УШУЛ МЕНИН АТАМБЫ?
Такси кан жолдо Бишкекти көздөй зыпылдап баратты. Арткы орунда терезеге ыктай олтурган Жанара айнектен чарк айланган талааларды, зуулдап артта калып жаткан теректерди телмире тиктейт. Бетине али боек тийе элек, чачын чынжырдай эки өрүп артка таштап койгон кара тору арык кыз быйыл 11-класста окуйт. Ал биринчи жолу Бишкекке жалгыз баратат. – Кое тур, ойлонуп иш кылалы, жалгыз барба, таппайсың, – деп энеси какшаса да укпай койду. Анын ушундай көк беттиги бар. Анын үстүнө энесине өчөшүп да жатпайбы. Атамдын ким экенин айтпасаң тамак ичпейм деп үч күн тескери карап жатып албадыбы. Кызынын көктүгүнөн кайтпастыгына көзү жеткенде акыры туюк сырдын оозу ачылды. Чындык акыры бир күнү айтылышы керек тура.
Жанара Сайраштын маңдайына бүткөн жалгызы. Жалгыз багып чоңойтту. Жетелеп жүрүп жетилтти. Мектепке барар жылы “Эмнеге менин атам жок?” деген суроону берди. Эртеби –кечпи кызы ушинтип сураарын сезип жүрсө да энеси адегенде шашып калды.
– Атаң алыскы-алыскы бир шаарда иштейт. Жумушунан бошотпойт экен. Кийин сен чоң кыз болгондо келет, – деп жөн салды эле айта койду. Ошондо бекер айткан окшойт. Энесинин бул сөзү секелек кыздын эсине мөөрдөй басылып, жадымына жат болуп калды. Акыры бир күнү атасынын келерине бөркүндөй ишенди. Энеси чынын эле айтса не болмок?! Бирок чындыкты тырнактай кыз ал кезде түшүнө алат беле? Алиги сөздү энесинен уккан күндөн тартып “Атам мен чонойгондо келет, ээ?”, “Жумушунун бошотпой жатышат ээ?” деп тактай берчү болду. Апасы ооба деп баш ийкейт. Бирок жүрөгү зырп дей түшөт. Бечера кызды үмүттөндүрүп алдап жүргөнүнө ичинен кыжаалат. Кийин чоңое түшкөндө “Атамды келет дебедиң беле? Кана келгени?” десе эмне дейт?
Ошентип убакыт зымырап өтүп, Жанара бой жетип, мектепти бүтөр кез келди. Баягы суроо балапан күнүнөн бери жүрөгүнүн толтосунда жашап келет. Ооба, мурда апасы аны бала деп бир жоопту айтып алаксытып, сооротуп жүргөндүр. Эми кыз чоңойду, аны баягыдай алдоого болбой калды. Бир апта мурун чай үстундө кызы акырын кылтыйтып атасы тууралуу сөздүн четин чыгарды.
– Апа, айтынызчы, менин өзүмдүн фамилиям ким? Эмнеге мени таятамдын атына жаздыргансыз?
Сайраш бир топко үндөбөй олтурду да
– Таятаңдын атын алып журсөң деле жаман эмес, – деп койду.
Жараатты козгогусу келбей жатканын кызы түшүндү. Ошентсе да ал бардык чындыкты билиши керек акыры. Атасынын ким экенин ага энеси айтпаса ким айтат? Башкалар кайдан билсин? Кыздын каканактап турган көз жашы мөлт-мөлт төгүлүп кетти.
– Апа, эмнеге мынча жашырасыз? Кийин өзү келет деп мени алдап жүрүпсүз. А мен ушу күнгө чейин ишенип келдим. Чындыкты эле айтсаңыз эмне болот? Мага атамдын аты-жөнүн, кай жерлик экенин, кайсы жылы туулганын айтып бериниз! Мен аны издеп табам акыры.
Апасы үндөгөн жок. Телмирип олтура берди.
– Атамдын өң-келбети, акыл-эси кандай – мен ошону билгим келет, апа. Кыздар атасына окшош болот, мүнөзү, бою, ал тургай тиштери да атасын тартат дейт. Ошол чын болсо мен атама окшошмун го. Мен сизге анча окшобойм, ээ?
