Бурулкан Сарыгулова: Нысабы кем ушул кымкуут дүйнөнүн, Бийик болуу деген менен иши эмне.

Түстүү күз

Сары, кызыл, буруу  түс

Быйыл мынча сулуу күз!

Бариктерге баркыттай,

Суктандык ээ, быйыл биз.

 

Күрөң, ала, апарман,

Түстөр чыгат катардан.

Бак жылаңач. Түптөрү

Ала кийиздей жасалган.

 

Кудум чоктой албырат,

Көчө толгон жалбырак

Өң алышса Күн менен,

Кудум алтын жаркырак.

 

Күз көшүлөт, күн күлөт.

Орундалды миң тилек.

Далай жигит жанашты

Сулууларга үлбүрөк.

 

Кечки күз

Чыйрыктырып тулкусун кечки күздүн,

Чыргоолонот капкачан оңгон сезим.

Көкүрөктүн үлпүлдөк деми кайтып,

Көңүл күздөй муңайып турган кези.

 

Телмирет жайдак калган мырза терек,

Баарынан чарчап турган жамалыма.

Боштукту көңүлдөгү толтурчудай,

Жабышат жалбырактар таманыма.

 

Табият өзгөрдүбү-жокпу? Билбейм.

Бардыгы салкын, жансыз көрүнүүдө.

Өмүрдү кайруу кыйын. Кетти сиңип,

Жалын кез топ жылдардын өрүмүнө.

 

Күз кайдан эми жаздын күүсүн чертсин,

Тил кайдан бүтсүн эми бариктерге.

Күүлөнгөн кыял кайтты базарынан,

Өкүнүч, кайдигерлик калып дилде.

 

Күз-сүйүү. Күйгөн көздөр. Ойноок жүрөк

Жок азыр. Кетти зуулап өмүр менен.

Из калды-калбадыбы? Жоопсуз суроо.

Сумсайып турам күздүн көзүндө мен.

 

Туулган күн

Өмүр – ирмем. Ирмеп коюп кирпикти,

Уйку күткөн узун түн да узады.

Буктун баарын шыкап алган ичине,

Узата албай жатам, бирок, ызаны.

 

Арта берип аткарылбас кыялды,

Эртеңдер бүт эскиргенин карасаң.

Аңтарылып турат мында көкүрөк,

Ара жолдо кышка айланып саратан.

 

Кечигүү да тагдыр чыгаар чийилген.

Анын дагы айта турган жообу бар.

Жакшылыкты жалгап коюп кеткиле,

Кечиккен мен, силер эмес, о-о, жылдар.

 

Кайра айланып келсе деле бул сапар,

Баягы эле тагдыр жанда үргүлөөр.

Баягы эле жетпей калган бир арман,

Үн-сөзү жок, күнөкөрдөй үлбүрөөр.

 

Маалы кеткен тилек дале шыкаалайт,

Дагы ушунча өмүр алда барчылап.

Көңүлгө төп эмес ишке жыртылган,

Өмүрдү аяп, кайран көңүл жанчылат.

 

Жолдогу ойлор

Калың кыш, тапталган жол жалгыз аяк,

Күнүгө мына ушинтип үйгө алпарат.

Катарда кар жамынган карт дарактар

Үргүлөйт. Үстүндө күн турат карап.

 

…Анда кар мындан дагы калың эле,

Биз кышка, ал да бизге байыр эле.

Сезимдер каныбызды удургутуп,

Чилдеге, борошого кайыл эле.

 

Кармашып колдор, дилде – аруу тилек,

Көөдөндө тыбырчылайт тентек жүрөк.

Ааламда сен, мен жана кышкы сүйүү,

Биз анда түк үшүгөн эмес элек.

 

Азырчы? Ызгаар аймап жамалымды,

Кыртылдак кар жүдөтүп таманымды,

Тонумду жиреп кирип коюнума,

Ушу суук быйыл абдан таба кылды.

 

Көңүлүм азыр, чыны, жукарып тур.

А кездин табы кетип, кыш калыптыр.

