Булакка
Алдастап бат, бат дем алып,
Арыкка боюн ургулап.
Аманбы? – курбум дегендей,
Агасың, булак шылдырап.
Билерсиң бала кезимде
Көп жолу сени бойлогом.
Убара кылып шарыңды
Тегирмен салып ойногом.
Калкыткам көлчүк жериңе,
Кайыкты жасап кагаздан,
Көйнөктү чечип жалбызга
Кирингем ысып баратсам.
Ойногун! – дейсиң эми да,
Кайрадан бала болбосмун.
Жээгиңди бойлоп мен чылап,
Бөбөктөрүм ойношсун.
Кайсы сенин терезең
Атын билем сен жашаган көчөнүн,
Бирок, билбейм үйүң кайда экенин.
Биргелешип кирмек элем киного,
Бүгүн сени кайдан табар экемин?
Үй номериң сегизби же сексенби?
Көчө бойлоп көрүп чыктым көп жерди.
Же болбосо токсон бешпи тогузбу?
Толук билбей чарчай турган кез келди.
Өткөн күнү бул үй турган жер менен,
Кыздар менен жүргөнүңдү көрдү элем.
Кап, ошондо сурап калбай бир сөздү:
«Акинайым, адресиң бер» – деген.
Катты башым карай берип ишенсең,
Катар үйдүн айнектери көп экен.
Капа кылбай өзүң келип айтсаңчы,
Кара көзүм, кайсы сенин терезең?
Мен өскөнмүн шаар эмес кыштакта,
Кыздын үйүн көп издебейт биз жакта.
Жок болсо да көчөбүздүн номери,
Жигит табат сүйгөн кызын бир паста.
Көз талдырып табамын деп үйүңдү,
Көчө бойлоп издеп жүрбөй ар качан.
Акинайым, жолукканда экинчи,
Адресиң тактап жазып албасам.
Эшек
Жаныбар эшек илгертен бери,
Жакшы сөз элден укпадың деги.
Куйругу жаман, кулагы чоң деп,
Көргөндүн баары шылдыңдайт сени.
Тамсилге кошуп далайлар жазды,
Бирөө да анча көрбөдү жакшы.
Аңкоо, макоо, жалкоого теңеп,
Арзыбас сага аттарды такты.
Чыкпады – дейсиң бир дагы даңкым,
Чыдагын чыгат, чыдамдуу жансың.
Эт, сүтүң арам болгону менен,
Күчүң бар адал, эмгегиң алтын.
Баспаган жардан туягы аттын,
Куланган жоксуң, тартынбай бастың.
Койчулар минсе ташыркап койбой,
Койчылап шагыл кырлардан аштың.
Аптапта дагы топурак күйгөн,
Өзүңдөн оор кишини минген,
Жүк-мүгү менен көтөрүп алып,
Кыдыңдап талбай жүргөнүң жүргөн.
Жеңил баа болуп келгениң жетет,
Мактоого сени келди эми кезек.
Айбандар менен укугуң тептең,
Айкыргын күчөп алп күчтүү эшек.
Сөзүң жана белегиң
Жашыл жалдуу арчанын,
Бирге жыттап бүрлөрүн.
Мөл булактуу жылганын,
Терип алып гүлдөрүн.
Чет жагында айылдын,
Жайдын салкын түнүндө.
Ак балтырлуу кайыңдын,
Сыр айтыштык түбүндө.
Сүйөмүн деп боюма,
Бек кыналып эркелеп.
Коштошордо колума,
Белек бердиң – эсте – деп.
Тилегимди билдирип,
Тилегиңе кошууга.
Эриниңден бир сүйүп,
Жөнөп кеттим окууга.
Каратпастан эч артын,
Мезгил кууду көп күндү.
Белек кылган бет аарчың,
Бет сүртүндүм эскирди.
Бирок жаным сен өзүң,
Кайда болсом биргесиң.
Жүрөктө жүрөт эскирбей,
Сүйөмүн деген бир сөзүң.
Жашасын аял
Ак куу жок кезде – көл көрксүз,
Аял жок кезде – эр көрксүз,
Аялдын иши теңдешсиз.
Ансыз бир шаңдуу жүрө албай,
Көйнөктү жөндөп бүрө албай,
Көргүлүктү көрмөкпүз.
Булбулсуз – токой, гүл көрксүз,
Аялсыз – айлуу түн көрксүз,
Ал жокто кимди сүймөкпүз?
Кечиксе сулуу ич күйүп,
Үмүттү үзбөй үшкүрүп
Үңкүйүп басып жүрмөкпүз.
Балага барктуу атабыз,
Баккандан бирок качабыз,
Жуурканга башты катабыз:
Эмизчи бачым деп коюп,
Сооротчу катын деп коюп
Солдоюп уктап жатабыз.
