Чолпон Субакожоева: Сезимди селге алдырган, Ырларынан көлкүп турат көкүрөк

2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында жазуучу, обончу, аткаруучу Өктөм Калыеванын 60 жылдыгын утурлап өткөрүлгөн “Жашоонун куту энеде” аттуу Атантай Акбаров менен Өктөм Калыеванын чыгармачылык кечесинде бир жыл бою Ө.Калыева жөнүндө жазылган ыр, проза, эссе ж.б. конкурс жарыяланып, байгеси көрсөтүлгөн.

Ошол конкурстун алкагында келип түшкөн Чолпон Субакожоеванын Өктөм Калыевага арнап жазган “Кылымдар…” аттуу одасын жарыялайбыз.

Урматтуу окурмандар, сиздерден дагы конкурска карата ырларды, эсселерди, прозаларды күтөбүз, чамдаңыздар!

Кылымдар…

Кылымдар – изи калган өмүрлөр…

Туулуп эле тууган болбойт, тутунуп да тууган болот.”

 

 Жакшынын кеби жайдары,

  капаңды жазат кайдагы”,

“Көңүл ынагы, көздөн билинет.”

(кыргыз эл макалдарынан)

“Дүйнөнү ким жылдыргысы келсе, ириде өзүн-өзү жылдырыш керек” – деп Сократ айтмакчы, биз өзүбүздүн инсандык өзгөчөлүгүбүздү таанып, анан кыргыз рухунун өгүгүшүнө кам көрүшүбүз керек. Ириде белгилей кетчү нерсе, кыргыздын көп кырдуу таланттуу кызы Калыева Өктөм Аширбаеванын 60 жылдык мааракесине арналган иш-чарада атайын сынак жарыяланган. Ошол атайын конкурска карата арналып жазылган «макала», «ода», «эссе», «арноо ырлары» ж.б. эске алынат. Мен дагы аламан байгеге катышмакка, биринчилерден болуп «ода» жөнөтүп жаткан кербезим.

Акын – деген ким?

Композитор ким?

Ырлар жазып, обонду

чүргөп койгон адамбы?

Албетте, жок.

Алар көрктөйт заманды.

Жакшы ырларсыз,

Жалган дүйнөң караңгы.

Залкар талант

сөздөр менен кайрыктарды

Гармонияга келтирет,

Өтө сезгич,

Көзү көргүч,

Асыл жан,

Аларда бар касиеттүү эт-жүрөк.

Даанышман да,

думана да боло алган.

Ата-Журтун сүйө алган,

Кыялы кыян жууган,

Сезимди селге алдырган,

Ырларынан көлкүп турат көкүрөк.

Акындык миссиясын –

Аяр сезген

Кызмат кылып элине,

Калеми канат керген,

Өктөм эжекеме,

Менин «одам»

Ак сарай болсун менден.

 

Ойлору болсо да төп,

Уйкусуз түндөрү көп,

Ничке-Сайда жар көчкүнү,

Өзгөн мунарасын жазып,

Жол тапты эжем жүрөктөргө.

Тагдырын ыры коштоп,

Куш болуп сызып келди.

Өзгөчө чабыты бар кыргыз келди.

Турция, Кытай, Америкага…

Баарына жарыя кылгым келди.

Оптимисттик сезими

Бийик турган Олимп тоодон,

Ыйлабаган, шорлобогон,

“Таштап кеттиң, келбедиң” – деп,

шолоктогон ырлар эмес,

Өктөм эжем ырлары,

Ата-Журту жөлөп-таяп,

Ар кыргызга дем-күч берип,

Алоолонуп күйүп-жанат.

Аялзаттын баркын бийик көтөргөн.

Айымдарсыз турмуш көрксүз экенин,

Аялдарсыз кылым токтоп каларын,

Таамай айткан өзгөдөн.

Бийик ырын окуганда

Бийиктейсиң оболоп,

Майдалыктан арылып,

Майда издериң жоголот!

Ай-ааламга айткым келди ошону!

Окурмандар тастыкташар окушса.

Мазмуну терең,

Поэмага татыктуу

«Ода» жазуум керек дедим конкурска.

Ырлары, обондору

Калк көңүлүн чардатты да.

60 жылдык мааракесин

Өткөрдүк Москвада, Алматыда.

Иштеп жүрүп “Кыргызпатантте”,

Акынга жар,

Уул, кызга эне,

неберелерге чоң эне

Мага бир тууган эже

Өктөм Аширбаевна ким?

