Авторитардуу коом, экзистенциялык кейипкер жана муздак дубалдар…
(К.Жусубалиевдин романына пикир)
Азыркы мезгилде соцреализмдин шартында өнүккөн ХХ кылымдагы улут адабиятыбыздын өтүмүш дооруна – ал мезгилдеги тарыхый шартка, адабий процесстин оош-кыйыштуу, карама-каршылыктуу өнүккөн татаал диалектикалуу табиятына – динамикалык процесстин тенденциялуу кылдат көрүнүш, нюанстарына чейин кайрылып, кайра баштан аңдап көрсөк; ал учурда жалпы советтик адабияттын контекстинде жашап турган улуттук адабиятыбыз коммунисттик партиянын авторитардуу бийлиги жараткан советтик идеологиянын таасиринен көпкө чейин бошоно албай келген, бирок, «алтымышынчылар» катары таанылган акын-жазуучулардын өзүнчө бир мууну бийликтин системасы канчалык катуу болсо да, тоталитардык система талап кылган ар кыл режим, установка, көрсөтмөлөргө туруштук беришип, баштарынан чыгармачылык репрессивдик катаал тагдырды өткөрүшүп, чымырканган изденүү түйшүктөрүн тартышкан. Бул чыгармачыл топтун таң калтыра турган жагдайы; бийликтин күчтүү цензордук режим, методдоруна, тыюуларына баш ийбей туруп, коомдун ошол чектелүү алкагында эле кала бербестен, ар кандай коддор, символдор – метафоралуу, аллегориялуу келген ар кыл поэтикалык ыкмалар менен кыйыр түрүндө да, тике түрүндө да расмий режимге каршы турган чыгармаларды жазышып, чыныгы чыгармачылык изденүүлөрү менен улуттук адабиятыбыздын келечегине жол салышкан. Албетте, бул изденүүлөрдүн башында Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы турат жана ал өзү “жаңы адабияттык генерациянын өкүлдөрү” деп атаган М.Байжиев, Ө.Даникеев, К.Жусубалиев, М.Гапаров, К.Жусупов, К.Акматов сыяктуу жазуучулардын чыгармачылыктары буга далил.
Жазуучулардын мындай эркин ой жүгүртүүсүнө коомдогу саясий өзгөрүү – Хрущевдик “желаргы” мезгили түрткү болгон. Бирок, бул эркиндик атмосферасы коомдогу саясий кырдаалдын өзгөрүүсүнө жараша, көпкө созулбады. Көп узабай эле, кеминде отуз жылга чейинки мезгилди өз кучагына камтыган брежневдик “магдыроо доору” күчүнө келди да, коомдогу туташ кризиске жараша, маданий чөйрөдө чыгармачылыкка болгон бир беткейликке жол берилип; эркиндиктин чектелиши, жеке адамга сыйынуучулук, идеологиялык эреже-тартиптердин күч алышы сыяктуу коомдук тенденциялык көрүнүштөр чайлап-коолап өнүгүп, жашоонун жалаң гана жакшы жактарын, гүлдөгөн турмушту сүрѳттөгөн соцреализмдин методуна гана ыңгайлашкан жазуучу-акындардын арааны жүрүп, адабий процесстин жүрүшү ушундай жалган пафостук көрүнүштөр менен “байыган.” Брежневдик «магдыроо доорунда» советтик маданият «желаргы» мезгилиндегидей инерциядагы ѳнүгүүнү уланткан деп айтсак болот. Адабий-кѳркѳм процесс «магдыроону» башынан ѳткѳрүп, коомдук-адабий ситуация башкача абалга келип такалган. Орус адабиятчы-сынчылары айткандай, 60-жылдардын аягы, 70-жылдардын башында адабият жана маданият «официалдуу» жана «мамлекет тарабынан кабыл алынбаган» («подпольный») маданият болуп, экиге бѳлүнгѳн. Сталин доорундагыдай коомду «репрессивдик аң-сезим» башкарып, мамлекет тарабынан официалдуу түрдѳ таанылган искусство чыгармалары гана жашап, а кабыл алынбаган чыгарма жашай албастан, «зыяндуу, керексиз ишмерлер» тындым кылынып турбаса да, кээ бир жазуучулардын, адабий ишмерлердин чыгармачылыгына цензор коюп, айрымдарын эмиграцияга кеткенге аргасыз кылып, аларды өлкөнүн “чыккынчысы”, “саткын” атаган жарлыктарды тагышып, расмий жарыялашкан мезгил келген эле. Ошондон улам, орустардын эмиграциялык адабияты пайда болгон… «Магдыроо доорунда» «башкача ойлонгон», диссидент жазуучулардын эл менен байланышынын үзүлүшүнѳ, чыгармаларынын жарык кѳрбѳшүнѳ атайын басым жасалып, чыгармачылык чѳйрѳдѳ бир топ кыйынчылыктар жаралган. Кѳпчүлүк жазуучулар “расмий” жана “расмий эмес” маданияттын ортосунда калышкан. Мына ошондуктан кээ бир жазуучулардан, кээ бир чыгармалардан кичине гана катачылык табылып калса; кол жазма «начар», «идеясыз» ж.б. жарлыктар тагылып, жарык кѳрбѳстѳн жата берген, басмакана мындай жарлык тагылган чыгарманы баспастан, кайрып берип турган. Мунун жыйынтыгында кээ бир жазуучулардын чыгармалары “кара сандыкка катылып” (К.Асаналиев), адабий процесстен четтеп калгандай абал жаралган.
