжалары керебеттин жанында турган тумбанын үстүн сыйпалап атып чырылдаган үндү өчүрдү. Саатты караса – жети. Сегизде жумушунда болушу керек. Айла жок көзүн бир ачып, бир жумган бойдон ваннага жөнөдү.
-Сабыр, тур. Мен кечигем. Тур, жуун, – деди Айгүл бөлмөгө кирери менен жуурканына оронуп алып уктап аткан күйөөсүнө.
-Канча болду? – деди эркек.
Айгүл саатты карады.
-Жетиден жыйырма мүнөт өтүптүр. Бол. Кечиктим, – деп шкафтан кийимдерин алып чыгып шашып кийине баштады.
Кийинип жатып, тумбанын үстүндөгү телефонунан «Ютуб каналга комментарий келип түштү» деген билдирүү турганын көзү чала калды. Каерде кандай шартта турбасын, ютуб каналына бирөө жазганын көрөр замат окумайын жаны тынбайт. Бу сапар да дароо ашыга ача салды.
Сабыр бөлмөдөн чыгып баратканда шыпылдап кийинип жаткан аялы жуунуп келгиче өң-алеттен кетип, мойнуна илген кофтасынын бир жеңин кийип, бир жеңин кийбей, дел болуп отурган экен.
-Сага эмне болду? – деди чочуган күйөөсү.
-Бирөө Шаризаттын ырына аябай жаман сөз жазыптыр, – деди Айгүл.
-Кана? Берчи! – деп, эркек телефонго умтулду. Аялы күнөөлүү карап:
-Өчүрүп салдым, -деди муңайым.
Жазган кишинин фамилиясы ким эле деп ойлоно калды анан. «Ии, Кымыев деген болчу. Эстеп калбасам. Дагы жазып жүрбөсүн, өчөшкөн бирөө болсо» деп бир канча жолу «Кымыев, Кымыев» деп ичинен кайталады. Аңгыча телефонуна Шаризаттан «Менин ырымдын астына бирөө жаман сөз жазды эле эмеле, таппай калдым» деген билдирүү келди. «Ии, Шаризат көргөн тура» деп Айгүл мулуйду. «Кандайсың? Мен аны өчүрүп салдым» деп жооп берди катка. «Аа, мен ошол комментарий жазган немени сотко берейин дегем» деди Шаризат. «Ии… сотко бересиңби? Кап, өчүрүп салдым да. Сени көрбөсүн дегем. Мен анда компьютерщиктерден сурайынчы, кайра тапса болор…» деп жооп берди жумушуна шашып аткан Айгүл.
«Ии, каяктан өчүрө салдым эле тың болуп, – деп кобуранды өзүнчө анан. – Эми кимден сурайм мунун жолун. Бүгүн жумушта компьютерщиктерге унутпай чалып сурайынчы, – деди да сыртка ашыга жөнөдү.
*****
Ошол күнү Айгүлдүн ютуб каналына үч киши катталды. Бири милиционер, бири тергөөчү, бири прокурор. Катталгандар ким экенин Айгүл ошол эле күнү Шаризаттан билди.
«Мындай ишти райондук сотто такыр караган эмеспиз. Мушташкан, чачташкандарды эле карап келгенбиз. Сеникинде карай турган эч нерсе жок дешти. Көгөрүп отуруп алдым. Айттым: тиги киши менин өзүмө асылса мейли, тим коет элем. Менин эң аяр дүйнөмө суук сөзүн агытып атат. Ырыма жазып атат комментарийди. Негизи жок жаманатты кылып атат. Жылуу үйүндө отуруп алып, ар кимге жаман комментарий жазганынын эсесин тартсын. Үйүнөн убараланып кийинип чыгып, ушул көчө менен басып силерге келип, сурак берип, түшүндүрмө жазсын дедим!» – Шаризаттын үнү телефондон өктөм чыкты.
-Ии, анан карашмай болдубу деги? – деп сурады кабатырлана Айгүл.
-Ыргылжың болушат да. Ачуум келди ошого. Анан айттым: силер Райымжан акенин мал базарынын тегерегиндеги чырды карап, меникин неге карабайсыңар? Райымжан аке деген бир бай бар биздин райондо. Ошонун мал базары талашка түшүп, дүү-дүү кеп боло берет. Райымжан акенин байлыгы – мал базары болсо, менин байлыгым – ырым. Экинчиден, силер коомдун аяр катмарын коргошуңар керек. Керек болсо акындар да аяр катмарга кирет. Коргоого муктаж дедим», – Шаризат ызалуу сүйлөп жатты.