Ойлосок уят муну биз,
Бул жагын керек билүүбүз,
Аялдар эмес күңүбүз.
Эскинин өткөн заманы,
Эссиздик калган баягы,
Эми, энелер биздин гүлүбүз!
Алдыга сүрөп биздерди
Аянбай эң зор күч берди.
Ар жерде кыйын иштерди
Ысыкта бирге бөлүшүп,
Суукта бирге тоңушуп
Аялдар кошо бүткөрдү!
Жатканда дүйнө караңгы
Жараткан жыргал заманды,
Жашарткан сансыз адамды
Жакшылап барктап түбөлүк
Жалындап дагы сүйөлүк
Ленинди тууган аялды!
Кантип жеңдим
Маңыз менен айтыштым «кыйын» экен,
Маанилүү сөз ал үчүн тыйын экен.
Кезек бербей келжиреп сүйлөй берди,
Кечке чейин чеккени чылым экен.
Топон сөзүн тоо кылып үйүп жатты,
Ыксыз жерден ырсактап күлүп жатты.
Менин кебим мээсине жетсе дагы
Кабыл албай, эмгегим күйүп жатты.
Акырында айтканын уктум, уктум,
Бирок өзүм унчукпай жеңип чыктым.
Күч сынаштым көп жолу арак менен,
Жеңген жокмун, жеңилдим, танат белем
Канча жолу эрксиздик кылганымды,
Каалап турсаң калтырбай санап берем.
Эссиздигим экен деп ыйлайынбы,
Эстейм кээде өткөндө кылганымды.
Көк теректи кучактап көздү сүзүп,
Көктү карап ыкшыйып турбадымбы.
Акырында акылдуу ойго келдим
Ичип жеңбей аракты ичпей жеңдим.
Кыргыз жигиттерине
Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.
Көрдүңөрбү орустун уландарын
Көздөрүнөн тынымсыз жанат жалын.
Арабызда андайлар болсо дагын…
Бош байлаган боо сымак жүрбөй дайым
Үйрөн тынбай улуу элдин ушул жагын.
Сары-челек көлү
Сагынган акын жүрөгү
Сары-Челек көлдүн чүрөгү.
Сайраңдап үч күн жээгинде
Семире түштүм бир эли.
Жашырын сырдуу күү чалып
Жай толкуп, кайра тынч алып.
Жаңгактуу тоонун койнунда
Жатканын көрчү суйкайып.
Көп жолу тиктеп түпкүрүн
Көрбөдүм мунун түк кирин.
Көрүнүп сакал кыра бер,
Кереги эмне күзгүнүн!
Сары-Челек көлгө келишкен
Салбайбыз курорт неликтен?
Кооздук жагы кем калбайт
«Кой-Сары», «Жети -Өгүздөн».
Айрыкча шаңдуу байкасаң
Атканда тоодон кашка таң.
Көл болбой эгер кыз болсо
Көз тиймек экен капкачан.
Кыз бурак
Сүрдөнүп сөз айталбай көпкө жүрүп,
Сүйлөшсөм сүйгөнүм бар дедиң күлүп.
Ай өттү, бир нерсени шылтоо кылып
Акырын комнатаңа барсам кирип.
Өзүнчө ичке назик обон салып,
Ойлонуп бир азыраак токтой калып,
Жатыпсың окуп жаман китебимди
Үстүнө кош алмаңдын коюп алып.
Ошондо кубандырып, сен кыз бурак –
Ордуңдан тура калдың этип булак.
Сүйсөң да, сүйбөсөң да жыргай түштүм
Башымды ак төшүңө койгон сымак.
Түшүнгүн
Эжемдей сүйүп бир кезде
Эжеңе сунсам гүлдесте,
Эмне үчүн мага бербейт деп
Эки ойлуу болдуң күн кечке.
Жанда жок экен шериги
Жабыркай жүрсүн көңүлү.
Жашамал тарткан эженин
Жашара түшсүн өмүрү.
Улгая түшсөң сыйлаарга
Укмуш сый болот мындан да.
Гүл берип азыр не кылам
Гүл болуп өзүң турганда.
Достук азилдер
Саякбай Каралаевге
1
Сакемдин өзүн карасаң
Сакадай киши кичине.
Залкар тоо бирок тең келбейт
Сапаттуу эмгек-ишине.
Айкөл Манас бүт баткан
Алмадай баштын ичине.
Алтымыш жаштан ашса да
Айта элек аны бүтүрө.
Анткени кээде момундай
Ашык сөз айтат мүчүмө:
«Мээнетиң алайын,
Балакетиң алайын,
Мына ошондо Эр Манас,
Дал ушинтип шер Манас,
Кайран энең Каныкей
Мына ошондо энекең,
Атандын көрү шум дүйнө
Атаңдын көрү дүйүнө»
Кантип бүтөт ушинтип
Кайталай берсе күнүгө.