Совет коомундагы дал ушундай абал кыргыз коомунда да кайталанган. Кыргыз алкагында Москвадагыдай чет ѳлкѳгѳ чыгарууга аргасыз кылуу, расмий түрдө “саткын” деген жарлык тагып, ушу сыяктуу атка кондурбаса да, жазуучу-сүрөткерлер чыгармаларын жарыкка чыгара албай тургандай жасалма абал түзүшкөн. Маселен, ал мезгилде атактуу жазуучу катары таанылып калганына карабастан, Т.Сыдыкбековдун кыргыз элинин тарыхын чагылдырып жазган «Кѳк асаба» романын отуз жылга жакын цензордо кармашкан. Ошондой эле, К.Осмоналиевдин «Кѳчмѳндѳр кагылышы», К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романдарынын жарык кѳрүшүнѳ расмий бийликтин цензору жол берген эмес. Чындыгында, мындай мисалдар кыргыз адабиятынын тарыхынан кѳп эле кездешет… Андай соцреализмдин алкагынан тыш турган чыгармалар саясий-идеологиялык жактан элдин назарына туура эмес, зыяндуу чыгармалар катары көрсөтүшүп, ушундай мүнөздө сындалып, караланып, ал чыгармаларды коомдон алыс, жашыруун, «кара сандыкта” кармашкан. Алардын айрымдары (мисалы, Молдо Кылычтын, К.Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгы) эгемендүүлүк алганга чейин мамлекеттик пленумда каралып, бийлик тарабынан расмий түрдө акталып чыкмайынча, жарык кѳрбѳстѳн жата берген. Ал эми мамлекет тарабынан тескери реакцияга кабылбаган, соцреализмдин нагыз диктовкасында жазылган чыгармалар байма-бай жарык кѳрүп, үстү-үстүнө басылып, окурмандардын кеңири аудиториясына сунушталып, алгылыктуу пикирлер айтылып, “макталып”, “даңкталып”, авторлору “атак-даңкка марып”, “дүңгүрөп” турушкан. Китеп артынан китептери чыгып, баарынан кызыгы китептери орус тилине, чет тилдерге которулуп, чыгармачылыктары эч бѳгѳтсүз ѳнүгүп турган. Ошону менен бийлик, Жазуучулар Союзу адабий чѳйрѳгө бир чети камкордук кѳрсѳ, экинчи жагынан кѳзѳмѳлгѳ алуу, жаш жазуучуларды тарбиялоо сыяктуу мамилелердин болушу жазуучуларды «ѳз» жана «чоочун» деген эки жакка бѳлүп салгандай абал жаралган.
Улуттук адабий-көркөм процессибиз ушундай жол менен өнүгүп жаткан учурда советтик идеологиянын, соцреализмдин талабына таптакыр туура келбеген, анын илме-кайып талаптарынан өзүнөн-өзү чыгып кеткен жазуучунун жаңы тибинин жаралышын турмуштук шарт өзү диктовкалады. Кыргыз адабиятында мындай көрүнүшкө жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык изденүү тагдыры мисал боло алат.
