Дүйшөн Керимов: Төкө

ЭССЕ
* * *
Ал ар дайым түшүмө кирет. Бу жарык дүйнөгө мени жараткан, алпештеп өстүрүп коюп, а өздөрү жапжаш кездеринде эле жер алдына кете беришкен кайран ата-энем Касый менен Батыштан, эзели өз атымды атабай, өңүмө карап, “Сарыбайым…” деп опсуз эркелетип, 85 жаш курагына дейре басып жүрүп жашоодон көчкөн чоң атам Керимден да көбүрөк түшүмдө кездешчү жашынан жайраган  бир боор карындашым Бейшегүл, экинчиси ушул – таякем Төлөгөн. Неге, неге дейм… Балким бул кандаштыктын, тууган арасындагы жакындыктын өзүнчө бир сыры, жышаанасыдыр деп ичимден сыза, кусалана өзүмдү жооткотом, байма-бай куран окуйм. А чынында башка не чара да, не опа…
* * *
Бу сапар сөзүм Төкөм жөнүндө болот. Анын жөн-жайын аягында айтайын…
Таякемди өмүр бою  “Төкө” дедим, а балдары “Төлөкө” деп кайрылышчу. Орто бой, каксоо мүчө, кырдач мурун, мээрим көзү, сергек кыймылы, мына, көз алдымда турат. Өтө фантазиялуу – кыялкеч, орой айтканда, калпты-чынды койгулаштыра “өлгөндү да күлдүргөн” тамашөкөй эле. Анан эң ашкере өнөрү – көзгө атар мерген, китепкөй окурман болчу. Мына, экөөбүздүн биртуугандык, ал тургай достук десем да акыйкат, өтө ынактыгыбыз дал ушул өңүттө чырайына чыгар эле го, аттиң…
* * *
Алгач эс тарткандагы Төкө тууралуу орчундуу маалыматым мындай: өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында колхоз малы чакан, баш көтөргөн элдин көбү жаз келип, көктөм толукшуганда эле төш таяна көчүп, жайлоолоп кетишчү. Алты-жетидеги курагым, Желе-Карагай деген керемет конуштабыз. Таенем да биз менен, орой бешенеси эрендердей болгон кайран киши, негедир үйдөгүлөрдөн мени гана жетелеп, “Жүрү, Төлөгөн келатыптыр…” деп, төмөнтөн карагай аралай келчү кыя жолду көздөй төтөлөп жөнөдүк. Бирөө-жарым мурдатан айтып келгенби же энелик туюмбу, айтор, экөөбүз кыйла жерге барганда токой арасындагы жолдон жалгыз атчан чыга келди. Шаардыкча кийгени, башындагы кызгылтым шапкеси эсимде, жакындаганда эле аттан секирип түшө эне-бала кучакташып калды. Төкө мени да бетимден өөп, момпосуй берди. Шаардан кандайдыр бир тентектик кылганы угулган окшобойбу, таенем уулун бышактай тилдеп, ал күлө актанып баштады… Калемим ушул жерге келгенде, айтылуу акын акем Анатайдын:
“…Кырк жылы кабарсыз кетсем да,
Кыйкырып алдымдан чыгарым…” – деген “Энекем” аттуу асыл ыры, ага андан да керемет обон жаратып, ырдаган эсил кайран Асанкалыйдын мукам үнү кулагыма жаңырып калганы, атаңгөрү…
* * *
Кийинкиси: Төкө армиядан отпускага келгени. Кагелес мүчөсүнө аскер формасы куп жарашып, кычыраган өтүгүн бат-бат жалтырата тазалап атчу. Кээде биздикине келип түнөйт. Экөөбүз темир керебетке бир жатабыз. Башкалар уктады деген учурда мени түртөт. Буфет дечү шкафка жылып жөнөйм. Анын ичинде “Кис-кис” деген ирис момпосуй катылуу. Ал кезде апакем ооруй элек, үйдө тартип темирдей. Уурулук дээринде жок куураган мен дайым билгизип койчумун. Бирок оголе ширин ошол “Кис-кистин” Төкө экөөлөп бир айласын таап, ыракаттуу шимип жатар элек.
Ал армиядан лейтенант чини менен келди. Орто билим менен барып кандайча мындай даражага жеткенин мурда кийин да сурабаганыма өкүнөм. Айтор, погонунда кош жылдыз жаркырап, кызык да, сырдуу да көрүнгөнү эсимде. Маркум таланттуу акын досум Алик Акималиевдин “Мен, поэзиянын жаш лейтенанты” деген жаркылдаган саптарындай ошондогу аскер формачан шайдоот Төкөмдү ошол бала кезде кечки мал-салды ары-бери жайлай коюп, клубга чуркап жетип, кезерип отуруп көргөн согуш кинолорундагы аскер адамдарына окшоштура берчүмүн.
