Проза

Азамат-Бекзоо Маматали уулу “ШИШ ЧОКУЛУУ ТООЛОР”

Аңгеме

Бул саякатка адегенде үчөөбүз жөнөгөнбүз, тилекке каршы туптуура он бир күндөн кийин үйгө өзүм жалгыз кайтып келдим. Ошол он бир күндүн окуялары он бир жылга тетерлик болду. Ал күндөр эс-көөнүмдөн эч качан кетпесе керек.

… Баары өткөн жылы август айынын этегинде эски достор издешпестен эле күтүүсүз жолугуп калганыбыздан башталган. Кыска бойлуу, тири карак Кайрат менен борбор шаарда университетке окууга тапшырып жүргөндө таанышкан элем. Ал Баткендик болот экен, экөөбүз дароо эле эски тааныштардай тил табышып сүйлөшүп кеткенбиз. Дарегин да телефонума сактап койгом. Ал эми жумшак мүнөз Азиз менен бир мектепте окудук. Ал экөөбүз жашташ болсок да, он биринчи классты менден бир жыл мурда бүтүрүп, Москва техникалык университетине окууга өткөн.

Үчөөбүз аптабы кайта элек Ош шаарынын көлөкөлүү чайханасында тандыр самса жегенче жайкы эс алуунун акыркы күндөрүн кантип кызыктуу өткөрүүнү сүйлөшүп олтурдук. Он сегиз жаштын оолукма курагындагы боз уландар эмнени эңсемек: албетте, канды дүргүтө турган укмуштуу окуяларды баштан өткөргүсү келет. Мен аларга Баткендин Каравшин тоолоруна саякаттап келүүнү сунуштадым. Өзүм үчүн бул күтүүсүз тандоо эмес эле. Үйдөгү бөлмөмдүн дубалында илинип турган географиялык чоң картада Каравшин тоолоруна кичинекей кызыл желекчени сайып койгом. Дүйнөдөгү бийик тоолорго саякаттап, жаңы жерлерди көрүү, бийиктикти багынтуу кыялымды эң биринчи ушул аймактан баштоону каалоочу элем.

– Эмне үчүн Каравшин? – деп сурады Азиз.

– Бул жер Азиялык Патагония катары дүйнөгө белгилүү. Анткени, Түштүк Американын Патагониясына түспөлдөш. Эң башкысы Каравшинде эң бийик чокулар бар. Чет өлкөлүк альпинисттер тынбай келишет. Анан биз ушул жерде туруп көрүп келбесек болбойт го!

Досторум ойлонуп калышты.

– Жолу кандай экен? – Азиз дагы деле бушайман.

– Баткен шаарынан 60 километр аралык экен. Анын 40 кмде автожол жок, жөө басышка туура келет. Көп деле кыйынчылык болбойт деп ойлойм. Үчөөлөп кандай тоскоолдук болсо да жеңе аларыбызга ишенем.

Ошентип, экөөнү муютуп, жолго камындык. Эртеси таңзаардан бир кишилик чатыр, уктоочу туюк кап, эки-үч күнгө жетерлик азык, дагы башка керектүү буюмдар салынган зылдай оор жон баштыгыбызды көтөрүнүп,  “Ош-Баткен” каттамында жүрүүчү таксиге олтурдук да, алгачкы саякатыбызга аттандык.

Баткен шаарынан Рават айылына чакан автобус менен жеттик. Ошол күндөрү кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп өткөн Ворух менен Ак-Сай айылдарын жандап өтүп баратканыбызда жүрөгүбүз оопколжубай койгон жок. Автобустун ичиндеги жергиликтүү адамдардын да кабагынан кыжаалатчылык туюлат. Алар күнүгө ушундай тобокелчилик менен жашарын ойлогондо өзүндүн бейгам турмушуңдан уяла түшөт экенсиң.

Раваттан ары топурак унаа жолго түшүп, Сары-Жаз жайлоосуна жөө жөнөдүк. Бир аз басканыбызда, кудай жалгап, артыбыздан портер жетип келди. Айдоочу бизди көргөндө өзү эле токтоп, салып алды. Ал  жайлоого бараткан малчы экен, жанында тестиер уулу олтурат.  Сары-Жазга жеткенде жолубузду 3-4 саатка кыскартканы үчүн портер ээсине алкышыбызды айтып, уулуна жол азыгыбыздан шириндик алып бердик. Эми автоунаа жолу түгөндү, андан ары жөө барышыбыз керек.

