Публицистика Сын

Гүлзада Станалиева, акын, адабиятчы: КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВДИН «ГИМН» АҢГЕМЕСИНДЕГИ АБСУРДДУН ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ

 

Кубатбек Жусубалиев ХХ кылымдын экинчи жарымында кыргыз адабиятына модернисттик адабиятты алып келген жазуучу. Ал тематикалык-идеялык жактан да, мазмундук-формалык жактан да кыргыз адабиятына өзүнө чейин кездеше элек жаңылык киргизген.

Модернизм – модерн доорунун искусствосунун өнүгүүсүнүн аяктаган этабы. Ал эми модерн доору прогресске, аң-сезимге, гармонияга болгон ишеним менен башталып, адамдын өзүнөн жана ал жараткан маданияттан көңүлү кайт болуп ал тургай, үрөйү учкан учур, мезгил болгон. Модернизм өзүнүн пессимисттик мүнөзү менен өзгөчөлөнөт жана анда дүйнө башатынан эле трагедиялуу жана абсурд катары кабылданат. Дегеле абсурд батыш адабиятында XIX– XX кылым тогошуусунда искусствонун авангард формаларында негизги сөз, өзөктүү тема болгону маалым (Анисовец, 2011: 7).

Кубатбек Жусубалиевдин чыгармаларында да абсурд темасы өзгөчө көркөм иликтөөгө алынат. Анын «Гимн» аттуу аңгемесинде автордук жай баракат баяндоонун артында советтик идеология жана пропаганда менен карама-каршы турган карапайым адамдардын турмуш шарты, жашоо образы сүрөттөлөт.

“Басма сөз беттеринде жазуучунун чыгармалары, алардын ичинде биз сөз кыла турган “Гимн” аңгемеси тууралуу мындай маалыматтар берилет: «1963-жылы “Ала-Тоо” журналына “Тоолорго жаз кеч келет”, “Жол боюндагы теректер” аттуу аңгемелери басылат. 1967-жылы “Күн автопортретин тартып бүтө элек” деген ат менен Фрунзеден “Кыргызстан” басмасынан 110 бет көлөмүндө китеби чыккан. Китепке “Тоолорго жаз кеч келет”, “Жол боюндагы теректер”, “Эскерүү” аттуу үч аңгемеси кирген. 1974-жылы “Кожожаш мерген” киноповести жазылган. 1981-жылы “Толубай сынчы” деген ат менен китеби чыккан. Ага “Түш”, “Кыш”, “Шатыдагы балдар”, “Жолборс эки уйду жыгып жатат”, “Туулган күн”, “Толубай сынчы”, “Койчу жана жөө туман” аңгемелери, “Жижи үчүн жазылган жомоктор” түрмөгү кирген.

Мына ушул эки жыйнактан кийин жыйырма жыл бою анын чыгармаларын басууга кимдир бирөө тыюу салгандай журналдарга да, китептерге да чыкпай калат. 1980-жылы “Гимн” деген аңгемеси

“Мугалимдер                              газетасына”                              жарыяланган».

https://sputnik.kg/20211030/kubatbekzhusubalievdinelkoroeleksurottoru1054413415.html.

Ооба, «Гимн» аңгемеси жазуучунун бир топ мезгилден кийин гана жарык көрүүгө жолу ачылган чыгарма эле. Бул тууралуу адабиятчы Б.Шамшиевдин жазганы көңүл бурдурат:

«Кубатбек Жусубалиевдин аңгемеси гимн тууралуу саясий максатты көздөгөн чыгарма деле эмес. А бирок ыраматылык социалисттик реализм эрежесине караманча каршы келген чыгарма кайыбынан болуп 1980-жылы “Мугалимдер газетасына” чыгып кеткен. Гезит редактору Жунай Мавляновдун коомдук кадыр-баркынан чочулаган адабият идеологдору ал кезде чыгармага катылышкан эмес. Болбосо авторуна идеялык айып тагып, советтик турмушту бузуп жатат деп айгай салып чыгышмак» (Шамшиев, 2021)

http://ruhesh.kg/ky/category/show/news/1497/korkomtuyuntmadagikenedeychekittinoorzhugu.