Кубатбек Жусубалиев чыгармачылыгынын башталышында эле орду түбү менен таптакыр башкача идеяларды, башкача образдарды сүрөттөп, кыргыз турмушундагы башкача бир турмуштук көрүнүштөрдү көркөм чындыкка айландырып, таптакыр башкача стилдик баяндоо менен айткысы, жеткиргиси келген, таптакыр башкача жазуучу катары келгени байкалат. Мындай өзгөчөлүк кайдан келип чыкты? Көрсө, адаттан тыш чыгармачылык изденүү соцреализмдин цензорунун тар рамкасында жазылган чектелүү адабиятты танып, ошолорго канааттанбай, ошолорду жерип, батыш адабиятында эркин жазылган чыгармаларды үлгү тутуп, алардагы поэтикалык ыкма-каражаттарды чыгармачылык менен эркин өздөштүрүүнүн натыйжасынан улам келип чыгыптыр. Чыгармачылыгындагы мындай көрүнүш жөнүндө өзүнүн маегинде мындай дейт: “Өзүбүздүн жазуучулардан болсо.., ал чыгармаларда коммунисттик идеология, коммунисттик моралдан башка эчтеке жок… Бирок парадоксту көрүп кой, мен ошолорду туурашым керек эле да. Мен болсо, тескерисинче, антисоветчи болуп чыктым” (М.Сабыров. Дүйнөнү жек көрүү башкарып калды // Де-факто, 6-декабрь, 2011).
К.Жусубалиев чыгармачылыгынын башталышында “Күн автопортретин бүтө элек” (1967-жыл) деген китебин жарыкка чыгарат, бул чыгарма окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынып, өз окурмандарын табат. Чыгармага кыргыз элинин залкар жазуучусу, эл кишиси Түгөлбай Сыдыкбековдун таасири, салымы болгону баамдалат. Жаштардын чыгармачылыгын байкап, аларга кам көрүп, өзгѳчө стилде жазган жаш жазуучунун калыптанып келатканын сезип, туя билип: «Баса ушуга дейре кыргыз прозасында «Күн автопортретин тартып бүтѳ элек» повестиндеги ыкма, окуянын ѳнүгүшү, анын берилиши, анын чечилиши, сүйлѳм түзүлүшү, диалог түзүлүшү, тили, каармандардын мүнѳзү… айтор, бул повестке таандык почерк ушуга дейре кимибизде бар эле? Кээкилер бул пикирге макул болгусу келбесе, бизге ачык далил кѳрсѳтүшсүнчү. Биздин байкообузда ал жок. Ал үндү биздин келечектүү чоң адабиятка жаш жазуучу Кубатбек Жусубалиев кошту» (Сыдыкбеков Т. Мезгил сабактары. – Ф., Кыргызстан, 1982. 119-б.) – деп, баа берген.
К. Жусубалиев көп жылдардан кийин “Муздак дубалдар” романын жазып бүтүрөт (романды 1969-жылы бүтсө, 1991-жылга чейин жарыкка чыгара албай, дээрлик 22 жыл убара тартат). Чындыгында, бул чыгарма бийлик тарабынан да, окурман тарабынан да кабыл алынбайт, өз окурмандарын таба албайт, коом тарабынан четке кагылат. Жазуучу өзгөчө мазмундагы, көнүмүш стилде эмес, сюжетсиз чыгарма жаратып, канчалык терең, көркөм изденген аракетине карабастан, чыгарма кезинде элге тааныла албады. Аталган китебинен кийин дээрлик 15 жылга чукул чыгармалары жарыяланбай келип, акыры, 1981-жылы “Толубай сынчы” аттуу китеби басмадан чыкты.
Жазуучунун көп жылдар бою китептери жарык көрбөй калган себеби – ал мезгилдерде К.Жусубалиев КГБнын күчтүү кайырмагына илинген экен. К.Жусубалиевдин чыгармачылык тагдырындагы бул жагдайды ал мезгилде КГБнын адабий бѳлүмүндѳ иштеп турган кыргыздын кашкөй сынчысы А.Токтогуловдун кийин гезитке берген интервьюсунан улам баамдап, билдик: «1974-жылы мен ишке алынганда Эрнис Турсунов менен Кубатбек Жусубалиев жѳнүндѳ түшкѳн материалдар толуп кетиптир. Адабиятты түшүнбѳгѳн, талант эмне экенинен кабары жок, жѳн эле турган ырдан же аңгемеден саясий же идеологиялык ката таба салганга уста чекисттер экѳѳ жѳнүндѳ ушу жазуучулардын эле ѳзүнѳн “агентуралык билдирүү” ала бериптир. Э.Турсуновдун материалдарын шак эле жаап, ѳрттѳп жибердик. К.Жусубалиев жѳнүндѳ ошо кездеги председателдин орун басары В.Демидевге кирип, “Жѳн эле жүргѳн кишиден эмне диссидент чыгара албай жатабыз, качантан бери китеби чыкпайт, андан кѳрѳ жардам бербейлиби, ЦКга айтсаңыз, чыгарышсын” десек, а киши “ак үйгѳ” барып, бул маселени чечип келди. “Толубай сынчы” китебине ошентип жол ачылган. Натыйжада, КГБ бир күчтүү диссиденттен айрылды, окурмандар бир укмуш жазылган китепке ээ болду…” (Аман Токтогулов КГБ, адабият жана жазуучулар тууралуу // Кыргызстан маданияты, 14-ноябрь, 1991).