Ушул учурда жолдон четтерээк жерде токтоп турган аскер КамАзы көзүбүзгө  урунду. Жанында бир нече аскер кийимчен эркектер олтурат. От жагылган таш очокко асылган казанда буусу булоолоп оокат бышып жаткансыйт. Алар бизди токтотуп, документ менен жүгүбүздү текшере баштады. Каравшин чек ара аймагы экенин, андыктан чек арачыларга туш келерибизди алдын-ала билгенбиз. Ошондуктан жаныбызда жарандык жана чет өлкөлүк паспортубуз дайын эле. Биздин көздөгөн жерибиз Каравшин экенин укканда чек арачылардын бирөөсү: “Мээңер айнып калганбы?” – дегендей сөөмөйүн чыкыйына кезеп айланта:

– Ал жакка өмүрү жете албайсыңар!

Чек арачылар чындап эле бизге  өргүү алып, жылуу тамда түнөп, анан таң эртең жолго чыгууну сунуштады. Биз өзүбүздү аларга тажрыйбалуу хайкинг катары көрсөткүбүз келдиби, же аскер адамдарынан кооптондукпу, айтор сылык гана баш тартып, Каравшинге эртерээк жетиш керек деп шылтоолодук. Чек арачыларга майда курут ооз тийгизип,  жолго түшөрүбүздө бирөөсү:

– Алдыда бир кырды ашкандан кийин, Манап деген чабанга жолугасыңар. Ошол кишинин үйүндө түнөп алгыла. Ал силерди көрүп сүйүнүп, кой союп берет.

Чек арачы айткан бийик кырга жеткенде апама жана досторума телефон чалып, ал-жайыбыз эң сонун экенин билдирдим да, мындан ары телефондо сигнал болбошун эскерттим.

Мына жыргал деген! Ашуунун туу белинин бийигинен Памир тоолорунун эбегейсиз чалкыган панорамасы ачылды. “Тоолордон бийик тоолор гана бар” дегендей, жалаң тоо дүйнөсүнүн керемет пейзажына ырахаттанып карап олтурдук. Үчөөбүздү тең эс-мас кылып толкунданткан сезимдер ээлеп алды. Телефон байланышы жана интернет жок белгисиз жашоого кадам таштаганыбыз өрөпкүттү. Бул биз эңсеген укмуштуу окуялардын башталышы эле.

***

Күн батып, иңир кире баштаган кезде алыстан иттин үргөнү жана койлордун маараганы угулду.  Бир аз басканыбызда тоонун боорундагы түздүктөн таш дубалдуу жапыз тамды жана жыгач кашаага камалган бир отор койду көрдүк. Короо четинде бир эркек туруптур. Чек арачы айткан Манап аке ушул окшойт деп ойлодук да, кадамыбызды тездетип, тез эле жетип бардык. Ал чындап эле бизди көргөнүнө сүйүнүп кетти. Адегенде бир аз  карбаластагандай болгон. Көрсө буга чейин чек арачылардан башка жат адамды бул аймактан көрбөгөн экен.

Манап аке баткендик акцент менен сүйлөп, үйгө кирүүгө чакырды. Таштан курулган бир бөлмөлүү үй. Чакан жыгач терезе, колго жасалган жыгач дарбаза жана ылай менен шыбалган очок. Анда тараша отун жалындап күйүп, аташкөрөккө илинген кара чөөгүндө буусу буркурап суу кайнап жатыптыр. Жерге кара-ала жүн кийиз, эчкинин постеги салынган. Жатып уктоочу төшөгүн жыйбастан, баш жагына эле түрүп коюптур. Очоктун жанындагы таш текчеде бирин-серин идиш-аяк турат. Түркүккө шишелүү фонарь чырак илинген.

Биз үйдүн ичин кызыгуу менен карап бүткүчө  Манап аке шашыла дасторкон жайып, бар тапканын ортого коюптур. Эскире баштаган тандыр нан, сары май, чөбөгө, кой этинен куурдак. Биз баштыгыбыздан шабдоолу, өрүк, жүзүм, шоколад, печения чыгардык. Чай үстүндө маегибиз кызыды. Бизге чейин бул үйдө түнөгөн акыркы меймандар 2000-жылы Баткенге кол салган террористтер менен кармашууда курман болгон жаш жоокерлер болуптур. Манап аке ошол күндөрү өз көзү менен көргөндөрүн айтып берди.