Ошентип «Мугалимдер газетасы» аркылуу окурмандардын колуна тийген бул чакан аңгеме чындыгында жолдуу болуп, советтик бийликтин камчысын чапкан адабиятчы, сынчылардын катуу сынына кабылган эмес. Болбосо бул чыгармада советтик пропаганданы, идеологияны кескин катуу сынга алган күчтүү подтексттик маани бар эле.

«Гимн» аңгемесин жазуучунун башка чыгармаларындай эле абсурд адабиятынын  бир үлгүсү катары мүнөздөөгө болот. Аңгеме өспүрүм баланын атынан баяндалат. Бүтүндөй чыгармада өспүрүм баланын психологиялык абалы, дүйнө таанымы аркылуу окурман карапайым адамдардын турмуш чындыгына күбө болот. Ооба, автор өспүрүм баланын көзү менен турмуштун карама-каршылыктуу картинасын түзүп берүүгө умтулат. Балдардын эскилиги жеткен мектепте окуп, колхоздун ишине тартылып, ураан-чакырыктарды көрүнгөн жерге жайнатып жазып убара тартканы чагылдырылат. Мектептин улам актаган сайын, жамгыр жууп кеткен дубалы, балдарды ишке салып коюп уктаган агайы, колхоздун талаасына келген студенттердин иштемиш болуп, терген пахталарына таш салып, суу куюп, эптеп кутулуштун жолун гана издегендери, шаардагы дүкөндөрдө азык-түлүктүн тартыштыгы, кардарлардын кезегинин арыбаганы сыяктуу көрүнүштөр ошол доордун мүнөзүнүн мозаикасын түзөт. Бул турмуш көрүнүштөрү пропагандага кызмат кылган жер жайнаган, ал тургай, тоонун башына чейин жазылган ураандарга карама-каршы келет. Мындай карама-каршылык, абсурддук чыгармада негизги идея катары улам тереңдетилип көрсөтүлүп отурат.

Аңгемедеги балдар ураан сөзүнүн аягындагы илеп белгисине чекит кылып коелу деген таш символикалуу мааниге ээ. Балдар улам тоого түртүп чыккан сайын, улам кайра төмөн кулаган таш түбөлүк тозокто беймаани жумушка байланган Сизифтин ташын элестетет. «Башкасы башка, а бул таштын азабы өттү. Бизге аябай азабы өттү, айланайын акебайлар» деген каарман аңгемеде каңырыгы түтөп ага улам кайрылып отурат: «Ушул томолок таш бизге ҮчКоргондон көрсөттү. Атабызды таанытты. Жети атабызды суракка алып жатат. Кечээ болсо кызмат кылар жерине жеткирип, тигине ушул биз азыр боорунда турган чокунун башына узун, аппак болуп, өлгөн кишидей суналып бир нерсе жатпайбы? Баарынан чоң, баарынан чырайлуу (чырайын чылап ичесиңби десеңер), баарынан ачык, даана кылып жазабыз деген урааныбыз ошол. Азырынча гезиттер менен жаап, таш менен бастырып койгонбуз. Болбосо шамал учуруп кетет. Бүткөндө ачабыз. Жок! Азырынча ачпайбыз! Жазып бүтүшүн бүткөнбүз. Бирок, дагы бар… Ушуну алпарсак эле бүтөт. Кечээ кызмат кылар жерине жеткирип (кызматы чекит болуш), эми бышыктап коюп жатканыбызда жаны бар немедей түзгө кулап кирип кеткен, мурдагы күнү болсо, жакын калганыбызда бир нерседен бир нерсе болуп эле колубуздан кантип качырып жибергенибизди өзүбүз билбей калдык! Мурдагы күндүн аркы күнү болсо, чокунун жарымына алпарганыбызда түн жетип келип, калтырдык да, үйлөргө кеттик. Кайра эртеси келсек, баягы караңгы кирип кеткен жердеги ордунда жок! Карасак дагы түздө жатат!» 

