Бут менен ѳтүк
Бир күнү Бут
урушту Ѳтүктү:
–Эй, талпаңдаган
эби жок Ѳтүк!
Угуп тур,
сага айтам кѳптү.
Жол менен жакшылап жүрбѳй
мүдүрүлүп,
сүрүлүп,
Аның аз келгенсип
соройгон мыктарың денеме ѳттү.
Кѳзүңѳ карап
акырын баспайсың,
Бир нерседен кур калгансып
чоң-чоң аттайсың.
Билбейт экенсиң
кантип жүрүштү,
Сенин ичиңде сандалып
манжаларым бүрүштү.
Анда Ѳтүк:
–Бу, эмне дегениң, Бут?
Мынчалык болду
менин сѳзүмдү да ук.
Айып ѳзүңдѳ турса
аны билбедиң,
Күнѳѳнү мага коюп,
аябай тилдедиң.
Чындыгын айтсам:
Сен кайда бассаң
сени менен барам.
Сенден уруксатсыз
деги, кантип калам!?
Мына ошентип,
бири-бирине узатып жеме.
Бут менен Ѳтүк
жараша турган эмес дегеле.
Кѳрсѳ да кѳрмѳксѳн,
билсе да билмексен болуп,
Бери жакта жүрѳт
Адам деген неме…
Каалга жана кулпу
Белгилүү болчу баарына:
ынтымак эле Кулпу менен Каалга.
Бирине бири жѳлѳк болуп,
чогуу жашап келишти кѳп жылга.
Бирок күндѳрдүн биринде
Каалга сѳз чыгарды Кулпуга:
–Чындыкты айтканда чычалаба.
деги,
пайдаң кайсы сенин мага?
Ушунча жыл урмат кылып,
жакшы эле жашадым.
Акыры айлам кетти
сенин кылыгыңан тажадым.
Кийинки мезгилде
милдетиңди унуттуң,
Жакшы иштебей жалакайлык кылып
мен байкушту куруттуң.
Сезип турам
аң-таң болуп турасың,
Эмне кылганыңды,
кантип жүргѳнүңдү
азыр угасың.
Мындан бир жыл мурда
жайында эмес, кышында,
Сен ачылбай калып
айлабыз кеткен.
Балта менен жара чаап мени
үйдүн ээси түбүмѳ жеткен.
Мезгил кыш болгондуктан
балдары үшүп тоңгондуктан,
Үйдүн ээси үңкүйүп олтуруп
жыртык жеримди оңдоп тынган.
Ырас,
кечирген элем бир жолкусун,
Бирок андан кийин деле
эсиңе келген жоксуң.
Кез-кезде ачылбай калсаң да
кѳѳдѳнүңдү кѳтѳрүп кѳңүл токсуң.
Мына ошентип
Каалганын тынчы кетти,
Ал эми Кулпу
уга турган эмес кепти.
Акыры ачылбай калып
Каалганын түбүнѳ жетти:
Улам жамай берүүдѳн тажап
кейиштүү болгон кемтикти,
Үйдүн ээсинин үйрѳнгѳн адаты го
балта менен бир чаап,
буту менен ыргыта тепти.
Тамсилдеги айтар кеп:
Бирѳѳнүн айынан экинчиси
талкалант деген ушул таяк жеп
Короз менен каз
Короз
маектешүүгѳ бир азга,
Салам айтып
кирип келди Казга.
Эшик алдынан
жакшы тосуп алынды.
Тѳргѳ чыгарылып
калыңдап тѳшѳк салынды.
Каз, чиркин,
меймандос белем?!
Дасторкон жайдырды кенен.
Күтүп тургандай
тамак-ашы да белен.
–Ырас болбодубу
ѳзүң билип келгениң,
Мынча болбогондо
ѳзүм чакырайын дегемин,
-деп, тынбай
ичи-койнуна кирип эпилдеп,
Корозго ичирди арагын
«кой» десе болбой литрлеп.
Сыйдын кѳркү аракта дедиби?
Же
жакшы кѳрүнгүсү келдиби?
Айтор, арагын шыкап
Короздун айласын кетирди.
Акырында Короз
арагын ичип, тамагын жеп,
үйүнѳ жѳнѳп кетти.
Казды
жерге киргизе тилдеп.
Артынан карап туруп Каз:
Ичкилик
сыйлуу эмес экендигин
түшүндү бир аз…
Жакшылыкка жамандык
Бээ жайлоодо жүрүп
ѳлүм оозунда жаткан
Карышкырды тапты.
«Бул да эненин баласы экен» – деп,
Боору ачыдыбы?
Же
энелик мээрими ачылдыбы?
