Орозалиева Чолпон 1991-жылы 2-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ак-Тектир айылында туулган. Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу бөлүмүн, И.Арабаев атындагы КМУнун Кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөн. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасын аяктаган.
КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Түркиянын Стамбул шаарында өткөн жаш жазуучулардын форумунун катышуучусу. «Коштошуу» аттуу прозалык, «Саябандагы муза», «Төгүлүү» ыр жыйнактарынын автору.
УРУЯТ
Кезеңинде толот суу дагы,
Ким токтотот кирген буураны?
“Таптап ал” – деп талант берилсе,
Ташын талкан кылган туурабы?
Кайталабай милдет, кызматын,
Көтөргүлө акын жандарды
Көр тирликтин төмөн чегинен.
Тыным албай жүрүп жүгүрө,
Жетсе жетмек менин таенем
Түнүң түшкүр, түйшүк түбүнө.
Кээ бирөөлөр акын түгөйүн
Эсептешет түгөл мендик деп.
Ээлик кылгандарга баш ийбейт
Эркиндигиң менен көкүрөк,
Кудай өзү берген энчилеп.
Демек, күнөө – бузуп тынчтыгын,
Суракка алып, суутуп супсунун,
Суук колду салуу киркиреп.
Чын акындар – калыс, кырс, энөө,
Ыңгайлаша албайт чөйрөгө.
Алар атак-даңкка умтулбайт,
Аппак дилин төшөп ыр тыңдайт.
Ошондуктан айтар датым бар:
Эркин элбиз дебе төш кагып,
Эркин болбой турса, акындар!
ЗАЛКАРЛАР БИЗДИН ТУУБУЗ
Мезгилдер кетилсе учунан,
Тааныбайт сөз гана закымды,
Тайыбайт чыгарма күчүнөн.
Тарыхта өчпөгөн ат калат,
Саресеп салсын деп муундар
Ырлар өз милдетин аткарат.
Жакшылар түбөлүк сакталат,
Касымдын эл деген эмгеги,
Каршысын үндөбөй жеңгени,
Келечек алдында акмын деп
Актыкка бой сунуп бергени.
Жусуптун таланты, айбаты,
Жоомарттын курчтугу, кайраты,
Алыкул, Мукайдын тагдыры,
Сыдыктын муң-зары, бар сыры
Бейнеси Баялы уулунун,
Жана да биз билген башкалар
Бириккен күжүрмөн күч менен
Мурунтан келаткан башталып
Адабий башатты түптөгөн.
Азыр да улуу көч уланып,
Көөдөнү жарыктар жанышат.
Жашоону шөкөттөп алынча
Жаралат кара сөз, жаңы сап.
Антсе да өткөнгө кеч кирбейт,
Алардын тагдыры эскирбейт.
Калемден бал тамган асылдар
Кылымдын нугунда агышат.
Заңкайган бийиктен үн салып,
Залкарлар туу болуп калышат.
КЫЗЫМА
Өмүрдө: чөгүү бар, чегинүү бар,
төнүү бар, төгүлүү бар,
бөлүү бар, бөлүнүү бар…
Билгендей ажыроонун жышаанасын,
Кызым ай, көздөрүңө жаш аласың.
Бөбөгүн өз жанынан бөлгөн менен
Бөксөртпөйт эне аруу махабатын.
Жаңылып, жазып-тайып, жашып, шашып,
Сого албай жүрүп түзүк арбайымды,
Сезбепмин сүйрүң толуп калганыңды.
Курсунчу, чеги бүтпөйт алыстоонун,
Курсактан бир сөгүлдүң,
Кубандык күлкүң, кылык-жоругуңа.
Эс тарттың, билгин жөнүн
Колтоюп батпасыңды коюнума.
“Чыккан кыз чийден тыш”, – деп,
Бой жетсең узатарбыз бөлөк жерге.
Ошондо апаңа окшоп кайра келбе…
***
Баягы парк, ошо отургуч,
… Чач жазылып эки өрүмдөн,
Эриндерге эрин берилген,
Ээн жерди издеп элирген,
Барак мага дарак көрүнүп,
Көнүшүүлөр сүйүү сезилген.
Кыялдарым алыс делбиреп,
Кебиң угуп, чындап алданган
Кайда калды күлгүн көз айнек.
Андагы парк, ошо отургуч,
Аласалып кетти а турмуш.
***
Улутта улуу сөз бар: “Теңиңди тап”,
Баш кошсоң анан жолдош, жар аталат,
Тек эмес тура тандоо тегин карап.
Тең – деген сөздүн терең мааниси бул:
Турмушта дал келүүсү максаттардын,
Тилектин, ой-кыялдын,
Тымызын кызгануу да, аяп туруу,
Түшүнүү үнсүз гана көз караштан.
“Мен сени сүйөм да”, – деп,
Бастырбай бир короого камап алып,
Текшерип, саат сайын сурак алып,
Ээрчитсе тар дүйнөгө, эсеңгиреп
Эркиңди тушап берип,
Теңиңди таппай калуу кандай азап!
Турганда ойго келдим жармачтанып:
Наадандын жарга такап сүйгөнүнөн,
Нарктуунун сыйлап жашап койгону артык.
БЕЙТААНЫШ ТААНЫШ
“Кутман таң” жазып дайым,
Күн алыс алып турат кабарымды.
Жазганын колко кылып,
Жообумду күтпөйт деле,
Же билбейм кагып, сыртым саларымды.
Дүйнөмдү терең тааныйт,
Келтирип саптарымдан,
Билдирет сезимдерин.
Башында иренжидим,
Бу кандай улуу туруп уятсыз деп.
Түшүндүм мезгил өтүп
Сүйүүнүн алдында күч кубатсыз деп.
Сырдуу да, сылык жандын
Сезимин сыйлап калдым.
Ким билет ошол адам
Тутанган улуу оттун деми менен,
Жайдары жашоо кечип кейибеген,
Жүргөндүр тоо томкоруп…