Дасмия Публицистика Сын

Азиз Биймырза уулу: “ КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИН — ДҮЙНӨЛҮК АДАБИЯТ АЙДЫҢЫНДАГЫ КЫРГЫЗ АКЫНЫ”

2025-жылдын сентябрь айында Москва шаарында өткөн Жазуучулардын Бүткүл дүйнөлүк Экинчи Конгресси (World Organization of Writers — WOW) кыргыз адабияты үчүн маанилүү тарыхый учурга күбө болду. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын эл акыны, котормочу, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Кожогелди Култегин аталган уюмдун жогорку сыйлыгы — Алтын медаль менен сыйланды. Бул окуя  Кожогелди агайдын чыгармачылыгынын дүйнөлүк деңгээлде таанылгандыгын тастыктап, кыргыз адабиятынын эл аралык маданий айдыңдагы ордун чыңдоодо олуттуу кадам болуп саналат.

КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИНДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ФЕНОМЕНИ

      Кожогелди Култегин — заманбап кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын поэтикалык чыгармалары терең философиялык мазмуну, коомдук-саясий ой жүгүртүүсү жана улуттук баалуулуктарды эстетикалык деңгээлде чагылдыруусу менен айырмаланат. Айталы, канча жылдар өнүгө албай турган Кыргызстанды, анын артта калуусу жеке кишилерге байланыштуу болуп жаткандыгын кандай таасын сүрөттөгөн:

Ырымсың сен! Мен да сенин ырыңмын!

Ыйымсың сен! Кыргызстан, ыйыңмын!

Кыйналдың-ай – калган сымал ичинде 

кыйындарың соруп турган чылымдын…

“Кыйындарың (какшык) соруп турган чылымдын ичинде калгандай кыйналдың, Мекеним,” – деген түшүнүк кимдин акылына келет? Бир ырында Кыргызстан – Кылмышстан болуп калгандыгын ачык айтса, дагы бир жеринде:

Кыргызстан, пачкеленип – бөлүнүп,

кыйрап турсуң чөнтөктө да, капчыкта… – дейт. Бул кашкайган чындык азыр толугу менен ашкереленбедиби.

Өз убагында Эл акыны Кожогелди Култегин партиялык системаны, андагы арам схеманы, депутат болуш үчүн партиядан партия алмаштыргандарды  чыңырта сындап өткөн:

Үч партия, беш партия которгон –

үч эр көргөн, беш эр көргөн немедей…

Мындай саясаттын, мындай “ишмердүүлүктүн” натыйжасы эмнеге жнтеиргенин дагы адатынча селейте айтып таштаган. Макул болбоско аргаң жок:

Отун базар, катын базар ээлери

ой-и-ий, бирден мандат алды шердене.

Эшек базар, этек базар ээлери

эй-и-ий, бирден мандат алды шердене.

Ал эми карапайым элдин акыбалы кандай, аны акын кандайча чагылдырган, ошого мисал тартып өтөйүн:

Көчөлөрдө көчүгү айрык, буту айрык,

көңүлү айрык, акылы айрык, күчү айрык.

Кара бороон учурат деп – базарда

кап-кабынын үстүндө олтур кытайлык.

Бороонго учуп боору, мээси, жүрөгү,

боолгой албай калды көптөр күнөөнү.

Чоң мурундар мурдун ала коюшуп,

чокуга бир ургусу бар бирөөнү!

Же:

Мен дебей, Мекен деп жүр эми!

Мен дебей, Мекен деп күй эми!

Томсоруп ач жүрсө карылар

тоолордун зыркырайт жүрөгү…

Акындын ырларында кыргыз элинин тарыхый эс тутуму, маданий мурасы жана азыркы доордогу руханий изденүүлөрү айкын чагылдырылат. Сөздү, ойду жетерине жеткирип айиаи. Окуп көрүңүз:

Ойдо жокко, Кыргызстан, жанаштың,

орус, казак аймагында талашсың – 

көчөлөрүн келесиң эх-х шыпырып

көккө сунган колу менен Манастын…

Бирок акын Кожогелди Култегин түпкүлүгүндө баары бир оптимист! Ишенимин ийне сыяктуу жоготуп-жоготпойт.

Заман ушул – күчөгөндү күчөткөн,

зар какшатып – жүдөгөндү жүдөткөн.

Кыйындары – карагайдай тоодогу

кыйшык жерде көктү карай түз өскөн!

Макаланын башырагында башка кыйындарды көрдүк эле. Соруп жаткан чылымына мекенин, мамлекетин ороп алган… Мында башка кыйындар – кыйшык жерде карагайдай түз өскөн… Кандай айырмалуу бири-биринен…

Байкалып тургандай, улутун, эли-журтун, улуттук баалуулуктарын ойдун нагыз чордонунда кармайт акын. Кечеги эле пандемия учурундагы акындык жүрөктүн (мекенинен сыртта жүргөн акындын жүрөгүнүн) соккону, бушайманга түшкөнү кимди болсун ойлондурбай койбос:

Беттен кабын дарыгер алса экен дейм,

пешенеси таң болуп жанса экен дейм.