Сылап-сыйпап жакшы бакты…
Кийин,
Какең айыгып алып,
Бээнин кулунун мине качты…
Чычкан
Карышкыр
кампага башчы болуп,
Кол алдындагыларды:
Итти, Мышыкты жана Чычканды
каарып турган кез күчкѳ толуп.
Күндѳрдүн бир күнүндѳ,
күз айынын түнүндѳ,
Чычкан жатты ойлонуп:
«Какем жакшы эле мурда
эми аны кудай урду.
Кампада толо болсо да эгин,
короткусу жок эч бир жерин.
«Мынакей,
алгыла» – деп турчу эле.
Кол алдындагыларга
камкор мамиле кылчу эле.
Кышка деп,
кампайтып эгин берчү эле,
Азыр болсо
андайды тыйды.
Кѳптѳн бери
кѳрбѳй келатабыз сыйды.
Мындай болгон соң,
иштен
бошонуп алганым оң.
Ошентип,
Чычкан иштен бошонуп кетти.
Кѳп ѳтпѳй бизге
ал жѳнүндѳ кабар жетти:
Кампага жакын кампайтып,
жакшы үй салыптыр.
Баягы адатын карматып,
сурамжылаганы калыптыр.
Бирок
бир жаман жери –
кампа алдынан жол куруп алыптыр…
Мышык – студент
Мышык студент болгону
деги, чарчап
лекция жазбады оң колу,
Театр, кино, ресторан
анын таптаган жолу.
Сабакка
түшүнѳн чочуса келет,
Бир-эки саат окуп
адаты бар – кайра «желет».
Зачёт, экзамендер
башталганда закымдап,
Жолборстун
чоң портфелин кѳтѳрүп,
ээрчип алат такымдап.
Кээде
ары жүгүрѳт, бери жүгүрѳт.
Акыры
ишин ийгиликтүү бүтүрѳт.
Мен,
Мышыктын мунусуна күйѳмүн:
«Келечеги
кантээр экен?» – деп жүрѳмүн.
Жолборстун «баласы»
Мына кызык!
«Жолборстун баласымын» – дейт
жолуккандардын баарына Мышык.
Чынын айтыш керек,
мына ушул кеп,
Айбанаттарга бүт тарады
желдей сызып.
Жокеңдин урматы үчүн дешип,
жан-жаныбарлар түп кѳтѳрѳ келишип,
Ѳзүнчѳ эле күйпѳлѳктѳн жүрүштү
Мышыкка салам беришип.
Кѳктѳн издегени жерден табылып,
кайда жүрсѳ да кадырлуу сыйга кабылып,
Айтор,
арааны ачылды Мышыктын,
айланасы бүт май талканга малынып.
Жоругу курусун!
Жокеңдин баласы:
«Мынакей ушул, – деп – жашоонун жарасы».
Анын жүргѳн жери,
күлгѳн жери –
жоро-жолдошторунун арасы.
Жашырганда эмне,
жеп-ичкени да алардын маянасы.
Ошентип,
жыргалдуу турмуш ѳтүп арадан,
Күндѳрдүн бир күнүндѳ,
укмуш кабар угулду,
талаа-түзгѳ чагылгандай тараган.
Кѳрсѳ,
Мышыктын атасы мышык эле экен,
эптеп күн кѳрүп чычкан кармаган.
Тамсилдин кыска баяны:
Терс жагына айланып,
минтип турганда иштин аягы,
Келечекти «кѳрѳ билип»,
тарс айлана чуркагандар баягы,
«Аттиң!» – дешти,
бармактарын кесе тиштешти,
Чачылып жок болгон
чыгымдарын эсептешти.
Сын кѳтѳрбѳс карышкыр
Күндѳрдүн биринде
жан-жаныбарлар чогулду.
Кезек келип калганбы?
Айтор,
Карышкырдын маселеси коюлду.
Алгачкы сѳз Аюуга тийди,
Кашабаңды
катуу сындап кирди.
Ак сѳздү аянбай айтып,
Аюукең адилет, билги.
Бирок
Карышкыр
мурутун жанып,
Улам ордунан тура калып,
сербеңдетип кѳтѳрдү колун
сѳз сүйлѳѳнү суранып.
Президиумдагылар:
–Коё тур! – дешти.
Ал эми жанындагылары,
айбанаттардын бир даары:
–Шүк олтур! – деп жемелешти.
–Эмнеге жѳн олтурам?
болтурам дедимби, болтурам!
Аюуну алкымдан алып,
ак жүрѳктүгүн койдурам!
Ошентип,
ой-бойго койбой,
Айрымдардын айтканына болбой,
Карышкыр катуу силкинип:
–Эй, туугандар!
эч нерсе түшүнбѳй тургандар! –
деп баштады сѳзүн,
кармай албай ѳзүн.