Бакытка ченеми жок эркелеген,

Биздин жол узак эле. Кыскарыптыр.

 

Сагыныч көзгө тартып карааныңды,

Келтирет улам артка карагымды.

Күндөргө ак мармардай жаркыраган,

Кылчаят элем билсем табаарымды.

 

*****

Сөгүлөт мынча көңүл…

Көкүрөк бопбош, уксаң.

Салбырап турат өмүр

Жадаган окшоштуктан.

 

Үмүттү шаты кылган

Ишеним бүтүп жатат.

Бозала болгон күндөр

Иңирди күтүп жатат.

 

Оң-тетир ойлор каңгыйт.

Каалгыйт кайдигерлик.

Ындыны өчкөн дымак

Жокту да, барды жерийт.

 

Тап берет табын сезбей

Түтөөрүң.  Кабагы – түн.

Будуң-чаң заман болду,

Жакшысы, жаманы ким?

 

Февралда

Өмүрүн дагы бир кыш сүрүп бүтүп,

Апакай карды көздөр сүйүп бүтүп,

Темгилдүү февралдын дөбөсүндө

Телмирген караан турат жазды күтүп.

 

Тарабай сагынычтын бурганагы,

Ызылдап узап барат кырдан ары.

Көп ирет мына ушинтип ашып кетти,

Сыр катып, жетелешкен жылдар ары.

 

Көрүнүп аппак кыштан көктөм артык,

Эңсөөлөр бу көөдөнгө батпай калкып,

Эч кимге сырын бербей турган менен,

Көкүрөк көктөм жакка барат тартып.

 

Бул ирет кабыл болуп калса деген

Бир каалоо көйдө турат орноп бекем.

Агарган саамай менен отсуз көздү

Быйылкы көктөм деги тааныр бекен?

 

Куюну кыш узатаар февралдын

Сапырып жатат минтип ойдун баарын,

Таптакыр эстегиси келбегендей

Кайрадан кышты карай жол улаарын.

 

Сүйүү керек!

Токтотолу!

Жүрөккө убал эми

Элдешели таап айла

Ушул айда.

Кучак-кучак бакытка оронолу,

Сүйүшүп кайра баштан,

Кайрадан торололу.

Унуталы учурду

Борошолуу.

 

Күнөөбү?

Сезимди сыйлоо керек!

Өзүбүзгө таза жолду

Ыроолойлу.

Улайлы өмүр көчүн тайгагы жок.

Өксүтүп өкүнүчтү

Жашайлы жалганы жок,

Бакыттын бакчасында

Арманы жок.

 

Арылалы!

Азаптын кереги не?

Кур дымак медер эмес.

Керек эмес!

Арзуудан башканы бүт чийүү керек,

Тизмеден жүрөктөгү.

…Биз анда бийик элек!

Кайталы ордубузга.

Сүйүү – белек!

Сүйүү керек!

 

Адамдын өмүрү

Баары сонун. Жашоо турат бапырап,

Алда канча ойдогудан жакшыраак.

Бирок эле жай алдырбай бу жанды,

Ой-санаалар өйдө-төмөн сапырат.

 

Капа деген түшүнө да кирбеген,

Иши болбой көңүл калуу, кир менен,

Балалыктын доору кандай бактылуу,

Жаалы күчтүү тагдыр барын билбеген.

 

Кала бербей балалыкта узакка,

Жетип барып тал чыбыктай куракка,

Кандай азап анан капыс тушалуу

Кайрымы жок сүйүү деген тузакка.

 

Жашоо – күрөш азгырыгы булгалап,

Алып анан тиричилик буйлалап,

Өмүр бойлоп өрдү беттеп жөнөмөй,

Кубат чексиз сыяктанып тырмалап.

 

Тирилик деп жүргөн кезде күйүгүп,

Укмуш кыял чекесинен бүлүнүп,

Жабыгат да, эңсөөсү күч жан дүйнө,

“Эртең!” деген убададан түңүлүп.

 

“Эртең, эртең, эртең” деген бир үндү

Уга берип күндөр нечен күбүлдү.