Куйругу иттин шайдоот-шат булгаланса –

кубанычы кыргызга барса экен дейм.

Кандай сырдуу, терең маани – лирикалык каарман иттин “кубанычын” дагы кыргызга барса экен деп турганы…

Култегиндин поэзиясы классикалык форма менен модернисттик түшүнүктөрдү айкалыштыра алган өзгөчө поэтикалык дүйнө. Бир туруп Жалал-Абад облусунун азыркы жолунда бараткан жеңил машинадай жымылдайт, жашаң чөптөй жайкалат, керимселдей лепилдейт. Ошол эле кезде адамдын башына оңой менен келбеген ойлор, салыштыруулар! Далил катары сунам, төмөнкү арзуу саптарын окуп көрүңүздөр:

ХХХ

Жамгыр сымал, ой сымал

жан сергитет доошу улам.

Ит үрсө да чүрөккө –

гүл атылат оозунан!..

ХХХ

Ай жолундай аздек айланаң,

айланаңды коргоп айланам.

Балким, сени гана көрөм деп,

баткан Күн да чыгат кайрадан!

ХХХ

Жашоодо мобул көк ирим

жаңылык – «жарк!» деп көрүнүүң.

Бүчүңдү тиктеп койгон жан

бүчүлөйт сага көңүлүн.

ХХХ

Деним мага уңгу болбой,

демим ичте турду толбой.

Эки көзүм жерди челип,

эзип барат булдузордой!

ХХХ

Адеми заада, ай чырай,

арзуумду айтам кантип-ай?

Өрүлгөн чачың сунулуп,

өлүмдөн тартып алчудай!

ХХХ

Ойго бир сала турган

окшошсуң санат  ырга.

Көркүңдү сагынам-ой

көз ирмем арасында!

ХХХ

Корейде тура андай жан!

Королдор көрсө – шалдайган!

Балмуздак жечү кашыктай

баскан бир изи шаң жайган.

Ушундай шыдыр, табигый ырларды мизилдете жазган К.Култегин бир туруп атайын аттын башын башка жакка – таш жолго бурат. Өзү менен окурманды кошо сынайт. Окуп көрүңүз акындын төмөнкү изденүүлөрүн. Табитиңиз жетиштүү болсо, те жогоркулардан кем эмес ырахатка батасыз:

*  *  *

Капыс бир көлмөсүнөн

качыра чыгып келген крокодилдей

бармагың байпагыңдан сороюп тур!

Бармагың крокодилден коркунучтуу…

*  *  *

Ай талаада токтотулду автобус.

Тетигини, тетигини…

Тетиги

тетир карап «шыркыраткан» эркектер –

тетири «у»

тетири «у»,

тетири «λ »…

Жолдон аркы – алысыраак жактарда

жонун салып, чөкчөйүшкөн аялдар –

«h» (аш) тамга бүт,

«h» (аш) тамга бүт,

«h» (аш) тамга…

*   *   *

Карап бою-боюна,

катар турат какайышып солдаттар!

Какайышып… катарлары бузулбайт

кар зампарлап жааса да.

Өзөктү өрттөп кумарым,

өткүм келди баштарынан лыжа тээп.

*  *  *

Коштошкондон кийин да

коюлчу эле көпкө-ө барып телефон…

коюлчу эле назик, сылык, аялуу…

Карс коюлуп бир күнү –

каптады шарт аны, мени жарака

качып келип, катып калган жыландай.

Жармы мында,

жармы менде жыландын…

*   *   *

Токойду алар кыйышты!

Тополоң-тоз түшүрүп,

томук койбой, кемик койбой шылышты!

Доо кетти, ооба,

жерге – белге доо кетти

тоолор кулап,

зоолор кулап түшкөнсүп!

Тайларга окшоп өз жерине качышкан

тармал шактар тырактап

кайра чыгып келатыр.

*   *   *

Баракелде! Батчагар!

Балмуздакты ат чаап бара жатып да

балчаңдата жегиң келген үчүн сен –

башкача бир баатырсың,

башкача бир зөөкүрсүң!

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин чыгармалары көп тилдерге которулуп, айрымдары өзүнчө китеп болуп чыкканы, эл аралык поэтикалык антологияларга киргизилгени — анын чыгармаларындагы универсализмди жана глобалдык адабий контекстке шайкештикти тастыктайт.