Андан кийин биз да өзүбүздүн таржымалды баяндадык.  Ким экенибиз, кайдан келгенибиз, Карамшинге эмне үчүн баратканыбыз жөнүндө уккандан кийин Манап акенин жүзүндө күдүк ойдун изи калган жок. Ал сөзмөр гана болбостон ырчылык өнөрү да бар экен. Элдик секетпай ырларын бийик жана уккулуктуу үнү менен ырдаганда алп тоолор жаңырыктап, түнкү сүрдүү капчыгай ойгонуп, өз тилинде күңгүрөнүп жаткансыды.

Кеч түндө уктоого камындык. Манап аке каршы болгонубузга карабай, жалгыз бөлмөсүн бизге бошотуп берип, өзү сыртта уктады. Эрте менен турганыбызда ал коюн жайытка айдап кеткен экен. Айванда жайылган дасторкондо кечкиден калган тамак-аш, термоско демделген чай бизди күтүп туруптур. Улуу тоолордун сөөлөтүнө, капчыгайдын оп тарткан түпкүрүнө сонуркап тиктегенче чай ичтик да, меймандос жана боорукер үй ээсине өтө ыраазычылык менен бата кылып, дасторконго шабдоолу менен жүзүм калтырдык.

***

​Картада көрсөтүлгөндөй жана Манап аке айткандай, мындан аркы жолубуз  тик ылдый кетиш керек. Капчыгайдын жантайма боору менен төмөндөй баштадык. Дагы деле оор жон баштыгыбыз менен шагылдуу жолдо сыйгаланып араң эле келатабыз. Суубуз да түгөндү. Сары-Жазда чек арачылар сууну үнөмдөбөсөк: “Дарыянын суусун ичип, алтын чыча баштайсыңар”, – деп эскерткен эле. Бирок чаңкоого туруштук бериш кыйын экен. Дарыянын киргилт суусун аргасыз жутканыбыздан кийин ичибиз бурап ооруп, “алтын чыча баштадык”.  

Көп узабай көк мейкиндиктин фонунан Каравшин тоолорунун чокуларын көрдүк. Алар биз болжолдогондон да жакын сезилди. “Ура-а!” деп кыйкырып да жибердик. Бул учурда көңүлүбүз көккө көкөлөп учуп, өрөпкүп турдук. Ичибиздин ооруганы да, чарчаганыбыз да унутулуп, жеңишке жакын калганыбызга ырахаттандык. Мына саякаттын чыныгы жыргалы!

Капчыгайдын түп жагында шар аккан тоо дарыясынын жээгине түшүп, көпүрөдөн өттүк да, Манап аке айткан жалгыз аяк эски жол менен суунун агымына каршы баса баштадык. Телефонума орнотулган картам көрсөткөндөй, биз Ворух анклавынан бир аз эле алыста элек. Тоолор бозоруп кургак жана  туздуу көрүнөт.  Асман тез эле бүркөлүп, бир аз жамгыр да себелеп өттү. Кийимибиз суу болбосун деп чатырыбыздын астына төшөй турган жеңил пластик килемчени башыбызга жамынган бойдон жолубузду токтобой уланта бердик. Интернет тартпаган, телефон сигнал иштебеген ээн тоолордун арасында, артыбызда Ворух анклав, алдыбызда кимге, эмнеге жолугарыбызды билбей баратканыбыздын өзү бизге кызык эле.  Бирок оозубуз бошобойт. Аз өмүрүбүздө көргөн-билгендерибизди жарыша баяндап, турмуш жөнүндө ойлорубузду бөлүшүп, сөзүбүз түгөнгүдөй эмес. Кез-кез жол четиндеги таштарга олтуруп, Кайрат үйүнөн ала келген баткен как өрүгүн жегенче  тыным алууну да унутпадык. Акыры жамгыр басылып айлана-чөйрө бат эле кургай баштады.