Анын сөзүн Айгүл иштеген жеринде коридордо телефонун кулагына такап басып жүрүп укту.
-Мейли эми, күтө туралы. Таап калышар, – деди Айгүл кабинетине кирип баратып коштошкону камынып.
-Ооба. Деги ушинтип көрүнгөнгө интернеттен асылып уу сөзүн агыта бергендерди тиешелүү жазага тартыш керек да. Акыры бирөөнө жасаган иши үчүн жооп бердиртип коелу. Ошо Кымыев болсун! – деди Шаризат.
*****
Тергөөчүнүн кабинети. Бир стол, документтер шыкалган шкаф. Төрт-беш отургуч. Кийим илгич. Столдун үстүндө эски типтеги компьютер менен эски типтеги принтер. Тунжураган тынчтык.
Шаризат барганда тергөөчү бир чоң папканын кагаздарын чачып карап отурган экен. Акырын эшигин чертип, анан жообун укпай эле ичкери кирди. Тергөөчү киши киргенин көрсө да, башын кагаздан көтөргөн жок. Шаризат босогодон үнүн бийигирээк чыгарып саламдашты. Тергөөчү башын ийкеп алик алганы менен, жүзүнө карабады. Шаризат турган жеринде оңтойсуз туруп калды. Тергөөчү бир саамдан кийин гана үнүн кырып келип, «келиңиз жакыныраак, отуруңуз» деп астейдил көңүл бурган болду.
-Келдим. Эмне, кармалдыбы? – деди Шаризат эси-дарты Кымыев болуп.
-Сиз отуруңуз, отуруңуз. Шашпаңыз. Адегенде таптыңарбы деп сурасаңыз. Анан кармалат да. Кармаганда деле ага эскертүү беребиз ашып кетсе. Биртике айып пулга жыгарбыз, – тергөөчү кыртышы сүйбөй сүйлөгөнү билинди.
-Сиз адегенде табыңызчы. Анан нары жагы мыйзам боюнча кандай болсо, ошондой болсун. Мен сиздерге Кымыевди таап, түшүндүрүү ишин жүргүзүп, жылуу жумшак үйүндө отуруп бирөөнүн жүрөгүн оорутуп комментарий жазарда ойлоно турган кылып коюшуңуздарды гана өтүндүм эле. Эки айга чамалап баратат. Али ишиңердин кымындай да дайыны жок! – акыркы сүйлөмдү Шаризат ызалуу айтты.
-Издеп атабыз. Көрүп турбайсызбы, – алдындагы чоң папкадагы чачылып жаткан кагаздарды көрсөттү тергөөчү. – Иш чачтан көп. Мен жалгызмын. Бу жерде, – кагаздарды өйдө көтөрдү. – бир нече оор кылмыштар турат. Ошого сиздин иш бир аз кармалып атат. Туура түшүнүңүз бизди сиз дагы, – деди анан кабагын чытый.
-Мен түшүнүп эле турам. Силердин ишиңер көп. Бирок менин арызыма да убакыт бөлгүлө. Кызуусунда таап… – дегиче тергөөчү сөзүн кести.
-Убакыт болсо эле карайбыз деп айтпадымбы. Анын үстүнө комментарийди да өчүрүп коюпсуздар. Далил жок караш кыйын. Комментарий болгондо башка кеп. Ошон үчүн ишти жаап эле салалы. Эмне кыласыз, башыңызды оорутуп, бул жакка каттап… – үнү жумшарып, тергөөчү Шаризаттын жүзүнө тигилди.
-Болбойт! Мен башында эле айткам, баш тартпайм деп. Туура түшүнүңүз, бул көк беттик эмес! Мага асылса – башка кеп. Ырыма асылып атат, ырыма! – Шаризаттын ачуусу келип эки бети кызарып чыкты. – Ишти ача турган негиз жок дейсиз. Кандайча негиз жок? Менин эң аяр дүйнөмө кол салып атат. Ошондон бери жакшы уктабай да калдым. Балким мен мини инфаркт алгандырмын. Кандайча негиз жок? Сиз Алыкул Осмоновдун эмнеден өлгөнүн билесизби?
-Билебиз, кургак учуктан өлгөн, – тергөөчү суз унчукту.