ЭЛ АРАЛЫК АДАБИЙ КЫЗМАТТАШТЫКТАГЫ ОРДУ

Алтын медалдын ыйгарылышына негиз берген эң маанилүү факторлордун бири — Кожогелди Култегин көп жылдардан бери көркөм котормо жаатында жемиштүү эмгектенип келгени. Орус акындары Афанасий Феттин, Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Андрей Вознесенскийдин, Роберт Рождественскийдин, Евгений Евтушенконун, Юрий Кузнецовдун, испан акыны Xуан Рамон Xименестин, түрк акындары Каражаогландын, Назым Xикметтин, Нежип Фазылдын, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, болгар акыны Любомир Левчевдин, Азербайжан акындары Имадеддин Насиминин, Хүсейин Жавиддин, өзбек акындары Абдулла Ориповдун, Эркин Вахидовдун, Гайрат Мажиттин, казак акындары Магжан Жумабаевдин, Мухтар Шахановдун, Мукагали Макатаевдин, Темирхан Медетбектин көптөгөн ырларын кыргыз тилине которуп, аларды өзүнүн китептеринде жарыялоону илгертен салтка айоандырган. Чыгармаларынын 5 томдугунун 4-томун жалаң котормо-ырлар түзөт. Жакында Азербайжан драматургу жана акыны Хүсейин Жавиддин тандалган драмалары менен ырларын түрк тилинен кыргыз тилине которуп, ал өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыкты. Баса, Кожогелди Култегиндин 5 томдугу – өзүнчө тарых. Түркияда кыргыз тилинде чыккан.

Акын бир катар дүйнөлүк классиктерди кыргыз тилине которуу менен гана чектелбестен, кыргыз акын-жазуучуларынын, түрк дүйнөсүнүн залкарларынын эмгектерин чет тилдерге чыгаруу иштерине да активдүү салым кошкон. Мунун натыйжасында кыргыз адабиятынын үнү дүйнөлүк окурманга жетүүдө.

Мындан тышкары, Кожогелди агай бир нече эл аралык поэтикалык фестивалдардын жана адабий форумдардын уюштуруучусу катары да белгилүү. Ушул эле жылда Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгы Бишкекте өзүнчө Жумалык катары өрнөк деңгээлде уюштурулганына баарыбыз күбөбүз. ТҮРКСОЙдун “Беш акын” теледолбоору жалбырттап өтүп жүрдү го. Долбоорду патенттештирем деп айтканын уккамын. Түрк дүйнөсүнүн акындарынын жолугушуусун жетектеп, Түркстанда, Ошто, Хивада чыныгы адабият майрамына айландырганынан кабарыбыз бар. Ал эми досу Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалынын жыл санап популярдуулугу артып, эл аралык деңгээлдерди чапчып жатканына анын салымы чоң. Токтогулдун 150 жылдык, Алыкулдун 100 жылдык, Баласагындын 1000 жылдык, Айтматовдун 90 жылдык, Абдымомуновдун 100 жылдык мааракелери Кожогелди агайдын уюштуруусу менен Түрк дүйнөсүндө, айрымдары Европадан Жапонго чейинки аралыкта салтанат курган. Бул сыяктуу адабий иш-чаралар — өлкөнүн маданий дипломатиясынын бир бөлүгүнө айланды десек жаңылышпайбыз.

WOW УЮМУНУН АЛТЫН МЕДАЛЫ: МАЗМУНУ ЖАНА МААНИСИ

Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар уюму (WOW) — дүйнөнүн төрт бурчунан чыгармачыл инсандарды бириктирген, тынчтык, маданий көп түрдүүлүк жана адабий баарлашуу принциптерине таянган эл аралык платформа. Уюм тарабынан берилген Алтын медаль — автордун чыгармачылык жетишкендиктери менен бирге, адамзаттын маданий мурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы катары да бааланат.

Кожогелди Култегин агайга бул медалдын ыйгарылышы — кыргыз поэзиясынын дүйнөлүк адабият менен тең ата сүйлөшө ала турган деңгээлге жеткендигинин бир далили. Бул факт — кыргыз поэзиясынын глобалдык контексте дагы маанилүү ойду жарата аларын көрсөтөт.

Кожогелди Култегин агайдын WOW уюмунун Алтын медалына татыктуу болушу — жеке чыгармачылык ийгилик гана эмес, бул кыргыз адабиятынын дүйнөлүк маданий системадагы орду жана ролу тууралуу суроолорду кайрадан актуалдуу кылат. Кыргыз поэзиясы өзүнүн нукуралыгы, философиясы жана эстетикалык тереңдиги менен дүйнөлүк поэтикалык картада өз ордун табууда. Мындай контекстте Кожогелди Култегин агай сыяктуу акындардын чыгармачылыгы — улуттук маданияттын эл аралык деңгээлдеги өкүлү катары каралышы абдан маанилүү.

Агайды абройлуу сыйлык алышы менен куттуктайм жана эргүү тилейм. Алайкуунун кымызы жыттанып, булут минген бийик ырларды жаза бериңиз, агай!

About the author

Жазуучулар Союзу