***

Алдыда чоң тоо турган. Ага жетпей дарыя да, жолубуз да солго бурулат деген Манап акенин сөзү эсибизде. “Ошол жерден аскердик чалгын кызматкерлерине жолугуп каласыңар”, – деген. Бир аздан кийин жолго  орточо чоңдуктагы таштар кыштай тизилип турганын көрдүк. Жолдун эмне үчүн тосулганын түшүнбөсөк да, үстүнөн аттап өтүп баса бердик. Бир аздан кийин эле, алдыбыздан аскер камуфляжын кийген адам чыга калды. Бою узун, жаш, бирок келбети сүрдүү эле.  (Бул кишинин чек ара тозотунун дарыгери Манас аке экенин бир топ күндөн кийин ушул жерде эки күн жашап калганымда билдим). Ал бизди көрүп, артына бурулуп, эки колу менен кимдир-бирөөлөргө белги бере баштады. Анысы “токтогула!” деген ишаарат экенин жоромолдодум да, Азиз менен Кайратка: “Бул кишинин артында курал-жаракчан аскерлер бизди күтүп турат окшойт. Бизди душман көрүшкөң жокпу?”, – деп тамашалай айтканым менен, жүрөгүмдө тынчсыздануу.  

Үчөөбүз тең токтобой куралчан аскерди көздөй акырын баса бердик. Ага жетерге аз калганда жанына дагы бир киши чыга калды. Бирок анын үстүндө аскер кийими жок эле. Көк түстөгү жеңил майка менен футбол ойногону кие турган шортачан жана желимден жасалган илме бут кийимчен экенин көзүмдөн өткөрүп, анан колундагы шамшарга окшош узун бычакты көрө койдум. Алар бизди үнсүз күтүп турду.  Жеткенибизде ошол бычакчан биринчи сурады:

– Не кылып жүрөсүңөр, э-эй?!

Жакын келип учураштык. Бычакчандын пешенесинде жакшы айыга элек жаракаты бар экен, ага йод сүйкөп коюптур.

– Аке, биз Оштон болобуз. Каравшиндин тоолоруна саякат жасап, эс алганы бараттык эле.

– У-у! Баягы шиш тоолоргобу? –  Бычакчан киши анча деле таң калбай сурады. Каравшинге саякат кылган адамдарды көп жолуктурган окшойт.

– Ооба, мына бул жерге, аке! – Телефонума Каравшиндин чет элдик альпинисттер тарткан сүрөттөрүн жүктөп алган элем,  аларды экөөнө тең шашыла көрсөтө баштадым. Манас аке азырынча суроо бере элек, бирок экөө тең биз менен сүйлөшкөнчө улам арт жакка карап коюп жатышты.

–  Бул жер, о-уу, алыс да! Эки күндө зорго жетесиңер, үкалар. Баштыгыңарда эмне бар? Баңгизат, курал жокпу?

– Жо-о-к, аке! Өзүбүздүн чатырыбыз, кийим, анан кичине жей турган нерселер менен эле жүрөбүз.

Баятан бери үндөбөстөн бизге байкоо салып турган Манас ака биринчи жолу ооз ачты:

– Ошол жерге барып не кыласыңар эми? – деп аябай мааниси жок иш кылып жатканыбыздай сурады.

– Аке, Каравшин аябай белгилүү жер да. Жөн эле өз көзүбүз менен көрүп келгени эле баратабыз, – Азырынча бардык суроолорго мен эле жооп берип жатам. Кайрат жана Азиз жанымда үндөбөй үрпөйүп турушат. Бычакчан чек арачы: “Дагы эки-үч күн басышыңар керек”, – деп айтканда алардын маанайы чөгө түшкөнүң байкадым.

– Акелер, биз кайсы тарап менен баралы?

Аңгыча бизди бир топ жоокерлер жана алардын командири ороп калды. Чыныгы катаал сурак эми башталды:

– Э, үкалар, силер, кимсиңер!?

– Документти көрсөтчү, тезирээк!

– Баңгизат ташып жүрсөңөр керек, а?

– Не кылып биякта? Каравшинге?

– Силер жинди окшойсуңар!

– Ал жакка дагы 3 күн басасыңар!

–Эй түшүнсөң, биз ал жакка бара берип, таманыбыз тешилди.

–Курал барбы? Тамеки берчи, бол, дейм!..

–Каяктан болосуңар? Ош, Алай, Баткен?

Кийимине караганда аскер зардалына окшогону:

– Карышкырдан эмне менен коргоносуңар? – деп сурады.

Мен ага биздин бүктөлмө чакан бычагыбызды көрсөттүм. Зардал мыйыгынан жылмайып койду:

– Ой, кокуй күн, бул менен эмне кыла алат элеңер?! Бычак деген мындай болот! – деди өзүнүн шамшарын көрсөтүп.  