Өчпөс чыйыр салуу үчүн баратып,

Кайран өмүр көртирликке илинди.

 

Сынайт бир ой “тагдыр деген ушу” деп,

“Өмүр кыска, бүтпөйт киши иши” деп.

Каалаганды жасай албай калганда,

Көңүл сынып, кадыр кандай кичирет…

 

Күлкү муздап, күйбөй көздөр кайрадан,

Өкүт менен күн кечирет анда адам.

Жүрөк тартып залакасын чарчоонун

Алсыз согот. Маанай турат жанбаган.

 

Ким күнөөлүү? Учур? Адам? Жашообу?

Миң суроодон билбейт кантип бошоону.

Обон созот сыры терең сыбызгы…

Кунар качып, күндөр узайт жошолуу.

 

Бөз  көйнөкчөн учур кандай жакшы эле

Бөз көйнөкчөн учур кандай жакшы эле,

Аппак жүрөк, азат ойлор бийлеген.

Тардык менен текебердик дегенге

Таза дүйнө жем болорун билбеген.

 

Аруулукка умтулчу элек жан үрөп,

Жука кезде жонубузда кийимибиз.

Күүгө толдук, кура албадык а бирок,

Кир жукпаган кудуреттүү үйдү биз.

 

Күп түштү да күндү уялткан күлкүлөр,

Жарты болду үмүт отун жага албай.

Асыл ташка, ак жибекке оронгон

Жарды күндөр калды жолун таба албай.

 

Көр дүйнөгө, кур сөөлөткө тең кылып,

Салып койду пендечилик кишенге.

Нысабы кем ушул кымкуут дүйнөнүн,

Бийик болуу деген менен иши эмне.

 

Аккан дүйнө

Билбейм чыны, эргүү качан түгөнөт,

Күндө жаңы көкүрөккө гүл өнөт.

Бул жашоонун уңгусуна зак кетсе,

Ошондо жан чыдай албай бир өлөт.

 

Максат чеги барбы деги билбеймин.

Жетет ага умтулса жан – билээрим.

Өздөн чыккан өрт торосо жолуңду,

Ошол кезде келери чын бир өлүм.

 

Мен билбеймин өмүр качан түгөнөт.

Балдар өсүп, дос-тууганың сүйөнөт.

Ошолордун бири наркты тепсесе,

Бу курган жан ошо кезде бир өлөт.

 

Ачуусуна, таттуусуна ийленип,

Жылат өмүр бир сүйүнүп, бир кейип.

Барың деле, жогуң деле окшоштой,

Агат дүйнө бирде толуп, бир кемип.

 

Кайтып келүү

Адамдар тынымы жок аккан жолдо,

Көкүрөк бир караанды бүшүркөдү.

Чыныбы-жалганыбы… илкийт кадам.

Жүдөтөт курган жүрөк дүкүлдөгү.

 

Келатат кенен-кенен арыш менен,

Күрмөсүн канатындай жайып алган.

Энтигип терисине батпайт деми,

Көзүнө куса отун жагып алган.

 

…Кечилдей муздак жандын бир кездеги,

Калдым деп ойлобопмун эсинде мен.

Сапарды улап жалгыз келе жаткам,

Сезимди жолдош кылып эскирбеген.

Бейтааныш жерде жолдор кесилишти.

Бүчүмдү кармалаймын чечилбеген…

 

Биздин көчө

Жамгыр жууп жатат биздин көчөнү.

Кол чатырлар каршы-терши жүгүрөт.

Эл катары шашкан болом мен деле,

Колумдагы чатырымды жүрүлөп.

 

Эсим болсо миң ойлорду сапырат,

Арзуу менен куса жыттуу көчөдө.

Тагдыр бизди чачыратып жиберген

Анда дагы дал жамгырлуу кеч эле.

 

Сырдуу, сындуу, бирок эбак жешилген

Биздин көчө… Асман  түгөл сөгүлөт.

Качанкы бир ширин учур сагынтып,

Мен жамгырга, жамгыр мага өрүлөт.

