Кыргыз жери – тирүүлүк бактысындай
Тузагынан турмуштун чарчаганда,
Карааныңа бой таштайм ээ, Мекеним!
Өз уулдарың өйдө-ылдый калчаганда,
Өзөгүңө дарт түшөр кээде сенин.
Эргүү берип жүрөккө эчен жолу,
Өмүрүмө тирүүлүк отун жаккан.
Кандай гана аруу жол – Мекен жолу,
Дайым жарык, дайым шар тосулбастан.
Кыргыз жери тирүүлүк бактысындай,
Чөйчөгүнө калкынын толуп турган.
Кыргыз жери бейиштин ачкычындай,
Түбөлүктүү жыргалга жолуктурган.
Ала-Тоодо төрт мезгил кулпурат жер,
Кудай бизге бербептир бекер жерден.
Үй-бүлөгө, элиме ынтымак бер,
Мекенимдин ташындай бекемделген.
Ата журттун ачылган гүлдөрүндөй,
Биздин кыздар көрк берет эл ичине.
Жигиттери толкундун түрмөгүндөй,
Бирге барат келечек жеңишине!
Мен уулумун Ата Журттун эгемен
Эзелкидей тоо жаңыртып дүбүртүм,
Келген душман айбатымдан түңүлсүн.
Керт башымдын кызыгына байланбай,
Эки бутум Мекен үчүн жүгүрсүн.
Ата-бабам айткан эмес бекерден,
Мекен – жаның, Мекен – сенсиң, Мекен – мен.
Өсө турган накта кыргыз жигити,
Баркын, баасын табуу керек өз элден.
Өмүр бою боло бербей ак карга,
Жол ачкыла өсө турган жаштарга.
Улут, Мекен, эл-журт деген ыйыктык,
Кордолбосун өздөн чыккан жаттарга.
Жаза басса тулпар буту тушалат,
Жалгыз канат көккө кантип учалат?
Калк ичинен өчпөй турган ынтымак,
Үй-бүлөнүн очогунан тутанат.
Касташкандар кайыш тилсе денемен,
Карап турам башты салып неге мен?
Душмандарым кайра экинчи кайрылбас,
Мен уулумун Ата-Журттун эгемен!
Кыргыз намысы
Билсең менин таштан катуу намысым,
Чегинүүгө, багынууга жол бербейт.
Манас каны тамырымда бары чын,
Бузукуга башын ийип кол бербейт.
Тилим булак, ар сөздөрү шыңгырап,
Тарыхымдын түпкүрүндө уюган.
Эргүү менен кубат алат мезгилдер,
Акындардын асыл сөздүү ырынан.
Айрылбайын Ала-Тоомдун кутунан,
Эки көзүм жамандыгын көрбөсүн.
Тебеленип бузукунун бутунан
Ата журттун кумурскасы өлбөсүн.
Айкөл үнү тээ түпкүрдөн жаңырып,
Бабалардын зор күчүнөн жазганам.
Ыйманымды ар бир күнү жамынып.
Намысымды куттуу башка жазданам!
Табияттын нуру жаап эсиме,
Таза дүйнө акылыма эгилген.
Мен ааламдын актай турган бетине,
Өчпөй турган кыргыз болуп чегилгем!
Кечир бизди, Ата-Журт!
Бийигиңе билбейм кандай сөз жетет?
Ыйыктыгың ар демимде кездешет.
Кечир бизди, кереметим Ата-Журт,
Азабыңды Алыкулдай сезбесек!
Төбөлдөрүң көр дүйнөнү көздөшөт,
Тез сатышат, тез байышат, тез жешет.
Кечир биздей көөдөнү көр урпакты,
Кадырыңды Касымдардай сезбесек.
30 жылы “мың-мың” дешти бучуктай,
Ишенимди сугунушту чучуктай.
Билем, бизден түңүлдүң го, Ата-Журт,
Биз сен үчүн баш сайбадык Жусуптай!
Сындырышты зор дарактын бүт шагын,
Өз уулдарың азыр сенин душманың.
Көңүл калып биздей майда элиңден,
Көздөн учуп турса керек Исхагың!