Булар бийик тоолордо чек араны кайтарган өзгөчө багыттагы чалгындоочу отряд, бизче айтканда “тоо спецназчылары” экенин кийин билдим. Каравшинден өзүм жалгыз арып-азып кайтып келатканымда ушул “Кур-Бака” чек ара тозотуна туш келип, ажалдан калгам.  Алар менен бир чети жүрөк опкоолжуса да,  бир чети “кайп” алып  бир топко сүйлөштүк. Кетерибизде Каравшинге кайсыл жол менен тезирээк жетүүгө болорун сурадык. Жоокерлердин бири өзүнүн эски “Nokia” телефонунан токойлуу өрөөндү көрсөтүп, ошол жерден оң жакка – Каравшинге баруучу ашууну көздөй бурулуш керектигин түшүндүрдү.

“Кур-Бака” тозотунун жанынан өтүп баратканыбызда дагы сурак болду. Чек арачылар биздин жергиликтүү хайкер-туристтер экенибизге күмөнсүй тиктешет. Бир нече тыкыр суроолордон кийин акыры коё беришти. Тозоттун таш дубалдуу эски тамдарынын жанынан өтөрдө 2000-жылы чек араны бузуп кирип кирген террористтер менен  согуш дал ушул тозотто башталганын билдик. Бул жерде чек араны коргогон биздин жоокерлердин каны төгүлгөң.  Түн жамынып келген куралдуу душмандар чалгындоо бригадасынын жаш жоокерлери уктап жатканда аёосуз атып салышкан экен.

Бизди жолго салган жоокер таш дубалдуу тамдардан анча алыс эмес жердеги  майда дөбөчөлөрдү  көрсөттү:

– Тээтиги мазар!

Курман болгон жоокерлер көмүлгөн мазардын жанына токтоп куран окуп өттүк. Арбактары тынч жатсын! Менин мээмде террористтердин кырчындай жаш жигиттерди аткылап жаткан сцена элестейт. Жүрөктү мыкчыган кайгылуу сезим, аба оордошуп, дем кысылат. Мындай сезимге көрүстөндө, сөөк көмүүдө, тарых музейинде жана жан-дүйнөң кыйроого учураган үмүтсүздүк учурунда гана кабыласың. Биздин айланабызда рух/арбактар оролошуп жүргөнсүйт. Бул сезим-туюм акыры бир күн ачыкка чыгат экен. Ал жөнүндө кийинки аңгемемде жазармын.    

Жолубузду андан ары уладык. Маанайыбыз чөгүңкү. Мени азыгыбыздын түгөнүп баратканы, жолдун  кооптуулугу, жапайы жырткычтар, чек арачылардын мамилеси сыяктуу маселелер ойлонтуп, бирок берки экөөнө билгизгим келбейт. Кеч кире баштады. Түнөк кылганы тезирээк жайлуу жер таап, чатырыбызды тигиш керек. Жапайы өрүк дарагы өскөн жайык жерди тандадык. Биз Азиз экөөбүз чатыр орнотуп жатканда, Кайрат от жагып, колбаса кууруп кирди. Нан, мөмө-жемиш азыраак калыптыр, мындан ары үнөмдөп жешке туура келет окшойт.

Бул түндөн асман толо тунук жана чоң-чоң жылдыздардын кол сунса жеткидей жакын жерден жымыңдаганы эсте калды.

***

Эртеси Орто-Чашма тоо кыркалары менен кооптуу кыя жолдо баратабыз. Мүдүрүлүп кетсең тирүү калышың күмөн. Ошол жол менен дарыяга түшүп, кайра тоонун кыры менен жүрүп олтурдук. Анан мен коркуп келаткан көйгөй жаралды. Картада көрсөтүлгөн көпүрөнү жазгы суу ташкыны агызып кетиптир.

​Бул жөнүндө Сары-Жазда жолуктурган кишилерден баштап, Манап ака, Кур–Бакадагы чек арачылар, чабан аксакалга чейин эскертишкен эле: “Жазда дарыянын суусу көтөрүлүп, Каравшинге алып барчу эң кыска жолдогу көпүрөлөрдүн баарын агызып кетти. Ал жердеги дарыядан ат минип гана өтсө болот. Жөө өткөндө агып кетишиңер мүмкүн. Эми силер Орто-Чашмадан тоо кырка аркылуу наркы беттен ашышыңар керек”.  

