“Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу кереге кеңеш өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында “Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу кереге кеңеш өттү. Бул иш-чара 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата өктөрүлүүчү иш-чаралардын бир айлык планынын алкагында КР Улуттук жазуучулар союзу, “Бугу пресс” басма үйү, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду. Кереге кеңешке төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акыны Т.Самудинов, Т.Закирова, ф.и.д. профессор, адабиятчы, сынчы, котормочу О.Ибраимов, университеттин ректору А.Абдраева, “Рухэш” сайтынын негиздөөчүсү, акын, котормочу О.Шакир, “Бугу пресс” басма үйүнүн жетекчиси Ж.Абидетегин, котормочулар, акындар, окутуучулар жана студенттер катышты. 

Филология илимдеринин доктору, профессор, акын, котормочу А.Эгембердиева алып барган кереге кеңеште котормонун көркөмдүк бөтөнчөлүгү, түп нуска менен катыштык, сапаттык деңгээли кандай, көркөм котормонун келечеги үчүн эмнелерди эске алуу керек деген суроолордун тегерегинде талкуу уюштурулуп, баяндамалар жасалды.