Элгиза Бусурманкулова: Тилинип турсам дагы, тим боломун, Таарынтып албайын деп кокус аны

*****

-Алло, эркем, жакшысыңбы? -үн каттыңыз кусалуу…

-“Жакшы”- деген жооп болду, мен тараптан ызаалуу…

-Анан эмне… сизсиз жаман демек белем, батынбайм,

-Ал анткени, эркиңиз бүт, башка жанга тушалуу.

 

-А сиз кандай? Жакшысызбы? Жеңем жакшы жүрөбү?

-Жакшыдай го, сагынганым болбосо эле бирөөнү.

-Ммм… дедим да, орун алып ортобузда жымжырттык,

-Мен тагдырга, а сиз мага, арткансыдык күнөөнү.

 

-Баса, сизге жаңылыгым, чоң турмушка аттанам,

-Араң айттым, күйүт коштоп, көкүрөккө батпаган.

-Сөз салдыңыз, айла жоктон, кыргылданган үн менен:

-Бактылуу бол, бакыт болуп, аттай турчу астанаң!

 

Ошол мүнөт, дүйнөм урап, турдум муңга баш уруп,

Ошондогу сезим ыйын болбос эле жашырып.

Трубканы койдум дагы, өксүп жаттым азаптан,

Сүйгөнүнөн адам тургай, айрылбасын макулук!

 

Ачык айт

Махабаттан жүдөп жүрсөм ансыз да,

Мартабаңа ыйгардың бейм, сансыз баа.

Мүңкүрөгөн жүрөк муктаж болууда,

Мүмкүн болсо, сүйүүң менен камсызда!

 

Элесиңе эңсөө күчөп, башым маң,

Ээликтирчү-күч бар сенде жашынган.

Калпыс кадам жасап жүрсөм, кечир ээ?!

Эрким мокоп, арзуум үчүн ашынган…

 

Мээрим тоонун кулатчудай аскасын,

Сырттан – мерез, жан дүйнөңдө башкасың.

Арман-муңга чөктүрбөстөн, ачык айт!

Жүрөгүңдү түнөк кылса, башка ысым.

 

Арман-муңга чөктүрбөстөн, ачык айт!

Жүрөгүңдү ээлесе эгер, башка ысым.

 

*****

Көөдөндү көзөп чыккан көмүскөдөн,

Өзүңсүз өрт ырларым кайдан чыкмак?

Эсепсиз эргүү табам элесиңден,

Эсимден эч кетпеген, айланчыктап.

 

Махабат – бак коштогон багыт болсо,

Максатым, майтарылбай уланыш да.

Жүрөгүм жүк баскандай, эзилүүдө,

Жүйөлүү себеп таппай кубанычка.

 

Жылуулук жылоолобой дүйнөмө эч,

Кусанын кучагында уйпаланам,

Кудайдын куттуу күнү кызганычтын,

тирүүлөй тозогунда куйкаланам…

 

Кыязы, барат сага баш байланып,

Кыялдар калбаса экен жашка айланып.

Келчи бат! Кеңдик сыйган көңүлүмдүн,

Калуусун, каалабасаң ташка айланып.

 

Кел бүгүн! Кеңдик баткан жүрөгүмдүн,

Калуусун, каалабасаң ташка айланып.

 

*****

Түбүнө ыза-муңду үйүп жүрөк,

Өзөктө өртү өчпөгөн күйүт жүрөт.

Үмүттөр жетелеген улуу жолдон,

Үзүлгөн максаттарым күйүктүрөт.

 

Айланам түнөрүңкү; кабак чыткан,

Айламды сынагансыйт карап сырттан.

Жаркыган жарыктыкка жол көрсөтүп,

Жан жоктой, бул абалдан алаксыткан.

 

Калп күлгөн карегимде топтолушуп,

Канымда өксүк бардай, оттон ысык.

Карашым каардуу дагы, кайгыга жык,

Бүт дүйнө кетүүчүдөй жок болушуп.

 

Оордукту жеңер бекем эрким менен?

Оо, тагдыр, күч бер мага мертинбеген?!

Энчиме эч кечикпей жетким келет,

Эми сен, азап-муңдан “эркин” деген…

 

Энчиме эч токтоосуз жетсем экен,

Эми сен, күйүт-ыйдан “эркин” деген.

 

Ал адам

Туюлбай турганында сүйүүм ага,

Турмуштан көрөөрүм көп опузаны.