Сөздү кыскарта чапсак, Төкө көп өтпөй үйлөнүп, райвоенкоматка кызматкер болуп кетти. Улуу Абайдан окудум бекен, бир казак кемпирдин “Кыз эдим…” деп ыйлаган образ, таасири али жадымдан чыкпай калган. Анын сыңарындай, андагы Төкөнүн Нарын калаадан алып келген Бейшебүбү таажеңебиз Пушкин деген каймана аты бар, тармал чач, бакыраң көз, эпилдеген жаш колукту эле, мына, Төкөнүн кокустан көзү өткөнүнө он беш жылга аяк басты, жубайы да ого бетер тез улгайып кеткен окшоду… Адам пендең унутчаак, жаштыкты да, жакшылыкты да тез унутат. Башкаларын билбейм, жеңенин колунан далай чай ичип, гүлчөтайын тамшана жегенимди, эсеби маселен, мен ушул саптарды жазып олтуруп эстеп, жашым кылгырганын кантип жашырам?..
Адам тагдыры кудайдын колунда дейбиз, бирок да тагдырың теңирден тескери же кыйчалыш тарапка кеткенине айланаңдагы адамдар түрткү-шынаа болорун Төкөнүн турмуш мисалынан таасын билем. Анда туугандардын, анын ичинде атамдын да катышы жок эмес, ошол жакшынакай адистигинен, балким ишеничпи, жеке кызыкчылыкпы, көз көрүнөө адаштырып, колхоздун бир короо коюна “кожоюн” кылышты да отургузуп коюшту…
Акыйкатты түштөн кийин айтканда, айтпаганда не дээр айрымдар. Ар кимдин ар ишке өзгөчө  жөндөм шыгы болот. Ошону  колуңдан келип, түшүнөсүңбү колдо, болбосо киришип жолуна жолтоо болбо. Так кесе айтсам, Төкөнүн кайран өмүрү кесир болбосун, мына ошол малчылыктын туткунунда кыскарып, арманда кете берди. Анткени ал малчылыкка, дегеле кара жумушка жөндөмсүз, ал тургай мыкты да дубалга дурустап кага албаган, ал эми аскер ишине, анын бир тармагы болгон мына ошол мергенчилик үчүн жаралган бир берен эле да…
* * *
Кайгылуу болуп кетип баратат окшойт, аңгеме нугун мергенчиликке бурсак: Төкөм мени 14 жашымдан кийикке ээрчитти. О-уу, не деген окуялар – менин көз алдымда аркар-кулжа, эчки-теке, элик,  аюу, карышкыр атты. Шыргыйдай узун Токтогазы акем экөөнү ээрчип, “Энеңди урайын, экинчи охотуңа келбейм” дегендей татаал акыбалдарды далай көрүп, көп өтпөй ал азап-тозокко тете кыйынчылыктарды унутуп, атакем Керим айтмакчы, “Аласасы болбосо, мерген Шыгай канетсин” деп, аларды жандап кайрадан кете берчүмүн. Төкө мага аттын мыктысын мингизди, үшүсөм, тондун жылуусун жапты. Ээн-элкин тоо арасы, үч-төрт күндөп жер кезип, кээде шүмүрөйүп жолуң болбой, а бирдеме атып алсак, улуу “Манастагыдай” кудай бетин салбасын, жоо чапкандай шерденип, асманга колуң жетчүдөй ак мөңгү чокуларда көңүлүң чалкып же космостун айдыңындай Ак-Сай, Жаңы-Жердин адыр-белдеринде, түнкүсүн жапжакын түшүп келген жаркын жылдыздарга аралашып, алдыңда тердик, жамынчың көрпөчө, атакемдин тер жыттанган чепкени, жаздыгың ээр, Төкө менен Токонун не бир фантазия, кыял, апыртма, шакаба, юмор, купуя сырларын… деги койчу, кайталангыс кептерин угуп жатып уйкуга кеткен керемет түндөрдү да сагынам, эй!
* * *
Төкө мага төө да мингизди. Жайкы каникулда шаардан айылга келсем, Төкө жайлоодон жаңы түшүп, биздикинде жездеси менен бакылдашып отуруптур. Атам да аңчылыкка оголе шыктуу киши, ушул кайнисин жакын көрчү. Казанда Төкөнүн шыралгасы куурулуп, кайберендин оборду ачаар жыты буркурайт. Эки күн үйдө өргүгөн соң, “кеттик” – деди. Эки-Босогонун ортосундагы Жапар деген фельдшер досунун үйүнө ат менен төөсүн таштап, андан бери жол тосуп, машине менен келген экен. Биз да кайра ошентип бардык.
Төкөнүн конушу кайда… Тээ жыйырма чакырымдай Балык-Суунун Карга жайлоосунун Сере деген конушунда экен. “Аралык алыс, бир атка учкашып кантип жетебиз. Төө мингич, коркпой, сен минип ал” – деди. Өмүрү төө минбеген жаным, соксоңдоп, бара-бара көнүшүп, ал тургай өзүмдү улуу калемгер Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” классикалык романындагы Каранар минген Бороонду Эдигей сезип, арттагы атчан ээрчип келаткан Төкө менен тамашалашып, кээде кыңылдап ырдап, жол арбый берди.