Сайраш дагы эле үн катпады.
- Апа, жок дегенде аты ким экенин айтып коюңузчу, Эмнеге унчукпайсыз? Деги мени кимден төрөгөнүңүздү билесизби өзүңүз?
Жанара колундагы кашыгын ыргытып ийип, чай ичкен үстөлдөн туруп, ыйлаган бойдон өз бөлмөсүнө кирип кетти. Тамак ичилбей калды. Кызынын акыркы сөзү энесине катуу тийди. Эмнени айтат? Алданып калганынбы? Жүрөктөгү берч болуп калган эски жараатты кайра козгогусу келбей жатканын кызына кантип түшүндүрөт?
Эне менен кыздын мамилеси ушинтип ыдырап турду. Эмне кылуу керек? Тагдырын ташка чаап талкалап, ишеничине түкүрүп, көңүлүн көк таштай калтырган адамды кайрадан эстөө Сайрашка оор эле. Ал бир мүнөз, түнт, сырын ичине каткан жабык аял. Турмушунда курбу-курдаш да күткөн жок. Эч ким менен жакын мамиледе болбоду. Жаштыкта кетирген катасы, эл эмне дейт деп корунганы, жалгыздыгы, жупуну жашоосу аны ушундай басмырт кылып койгон өңдүү. Күйөөгө чыкпай төрөп, наристесин кучактап жалгыз калганда кара жердин катуусунан гана өлбөй калган.
Энесине катуу таарынган Жанара сабакка барбай, наар албай, керебетинде көмкөрөсүнөн сулк жатып ыйлай берди. Сооротконго болбоду. Акыл токтото элек неме кокус муунуп албайбы деген коркунучтуу ой энесинин бүткөн боюн муздатып жиберди. Эми баарын ачык айтпаса болбой калды.
Сайраш Ишенбек экөө чындыгында баш кошкон эмес. Студент кезде сүйүшүп, шаардын көркөмдүү көчөлөрүндө кол кармаша басып, келечек турмуш тууралуу кыялданышып, жаштыктын таттуу күндөрүн бирге өткөрүшкөн. Бу дүйнөдө алардан өткөн бактылуу адам жок болчу. Ишенбек бой-келбеттүү, сымбаттуу, далай кыздарды тымызын өзүнө ашык кылган жигит эле. Курбулары Сайраштын бактысына көз артышчу. Акыркы курска жетип, баш кошорго келгенде негедир Ишенбек кетенчиктей берди. Карыган атасы сыркоолоп жатканын, алыс жактан келин алууга макул болбогонун, анын үстүнө азырынча шарт болбой жатканын айтып, баш кошууну кийинки жылга калтыралы дегендей кыйытты. Ал учурда Сайраш кош бойлуу болуп калган эле. Аңгыча окуу жыл аяктап, студенттер чар учкандай туш тарапка тарашты. Ар кимиси өз тагдырын беттеп кетти. Ишенбек өзүнүн туулган айылына барып келем деп кеткен боюнча шаарга кайтып келбеди. Сайрашка кабарын билдирбей ың-жыңсыз кетти. Сайраш Ишенбекке жөнөткөн телеграммасы анын колуна тийдиби жокпу аны да биле албады. Жооп болгон жок. Ошентсе да ал бир далайга чейин кантип эле келбей койсун деген үмүт менен аны күтүп жүрдү. Айылына издеп баргысы келди, бирок намысы жол бербеди. Ишенбектин ата-энеси алыс жерден келин алууга караманча каршы болгонун, эгер ошол кызга кайра барсаң топурагыбызды түйүп беребиз дешкенин кыз кайдан билсин?! Кыскасы, Сайраш курсагындагы түйүлдүгү менен шаарда жалгыз кала берди.