Балдарды бейпайга салып, «атасын таанытып, жети атасын суракка алган» таш эмнени билдирет? Мында экзистенциалдык философиянын ири өкүлү, француз жазуучусу Альбер Камюнун айтылуу: «Сизиф тууралуу миф» эссесине кайрылууга туура келет: «Бул миф трагедиялуу, анткени анын каарманы аң-сезимдүү адам. Эгер анын ар бир кадамында ийгиликке кенедей эле үмүт болгондо, жаза тууралуу сөз кылуунун кажети болбос эле. Бүгүнкү күндүн жумушчусу өмүр бою ушинтип жашайт, анын тагдырында да трагедия аз эмес. Бирок ал өзүнүн  ал-абалы тууралуу аң сезимдүү ойлонгондо гана трагедияны сезе алат. Кудайлардын пролетариаты болгон козголоңчул Сизиф өзүнүн кайгылуу тагдыры ушинтип улана берерин билет; тоодон түшүп баратканда ал да бул тууралуу ойлонот. Өз азабын ушинтип ачыктаасын көрө алганы анын жеңишине айланат» (Камю, 1990: 91). 

К.Жусубалиев айтылуу мифтеги Сизифтин тагдырын кыйытып айтуу менен, кабыргасы ката электигине карабай жардамчы кол катары жумушка тартылган балдардын, уйкудан көзү ачылбаган агайдын, колхоз талаасына мойнунан байлаган иттей болуп келген студенттердин жана жер жайнаган ураан-чакырыктарды убара тартып илүүнүн тегерегинде өтүп жаткан жашоонун абсурддугун, келечексиздигин, бейпайдалыгын аста билдирет. Пропаганда, ураанчакырык башка да, чыныгы жашоо, адамдардын ал жашоого мамилеси таптакыр башка болгон турмуш чындыгына өспүрүм баланын баяндоосунан күбө болобуз.

Аңгемеде окуялардын улам кайталанышы, абсурддуктун жанга тийиши, айланып-тегеренип отурган сюжеттик-композициялык кыймыл сыяктуу гротесктик ыкмалар каармандардын бейоопа тагдырын тереңдетип көрсөтүп берүү үчүн кызмат кылат.

Чыгарманын «Гимн» деп аталышында да символикалуу маани жатат. Гимн – бул мамлекеттин расмий символикасы катары улуттук патриоттук сезимдерди билдирген, расмий салтанаттуу ишчараларда аткарылган ыр (Зотеева, 2013).

https://cyberleninka.ru/article/n/gosudarstvennyygimnkakzhanr

politicheskogodiskursa/viewer. Бирок К.Жусубалиевдин чыгармасында гимн мындай кызматты аркалабайт. Болгону мектепте балдар катарга тизилип гимн ырдашат. Гимнди ырдап жаткан учурда чыгарманын баш каарманы өспүрүм бала Дүдү деген кыздын колуна колу тийип, кармашып ырдашат. Гимн ырдалып бүтөр менен колдор «ажырашат». Бул кол кармашуу өспүрүмдүн балалык арзуусун козгоп, кызга сезимин ойготот. Аны өспүрүм бала өзү деле жакшы аңдабайт. Жусубалиевдин дагы бир өзгөчөлүгү – чыгармаларында баш каарман үчүн ушундай маанилүү учурларды ортого кире калып түшүндүрүп отурбайт. Мындай учурлар кудум турмуштун өзүндөгүдөй бир жылт эте чагылдырылып, окурмандын сезимин кошо дирилдетип өтөт.