Эл деп күйгөн башка адам,

Эң биринчи жакшы адам,

Маңызы терең оюнун,

Эң чыгаан кызы доорунун.

 

Жүрөгүнөн жарака кеткен,

Жарака кетсе туулган жеринен,

Эгер «Экология» боюнча,

Антология түзүлсө,

Ничке-Сай ырын

тартынбай туруп

Сунуштар элем чын пейилден.

 

Жеке напсиден,

Ичи тарлык, көрө албастыктан,

Жогору турган

Жан дүйнөсү кең,

козголоңдуу зор акын,

Карама-каршылыктуу

Бороондоп турган эжем.

Ырдан курган мунарасы

Туулган жерине

Бийик эстелик экен.

 

Эч кимге айтпай датын,

Алга сүрөп турган калкын,

Өмүрдү бийик баалап келген,

Чынчыл акын.

Гүл турмушту

Көкөлөтүп ырдаган,

Зулумдарды бетине

тике карап сындаган,

Эр жүрөк эжем

Сырга бек эжем,

Кыйындыкта кыйбаган.

Күчтүү – жеңилгис

Стихия

Ырга айланган сезимдер.

Жүрөгүндө улуу дух,

Албууттанган деңиздей.

Улуу күрөш,

Улуу ар-намыс,

Жашоо менен тең таймашуу

Анткени, өмүрлөшү, сапарлашы,

Атантай Акбаров

Кыл чайнашкан атаандашы.

 

Тирүүлүктүн асманында,

бийикте канат сермесем деген,

«Кудайдын ырын» жазган,

Кыргыз эле эмес

Турк поэзиясынын

Антологиясында

орошон ойлору

жылдыздай жанган,

Интеллектуалдык поэзиянын

Үлкөн өкүлү

Атантай агам,

Новатор акын,

“Кудайга жазылган каттары” менен,

руханий реализм

агымын негиздеген,

Неопостмодернизмге жол издеген.

Кудайдын образын ачып,

Бийикке кеткен өзгөдөн,

Жан-дүйнөнү терең

Изилдөөнү көздөгөн,

Атантай акынга жар болуштун өзү,

Оой-боой,

Тоодой туз ичкенге,

Толкуган жалын кечкенге барабар,

Түшүнбөс туюп-көрбөгөн.

Акынга жар болуу,

Жан дүйнөнүн кеңдиги,

Атаандаш болуу – эрдиги!..

 

Менин Өктөм эжем,

Өз чыгармачылыгын

экинчи планга коюп,

балдарына өмүрүн арнап,

Атантай акындын

маанайына гүл өстүрдү,

өмүрүнө канат байлап.

Жашоонун жыргал-кууралын

Ашык жарым менен

Кошо тартсам деди.

Адамдык улуу сезимдерди

Жашоодо туу кылып келди.

Таймашта нечен кыйындык,

Тоскоолдорду жеңди.

Үлгү болчу

Үй-бүлө курду, чөкпөдү.

Манчыркап, көппөдү.

Машинасын айдап,

Максатын дайым көздөдү.

Дос-душманды күттү,

Сабыры менен түттү,

Ачуу-таттуу далайга,

Акыры жетти таалайга.

Тагдырын ырларына чөгөрдү,

Акылы азык болуп,

Белсемдүү иши көбөйдү.

Жер көрүп, көзүн ачты,

Изденүү азабын тартты.

Элине жүрөктөн ак жарык чачты.

Ардак, наам талашпады,

Чаалыкса, белин бууп

Кайра аттанды.

Көр дүйнөнүн байлыгынан

Жан-дүйнөнүн байлыгын

артык көрдү.

Сан түйшүктөн сары май жасап,

Мээнетинен дөөлөт көрдү,

Көп кырдуу таланты элге жакты.

Кылымдардан

калкып чыгып келген

Тыныбектин «Манасын» тапты.

Алай-дүлөй замандын

Акыл Карачачын,

Курманжан даткасын,

Жоого беттеген

Жаңыл Мырза,

Кыз Сайкалын,

Тумар ханышасын жазды.

Өзү да,

Аялзаттын каймагы болгон,

Ошол эжекелерин тартты.

Өктөм эжекем,

Бир тууганым менин

Жашоодон тапкан,

Мааракеңизге куттуктоо айтам!

Кантсе да, улуусуз, сулуусуз,

Таазим сизге!

Бул жылы залкар акын

Атантай Акбаров да

Баш ийет сизге.

Чолпон Субакожоева

8-март, 2022-жыл, Москва