Арадан айлар өтүп, ал кыз төрөдү. Курбуларынын жардамы менен студенттердин жатаканасына убактылуу жайгашып, ымыркайды эптеп өзү бага баштады. Бирок жалгыздын иши жалгыз болгондуктан акыры айылына төркүндөрүнө жакын көчүп кетти. Башка аргасы жок эле. Кийин турмушка да чыккан жок. Жылдар өтө берди. Ошентип кичинекей Жанараны жалгыз багып өстүрдү. Кыз тырсылдаган тың, мүнөзү өткүр, чечкиндүү болуп чонойду. Эс тарткан сайын атасы тууралуу ойлончу болду. Эмне үчүн бардык балдардын атасы бар, Жанараныкы жок? Энеси ачкычы жоголгон кулпудай болуп эч нерсе айтпай койгон соң тигинтип таарынып жатып алды. Акыры чындык ачыкка чыгар күн келди. Сайраш кыздын атасы Акбаев Ишенбек Мусаевич Нарындын Чоң-Сай деген айылынан болорун, кесиби экономист экенин, туулган жылын айтып берди. Муну уккан Жанарага ааламдагы бир улуу чындык ачылгандай болду. Атасына азыр эле жетип баргысы келип, мандайы жарыла кубанды. Мурда эле энеси ушинтип ачыгын айтса болбойт беле?! Неге жашырды десең… Анан кайра сурады:
- А эмнеге ажыраштыңар эле, апа?
- Биз баш кошкон эмеспиз. Ал мени таштап айылына кетип калган.
- Кандайча? Менин бар экенимди билеби ал?
- Кош бойлуу болуп калганымды билген. Көрсө менден качып кетиптир да…
Кыз энесин тиктеп элейип калды. Анан аста жылмайды.
- Мен атамды издеп табам, жолугам, мени көрсө таң калат го, ээ?
- Кызым, шашпай турчу. Ойлонуп көрөлү, мүмкүн экөөбүз кийинчерээк чогуу издеп барарбыз.
Сайраш “чогуу издеп барарбыз” деген сөзүн оозу бош айтты. Кызын эптеп жоошутуу үчүн гана айтты.
Жанара ынабады. Алиги ысымды ошо замат эле интернеттен казып издей баштады. Көп өтпөй эле тапты. Бар экен. Сүрөттөрү да жайнап жүрөт. Бишкектеги кайсы бир мекемеде бөлүм башчы болуп иштейт экен. Мына сага, энеси жашырбай эртерээк эле айтканда мурда эле тапмак экен. А баса, андан көрө ушулбу же аты-жөнү окшош башка бирөөбү? Сүрөттөрүн апасына көрсөтсө бир топко мелтиреп тиктеп турду да маанайы пас тартып жактырбагандай – Ооба ушул, улгайган тура, – деп күбүрөнүп койду.
Жанара эртеси эле шаарды көздөй камына баштады. Жүрөгү элеп-желеп. Алиги интернеттеги иштеген жери деп катталган мекемеге барса эле табат да. Ордунда жок болсо ошол жердегилерден телефон номурун сурайт. Мен сенин кызыңмын деп чалат. Атасы адегенде таң калып анан маңдайы жарыла кубанып кызына учкан бойдон жетип келбейби.
Таң атпай шаардын таксисине олтурган кыз түш оогондо Бишкекке келип түштү. Андан кийин башка таксиге олтуруп, алиги мекемени издеп тапты. Адегенде бир аз жүрөксүдү. Кечеги дымагы бүгүн мокой түшкөндөй. Мен сенин кызың болом деп түз эле качырып кирип барса ал киши эмне дээр экен? Сени тааныбайм деп сүйлөшпөй койсочу. Келерин келип алып эшиктин алдында бир аз буйдалып турду да ишкананын босогосун аттады. Эшик кайтарган кишиге кимге келгенин айтты. Кийирбей койбосун деген ой менен -Телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз, келеримди билет, – деп калп айтып да жиберди. – 312-кабинетте олтурат, – деди эшик тоскуч. Үчүнчү кабатка көтөрүлүп 312 деген эшиктин тушуна келди. Каалганы акырын ачса кабылдама бөлмө экен. Катчы кыз олтуруптур. Уруксаат сурап астананы аттаганда эле сол жактагы эшиктин сыртындагы “Ишенбек АКБАЕВ” деген жазууга көзү түштү. – Күтө туруңуз, бош эмес, – деди катчы кыз. Жанара тизилген жумшак олтургучтартын четкисине коомай көчүк басты. Күтөт. Канча болсо да күтөт. Бала күнүнөн бери көргүсү келип эңсеген атасын күтпөй коймок беле? Ошентсе да толкундангандан маңдайы нымшып, жүзү албырып чыкты. Бир маалда Акбаевдин каалгасы ачылып, кагаздарын көтөргөн бир кызматкер шыпылдап басып сыртка чыгып кетти. Катчы кыз ичкери кирип, кайра тез эле чыкты да, Жанарага кириңиз дегендей ишаарат кылды. Кыз өзүн олуттуу кармаганга аракеттенип, мандайына түшкөн саамай чачын кулагына кыстара коюп, алиги эшикти шашпай ачты. Кадамдары чалыштап, төр жакта кайыш креслодо чалкалай олтурган атасына жетүүчү жол узак болуп кеткенсиди. Сүрөттөгү атасын дароо тааныды. Ооба, ушул, дал өзү. Ак аралай баштаган суйдаң чачын артка кайрып тараган, ак көйнөкчөн кара сур киши бейтааныш кызды тааный албай кабагын түйүп карап калды. Жанара ага салам айтты да жакыныраак барып олтурду.