Кадырыңды тепсеп алып ырдаган,
Көз жашыңдан бакыт куруп жыргаган.
Кечир биздей көңдөй коомду курсактуу,
Келечегин, тарыхын да булгаган.
Мокоп калдык, курч эмеспиз болоттой,
Аруулуктар азыр бизге жомоктой.
Кайдыгерлик жатат дале төркү үйдө,
Калыстыкты босогого жолотпой.
Алдыбызда тунарган бир жол турат,
Акыл-эсте өчүп барат жол чырак.
Адамдардын былк этпеген мээсинде,
Адабият кошок кошуп олтурат…
Бабалардын арбагына баш ийбей,
Чөгүп кеттик пайдубалы таш үйдөй.
Ата-Журтум, кантип муну танабыз?
А биз сени колдонобуз батирдей…
Кечир бизди, Ата-Журт!
Сен өмүр
Жай алып канча өмүрлөр жер энеден,
Жашоодон жандар өттү ченебеген,
Жакшылар жакшылыктын жолу болчу,
Жамгырдай арууланып себелеген.
Өмүрдүн кечээ аткан таңы кана?
Көңүлдүн өчпөйт деген шамы кана?
Сыйыртмак саласыңбы, сен ажал эй?
Сый көрүп баштаганда жаңы гана.
Жакшыга жашты деле көп берсе не,
Дарактай далай жылга көктөйт эле.
Түн менен кошо узап кетет беле,
Татыбай тирүүлүгүң эч нерсеге.
Ишенгим келген эмес, жалган дешсе,
Өлүм чын, далайларды алган дешсе.
Тумандар каптайт тура бир заматта,
Жылдыздар эми гана жанган кечте.
Жашоонун тоголонгон ташындайбыз,
Жамгырдын бир төгүлгөн жашындайбыз.
Өзүбүз өлбөчүдөй жүргөн менен,
Өлүмгө саат санап жакындайбыз.
Сен өмүр, буудан аттай алкынасың,
Сен өмүр, канат каккан каркырасың.
Өзүңдү табуу кыйын, жоготуу оор,
Бир ирмем элесиңди калтырасың!
Буулугуп бул дүйнөгө батпагандар,
Үшкүрүк толтурдуңар демибизге.
Карааны алыстаган жакшы адамдар,
Кайрылып келбейсиңер эми бизге.
Күн болуп кайра чыкпай баттыңарбы?
Чындыкты ошол жактан таптыңарбы?
Чымынга зыяны жок жандар эле,
Жер эне, үшүтпөгүн жакшыларды!
Жер эне, чексиз мээрим, кубатың бар,
Көз жетпес тереңине кулачың бар.
Өксүтпөй карай көргүн ал дүйнөдөн,
Өзүңө эрте кетти бул асылдар!
Буулукканда
Түйүлгөн кабагымдан Күн коркуп түнөрчүдөй,
Тагдырдын дөңсөөлөрү таманда түзөлчүдөй.
Толкундай артка кайтпас жалтанткан анык сүрүм,
Тоолорду тамырынан бошотуп жиберчүдөй.
Жандуунун баары калды артымда балакайлап,
Жапжалгыз мага таандык катуу күч барат айдап.
Жонумда арстандар… жол улап кете бердим,
Жолумдан чыккан ташты жөн өтпөй жара чайнап.
Өрт баскан токой өңдүү качырап колу-бутум,
Өзөктөн сууруп салдым өмүрдүн болумушун.
Канталап каректерим чыкчудай чанагынан,
Каалабайм ушундайда душмандын жолугушун.
Көйгөйлөр көз алдымда куюндай сапырылып,
Кадимки каршылаштар ар жерге жашырынып.
Бук толгон жүрөгүмдү тамырдан сууруп салып,
Чаң салдым бүт дүйнөгө бүркүттөй атырылып.
Ташка да айланабы бир кезде жан ушундай?
Ажалдын уусун ичтим душмандын каны тургай.
Мүнөзүм тарс жарылды көңүлдүн түпкүрүнөн,
Мүрзөсүн жара тепкен кадимки Алыкулдай!