***
Метиркең бейиштенби, Жерден эмес?
Ант ичем!
Сендей сулуу көрбөгөм эч.
Кокустук эмес биздин кезигүүбүз!
Кокустук болгон эмес.
Болбойт да эч!
Сени көрөм –
жаңырган Айдан көлгө чагылышкан.
Сени көрөм –
секисинен сезимдин алып учкан.
Сенин үнүң – эң бир кооз үн кулак уккан.
Сенин демиң- эң ажайып алкым жуткан.
Ууз сүйүүм,
Убаажысыз сүйгөнүм,
Уктап жаткан сезимге суу бүрккөнүм.
Үлпүлдөгөн үмүт, сүйүү, сүйүнүч
ширесинен ширелишип бүткөнүм!
Сени сүйдүм “үчүн” жана “себепсиз”!
Бул экөөсү экөөбүзгө керексиз!
Эки жүрөк бир боло алат, калетсиз.
Эки жүрөк бир көрө алат, карексиз.
Эки жүрөк кезиге алат дарексиз
Эки ашык эмне менен алекпиз?..
***
Оо, менин ашыгым!
Мен сага – ашыкчамын.
Ушунум – айрыкча муң!..
Көкүрөктө кубаныч барактарын,
жалмоодо…
кусалыктан бүркүп чыккан –
ысык жалын!..
Кыйноодо мени чыны – сүйүүгө таңкыстыгым!
Кыйноодо мени абдан – жакырлык, жалгыздыгым!..
Жокчулук жондон тилип турган кезде,
жолуккан сүйүү азап экендиги,
эң туура – жалгыз бүтүм.
Бар үчүн көкүрөктө,
сүйүү деп атап алган адамдар,
улуу сезим –
азаптын кампасы мол,
бактынын жолу шыдыр.
Барбы сөзүң?..
Булбулум…
Ак-Булуңдук ак билегим…
Көзүңдүн агы жана карасынан,
бакытым, азабым да өрүлгөнүн…
бир билгеним – сен билбедиң…
Мен сени ысык көрдүм –
төбөмдө кайнап турган Күндөн дагы.
Мен сени таза көрдүм –
наристеден дүйнөгө келген жаңы.
Көрдүм мен көздөрүңдөн –
аруу, ак сезимимдин булак башын.
Көргүн сен көздөрүмдөн –
“Сүйөм”-деп, калп айтпашым.
Каалагам тагдырымдын –
сүйүүмө сук артпашын, ок атпашын…
Атты ал,
уратып салды мени сөзүң менен.
Урандылар алдында кала берди,
ууз сүйүү, аруулук өзүң берген!..
Тагдыр – мерген…
Тагдыр – мерген…
Бирок эркем…
Сага менин сүйүүмбар да Күнсыңар,
тагдыр парда тосуп келсе сүйүүмө,
төгө берем… төгө берем…
нурумду тек сен жашаган үйүңө…
***
Бөлө албайт аралык,
адамдар,
Адымдайт ойлорум сен жакка.
Сен жаккан жалынданжүрөгүм,
ысууда,
согууда бир башка.
Мен сенибапестейм,
сыйлаймын,
Сүйүүнүн өзөгү – сыйлоодо!
Сыйы жок сезимдер – кыйроодо!
Ашыгым,
Ак пейил жарыгым!
Өмүрдүн өзгөрттүң калыбын.
Өзүңсүз өткөнүм – баары муң.
Өзүңсүң – сакайтчу табыбым.
Саймалап өмүрүм,
шөкөттөп,
Мээриң жаайт жүзүңдөн нөшөрлөп.
Жүрөккө табылбайт,
өзүңдөн бөлөк төп.
Тараза ташында өлчөнбөс,
Өзүмдөн башка жан эч көрбөс,
Сүйүүм бар сыйбаган ааламга!
Ал сүйүүм арналат тек САГА!
***
Жээкке жайыла жатып алып,
тырматкан жонун туздуу толкундарга,
Күн сунган ысыкты ичке катып алган,
кумдарда басып барам…
сени эске ала…
Мен сага баралбадым.
Көлгө келдим.
Кусалык кубанчымды тактан алды.
Көөнүмдү жөө тумандай каптап алды:
кайгыруум – сезимдерден топ жарган бу.
Сооротор жашык менин көңүлүмдү,
эч жан жок.
Сенсиң ага – тек жарактуу.
Акты ууз жаштар жүзүмдөн салаа-салаа,
тагдырымдан сүйүү сурап сенден мага.
Түн түстүү көңдөй менин өзөгүмдө,
жылтылдап туруудасың,
үмүт болуп,
жашоого үгүт болуп,
аруум тоолук,
Ак-Булуңдук…
Өзүң гана!..
