КР Улуттук жазуучулар союзу жана Р.Отунбаева демилгеси эл аралык фонду тарабынан уюштурулган “Бир ырдын сынагы” адабий сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Ыр сынакка 35 жашка чейинки жаш акындар катышып жалпысынан 40 ка чукул чыгарма келип түшкөн.
1-орун Таалайбек уулу Канатбек – 50 000 (элүү миң) сом акчалай сыйлык, сертификат, диплом менен сыйланды.
2-орун Исамидин уулу Бектурали – 30 000 (отуз миң) сом акчалай сыйлык, сертификат, диплом менен сыйланды.
3-орун Орозалиева Чолпон – 20 000 (жыйырма миң) сом акчалай сыйлык, сертификат, диплом менен сыйланды.
Кызыктыруучу сыйлык Бектемир Асылбеков, Нурлан кызы Бегайым 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык, сертификат, диплом менен сыйланышты.
Ал эми ырлары төмөндө:
Таалайбек уулу Канатбек, 1-орун:
СООЛБОС СЕЗИМ
Жолугат деп бул күнү мага бактым,
Жолдошторго белекти даярдаттым.
Колумда гүл, короздой жасандым да,
Кооз сөздөрдү кайталап бара жаттым.
Бүгүн неге сүйүүгө мастай болдум,
Бүгүн неге үйдө тынч жатпай койдум?
Үнүн угуп үмүттүү кайтсам дегем,
Үйүн таптым, үрүмдү таппай койдум.
Азыр келет салынып жоолук, курбум,
Жакшылыкка баарысын жооруп турдум.
Үшүп-тоңуп көк муздун үстүндө, кеч,
Үтүрөйүп көк муштум болуп турдум.
Эмне гана дедирбейт ойдун күчү,
— Ак сүйүүгө, деп алдым, — тойдум ушу.
Коомай басып колумдан кармаса дейм,
Коңгуроомо жооп жок… кордук ушу!
Бүгүн аны көрбөсөм, бугум артып,
Жанымды жай алдырбас бу кумар түк.
Жадакалса үрүмө суна турган,
Суук да турду гүлүмө сугун артып.
Ызгаар неге артыман түшүп алды,
Муз-кар неге алдыман күтүп алды?
Такыр кетпей көгөрүп туруп алсам,
Акыр түбү гүлүмдү үшүк алды.
Текеберлик — болду эми, кет, — деп атты,
Андай ойду жүрөгүм жектеп атты.
Таң атканда жолукту аруум, бирок,
Гүлүмдү алып, сүйүүмдү четке какты.
Бүгүн мейли баарысы кодуласын,
Бүгүн мейли башыма тоо куласын.
Соолубаган гүл болбос ырасында,
Ага болгон ак сүйүүм соолубасын.
Исамидин уулу Бектурали, 2-орун:
МЕКЕН – МЕН
Кут даарыган, ыйык жерим – кең МЕКЕН,
Кайра кайтып барар күнүм сенде экен.
Өз уулуңмун деген сөзгө татыбайм,
Өмүрүмдөн өзүң үчүн бербесем.
Сага айткан антым күчтүү болоттон,
Сендей жерди уккам жалгыз жомоктон.
Муктаждыгым болмок эле эркиндик,
Мен эгерде Мекенимди жоготсом.
Сен бар кезде бакытыбыз чон кандай,
Сууң алтын, а шамалың соккон жай.
Бейиш – МЕКЕН, билген үчүн бир кезде,
Берген жанын сага арнап Чолпонбай.
Мыйыгынан душман күлөт, үндөшөт,
МЕКЕН сени бапестейли гүл төшөп.
Аталардын аманаты акталбайт,
Ата Журтту Алыкулдай сүйбөсөк.
Чолпон Орозалиева, 3-орун:
УРУЯТ
Кезеңинде толот суу дагы,
Ким токтотот кирген буураны?
“Таптап ал” – деп талант берилсе,
Ташын талкан кылган туурабы?
Кайталабай милдет, кызматын,
Көтөргүлө акын жандарды
Көр тирликтин төмөн чегинен.
Тыным албай жүрүп жүгүрө,
Жетсе жетмек менин таенем
Түнүң түшкүр, түйшүк түбүнө.
Кээ бирөөлөр акын түгөйүн
Эсептешет түгөл мендик деп.
Ээлик кылгандарга баш ийбейт
Эркиндигиң менен көкүрөк,
Кудай өзү берген энчилеп.
Демек, күнөө – бузуп тынчтыгын,
Суракка алып, суутуп супсунун,
Суук колду салуу киркиреп.
Чын акындар – калыс, кырс, энөө,
Ыңгайлаша албайт чөйрөгө.
Алар атак-даңкка умтулбайт,
Аппак дилин төшөп ыр тыңдайт.
Ошондуктан айтар датым бар:
Эркин элбиз дебе төш кагып,
Эркин болбой турса, акындар!
Нурлан кызы Бегайым, кызыктыруучу сыйлык:
КӨҢҮЛ
Ачуу айтпа, мейли болсом акылуу,
Ченем-өмүр, чегерилген жыргал-муң.
же сен менин табытыма баш уруп,
же мен сенин табытыңда ыйлаймын!
Катуу айтпа, каргышы көп бу турмуш!
Канатыңдан кыркканга маш… неликтен
ар жылыңда башатың кыш, учуң кыш?
Ар сыйында аркы дүйнөң жеп ичтен!
Татаал жолдо биз жоголгон аң-дөңдөр,
Таарынычтуу артта канча күн өлдү?
Сен Кудайды кандай көрсөң, андай көр!
Мен Кудайды эч көрбөгөм- күнөөм бу…
Күн төбөдө күлмүң этпей, аты улук,
Күл дөбөдө кай күн, кайсы ай, жыл кайсы?..
Же мен сенин күмбөзүңө баш уруп,
Же сен менин күмбөзүмдө ыйлайсың!!!
Бектемир Асылбеков, кызыктыруучу сыйлык:
***
Метиркең бейиштенби, Жерден эмес?
Ант ичем! Сендей сулуу көрбөгөм эч.
Кокустук эмес биздин кезигүүбүз!
Кокустук болгон эмес. Болбойт да эч!
Сени көрөм – жаңырган Айдан көлгө чагылышкан. Сени көрөм – секисинен сезимдин алып учкан.
Сенин үнүң – эң бир кооз үн кулак уккан. Сенин демиң- эң ажайып алкым жуткан.
Ууз сүйүүм,
Убаажысыз сүйгөнүм,
Уктап жаткан сезимге суу бүрккөнүм. Үлпүлдөгөн үмүт, сүйүү, сүйүнүч ширесинен ширелишип бүткөнүм!
Сени сүйдүм “үчүн” жана “себепсиз”! Бул экөөсү экөөбүзгө керексиз!
Эки жүрөк бир боло алат, калетсиз. Эки жүрөк бир көрө алат, карексиз.
Эки жүрөк кезиге алат дарексиз. Эки ашык эмне менен алекпиз?..