Тилинип турсам дагы, тим боломун,

Таарынтып албайын деп кокус аны.

 

Ал болуп, бары-жогу айлананын,

Аныма сезилмектир кайдан аным.

Кечирбей, кежирлигим кечип кээде,

Кайра эле туткунундай байланамын.

 

Бааланса бакытымдай тушумдагы

Барктоого жетпегенсийт күчүм дагы.

Өрттөнүп өзүн тургай, карматкым жок,

Өзгөгө, тырмагынын учун дагы…

 

Оюмдун ордосунда оюн салып,

Оорутуп, сезимдерим бүт камаган.

Арзуудан бүткөн арман, жыргалым да,

Ал адам – дилим, дүйнөм, жуткан абам.

 

Ал менин – дилим, дүйнөм, жуткан абам.

 

Жарыгыма

Ызгаары күч күндө бу куюндаган,

Ысыктыгы эч кимдин туюлбаган.

Ырысымдай табылып, урматына,

Ыза сундуң, бөксөрбөс, суюлбаган.

 

Кулап жаным кайгынын кучагына,

Кунары өчүп баратат гүл өңүмдүн.

Боолголоп биле албай сезимиңди,

Босогосун сагалайм жүрөгүңдүн.

 

Кандай мага?А балким, оюң тунук,

Катаалсың да… калгым жок моюн сунуп.

Жаза басып, жаңылдым, жай бер мага?!

Жан дүйнөңдө жашоого оюн куруп.

 

Көз ирмебей, оюмду төрт бөлгөнүм,

Көкүрөктүн айтпайын өрттөнгөнүн…

Мерездиктен кутулуп жылыбаган,

Мээримиңден келүүдө көктөмдөгүм.

 

Уккум келип, сенден сөз жарытарлык,

Убайым жейм, дүйнөмдүн баары тарып.

Өгөйлөбөй, өзүңө ороп алчы?!

Өзгө жанга кеткиче багыт алып…

 

Башка жанга кетпейин багыт алып…

 

Макулсуңбу

Жообун таппай, качсак да кезигиштен,

Жолугууну эңсейт ээ, сезим ичтен.

Жүгөндөбөй жайына койсок кантет!?

Жүрөктөрдү тымызын эзилишкен…

 

Жанашууга жарамдуу убак барда,

Жакын келип, абалым сурап кал да!

Анткорлонгон акылың айта берет,

Аныңа түк, алданба, кулак салба!

 

Ийиниңе баш жөлөп, күнүм, айы-ы-ым…

Илебиңе ичики-и-и-ий жылынайын.

Томсоруудан чарчадым, тозуп кеттим,

Тосчу мени, алдыңа жыгылайын.

 

Багыт алсак, баяндуу жолубузга,

Бактыбызга ачылаар нечен эшик.

Баштагыдай бак күтпөйм башкалардан,

Басчы, кеттик, бакытка жетелешип!

 

Жүрчү, кеттик, бакытка жетелешип…

Макулсуңбу?

 

*****

Үйүндө үлпүлдөгөн жанып чырак,

Үй-бүлө курганында, соолуп турдум.

Бир өмүр бизди бирге кылбаган соң,

Билбедим… тагдыр, неге жолуктурдуң?

 

Азаптыр, тирүү жанды жоктош кандай,

Атаарбыз алыстыктан окшош таңдай.

Чоочун жан кармап турган колдоруңду,

Чоочугам, алгач кармап, чок баскандай.

 

Үндөчү?! Күнөө кимде, күтө албаган?!

Үмүттүү жан элең го, бүт аңдаган.

Түңүлбөй жүргөнгөбү, түшкө кирдиң,

Түнөрүп… колуңда гүл-тутамдаган.

 

Сел болуп, жууп жаткан уяңдыкты,

Сен деген, сезимдеги туям букту.

Бакытка багыт алып, жаңы курган,

Не дейин, болсун эми, уяң куттуу!

 

Бакытка кадам таштап, жаңы курган,

Не дейин, болсун эми, уяң куттуу!

 

Экөөбүз

Таарынбаңыз!

Тагдыры бирикпеген жандарбыз биз,

Тамыры сүйүүбүздүн уза-ак кеткен.

Тагдырлаш боло албаган армандашпыз,

Таалайы эча-ак эле узап кеткен.