Сан жагын сөздүн көбөйтпөй,
Сакем, токтолсо дейбиз бирине.
Аалы Токомбаевге
Ат салбаган астына
Алп Манастын Аккула…
Аргымактар келетат
Арт жагынан шаштыра.
Ашып кетип жүрбөсүн
Бол, Аалыке, чапкыла!
Талыккан го сыягы,
Ташыркаптыр туягы.
Такалатып алыңыз
Талбай чуркар бу дагы.
Карылыкка эмитен
Кула моюн сунабы?..
Темикул Үмөталиевге
Ачык көңүл Темикем,
Алтын ырдын кени сен.
Анык тулпар чаалыкпайт
Арыбассың эмитен.
Канаттуу ыр сен жазган
Катуу учуп талбастан
Өлкөнү бүт кыдырып
Өттү тоолуу Кавказдан.
Жалгыз сенден өтүнүч
Жайыраак жаз шашпастан
Эне жүрөгү
Асман жактан кат, кат булут калдайып,
Адыр-жонду имерчиктей айланып,
Чакмак чагып, чарт-чурт этип чагылган
Кара нөшөр төккөн турат камданып.
Ачык күндүн бүркөлгөнүн карачы,
Көйнөк кийбей ойноп кеткен баласы.
Ушул нөшөр жаабаса деп уулума
Үйдөн тынбайт энесинин санаасы.
Булут тарап асман чайттай ачылды,
Күн желкеден теше тиктеп чакыйды.
Эми уулумдун этине ысык өтөт деп,
Энесинин капааттыгы ашынды.
Уулу келди бүркөлгөнсүп кабагы
Ошол кезде даяр эле тамагы,
Куюп берип чоң ууртаса кубанып,
Курган эне калбай жатты жан-алы.
Уулу уктады, төшөгүндө жай жатты,
Ошондо да эне тынчып калмакпы?..
Кыңкыстаса кыймылдатат акырын
Кулунумду бастыбы деп «албарсты».
Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою – тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен
Бизди тууган энелердин жүрөгү.
Жайлоого кат
Жүргөнүм жайлоо Көк-Ойрок
Жүдөдүм сени көп ойлоп.
Кагазың короп калса да,
Кат жазып ийсең не болмок?
Баккан мал аман, мен аман
Мал баккан теңтуш-тең аман.
Тамаша кылдым таарынып,
Терикпе жаным сен аган.
Ойлосоң мени түшүнүп…
Окууңду келгин бүтүрүп.
Токтолбой күндөр өтсө деп
Той жагын жүрөм күтүнүп.
Илинип кетсе кирпигим
Түштөрдүн көрөм түркүмүн.
Бирөөлөр сага жанашса
Миң жылдай болот бир түнүм.
Көңүлдөш селким Махабат
Көңүл тынч кантип жаталат?
Көз ачсам жоксуң жанымда
Көзүмдөн учат жака жак.
Жүргөнүм жайлоо Көк-Ойрок
Жүдөбөй жүрсөм не болмок?..
Шашпайын өзүң келерсиң
Саамайың менен жел ойноп.
Күлүк жөнүндө сөз
Мага бүткүл жер шарындай көрүнүп
Жатат жашыл ипподром керилип.
Секундуна сексен метр жол басып,
Күлүк чуркайт, күлүк чуркайт элирип.
Чендебес дейм катуу учкан куш да ага,
Кара тери жаңы гана чыкты ана!
Көрүнүшү космостогу спутник,
Көрүүчүлөр көзүн кадайт суктана.
Жомоктогу Аккуланын тукуму,
Жел жетпеген анык тулпар ушубу?..
Учуп барат, сызып барат чабандес,
Жашка толуп көздөрүнүн кычыгы.
Күлүк чыгып караандатпай башкага,
Бак-бак сүйлөйт саяпкери мактана.
Азыр эле Марска барып келгенсип,
Ардакталды күлүк чапкан жаш бала.
Эл дуулдай ойлоруна ой кошо,
Мындай дешет миң чоңойтуп ойду ошо:
Эчак эле Айга барып бир тиймек,
Эгер жерде тартылуу күч болбосо!
Кала берди
Ал мени итсиң деди.
–Итмин – дедим…
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен анын ит экенин билип туруп.
Ал мени эшек деди,
–Ооба – дедим.
Болбосо шылдыңдоого жетет тилим…
Не кылам ажылдашып, кажылдашып
Мен анын билип туруп эшектигин.
Ал мага албууттанып жана берди
Сөздөрү жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып
Артымдан ээрчий басып кала берди.