– Ишенбек Мусаевич, мен сизди алыстан атайын издеп келдим.
– А келиңиз, кандай жумуш менен?
– Сиз Акылбекова Сайраш дегенди тааныйт белеңиз?
Акбаев кызды таныркай карап калды. Өңү өзгөрө тушкөнсүдү. “Акылбекова Сайраш” деп куңгүрөнүп сүйлөнө чекесин тырыштырып, эстегенге аракет кылгандай болду.
– Ооба, эстедим, тааныйт экем. Институтта чогуу окусак керек эле, – деди.
– Жакын мамиледе жүрүп, ал кош бойлуу болуп калганда карабай таштап кеткен экенсиз?
Акбаев “эмне деп жатасың?” дегенсип кызды таңыркай карап, чындап эле түшүнбөй жаткан адамдай түр көрсөттү.
– Аны менен эч кандай жакын мамиледе болгон эмесмин. Эмне дегиң бар?
Башта сиз деп жаткан сылык киши дароо кабагын чытып сен дегенге өттү.
– Мен сиздин кызыңыз болом.
– Менинби? Ким айтты сага муну?
– Апам айтты. Апам баарын айтып берди. Сиз таштап кетиптирсиз. Кайра келем деп айылыңызга кеткен бойдон келбептирсиз. Телеграмма жөнөтсө жооп бербей коюпсуз.
Акбаев эки алаканын жайып, ийинин куушуруп таң калган адамдай жылмайды да анан каткырып күлдү. Күлгөнү сахнада роль ойноп жаткан артистке окшоп кетти.
– Кой чоң кыз, антпе. Адашып калдың окшойт. Менин сендей кызым жок. Атаңды башка жактан изде. Бара гой, экинчи мага келбегин, макулбу?! Жакшы бар, – деди кабагын карыш салып. Анан маңдайындагы компьютерине үңүлүп, өз ишин уланта баштагандай түр көрсөттү.
Жанаранын жүзүнө бирөө муздак сууну чачып жибергендей болду. Денеси өлүп калгандай бир саамга дал болуп калды. Бирок дагы карманып туруп
– Түшүндүм сизди… Уятыңыз жок экен. Бекер келиптирмин, – деди да сыртка чыга жөнөдү.
Үчүнчү кабаттан ылдый кантип чуркап түшүп, эшикке кантип атырылып чыкканын өзү да сезбей калды. Тратуар менен шаарды аралап бет келди кете берди. Кайда баратканын аңдаган жок. Тиги кишиден тезирээк алыстагысы келип, шашып кете берди. Эс тарткандан берки атамды көрсөм деген кыял-тилеги ташка тийип быркыранды. Кантип эле… чын эле ушул менин атамбы? Ал ушундай жаман кишиби? Ушундай да ата болобу? Ата деген ушундай болобу? – деген суроолор анын бала жүрөгүн жанчып, кайдадыр бейдарек жолдорго жетелеп кетип баратты.
Элмира Ажыканова