 

Мезгилбиз, мейкининде жылдар учкан,

Сиз жазым, мен кусалуу күз өңдөнөм.

Жарык жок жакты көздөй багыт алган,

Кыял бар, сан ойлор бар, түзөлбөгөн.

 

Өмүрдүн эки айрылыш жолу менен,

Өчпөгөн өрттү кечип баратабыз.

Өкүттөр ээлеп, бирок көзгө сүрткөн,

Максаттар артыбызда калат алыс.

 

Жартыбыз, а сезимде бир бүтүнбүз,

Жан дүйнө бирдей сыздап, күйүнөбүз.

Максат бир, а багыттар бөлөк болуп,

Барабыз, бар бакыттын үйүнө биз…

 

Мертинбес махабаттын күчү бизде…

 

******

Уюгу улуулуктун бак даарыган,

Уюлгуп сезимдерим апкаарыган.

Жаныма кубат берген айланармын,

Жайда – үп, кышындагы – ак карыңан.

 

Карааның сагынганда алыс туруп,

Калдайган “бакыт” көрөм, нагыз, тунук.

Серүүндөп, тагдырыма ыраазымын,

Сен менен койгон мени табыштырып.

 

Жолунда өмүрүмдүн жалындаган,

Жонума кээде жашоо жүктү үйгөндө.

Тагдырым өзүң менен туташкандай,

Тамырлайт, күч-кубатың бүт дүйнөмдө.

 

Көркүңдө көп сыр жатат айта албаган,

Көзүмдө карааның бар байкалбаган.

Ырыстан бүткөн менин ыйык жерим,

Бактымды сага каткам чайпалбаган.

 

Бүт дүйнөм бир өзүңө жуурулушкан,

Ыйыгым – туулган жерим – туурум учкан.

 

*****

Мен азыр тирүүмүнбү? Өлүүмүнбү?

Түк түшүнбөйм…

Түнөргөн дүйнө бийлейт.

Түгөнүү балким мага эрте чыгаар…

 

Түтөймүн…

Түрткүнчүк болгон өңдүү ара жолдо.

Баратам баш-аяксыз санаа жолдо…

Дүңүнөн дүйнө урап…

Ойлорум ойрондолуп,

тилектер кулап, сынат…

Ызгаары буюктуруп,

ызаалуу жүрөгүмдүн ыйынан кулак тунат…

 

Добушу чоочун мага бу дүйнөнүн…

Доосуна калдым беле ким бирөөнүн?

Бөтөн мага… Бардыгы бөтөн азыр…

Бөлөкмүн бар-жогунан…

ыраакмын… ыраакмын мен…

Жүрөгүм согуудабы?

 

Түк түшүнбөйм.

Асманым айрылдыбы?

Канатым кайрылдыбы?

Бармынбы?

Балким жокмун…

тунарган дүйнө сүйлөйт…

Туурайт да, бөлөт миңге…

Менде азыр үн-сөз да жок…

Тагдырдын таразасы так чыкпаган.

Таалайың кем болот же ашык болот.

Туңгуюк, туман азыр бары-жогу…

Түшүнбөйм… Түк түшүнбөйм…

Тирүү же өлүүмүнбү?

Сен мага түшүндүрчү?!

 

Мен балким дөөрүп жатам…

 

Жүз алтымыш үч күнүм

Жүз алтымыш үч күнүм сен оролгон,

жүрөм дале арылбай маңдайдан муң.

Уусун ууртап сүйүүңдүн, сенден кийин,

убалына калармын кандай жандын?..

 

Эрким, эсим бүтүндай кишендеген,

эпкини күч… мендеги санаасың да.

Өзөгүмдө өрт өчпөй, түнөп жүрө-өм,

өзүң берген үмүттүн калаасында…

 

Кайрымы жок мезгилдер тегеренип,

таттырууда турмуштун тузун улам…

Коногумдай бир келген кете бердиң,

коркпой, көз-жаш, ыйымдын кусурунан.

 

Мококтугун сезимиң билсем деле,

моюндагым келбейт эч бөтөндүгүң.

Өчкүчөктү жүрөктөн үмүт табы,

өксүгүмдү баса албай өтөр күнүм.

 

Жүз алтымыш үч күнүм сен оролгон…

жүрөм дале арылбай маңдайдан муң.

Уусун ууртап сүйүүңдүн, сенден кийин,

убалына калармын кандай жандын?..