Каравшинге эң кыска жол Кара-Суу капчыгай аркылуу кетчү экен. Үчөөбүздүн оюбузда “августта күн катуу ысыды. Дарыя тайыздап калгандыр. Көпүрө жок болсо дагы суунун агымы анча күчтүү эмес бир тайыз жер таап, ошол жерден өтүп кете аларбыз деген үмүт бар эле. Бирок бул оюбуз ордунан чыккан жок. Жолубуз буркан-шаркан болуп аккан чоң дарыяга келип такалды. Күргүштөгөн агымын көргөндө эле кечип өтө албашыбызды түшүндүк.  

Ошол жерде Азиз энтиге дем алып, жээктеги ташка отура калды:

– Мына, айткандай эле көпүрө жок экен. Артка кайтып, үйгө эле баралык, – Анын доошунан жана жүзүнөн жеңилүү сезилди.

– Арканыбыз бар го. Ар бирибиз белибизден байлап, кечип өтүп көрсөкчү? – дегенче абалдан чыгуу жолун сунуштадым.

– Кой, э! Көрүп жатасың го дарыянын акканын…

– Азамат аке,  аркан жардам бербей, агып кетишибиз мүмкүн, – Кайрат да чегине баштады.  

– Жүргүлө, Орто-Чашма аркылуу карап көрөлүк, – деп алардын духун  көтөрүүгө  аракет жасадым. Менин кандай болбосун Каравшинге жетмейинче артка кайтуу ниетим жок эле.

Сүйлөшпөй баратабыз. Чоң дарыяга жеткенде айтылуу шиш чокулары алыстан болсо да көрүндү. Ар бирибиз эстеликке сүрөткө түшүп алдык. Азиз: “ Ушунча жол басып келгеним жана узактан болсо дагы Каравшинди көрүп, сүрөткө түшүп алганым мен үчүн чоң жетишкендик”, – деп кетүү оюн дагы бекемдеди. “Мен болбой калдым. Ал жердин жолун билбейбиз го. Дагы эки ашуу бар деп айпадыбы, мен эми баса албайм”, – деп кошумчалады.

Кайрат да ага кошулду:

–  Азамат аке, жакшы эле кыдырып койдук. Үйгө эле баралычы?

– Жарым жолго жеттик, эми ушунча алыс жерге келип, жөн эле кетип калабызбы? – деп мен көпкө чейин күйүп-бышып экөөнү ынандырып жаттым.

– Азамат, мен сени кийинки жылы Каравшинге өзүм алып барам. Азыр үйгө эле кайталы!, – деди Азиз чечкиндүү.

– Азиз! Кайрат! Каравшинге жакын эле калды. Аракет кылып, эртең жетип алабыз. Эмнеге кийинки жылга жылдырышыбыз керек!?

Азиздин кала турган ою жок:

–  Ал жерди жакшы билбейбиз. Карышкыр бар деди го чек арачылар, а биздин коргоно турган эч нерсебиз жок. Тамагыбыз да түгөнөйүн деп калды.

– Азамат аке, эми коюңуз, сизди жалгыз жибере албайбыз. Бирге эле кайталыкчы?

Мен Азиз менен Кайраттын айткандарын уккум келген жок. Каравшинди көрүү максатымдан баш тарта алмак эмесмин. Өзүм жалгыз болсом дагы, ал жерге жетип, дүйнөдөгү өзгөчө шиш тоолорду жакындан көрмөйүнчө көксөөм суубасын билип турам.

Кантсе да кыйылып коштоштук. Экөө кетеринде “эмне бар, эмне жок” дешип мени сүрөткө тартып алышты. Азиз мага бычагын, нан жана акча калтырды.  Досторум менен эки айрылыш жолго түшкөндөн 5 мүнөттөн кийин алардын караанын капчыгайдын ичинен акыркы жолу көрдүм.

***

Өзүм жалгыз калганымда коркунучтуу боло түштү.  Тажикстан менен чектеш ээн тоолор, телефон байланыш, интернет, же шеригим жок, ийинимде 20 кг жүк. Төбөдөн күн кактап тийип турат. Капчыгай ичи таң каларлык жаңырыктайт экен. Кез-кез белгисиз жаныбарлардын доошу угулат. Жол четинен арапча сөздөр чегип жазылган таштар кездешет. Баткендин тоолору Ооганстанга окшоштугун байкадым. Таш дубалдуу ээн калган үйлөр көп экен.

