Баянат
Баткен жакка бир зарурат иш менен,
бардым өрүк жыттуу күрөң күздө мен.
Капысынан Улданайга кезиктим,
курсташым ал жакталыгын билбегем.
Бырыш жүзүн эрте баса баштаптыр,
бир муң бардай көздөрүндө тиктесем…
…Кошо жүргөн күлкү коштоп кыш да, жай,
кайран шатман студенттик жылдар-ай!
Туш келгенге көп ачылбас, чырайлуу,
тажик түспөл кыз болчу да Улданай.
Өттү 5 жыл биз окууну бүткөнгө,
өтө арыктап, өзгөрүптүр бир далай.
Чолок, келте сурашкан соң ал-жайды,
– Чай ичип кет! – деп үйүнө алпарды.
Кимди, качан, кайдан көрдүк, нени уктук,
кеп кылдык да курсташтарды, жаш чакты.
Отуруптур коляскада атасы,
ордунда ал сийип алган баштанды.
Сыртка чыктык.
Кызгылт жалын тийгендей,
көчө, короо – барик, газан* бир беткей.
Кумурска бел боз адырлар кубарат,
кылымдардан бери жаткан суу жетпей.
Чегараны билбеген боз булуттар,
чыгып барат тоого альпинисттердей.
Кетеримде көзүнөн жаш сызылып,
кетиргиси келбей ичтен кыйылып,
калгансыды мени атасы.
Мен ага
көңүл бурган деле жокмун кызыгып…
…Кайдадыр ким бирөө оор алдабы,
көчөдөн бир “103” өттү чыңырып.
Сурадым мен: – Кайда күйөөң, балдарың? –
“- Сурашыңды билип, күтүп жаткамын.
Болушту сөз айткан бир топ жигиттер,
бирок, шартым жоктон кабыл албадым.
5 жыл жүрүп бириңе сыр ачпагам,
бүгүн энди мейли, сага айтайын.
Көрдүң, эрге тийсем атам кантмекчи?
Кээлер – Карайт, багат, катын тап! – дешти.
Кайсы катын тийет кесел кишиге,
карыны кой, жашка тийбейт, калппы энди?
Кээлер – Тапшыр дейт “Карылар үйүнө!”,
кыйбайм ага, эшитким жок ал кепти.
Куштай учуп өтүп жатат жылдарым,
келет менин да наристе жыттагым.
Кара далы болдум.
Сүннөт той кылса,
кыштакта бир өскөн курбу кыздарым,
– Айыкса атам, мен да бала көрсөм! – деп,
арманымды эч кимге айтпай сыздайым.
Үлпөт, базар, ишпи – кайда барбайын,
үйгө – атама шашып турам ар дайым.
Жууп-тазалайм, өзүм саара кылдырам,
жийиркенбейм, жедеп көнүп калгамын.
Сен сезбеген болуп жытты үйдөгү,
саал тырчыйдың, аныңды мен байкадым.
Баса, көрдүң көзүнөн жаш тамганын,
бүгүн сени үйгө ээрчитип барганым,
сүйүндүрдү атамды.
– Эрге тийгин! – деп,
саар-кечте да айта берет ар дайым.
Сени – Күйөө балам экен! – деп калды.
– Мен буту ооруп ыйлады! – деп жаткамын.
– Мен атамдын 2-аялынанмын,
мурун дагы үйлөнүптүр бир алдын.
Анда 3-перзенти да кыз болсо,
– Мага уул керек! Сен кызтуварсың! –
деп бешикти тээп, сындырып, ыргытып,
кууп чыгыптыр түнүндө кышкы ызгаардын…”.
…Кайта сурайм: – Бүгүн алар каякта?
“- Келбейт, жашайт Кара-Балта тарапта.
Көңүлдөрү катуу калган өңдөнөт.
Күнүбатча* болсо да мен аларга
барсам деймин, көргүм бар 3 эжемди.
Баралбаймын, атам жалгыз калат да.
Дале боорум ооруйт маркум апама,
мен туулганда батып атам капага:
– Мындай канчык керек эмес, өлтүрөм!
Мен көрбөйүн! Жок үйдө орун сага да!
Же кызга зар бирөөгө бер муну! –деп,
чатак салган экен төрөтканада.
Бир боору да, жатындашын кыябы,
бизди үйүнө алып кетет үкаси.