-Жок! Кургак учук – натыйжасы, бержактагысы. Байкуш акын ырларына карата айтылган адилетсиз ачуу сындардан көңүлү кирдеп, ооруга туруштук бере албай калган… – деди да, үнү каргылданып токтоду, дагы бир сөз айтса, эчкирип ыйлап жибере тургандай… Дене боюн майда калтырак басты. Небак өлгөн Алыкул акынды өз көзү менен көргөндөй айтып салганына өзү да таң калды. Мындай ой ага мурда дегеле келген эмес. Улуу акындын окуясын тергөөчү «маанисиз, негизсиз» деген өзүнүн окуясына дал келтирип, тиги маңдайында отурган тоң мүнөзгө таасир этем деди го, чамасы.
Тергөөчү маңдайындагы аялдын үрпөйгөн түрүн көрүп, кыжыңдашып отурбайын дедиби, сөздү башка жакка бурду.
-Деги эмне деген ыр эле. Көрсөтүңүзчү, – деп, кызыккандай түр көрсөттү.
Буга чейин Шаризат канча айтса да, кийин угам деп укпай койгон. Ошо шумпай Кымыев ага кошумча баш оору кылып жазган балакет комментарийге себеп болгон ютуб каналга катталышын катталган. Бирок андагы ырды ачып уккан эмес. Ыр угуш эле калды эле эми мага деп кыжыры келген. «Деги ушу адамдар кызык. Болбогон нерсе менен келип башты оорутушат. Ушинтип бетине айтсаң, сенин үстүңдөн да арызданышат».
Тергөөчүнүн оюн Шаризаттын телефонунан чыккан музыка бузду. Ыргагы жагымдуу музыканын артынан аял киши дирилдеп ыр окуп кирди. Ыр жайбаракат башталып, улам темпи күчөп барып, анан… үшкүрүк коштогон ыргак менен аяктады. Ыр сүйүү тууралуу эле. «Күттүм сени, күттүм сени…» деген саптар тергөөчүнүн кулагында калды. Терезеде жамгыр үнү билинер-билинбес угулуп, ага ырдын ыргагы кошулуп, өзүнчө бир керемет дүйнө тергөөчүнү сыйкырлап бараткандай болду.
-Ыр ушул. Анан ушу ырга тиги Кымыев деген неме жазып атпайбы кашайтып, – деди Шаризат телефонун чөнтөгүнө салып жатып.
-Айтыңызчы, эжеке, махабат менен сүйүүнүн айрымасы кандай? – деп сурады тергөөчү тунжураткан оюнан ойгонуп.
-Анын ишке кандай тиешеси бар? – деп суроолуу тигилди Шаризат.
-Тиешеси жок, албетте, – тергөөчү столдогу кутучадан бир тамекини сууруп алып күйгүздү. Оозунан чыккан түтүндү жогору үйлөп: – Сураганымдын себеби… сүйлөшкөн кызым менден кетип калды. Урушкан деле эмеспиз… Эми анда-санда түшүнбөстүктөр болчу. Бирок, катуу кетчү эмесмин. Бир да жолу, – сөөмөйүн көргөзүп койду. – Өзүнөн өзү жылан чакпай, жылкы теппей эле кетип калды бир күнү. Борборго кетсе керек. Чалсам, албайт, – тамекисин өзөгүнө тартып-тартып алды.
Шаризат ага түшүнүп-түшүнбөгөн таризде тунжурап карап калган эле. Бир убакта үргүлөп кеткен кишидей чочуп кетти да:
-Билбейм, сизге жардам бере албайм. Укканга да убактым жок. Ишке да тиешеси жок, – деп кесе сүйлөдү.
-Кызык! – деди тергөөчү тамекисин күл салгычка өчүрүп жатып. – Экөөбүздүн ортобузда сүйүү эмес, жөн гана махабат сезими болгон окшойт. Мен сүйсөм да, ал сүйгөн эмес го дейм, – Шаризатты угуп жатабы, укпай жатабы, иши болбой сөзүн уланта берди. – Таанышканыбызга бир жыл болгон. Ал да сиздей болуп, арыз менен кайрылып келип калган эле.
-Анын да жүрөгүн бирөө оорутуптурбу? – деп сурады Шаризат.
-Жо-жоок! – тергөөчү жигит чын ыкластан күлдү. – Телефонун уурдатыптыр. Ошону таап бергиле. Жакында эле атам өлгөн. Анын сүрөт-видеолорун телефонумдан компьютерге түшүрө элек элем деп келиптир. Эшиктен киргенде эле көзүмө жакшы көрүндү. Телефонун да тез эле таап бердим.
-Кылмышка шектүүнү тез табышыңыз үчүн сизге жагыш керек экен да киши, – деп тамашалады Шаризат жылмайып.