-Мен, эмне
уурдаптырмынбы
Кудайдын курутун?
Же силерге
жек кѳрүнүп турабы мурутум?
Эгер андай болсо
эмне үчүн сындабайсыңар
Эп-сынынан кеткен
эси жок Жолборстун мурутун?!
Чогулуш башталбай жатып,
чокулаш башталды,
Ар кимге агытып сѳзүн
Карышкыр каарына салды.
Аз ѳттүбү?
Кѳп ѳттүбү?
Бир кезде басылып,
Кашабаңдын кѳктүгү,
же кѳңүлү чѳктүбү?
Ордунан туруп, кетип калды.
Мына,
адилет сын айтуунун акыры!
Арабызда мындайлар кездешет
Кашабаңдан калышпаган акылы.
Кийин билдик
Бир басмага
Карышкыр директор болуп
олтурган стол кучактап,
Салам айтып Коён кирди
бир топ
кол жазмаларын колтуктап.
Редактор
Коёндун тамсилдерине кѳңүл бѳлдү,
Андан
жараксыз жерлерин кѳрдү.
Анан
шашпай кеңешин айтты,
Коён чыгармаларын алып,
эшикти
сыртынан катуу жапты.
Кийин билдик:
Коён Койду мактап,
Ит менен Эчкини жактап,
Карышкырды аттап кетиптир…
Эшек
Эшек элирип алганбы,
же таарынып калганбы?
Айтор,
арыз-муңун билдирип
ээсине кайрылды:
–Бул не деген кордук?
Айтсам кептин ачыгын
калыстык кылбай жүрѳсүңѳр,
Атты ардактап
мени «эшек» деп жаман кѳрѳсүңѳр.
Сыйрылып жон
салганыңар чом,
Деги,
ээр жапсаңар боло,
Кѳкүрѳк сүйүнүп
кѳтѳрүлүп калсын зоболо.
Айтса-айтпаса тѳгүнбү,
эбиреп-жебиресе да,
Эшектин сѳзү эп кѳрүндү.
«Мынакей» – деп ээси
мыкты жасалган ээр тапты,
Жабуусу менен жараштырып
Эшектин үстүнѳ жапты.
Кубанычтан маңдай жарылып
Эшек эдиреңдеп жүгүрдү,
Эсинен чыгып үстүндѳгү ээри
оронуп алды оро-парадагы күлдү.
Анан акырын туруп,
эч нерсе болбогондой күбүндү.
Ошондо ээси:
–Эшекке ээр жарашпайт экен, – деп,
эси жок айбандан түңүлдү.
Кошоматчы
Жолборстун зоболосу кѳтѳрүлүп,
чоң кызматка келди.
Муну
кулагы чалган Түлкү
Жолборско келип,
атайылап салам берди:
–Оо, Жоке!
Саламатсызбы?
Иштериңиз кандай?
Деги,
кайгы-капаңыз жокпу кыпындай?
Жаңы ордуңуз
куттуу болсун!
Башыңызга
бак-дѳѳлѳт консун! –
деп ийилип
салам айтат.
Ар бир сѳзүн
бѳлүп тактайт,
Жан-алы калбай
Жокесин мактайт.
Арадан
бир далай күндѳр ѳттү.
Айыбы ачылдыбы,
айтор,
Жолборс кызматынан ыргып кетти.
Ушундан кийин
«Жоке» – деп
«Түкѳсү» келбеди.
Кезиккен жерде
мурдагыдай
ийилип салам бербеди.
Мына,
адамдын «түлкүсү»
арабыздан кездешет.
Кошоматка
койду союп
ѳз пайдасын издешет.
Жаңылуу
Чатак чыкпайт беле?
Чортон жасанып,
жаңы кѳйнѳк кийбесе,
Айтор, алаамат башталды
ошол күнү кеч келсе.
Адатынча баягы,
алкынып Чортондун аялы:
–Кайда жүрдүң,
ким менен күлдүң? –
деп калбай жан-алы.
Сѳздүн кыскасы
Тилдешкенде
тикенек сѳздүн устасы.
Чортондо күн жок
чоюлуп минтип мушташуу.
–Билем! – дейт аялы,
билбесе да чаңырып.
–Жаңы кѳйнѳк кийип кеттиң
мунун ѳзү жаңылык!
Демек, келдиң
кыз-кыркынга жагынып.
Аттиң дүйнѳ!
Арман мендеги –
тийген сага билбей жаңылып.
Мына тамаша:
Чортон чочулап
күзгүдѳн ѳзүн караса,
Туруптур кѳйнѳгү
турпатына жараша.
Айла канча,
аялым ачууланбасын деп,
Чортон да чорт мүнѳз эмеспи,
эски кѳйнѳгүн кийип эртеси,
ишине кетти эртелеп.