К.Жусубалиев дал ушул коммунисттик партия көркөм адабиятка карата жүргүзгөн саясатынын натыйжасында адабий-кѳркѳм процессти башкарып, көркөм чыгарманын саясий-идеологиялык жагына басым катуу коюлуп турган Брежневдик “магдыроо” мезгилинде ѳз алдынча кетүүнү баштап, соцреализм методуна карама-каршы маанайдагы чыгармаларды жазып, улуттук адабиятта жекече жолун баштаган. Ал гана эмес Ч.Айтматов сыяктуу өзүнчө жол менен кетүүгө умтулган, тагыраак айтканда, жаңы көз караштагы жаңы адабиятты баштаган. Эч качан соцреализм багытынын талаптарын ишке ашырууну, метод талап кылган каармандарды түзүүнү, шаңдуу турмушту шаңдуу сүрѳттѳѳнү максат койгон эмес, ушул себептүү: «А пока ему не остается ничего другого как уйти во внутреннюю оппозицию, стать внутренним диссидентом в том обществе, в котором он жил. Джусубалиев никогда не был советским писателем, хотя жил в Советской стране, скорее он был антисоветским литератором» (Лайлиева И. Киргизский роман на рубеже ХХ – ХХI веков. – Б., Бийиктик, 2009. С.27.) – деп белгилүү адабиятчы И.Лайлиева белгилегендей, К.Жусубалиев коммунисттик идеялогияга ирониялуу мамиле жасаган, ал тоталитардык системанын кризисин кѳркѳм формада берүү аракетин кѳргѳн. Ал мезгилдеги коммунизмди курабыз деген кѳтѳрүңкү пафос, шаңдуу турмушту сүрѳттѳѳнүн ордуна, ал «чындыктын» аркасында катылган чындыкты алып чыкканга умтулган. «Кайсы бир майрамдан кийин болсо керек эле, шаардын чоло жери жок сайылган туулар, качырашып, жайылган кирлердей илинген лозунгалар шамалга сынып айрылып, жулунуп жатышты. Ар кайсы туш-туштан дубалдардын бооруна илинген эбегейсиз зор тартылган портреттердин күп-күп этип жерге кулагандары угулду» (Жусубалиев К. Муздак дубалдар. – Б., Адабият, 1991. 40-б.) Чын эле шаң менен ѳткѳн революциянын жеңиши, эмгекчилердин майрамы делген параддардан кийин дал ушундай кѳрүнүш орун алып, айлана-тегерек айрылган желек, портреттерге толгон кѳрүнүш болгон. Кеп бул жѳн гана шаардын кѳрүнүшү сүрѳттѳлүп жаткандыгы тууралуу болуп жаткан жери жок, жазуучу ал мезгилдин чындыгын жана социалисттик коомдун да жасалма ураан, жасалма жашоонун натыйжасында кулап, урап бараткандыгын кѳрсѳткѳн. Мына ушул метафоралык сүрѳттѳѳнүн ѳзүндѳ коомдун, официалдуу бийликтин урап бараткандыгы чагылган. Коом ѳзү реалдуулуктан кетип калгандыгын, жасалма ураандардын жолунда кетип бараткан коомдун ѳзү жасалма коом болуп калгандыгын ачып берген.
«Характерными чертами этого периода писатель считает отчуждение личности и неискренность официальной идеологии. Лживость общества, лживость его лозунгов: каждый друг другу – товарищ и брат. А на деле же – нечто прямо противоположное. Люди вынужденно лгут и лицемерят, играют навязанные им роли и надевают маски» (Лайлиева И. Киргизский роман на рубеже ХХ – ХХI веков. – Б., Бийиктик, 2009. С.10.) – деп, И.Лайлиева абдан так айткан. Совет коомунун чындыгы «Муздак дубалдар» романындагыдай ал мезгилде эч бир чыгармада кѳрсѳтүлгѳн эмес.