Дүдүгө болгон өспүрүмдүн сезими бир канча учурлардан да ачык байкалат. Мисалы, сайдан суу ташып келаткан Дүдүнүн чакаларына аттын тезегин салып жиберип, аны кайра сайга өзү менен кошо түшүүгө аргасыз кылганы, Дүдүнүн күчүктөй болуп үрө алганын тамшана айтканы, Дүдүнү ойлогону, шымынын жыртыгынан улам Дүдүдөн уялганы, аны көргүсү келип «жинди болуп кала жаздаганы», айтор, мындай сезимтал көрүнүштөр баш каармандын ойгонуп келаткан арзуу сезиминен кабар берет. Чыгармада Дүдүнүн эмнеден улам көз жумганы айтылбайт. Бала аттын тезегин суусуна салганы үчүн жолдон кармап алып какыс-кукус кылган Дүдүнүн апасы башка бир жолу баланы кармап алып өлгөн кызын эстеп ыйлаганын баяндайт. «Эми о дүйнөгө барганда, кошулуп ал, «унутпа» десе, «болуптур» дептирмин. Өзүм уялып кеттим. Кечээ да ошону эстедим. Бүгүн да ошону эстеп атам. Эртең да ошону эстейм. Бүрсүгүнү да ошону эстейм. Бир гана мертем колунан кармагам» дейт бала. Демек, баланын эс тутумунда өлгөн Дүдүнүн элеси терең таасир берип, көпкө дейре сакталып калат.

Чыгармада кездешкен бардык каармандардын Сизифтикиндей бейоопа тагдыры бар. «Мен өлөйүн. Мен куруюн. Мен эрден чыккан какшаал жерге кирейин, же эрден нан таппаган, же жерден нан таппаган мен сөксөөл, мен какшаал» деп кызынан айрылып ичинен кан өтүп үнү кудайга жеткидей болгон Дүдүнүн апасы, же өлүктө жок, же тирикте жок, «өзүнө өзү кол салбай биз жакшы көргөн үчүн гана» отурган, кол арабага кор болгон баланын атасы, баласын зээни кейип «каргаган» эне, тракторист, комбайнчы, шопур, өзү айткандай темирден чарчаганда, жадаганда, кой бага калган, уй бага калган, чөп чаба калган, үйүнүн дубалдарын оюп жеген жаш балдары көп, комбайн басып өлгөн кошунасы, айтор, жан кейитерлик тагдырлары бар адамдар көз алдыга тартылат. Бала буларды кейип-кепчип айтпайт. Балалык кабылдоосу менен жай баяндап берет. Анын «өлөсүң да» дегени өспүрүм баланын психологиясын, мүнөзүн, алтургай турпатын көз алдыга тартат. Болбосо жазуучу каармандарынын сырткы келбетин көп деле сүрөттөй бербейт. Болгону Дүдүнүн, шаардан колхозго иштегени келген кыргыз студент жигиттин кебете-кешпири сүрөттөлбөсө, башка каармандардын образын алар катышкан окуялардан, сүйлөгөн сөздөрүнөн гана көрүүгө болот.

Кабыргасы ката элек өспүрүмдүн колхоздун оор пахта терүү ишине суук түшкүчө тартылышы, баланын кыйналганын бөлөк-бөтөн тургай, атасы да байкабаганы баланын зээнин кейитет. Анын жаны ачыганын автор майдалап сүрөттөп отурбай, каармандын балалык сезими менен баяндагынан көрөбүз:

  “Пахта деген суук болгон сайын ачыла берет экен. А биз суук болгон сайын ачыла бербейбиз да. Көп тердик. Жардамды көп эле бердик. Кечээби атам, жөндөн жөн эле “жер күм-жам болуп кете жаздаган турбайбы, биз билбептирбиз” дейт. Жанында күм-жам болуп отурган менен иши жок. Дубалга жөлөнүп тоолорду карап отургам. Мен караган бир жер бар. Эки чокунун ортосунда алакандай жайпаң бар. Булут түнөйт. Эртең менен туруп кетет. Кээде кечке чейин уктайт. Шамал болбосо жата берет. Чубалып жата берет. Атам гезит окуп отурган. Окубай эле шуудурата берет. Шуудураганы дайыма жиниме тиет. Дагы гезитин шуударатып мага сунуп калды. “Жер күм-жам болуп кете жаздаган турбайбы, биз билбептирбиз” дейт. Өзөгүм күйүп, өрт болуп отургам. Кичине макала бар экен: “…Боливиянын улуу тоолорундагы ийри-муйру жолдордо биринчи баратышкан С.В. Шевельевдун экипажы бузулуп жолдо калышкан. Астафьевдин экипажына жардам беришип кармалып калышты. Азыр Сергей Владимирович Шевельевдун экипажы 36-орунда баратышат”. (Былтыр пахтадан келер менен ооруп, төшөктө жатып калгам. Төшөктөн тургандан кийин дагы күнгө жылынганча дубалга жөлөнүп тоолорду карап олтуруп, өзүмдүн карай турган жерим бар дебедимби, отуруп эле бакырып ыйлап жиберсем болобу, өлөсүң да!) Кечээ ошондой болду. Жардам деген сөзгө чырмалып, оролуп, жүрөгүм камырдай эзилип, жибип, “ба-аа!” деп ыйлап жибердим. Өлөсүң да. Билбейсиң киши. Жардам деген сөз жүрөгүмө коргошун октой тийди. Алайлыктарча айтканда, “доңуз октой” тийди. Жылчыгынан жылан тиктеген түрмөдө отургандай сезип кеттим”.         