Жалгызсырап зеригүүдөн жол да арбыбай койду. Whatsappка сактап койгон  үңдөшмө каттарды уга баштадым. Айрыкча апамдын сүйлөгөн доошу жүрөгүмдү элжиретип, мага күч-кубат берди. Алтын апам, менин кандай абалда калганымды билбей эле коюңуз! Сиз үчүн сөзсүз аман-эсен кайтып барышым керек! Муну ойлогондо кайратыма келип, кадамымды тездеттим.

Күн уясына батарда чоң дарактын түбүнөн түнөй турган жер таап, чатырымды орноттум. Жанымда кичинекей булак шылдырап агып турат. Булак суусунан таш очокко чай кайнатып, шам-шум эткиче түн да кирди. Кол шамды, powerbanks, фотоаппарат менен телефонумду текшерип, бычагымды жаныма койдум.  Чатырдын оозун байлап, жолдон таап алган жыгач таяк менен бекиттим. Караңгы түндө көзүмдү жумсам эле карышкыр, чөө, жин-шайтандар элестейт. Аларды оюмдан кубалаш үчүн чарчаганча кыйкырып ырдадым. Качан уйкуга кеткенимди билбейм, ойгонсом таң атып калыптыр. Эки сааттан кийин Орто-Чашма өрөөнүнө жеттим. Бул жердин жаратылышы бир топ кооз экен. Бир-эки жылкы оттоп жүрөт. Аларды көргөнүмдө  анчейин жалгызсырабай калдым. Чек арачы жоокер телефонунан көрсөткөн даракты издеп таап алганымдан кийин Карамшин багытында туура баратканыма көзүм жетти. Таң каларлык шиш чокулуу Керавшин тоолорун тезирээк эле көрүүнү кааалаганым ушунчалык, чарчап-чаалыканыма карабай токтогум келген жок.  

​Аңгыча артымдан келаткан атчандарды көрө койдум. Эки атчан эркек бирден куржун артылган үч бош атты жетелеп алыптыр. Кыргыздар экен, же мергенчилер, же альпинисттерди коштоочулар. Мен адам көргөнүмө аябай сүйүнүп кеттим, бирок алар карап да койгон жок.

​¬– Ассалому алейкум! Каравшингеби?

Менин кубанычтуу саламыма алдыда келаткан атчан баш ийкемиш болуп үндөбөй өтө берди. Экинчиси да башын үнсүз ийкеп, “ооба” дегендей ишаарат кылды, бирок токтогон жок. Мен алардын артынан чуркап жетип, жалдырай өтүндүм:

– Аябай чарчадым. Бир атка учкаштырып алыңызчы, акелер?!.

Арткы атчан бурулуп, көз ирмемдей ойлоно түштү да:

– Бул аттар альпинисттерге барат. Болбойт! – деп коюп кетип калды.

Жолоочулардын бул жоругуна ишенгим да келген жок. Мерес адамдар көп, бирок жан адам жок алыскы жапайы бийик тоолордо, көп күндүк татаал жолдо эрбеңдеп келаткан жаш балага колдон келер жардамын кантип аяшканын ушул күнгө чейин түшүнбөйм. Жүгү жеңил бош аттардын бирине кантип эле бир адамды миндирип алууга болбойт эле?!

Мен бардык күчүмду жумшап алардын артынан чуркап жөнөдүм. Адамда уктап жаткан ушундай бир кудурет-күчү болот экен, муну өз башымдан өткөрбөсөм ишенбес элем. Атчандарды жөө кантип кууп жеткенимди билбейм, а түгүл алардан ашып да кеттим. Алдыга өтүп дем алганы олтурсам мага жеткенде бир сындырым нан менен бир ууч өрүк как сунушту. Ызаланганым ушунчалык, терс бурулуп, албай койдум. Алардын көз алдымда калган кебетелери кимдир-бирөөгө аябай окшош эле, бирок  кимге экенин эстей албадым. Бир чети көңүлүм ооруп, бир чети жиним келгенден күч менен демиге басып, ашууну көздөй жолумду уланттым.