-Андай деле эмес. Мага оңой менен киши жакпайт өзү. Мүнөзүм да кырс. Сизди жазмакер экен деп гана сыйлап атам. Башка бирөө болсо, небак жолго салмакмын, – деди күлүп тергөөчү жигит.
-Аа ошондойбу? Анда кордук көргөн бечара үмүт менен бул эшиктен кирип, анан ого бетер көңүлү кирдеп кетет тура сизден, – деди Шаризат.
-Эми баарын карай берсек, убакыт да жетмек эмес, нервибиз да түтпөйт. Бир чакасын жоготуп деле келе бергендер бар. Тиги кыз тууралуу айтып атпайт белем. Ошентип, телефонун таап колуна бердим. Атасынын сүрөт-видеосун ууру дароо өчүрүп салыптыр. Ошого аябай капа болду. Сооротуп, жанынан кетпей туруп калдым. Ошол, ошол болду. Анан ошо күнү кечинде эле «кафеден табылган телефонду жууп чай ичели» деп чакырдым. Ыргылжың болду. Эптеп көндүрдүм. Мамилебиз жакшы эле болчу. Кийинки кездерде негедир алыстап кетти менден. Анан айтпай эле кетип калды ушинтип, – тергөөчү үшкүрүп алды.
-Сиз аны издесеңиз, таап алмаксыз да. Издебедиңизби? – деп сурады Шаризат.
-Жок. Издегим келбеди. Кеткенге чейин эле сезчүмүн… сүйбөгөнүн. Кете берсин. Билгенин кылсын. Издеп тапканда кайтмак беле? – тергөөчү Шаризатка муңайым тигилди.
-Ооба, туура, кайтпайт го. Зордоп кайтара албайсыз. Аны жакшы билем, – деди Шаризат.
-Ооба, сиз аны жакшы билесиз, ырыңызда айтыпсыз, – деди тергөөчү сынай карап.
Шаризат андан көзүн ала качты. Эмеле жайдары турган жүзүнүн жаак эттери жыйрыла түштү.
-Мен кеттим. Кымыевди тапсаңыз, кабарлаарсыз. Мени жактырбасаңыз да, издээрсиз деп үмүт кылам, – деп ордунан турду.
-Жакшы барыңыз, – тергөөчү акырын үн катты.
Шаризат эшикти катуу жаап чыгып кетти. Тергөөчүнүн бөлмөсүнө тунжураган тынчтык кайра кайтып келди.
*****
Айгүл электрондук почтасын текшерейин деп кирсе: «Почтаңыз толуп калды. Бош орун сатып алыңыз» деген жарыя туруптур. Бош орун сатып алгыча, окулган каттардан почтамды тазалайын деп, чекеден ишти баштады. Каттардан тышкары почтага ютуб каналынан билдирүүлөр да келген экен. Муну мурда баамга албаганын кара. Ютуб каналына жазылган комментарийлер тимеле жайнап кетиптир. Көрсө, почтасы ошолор менен эле толуптур. Четинен өчүрө баштады. Бир убакта… көргөн көзүнө ишенбейт. Кымыевдин жазган комментарийи турат бадырайып. Айгүл сүйүнүп кетти. Дароо скриндеп, Шаризатка жибермей болду. «Шаризат, куттуктайм! Кымыевдин «шедеври» табылды!» деп, артынан эмелеки түшүрүп алган скринди айдады. «Ии жакшы болбодубу. Кымыев табылар эми. Шаризат да көңүлү тынып калат» деп Айгүл чын ниетинен сүйүндү.
*****
Кымыевдин комментарийи келген учурда, телефонун үйдө унуткан Шаризат, сейил бакта төрт жашар уулун ойнотуп жүргөн.
Тергөөчү райондогу эң кыйын деген программистти чакырып, Кымыевдин ким экенин, алтургай, каерде жашарын таап… көңүлү шайдоот болуп сүйгөн кызына телефон чалып жаткан.
Элди дүрбөлөңгө салган Кымыев деген неме болсо, аялы эмеле колуна карматкан тергөөгө чакырууну алып нес болуп отурган.
Ал эми Айгүл тергөө үчүн далил боло турган балакет баскыр комментарийди таап бергенине көңүлү тынчып, ютуб каналына Шаризаттын дагы бир сүйүү жөнүндө ырын эргип окуганга киришти:
«Жолдосуңбу, мен да жолдомун. Мен сени издеп, а сен мени издеп…»