Мында эмнеге “жардам” деген сөз баланын жүрөгүнө коргошун октой, “доңуз октой” болуп сайылып атат? Эмнеге бул сөзгө ал ыйлап жиберди? Эмнеге өзүн түрмөдө отургандай сезди?

Кабыргасы ката элек балдарды колхозго жардамга айдагандары, андай оор жумуштан баланын ооруп калышы, анын жанынын кыйналганын ата-энесинин сезбей, гезитке жазылган каяктагы бир экипажга үрөйү учканы, мындай системада бала өзүн “жылан тиктеген” түрмөдө отургандай сезгени чыгарманын негизги идеясын көтөрүп турат. Көргөн турмушу бул, илгендери ураанчакырык. Болгондо да тоонун башына таш менен жазышат. Бирок эң негизги ураандын аягына коюлчу таш улам төмөнгө тоголонуп, “баш бербей” жатканы менен жазуучу кыйытып айткан дагы бир ой бар. Чыгармада системага каршы туруу ушул “ташка” жүктөлгөн, балдар “аталарын тааныганча” тоого түртүп алып чыккан “ташка” жүктөлгөн. Демек, адамдарды каалагандай калчаган системага көмүскө түрдө күрөштү байкайбыз.

Жогоруда белгилегенибиздей, «Гимн» абсурд адабиятына мүнөздүү белгилери бар чыгарма. Анда сюжеттин логикалык ырааттуулукта өнүгүшү жок. Чыгармада айрыкча, айрым сөздөрдүн улам кайталанышы баяндоонун өзгөчө бир ритмин да жаратат. Окуялар башаламан, ойду-келди, баланын оюна эмне келсе, ошону саймедиреп жаткандай баяндалат. Бирок баяндоонун так ушундай ыкмасы менен жазуучу бүтүндөй бир системанын кризиске кептелгенин көрсөтүүгө жетишкен.

Дүйнөлүк адабиятта «абсурддук аң-сезим жалпы улуттук, маданий жана тарыхый кризис мезгилинде жигердүү чагылдырыла баштайт. Жашоо кризиси, адам аң-сезиминин кризиси сырткы дүйнөнүн башаламандыгын, гармониянын, тартиптин, аң-сезимдин жоголушун шарттайт» (Мозжерина, 2018: 84). Ал эми «абсурд – бул маданияттын ичинде система катары орун алган жана автоматташтырылган салттарды кайра карап чыгууга түрткү берүү» (Клюев, 2004: 178) дегенди түшүндүрөт. Демек, К.Жусубалиев бул чыгармасы менен системанын адамдарды басмырлаган, эсептешпеген, курулай чакырык-ураан менен “алдаган” автоматташтырылган абсурд салттарын, көрүнүштөрүн кескин сынга алган.  К.Жусубалиевдин абсурд адабиятынын үлгүсү болгон “Гимн” аңгемесинин дагы бир өзгөчөлүгү, анда жүрөк титиреткен трагизм менен эрксиз жылмайткан комизм эриш-аркак берилгени. Мындай трагикомедиялык мүнөз искусствонун бийик деңгээлин гана көрсөтөт. Трагедиялуулук менен комедиялуулукту айкаштырууга жана бири-бирин курчутуп, жогорку деңгээлге чыгарууга дүйнөлүк адабияттын мисалында ангеменин чебери А.Чехов жетишкени белгилүү.