 

Жамгырлуу кеч, жаштык, анан нак сүйүү…

Ошол болчу бактыбыздын өзөгү.

Аяганды, барктаганды биле албай,

Сен экөөбүз жайдак калган кез эми.

 

Текебердик

Биз эми болбой калдык баштагыдай.

Чама аз каталарды актагыдай.

Кур намыс, текебердик тебеледи,

Иш кылдык кудайга да жакпагыдай.

 

Адашып кайдан келди бул өчөгүш?

Алдырдык пенделикке бир жетесиз.

Түбөлүк калган ким бар күн алдында,

Аңдышкан бойдон эми биз да өтөбүз.

 

Таарыныч мамилени түгөл үздү,

Ай-жылдап кастарлаган аяр, изги.

Утурлап келе жаткан жарык күндөр,

Айланып өтүп турат эми бизди.

 

Арттагы учурларды антташ-шерттеш,

Түмөндөп санасак да эсеп жетпес.

Такыба бойдон калсак болмок эле,

Жакшылык жасап, бирок, эсептешпес.

 

Кектебей кептер үчүн өйдө-төмөн,

Калсак не мамилебиз таза тейден.

Билбейбиз не болорун эртеңибиз,

Адамда тараза бар тагдыр деген.

 

Күлкү-ый, сынуу, мөрөй, жоготуу бар,

Өмүрдү арман менен коротуу бар.

Көтөрүп кете албаган сыноолорду,

Катабыз эми далай ыза кылаар…

 

*****

Жылдыздуу түн. Уйку качат.

Түбү чексиз санаанын.

Көз алдыма келет улам,

Элес-булас карааның.

Көптөн бери беймазамын,

Укпай такыр кабарың.

Узун түндө, уйку-соодо,

Тилеп коем аманың.

 

Жылдыздуу түн. Уйку качат.

Түбү кайда санаанын?

 

Секелек сүйүү

Ток ургандай,

токтоно албай,

Дир-дир этип жаш дене,

Жанган көздөр

жандалбастап,

Жал-жал карап жатты эле.

Өң келбети

делпилдетип

Ушунчалык жакты эле!

Ээликтирген

Ошол кезден

Эсимде жок эчтеме…

 

Кызыл деңиз кайрыктарынан

*****

Кеч күүгүм. Деңиз.

Көшүлөт тегиз

Баш ийип кечтин эркине.

Толгон Ай маашыр

Суудагы сулуу көркүнө.

Тынчтыкка мобул

Айлана түгөл арбалат.

Бойлогон жээкти

Үргүлөйт бойлуу пальмалар.

Дирилдейт дене.

Тирилет сезим эскирген.

Буйрукка кулдук,

Керемет жерге жеткирген.

 

*****

Күмүш түс мухит таң сүргөн кезде

Өзүнө өзү өрөпкүп батпай.

Кылкылдап турат далайга чейин

Чанакка толгон туптунук жаштай.

 

Басылат анан энтиккен деми,

Ээлеген кезде мейкинди жарык,

Тартыла баштайт артына кайра,

Сыдырым желге кошулуп алып.

 

Керели кечке зарыгып күтөт,

Жандыктар майда коңулда калган.

Күн тешип көзүн, чарчатып өзүн,

Үңкүйөт үлүл, бозорот маржан.

 

Чаңкаган кезде айлана түгөл,

Кайрылып келет сымаптай жылып.

Тартылып, кайра кылкылдап толуп,

Кылыгы Кызыл Деңиздин кызык.

 

*****

Кездемедей жайып этегин,

Таңкы деңиз үстү дирилдейт.

Чакчелекей кылган кечээ түн

Долу толкун изи билинбейт.

 

Тереңдиги – түпкүр. Чексиздик!

Жиксиз кайда башат, кыйыры.

Сүрү күчтүү ушул мухиттин,

Таңы башка, башка иңири.

 

Керметиң укмуш, керемет!

Кошкун эми, үйгө кетемин.

Табышмактуу көркүң эсимден,

Кудай билет качан кетерин.