«Ар кандай жазуучу башкы каарманы аркылуу адам жѳнүндѳгү түшүнүгүн билдирет» (Гинзбург Л. Былое и думы Герцена. – М., Госполитиздат, 1957. 105-б.) – деп айтылгандай, К.Жусубалиев ѳзүнѳ жакын турган, жан-дүйнѳсү окшошуп кеткен каармандарын алдыңкы планга чыгарган. Жазуучу Совет адабиятында жашап жаткан традициялуу каарман, оң каарманды түзүү ыкмасынан алыстап, адам мүнѳзүн жаңыча ачуу ыкмасын, идеалдуу каарман, образ жаратуу деген жасалмалуулукту четке кагып, адам мүнѳзүн чындыктуу ачуу ыкмасын улуттук адабиятка кийирген. Коомдун кризиске тушукканын негизги кейипкеринин рухий кризиске учураган ички жан-дүйнөсүнүн кризиси аркылуу чагылдырып берип жатат: «Арыковду бул адамдар, тамдар, дарактар анан бетер калааты таң калтырды. Алардын бир гана пешенелери эмес, бүт турпаттары менен сүйкүмсүз. Жер менен жер болгон тамдарын айт, топон челген букаларга окшогон адамдарын айт, жалбырактары кулгуна болгондой жер-жеринен тешилип, жүдѳгѳн наристе кыздардай болгон карала-торала теректерин айт, тоба. Шаарына адамдары окшош, адамдарына дарактары, дарактарына шаары… Арыков бул улуу дарыянын коркунучтуу айлампасына кабыл болгондой, эми ушул айлампадан чыга албай түбѳлүккѳ айланып жүрѳ берчүдѳй оор, бир жеринде жылчыгы жок үмүтсүз, жүрѳк чыгарган бир сезимге дуушар болду дең, дагы кара жанын кайда катарын билбеди» (Жусубалиев К. Муздак дубалдар. – Б., Адабият, 1991. 105-б.)
Романдын каарманы эмне үчүн жалгыз? Эмне үчүн экзицтенциялык деңгээлде сүрѳттѳлүп жатат? Арыков коркуу сезиминин жаралышына себеп боло турган эч кандай кырдаалдын жок экендигине карабастан, баары бир корко берет. Анткени, ал мындай лозунгдук жасалма коомго кирише албайт. Ал мындай коомго аралаша албай калгандан кийин ички дүйнѳсүнѳ, ички ой-толгоолоруна кетип жатат, Арыков ѳзүнүн ички жашоосунда гана жашайт. Жазуучу советтик коомдун ѳзү абсурд экенин, бул коом элге гармониялуу жашоо түзүп бере албай турган коом экендигин романында ар кандай метафоралуу ыкмалар менен, каарманы аркылуу ачып берип жатат. Дүйнөдөгү, коомдогу болуп жаткан мына бул көрүнүштөрдүн баарын каарманынын жүрөгү, дүйнөсү аркылуу өткөзүп жатат. «Анткени ѳзүңдүн жалгызчылыгыңды, ѳзүңдүн бул ажайып турмуштун алдында алсыз экендигиңди ошондо жакшы сезесиң» (Жусубалиев К. Муздак дубалдар. – Б., Адабият, 1991. 52-б.). Арыков турмуштан четтеп калган, коомдон ѳзүнѳн-ѳзү четке сүрүлүп калган, мына ошондуктан дүйнѳгѳ да, тагдырына да кайдыгер. К.Жусубалиев ѳзү ал кезде ѳзүнүн ички ой-толгоолорго кетип, ѳзү коомго аралаша албай калгандан кийин, ошол көрүнүштү көркөм бериш үчүн, ошого ылайык келе турган ыкма-каражат таап, чыгармасын ошондой форма, мазмунга келтирип, «ой-агым сели» (поток сознания) менен сүрөттөп жатат. Кыргыз романдарында мурда болбогон, таптакыр кездеше элек экзистенциялык каарманды түзүп, окурмандарга тартуулаган. Бекеринен роман «Муздак дубалдар» деп аталбайт. «Ал ѳзүн бүтѳлгѳн ийиндин ичинде калган кѳр чычкандай сезди. Жака белинде муздак дубалдардын суугунан башка эч нерсе жок. Жападан жалгыз, ээн эркин. Эртеден бери ушундан коркконуна эми түшүндү» (Жусубалиев К. Муздак дубалдар. – Б., Адабият, 1991. 19-б.)