Убада кылган бакыт ойлор бая –
жүрөгүмдөн кечирим сен суратпа!..
Убара кылбай мени тагдыр кайра,
Сүйүү сун. Сүйүлбөгөн мени ая!..
Жыйрылып, жазылып толкундар,
жээкте баратам – кирпик ным.
Эриним көз жашка туздалып,
Көздөгөн багытым бар анык:
Карап тургун!..
Келиниңди балаң сүйдүрүп,
Күйөөң сага окуп берчү ыр жазам!..
Эриндери менен аныңдын,
сүйүүм арнайм.
Шондо, ашыгым…
көргүм келет –
кыймылдарын сенин кашыңдын…
Сөз тамам!
***
Мен – бир шаар, ток арткан зымдары
чалынып бороонго, тырс үзүлгөн.
Сен – улуу от! төбөмдө жүгүргөн.
Караңгы көчөлөр – нуруңа жүгүнгөн.
Ыйыксың жазмыштан – чекеме чегилген,
Ыйыксың – баарынан көзүмө көрүнгөн.
Бакытым, азабым сен менен бөлүнгөн.
Мен – шаармын: багынта бербөөчү көрүнгөн.
***
Күлүп-жайнап жазалбаймын ырларды.
Оо, музам!
Көңүлүмдөн өзүң кетип,
көңдөйлүктөн башка анда не калды?..
Көздөрүңдү көргөн күнүм – жыргалдуу.
Карегимден ыраак кезиң – ызгаардуу.
Ууз карга сиңген күндүн нурундай,
көздөрүңдөн жалтанамын, даай карай.
Күндө сенин чачтарыңды толкуган,
Түндө сенин чачканыңды ыр абага,
уккан, көргөн, эшиткен болсом эмне
терезеңдин боорундагы карагай.
Чоң сүйүүгө койдум кокуй жарабай!
Тартынчаактык – табыт болуп сүйүүмө,
Капалыктын чогуна май тийүүдө.
“Аза күткөн” ырлар гана жаңырып,
Абалыма түтөп турат каңырык.
Жазып жатам дале сага жалынып.
Сага болгон сүйүүм менин, садагам,
өмүрүмдүн өмүрүнөн узагын,
түшүнсөңчү… аңдасаңчы… чырагым…
өлсөм дагы: сага болгон сүйүүм менен жаралам!
жашасам тек: сага болгон сүйүүм менен жашагам!
***
Эки башка тагдыр болуп өтөбүз.
Кусалыкты көөдөндөгү тоого артсам,
урап түшөр. Кусам… тоо да көтөргүс.
Текеберлик жол көрсөтүп мага, саа,
сүйүүбүздү сүйүп туруп жек көрүп,
жалгыздыкты эш тутуп да… эп көрдүк.
Ыраазымын… көөдөнүмдү балкыткан,
көрсөткөнгө көздөрүңдү Кудайым.
Эми үшкүрбөй… жалгыз жолум улайын.
Жамаачысы көп кийимдей жүрөгүм,
Майы соолгон чырак өңдүү карегим.
Жүрөгүмдү шамал уруп, көзүм көр…
Таппай келем тозок, бейиш дарегин…
Сулуулар жок. Баары мага сүйкүмсүз.
Жообуң менен сулуулукту көмдүм бейм.
Жообун билген суроолордон коркомун.
Жолдошторум жарга такап сурашса,
Жалгыз жообум айта турчу: мен билбейм…
Билем баарын, билем барын бир бүчүр,
мени менен бирге өсүп, жетилер.
Чындыгымды ырга ыраа көрбөдүм…
Ыйык Затым, ырым мени кечирер…
***
Нөшөрлөп жаайт ууз жаштар карегимден.
каректерди көзгө илбей,
тааныш,
чоочун.
Бүт дилимди сүйүү бийлеп турду эле,
Келдиң куса,
сүйүүм менен тааныш болдуң.
Мен сени көрдүм бүгүн…
ыдырап бара жаткан сезимимди,
бүтөдү,
курап чыкты кезигүүм бу.
Канча ирет көрсөм сени,
кайра баштан,
сүйүшүм – сүйүнчүбү муңума бу?..
Булбулум,
мына муну элестетсең:..
сен болуп улуу сүйүүм
маа кезиккен,
эң алгач,
соңкусүйүүмболорэлең,
мен бүгүн ушул түнү өтүп кетсем…
Анда да жөн жатпасым анык чыгар,
мен жазган сүйүү ырларым дем-күч болуп,
гүл болуп кара жерди жарып чыгар.
Булбулум,
бир искеп, бир өтүнүч, бир сайрап кой..
жер алдында болсунчу шол күнү той…