Чыгармачылык – өнөр башаты

Бүгүн Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына карата “Чыгармачылык өнөр башаты” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Кереге кеңешке аталган окуу жайдын ректору М.Чотонов баштаган эмгек жамаат, КРУЖС төрагасы, акын Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акыны, прозаик, драматург М.Мамазаирова, Б.Максүтов, Б.Калчабаева, К.Сариева, К.Зарлыкова ж.б. акын-жазуучу, драматургдар, чыгармачыл инсандар, студенттер катышты. Университетте актердук чеберчиликке, режиссерлукка, кино тармагына дегеле искусствого басым жасалгандыктан сөздүн нугу драматургия жаатында болду. Драма жазуунун, аны коюунун машакаттарына, артыкчылыктарына, кемчиликтерине, күнгөй-тескейине басым жасалды. Жакында гана КРУЖС драматургия секциясы баштаган он айлык театртаануу курсун эске албаганда дээрлик мындай иштер өткөрүлбөгөнүнө, окутуулардын жоктугуна токтолушту. Өз кезегинде окуу жайдын ректору М.Чотонов драматургия боюнча адистерди даярдап чыгуу үчүн атайын кафедра ачылып жатканын, келерки окуу жылдын башынан тартып драматургдар окуп, тарбияланарын баса белгилеп өттү. Жалпы катышуучулар жандуу аралашып талкуу кылган кереге кеңеш мындан ары да уланып туруусун тилек кылып кайтышты.