– Уул болсун эмикиси! – деп тагам,
Уулданай деп ысым койгон кыябы.
Ал тагамдын наамында бул фамилиям.
Апам жашымда өткөн, билбейм түк аны.
Эсейгенде: “Бир сыйкырчы таап алып,
эмне десе төлөп, эркекке айланып,
кетсем ээ!” – деп кыялдана берчүмүн,
кыз төрөлүп калганыма арданып.
Такыр жетпей жүрчү акылым атамдын,
кыз баланы жек көргөнгө таң калып”.
– Сени тагаң бакса, окутса, чоңойтсо,
сен атаңа качан келдиң ошондо?
“- Атам өзүн билбей ичип, түнөптүр –
адырдагы ээн калган мал короодо.
Ошол күндөн бери буттары иштебейт.
Ой-тилегим эле: – Атам оңолсо!..
Угуп ооруп бейтапканада жатканын,
учуп-күйүп өзүм ыйлап баргамын.
Анда окуумду бүткөм, жолум оң түшүп,
айылдагы почтада иштеп калгамын.
Ыраазылык сурап тагаларымдан,
атам менен үйгө келип алгамын!..”.
…- Эркек болсун деп Уулданай..!
Ырымга
эч ишенбейм.
Көп – Уулболсун, Уулча,
Адаш, Алдаш, Токто, Кайрыл, Болдукан,
Алмаш, Койсун, Жаңыл, Бурма, Бурулча…
Канчалар тоо, таш, мазарга сыйынып, –
каттайт эмчи, бакшыларга учурда.
Куру убара, бербейт такыр бу пайда, –
кайып иши маалим жалгыз Кудайга.
Энеси: – “ Кыз!” – деп боюнан алдырып,
эчени өлөт тек түйүлдүк убакта.
Бул дагы адам өлтүрүүнүн бир түрү,
болот жообу акыреттик суракта.
…Өрүкзарлар созулушат арылап,
өрүк көчөт – сансыз, тиккен жаңылап.
Кези келсе комуз болуп канчасы,
канчасынан өрүк бешик чабылат.
Ал бешикке көз мончоктор, тумарлар,
ар түрдүү кооз шылдырактар тагылат!
Эркектерди – ургаачыны кордогон,
– Эмне, убалды билбейби? – деп ойлоном.
Кызбы, эркекпи, перзент – урпак, тукумуң.
Кыз бала – апаң, сени ааламга жолдогон.
Адам – бүгүн адам, эртең – топурак,
акыретти унуткарып койбош – оң.
Жараткандан башкасы бүт жаңылат,
жааңгер, учкул убакытка багынат.
Кутулмай жок качып насип, тагдырдан,
ким нени эксе ошону орот ар убак.
Күйөө бала жакшы чыкса – уул болот.
Кыздуу үйлөр турат күлүп, жадырап.
Апаат, жут турат, – Малым бар! – дебе,
Азирайил турат, – Жаным бар! – дебе.
Курсташымдын ойлуу жүрчү жаш чагы,
көз алдыма тартылат да кайра эле:
– Миң бир уулга бергис ургаачы экен! – дейм,
менде ушундай акыл, ыйман бар беле?!.
Өзүмдү абдан эстүү жандай сезчүмүн,
өзүмдү андан пас санадым мен бүгүн.
Жетпейт көзүм – Менмин! – деген эркектер,
жасаганга Улданайдын эрдигин.
Каалап турдум курсташымдай күйүмдүү,
кечиримдүү адамдардын көптүгүн.
Кусуру урду бекен деп же бешиктин?! –
коркунучтуу, муздак ойлор келип миң,
элестетип жаны жок, шал буттарды,
эмнегедир өзүмчө эле кейиймин.
Кордогомбу мен дагы бир ыйыкты?!.
Качан?! Нени?! Кандай ката кетирдим?!.
…Көзүмдү албай төшүн күнгө кактаган,
көпкө жылбай жатып сасый баштаган,
көлчүктөрдү, чөөттөрдү суктантып,
кашатына батпай аккан дайрадан,
– Курсташым бат чыкса экен деп турмушка! –
келе жаттым тилеп өрүкзарда анан…
————————
Газан – соолуган, кургаган жалбырактар.
Күнүбатча – атасы бир, энеси башка бир туугандар.