“Жазуучунун кыргыз прозасына кошкон жаңычылдыгы – өнүккөн адабияттарды өздөштүрүү аркылуу модернисттик, постмодернисттик дүйнө таанымды, стилдик өзгөчөлүктөр менен ыкмаларды кыргыз прозасынын топурагына көчүрүп келгени”, – дейт адабиятчы Р.Эшматов (Эшматов, 2021)

http://ruhesh.kg/ky/category/show/news/1599/risbekeshmatovkubatbekzhusubalievdinchigarmachiliksiri. Ал эми К.Жусубалиевдин чыгармачылыгын изилдеген илимпоз М.Токтогулова: “К.Жусубалиев кыргыз совет адабиятындагы идеологиялык чектөөлөрдү кабыл албаган эң эркин жазуучу болгон. Жазуучунуун ички эркиндиги совет учурунда эле соцреализмге чакырык таштаганга, идеологиялаштырылган адабияттын темалык, идеялык, көркөмэстетикалык, тилдик чектөөлөрүн бузууга мүмкүндүк берди”, – деп таасын белгилейт (Токтогулова, 2020: 232).

Жыйынтыктап айта турган болсок, К.Жусубалиев “Гимн” аңгемеси аркылуу советтик системанын чыныгы турмуштан алыс пропагандасын катуу сынга алуу менен кабыргасы ката элек балдарга чейин мамлекетке жардам деп эксплуатациялашын, ал эксплуатацияны, өспүрүм бала көргөн-сезген ырайымсыз мамилени чоңдордун сезе албаганын, себеби алар “шуудураган” гезиттердеги макалалардагы “чындыкка” көбүрөөк ишенип көңүл бурарын таасын чагылдырып берген. Чыгармада кайсы бир деңгээлде пессимисттик маанай орун алганына карабай, анда ураанга чекит болгусу келбеген символ таш аркылуу тымызын күрөш жүргүзүлгөнүн байкоого болот.

 

Колдонулган адабияттар:

Анисовец Д. (Гомель, Беларусь) Жанрово-стилевые черты литературы абсурда в ХХ веке. – Классика и современность: сборник научных трудов молодых ученых филологов; Под ред. Т. В. Сенькевич. – Брест, 2011. – 333 с.

Зотеева Т.С. Государственный гимн как жанр политического дискурса.

https://cyberleninka.ru/article/n/gosudarstvennyygimnkakzhanrpoliticheskogodiskursa/viewer

Камю Альбер Бунтующий человек. – Москва: Издательство Политической литературы, 1990.

Клюев, Е. В. Renyxa. Литература абсурда и абсурд литературы / Е. В. Клюев. — М., 2004.

Көздөрүнө дүйнө батып, Кайлас басып. Кубатбек Жусубалиевдин эл көрө      элек           сүрөттөрү   https://sputnik.kg/20211030/kubatbekzhusubalievdinelkoroeleksurottoru1054413415.html

Мозжерина М. Абсурд в романе Л. Элтанг «Каменные клены». В книге: Das Absurde in Literatur, Kunst und Kino. Абсурд в литературе, искусстве и кино. Absurd in literature, art and cinema: материалы конф. молодых ученых. Цюрих — Челябинск, 25— 26 мая 2018 / под ред. О. Бурениной-Петровой, Е. Пономаревой, Т. Семьян. — Челябинск:

Цицеро, 2018. — 160 с.

Токтогулова М. К.Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана акыйкаттын жолу. – Бишкек, 2020.

Шамшиев Б. Көркөм туюнтмадагы кенедей чекиттин оор жүгү.  http://ruhesh.kg/ky/category/show/news/1497/korkomtuyuntmadagikenedeychekittinoorzhugu

Эшматов    Р.       Кубатбек    Жусубалиевдин   чыгармачылык     сыры.  http://ruhesh.kg/ky/category/show/news/1599/risbekeshmatovkubatbekzhusubalievdinchigarmachiliksiri

 

About the author

Жазуучулар Союзу