Элмирбек Иманалиев: Жабылуу аяк

Жабылуу аяк

Атам совхоздо жумушчу болуп көп жыл иштеген. Таң менен кетип кеч менен келет. Иштен келгенче сагынчумун. Бир күнү атамды ээрчип ыйладым эле, атам мага кылчайбастан кетип калды. Апам мени жонуна көтөрүп сайдагы сууну жээктеп, бир өйдө, бир ылдый басып сооротуу менен алек. Болушунча кежирлендим окшойт. Бир убакта мени жонунан түшүрүп, намазга жыгылгандай колун бетине төшөп: «анда мен өлдүм»,-деп чөк түшүп жатып калды. Болбой эле чапкылап атып «тирилтип» алдым.

Атамдын мүнөзү жаз күнүндөй болчу. Ачуусу бат келип, бат жазылган, жүргөн жери күлкү, сөзмөр, тамашакөй эле. Үчтерек аймагында Калил аттуу кишилер көп болгондуктан атамды эл Чоңко Калил деп айтышчу. Үйдө зыңгыраган тартип эле. Атамдын жазылбаган мыйзамын так аткарчубуз. Мени апам кырк сегиз жашында төрөп, өмүрүбүз өр тартканда көргөн «көкүрөк күчүгүбүз» дешип аябай жакшы көрүшчү.

Айрыкча атам жанын берчүдей сезилип кетээр эле. Бирок тартип бузсам эч нерсеме карабай камчы менен сабаганда «эң жаман киши менин эле атам болуш керек» деп ойлочумун.

Бир жолу кызык окуя болду. Тамыбыздын жанында суу толуп турган чоң аңгек бар эле. Байгашка деген ала итибизге суу сузуп берем деп аңгекке кулап кетиптирмин. Апам Зайна деген курдашы менен узун сөзгө кирип кетишип үйдө олтурушса, менден беш жаш улуу агам Айдарбек: «апа, Элмир сууда сүзүп журөт»,- деп сүйүнүп айтып келет. Жагдайды түшүнгөн апам курдашы экөө кокуйлап чуркап чыгышса мен эмес эле менин кийип жүргөн күрмөм суунун үстүндө калкып калып өзүм чөгүп кетиптирмин. Мени суудан алып чыгышып башымды ылдый каратып асканда ооз, мурдуман бир чакадай суу чыгыптыр. Өзүм бир кыйлада барып: «апа» деп үн каткан экенмин. Ошондо гана менин тирүү калганыма үмүт байлашыптыр. Эң кызыгы алар чырылдашып мени аңгектен чыгарып атышкан учурду өзүм да үстүнөн көрүп турганыма ушул кезге чейин таң калам. Айтсам ишенишпейт. «Сен ал учурда эс-учуңду билбей өлүп жаткансың»,- деп.

Бул окуяны атама ың-жыңын билдирбейбиз деп үйдөгүлөр жабык убада алышып, мени да айтпа деп көндүрүшөт. «Түшүмө арбактар кирип атыптыр»,- демиш болуп апам он эки токоч бышырып ырымын кылып, атам куран окуду.

Апам мени урушуп калса эле: «Зайна экөөңөр ушакташып отуруп мени өлтүрүп алганыңарды атама айтам»,- дейм. Апам жалынып, жалбарып: «кой айланайын айта көрбө»,- деп бекиткенин бергенче, катканын карматканча шашат. Кээде көнбөй көгөрөм. «Кой кокуй билип калса атаңдын ачуусун билесиң, мени союп коет»,- дейт. Мен ошондо гана атамдын сабында секирген жолборстун сүрөтү бар, жаркылдаган учу кайкы, сүрдүү, курч макисин элестетип өзүм да коркуп кетчү элем. Ошентип бул окуя «жабылуу аяк» боюнча калды.

Арадан бир канча жылдар өтүп 6-класста окуп жүргөнүмдө «оюндан башканы билбейсиң. Иш кылышпайсың»,- дешип апам, агам экөө мени сабашты. Мен агама моюн бербей жулунуп, бошонсом эле колума тийген нерсе менен ургулай баштадым. Ошондо апам уй тушаган жипти алып келип эки колумду чытырата байлап, агам болсо басып берди. Эки жаагыман эч нерсе койбой Айдарбек шакылдатып чаап атат, апам: «ырас болот, ажеп болот»,- деп табасы кангандай карап турганын көргөндө ызам ичиме батпай өкүрүп, өксөп көкүрөгүмөн дүпүйгөн нерсе сызылып келип тамагыма буулгансыды. Жыям деген көңүңдүн, казам деген картөшкөңдүн, оокатыңдын, тирлигиңдин, түйшүгүңдүн бардыгына тоюп, кусам ашып, буулугуп ыйлап жаттым. Береги тушаган жипти эптеп колуман чыгарып, ташка жанчып-жанчып ыргыттым.

Үйүбүздөн анча алыс эмес дөбөдөгү мүрзөлөрдөн күн кып-кызыл болуп кылкылдап батып баратты. Мен үйгө киргим келбей ошол күн баткан тарапка кетип калдым.

Апамдын жанагы кылыгы такыр эсимден кетпей койду. Агам Айдарбектин бүгүнкү урганын, апамдын колумду таңып бергенин, Зайна курдашы экөө эбиреп-жебиреп ушакка кирип кетишип, мени үч жашымда өлтүрүп ала жаздашканынын бардыгын, бардыгын төкпөй-чачпай атама айткым келди. Бирок атам өмүр бою укпаган окуяны эми чындап укпайт болчу. ИМАНАЛЫ УУЛУ КАЛИЛ деген жазуусу бар унчукпаган, муздак, томсоргон таштын жанындагы бозоргон дөмпөктөн шыбактын жыты бур этти. Жүрөгүм зыр этти.

Үйгө каш карайганда келдим. Тебенээк уй тушоосу жок саадырбай чаканы тээп, Сүттү төгүптүр. Апам сүтү жок чай ичип, кейип олтурган экен. «Өзүңө ыр-рас болот» – дедим ичимен.

Асылзат 2005-ж, 28-январь №4 (195)

Даярдаган: Айсулуу Көкөева