Албетте, дал ушундай таңкалыштуу каарманга ээ чыгарма адабий процессте кабыл алынбаганы “мыйзам-ченемдүү көрүнүш болгон”.
Жогоруда айтып кеткенибиздей, К.Жусубалиев бүтүндѳй совет адабияты эмгектенип жаткан “социалисттик реализм” багытынын талаптарын аткарбастан, багыт талап кылган каармандарды түзбѳстѳн, эркин жазуучу катары эркин ойлонуп, дүйнѳлүк адабиятты ѳздѳштүргѳндүгүнүн натыйжасында новаторлук идеяларды улуттук адабиятка кийиргенге жан үрѳгѳн. Ал мезгилде совет адабияты дүйнөлүк искусствонун көптөгөн багыттарын четке каккан эле, модернизм багытынан тартып авангардизм ж.б.у.с. багыттардын баарын чоочун нерсе катары өгөйлөп, аларды тааныгысы келген эмес. Ушул себептүү К.Жусубалиевдин романы, дегеле чыгармачылыгы «чоочун» сезилип, кабыл алынган эмес. Ал адамды сүрөттөөнүн улуттук адабиятта жаңы нугун баштоону көздөп, улуттук адабиятка сүрөттөөнүн жаңыча багытын кийирүүгө умтулуу менен реалдуу турмуштун чындыгын чагылдырууга аракеттенген. Тагыраак айтканда, изденүүнүн кыргыз адабиятындагы жаңы жолун, жаңы тенденциясын ачуу аракетин көргөн. Анын башка акын-жазуучулардан айырмаланып мындай изденүүсүнүн түбү Европа жана дүйнө адабиятынан үлгү алгандыгы, экзистенциалисттик, модернисттик багыттарды өздөштүргөндүгү себеп болгон. ϴнүккөн адабияттарды үйрөнүү аркылуу жана дүйнөлүк адабиятка таасирленүү, тууроо, өзүн-өзү талдоо ыкмаларын өздөштүрүп, «башкача», жаңыча стилде, өзгөчө ыкмада жазылган модернисттик агымдагы жазуучулардын чыгармаларын өздөштүрүүнүн натыйжасында модернисттик дүйнөтаанымды улуттук адабиятка кийирип, багыттын кыргыз адабиятында орун алышына жол ачты. Тагыраак айтканда, «Муздак дубалдар» романы менен модернисттик багытты кыргыз адабиятында баштап берди. Романдын окуясы, автордун баяндоосу, колдонулган сүрөттөө каражаттары да кыргыз көркөм чыгармаларынан таптакыр башкача. Жазуучунун сүрөттөө ыкмасы «ой-агым селинде» берилген, каарманды мүнөздөөдө аны «аң-сезимге келип-кетип турчу ойлордо» өнүктүрүп, дал ушул аркылуу адам мүнөзүн, адам психикасын ачып берүү максатын койгон. ϴзүн-ѳзү ѳстүргѳн интеллектуалдуу кругозор менен улуттук адабияттын ѳкүлү катары кызмат кылган. Так айтканда, жазуучулук милдетин аткара алган, же болбосо ѳзүнүн сѳзү менен айтканда: «Эгерде адам адамга аң-сезимдүү түрдѳ кызмат кылбаса анда адабият менен маданият болбойт. Анда кайдагы бир амбициялардын, идеологиялардын туундусу болуп калат адабият дегениң. Анда адамзатта рух деген болбойт» (Жусубалиев К. Жакырчылык менин байлыгым // Кыргыз маданияты, 1992, 10-сентябрь) – советтик идеологиянын так кѳрсѳтмѳсүндѳгү адабиятты жараткан эмес. Таланттуу жазуучу катары шаң-шѳкѳт, шаң-шарапатты чыгармаларында чагылдырбастан, ѳзүнѳ гана тиешелүү жазуучулук ѳзгѳчѳлүгүн бекемдеп, улуттук чѳйрѳдѳ, кыргыз жеринде гана «биринчилик», «атак-даңк» үчүн күрѳшпѳстѳн, адабияттагы тазалыкка кызмат ѳтѳѳ менен улуттук чектелүүдѳн чыгууга, дүйнѳлүк алдыңкы үлгүлѳрдү улуттук маданиятка кийирүүгѳ аракеттенген – бул анын идеалы эле деп айтсак да болот.
Асакеева Динара Жолдошевна Ф.и.д., профессор
De-факто, 2018. 1-июнь, №21 (374), De-факто, 2018.8-июнь, №22 (375).