О, кокую аралаш кызык жолубуз Сере конушка чукулдай айыл аралай баштаган кезде башталбаспы. Төөң кургур үй көрсө эле: тарпаңдап кайрыла берген айбан экен, эл-журттан, айрыкча бозүй, чатырлардан чыга калып, таңдана шыңкылдаган кыздардын көз алдында шаардык боло калган көйрөң дымагым нөлгө түшүп же бу оңбогурдан түшө качалбай, соксоңдоп келатканыма арданганымды, а Төкө камырабай төөнү ышкыра айдап, кээде менин абалыма ыкшып күлүп келатканы…
Төкө экөөбүз ошондой кийиктеп жүрүп, бир мерте катуу таарыныштык. Ал мындай: анда да студент кезим, атам ар дайым каникулга келеримде, аттын жакшысын такалатып, мылтык, ок-дарысын, куржунга базарлыгын кошо белендеп, мен үйгө түшүп, эки-үч күн сагынычым тарагандан кийин эле “Төкөңө бар!” дечү жарыктык.
Бардым, Жаңы-Жердин Жылаңачынын Көл-Айрыгында Турдуке байке экөө кошуна экен. Үчөөбүз кийикке жөнөдүк. Төрт күн кырларды кездик. Жол болбой, азыгыбыз да түгөнүп бараткан кезде Чет-Кара-Жылганын төрүндө жаткан отуздай эчки-текени көрүп калдык. “Кийик ушул жерден өтөт, жакшылап тос!” деп эле экөө жапсарлап тик ылдый удургуп кирип кетишти. Атымды ташка байлап, кыр таштан секин башымды чыгарып, ойдогу кийикти улам турнабай салып багып жатам. Колумдагы атамдын саатын карасам он, ошондон туура кечки төрткө чейин жаттым. Кийиктер ордунда, тигилерден дайын жок.
Бир жактан курсак да курулдай баштады. Кудай урбадыбы… а мүмкүн алар жана кокту ылдый түшүп баратышканда, алдынан башка кийик жолугуп, атып алып, мени күтүп атышабы деген азгырык ой ордумдан тургузду да, алардын изине салып жөнөдүм. О, төмөндөп кеткен кезде аркы кийиктер жаткан төр тараптан суурлардын кыйкырган үнү жаңыра баштады. Не бар, не жок, атымдан түшө жетелей, кырдан кылтыя бая кийиктер жаткан жайга көз салсам, жан жок, тээ аркы кырдан буурул атчан Турдуке байкенин карааны көрүнө түштү. Ошондо жана өйдөдө калган өзүм олтурган тарапка жалт карадым, болору болуптур… кийигиң түшкүр, Төкөң мага ишенип таштаган тозоттон убай-чубай жайбаракат өтүп жатканы, же атайын десең, ок жетээр аралык болсочу…
Посттун таштай качкан солдаттай салбырап, көк ташта көпкө олтурдум, аскалардан ала көлөкөлөр каптап, күүгүм кирип баратты. Ээн тоо арасы, айла жок, атымды илкий бастыра, тигилер аттарын чалдырып, кобурашып олтурган өндүргө кө-өптө түшүп бардым, ошондо кырданып жаткан Төкө мага кайрылып: “Эй, кийиктин балакетин аласыңбы?! Буякка эмне келдиң эле?..”- деди. А мага болсо кайран жер катуулугунан калды.
“Кийикчи жанын жейт, үйүндөгүсү майын жейт” деген аңчылардын шакаба кеби бар. Ал түнү үчөөбүз үндөбөй үч жакта тултуюшуп жаттык. Ошондогу түндүн узактыгын жана муздактыгын айт. Кудай жалгап, эртеси Төкөмдүн жолдуулугунан, капыстан эки теке кабылып, атып алдык да, күнчүлүк жердеги үйгө дейре менин жоругумду кеп кыла,  көңүл чалкып күлүп бардык.
* * *
Төкөм түшүмө байма-бай кире берет, кээде таамай, кээде бүдөмүк элестер, көпчүлүгү ошол улуу тоолор арасында жүргөн болобуз…
* * *
Баса, ушул жаман баянымдын аягына жалкоолугумдун айынан чыгалбай чала таштап койдум эле. Кечээ жакында Төкөнүн алыскы Италияда бир далай жылдардан бери иштеп жүргөн кызы Нурайым телефондон: “Байке, айылдагы атамдын эски үйүн бузуп, жаңы там салгам. Түлөөсүнө келип кетиңиз” деген куш кабары ордумдан силкип тургузду да, калемимди кайрадан колума алдым. Анча-мынча эр азамат жасабаган ишти, бир кезде Төкө аябай эркелете ишенген ушул кызы аткарып атканын караң…
Бишкек шаары, 2015. Октябрь