Ошол учурда мен күтпөгөн керемет көрүнүш болду. Кайдан-жайдан чыга калган тоо текелеринин үйүрү бир кырдан экинчи кырга карай чуркап өтүп баратты. Кылыч сыяктуу мүйүздөрүн кайкалатып,  келишимдүү тулкусун түйүлтө элире чуркашы өзүнчө укмуш көркөмдүү экен. Мен бул кайберендерди биринчи жолу тирүүлөй  көрүшүм эле. Кубанычым койнума батпай кыйкырып жибердим:”Кийикте-ер!”. Атчандар да токтой калып, дүрбү менен карай баштады. Экинчиси мылтыгын оңтойлотту. Бул маалда тоо текелери зоокалуу жантаймада таштан-ташка секирген бойдон көздөн кайым болду. Атууга үлгүрбөй калган атчандарды кимге окшоштурганымды эми түшүндүм. Алар Чынгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасындагы “мергенчи”-каракчылардын өзү эле. Бул окшоштукка чын жүрөктөн аябай жыргап күлдүм да, деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктиктеги Кош-Мойнок ашуусунун кырына жакшы маанай менен чыгып бардым. Бул Каравшин жолундагы эки ашуунун акыркысы эле. Эми ылдыйлап, капчыгайга түшүшүм керек. “Ал жерден көпүрө бар, андан  өтүп, бир аз жүрсөң Адыл деген чабандын тамын көрөсүн. Ошол жерге түнөп калсан болот”, – деп айткан эле Манап аке.

Караңгы киргенге чейин бир сааттай убакыт калды, ошондуктан шашылуу керек. Мында да Кудайымдын колдоосу менен 40 мүнөттө ашуудан түшүпмүн.

Эми дарыядан оң жээкке өтүшүм керек. Балээ басып көпүрө көрүнбөйт. Күн батып, күүгүм кирейин деп калды. Дүрбөлөңдүү сезим менен бадалдуу жээкте өйдө-ылдый басып көпүрөнү издедим. Бир топ ылдый кетип калган окшойм. Жолдун так ортосунда токочтой болуп түйүлүп жаткан жыланды капыстан көрө койдум. Менден жарым метр эле алыста. Байкоостон тепсеп алышым мүмкүн эле.  Ажыдаардыкындай жалпак башын көтөрө, заардуу жана митайым көзүн мага кадап күтүп тургансыды. Жүрөгүм “болк” эте түштү. Оозума келме келиптир. Келмени тез-тез кайталап айтканча акырын артка чегиндим, а өзүм жылан менен арбаша тиктейм. Көзүмдү жумсам эле кол сала тургансып сезилет. Кыйла алыстап кеткенимде дилиме бир ой келди: Бул жылан аркылуу Жараткан мага  белги берип жүрбөсүн! Менин жолдон адашканымды эскертип жаткандыр? Артыма кайтып, көпүрөнү жакын арадан эле издесем окшойт. Чын эле артка бурулуп,  сол жагымды карасам бекем курулган жыгач көпүрө турат. Жаратканга чексиз ыраазычылык билдирдим да, кубанганымдан көпүрөдөн чуркап эле өттүм.

Бул убакытта караңгы кире баштаган. Тез-тез басып, бурулушту айланарым менен таш дубалдуу там жана кой короо көрүндү.  Эшик алдында жүргөн киши алдымдан тосо басты:  

– Дуруссузбу, тууган?

Кандай гана мээримдүү сөз: “Дуруссузбу, тууган?”. Бул жылуу сөзгө эрээркегендиктен, жооп берүүгө алым келбептир. Ал суроосун дагы кайталады.

– Кудайга шүгүр, жеттим акыры… – дедим шыбырай.

–  Үйгө кириңиз. Чай ичелик.

Мен ыраазы боло баш ийкедим. Таштан курулган үйдүн ичинде беш адамды көрдүм. Алардын ичинде бая мени таштап өтүп кеткен атчандардын бири олтуруптур. Калгандары мени тосуп алган Миңбай акенин уулу жана Адыл, Баказ акелер менен чай үстүндө тааныштык. Жайкысын Баткендин Актатыр айылынын келип, Каравшин жайлоосунда кой багышат экен. “Мергенчи” биздин сөзгө кошула албай, жер караган бойдон үңкүйөт. Ал мага бош атын мингизүүдөн баш тартканы жана жөө кыйналып жеткеним үчүн үй ээлеринин алдында уялып турганы байкалат.  

Миңбай акенин үйүндө өткөргөн бул кайрымдуу жана ыкластуу кечти эч качан унутпайм. Менден шектенүү, же күдүк суроо берүү алардын оюна да келбегендей. Ачык-айрым сүйлөшүп, кечки оокатка бышырган шөөланы бирге жедик. Ысык чай мага жан киргизди. Аларды банкада дымдалып бышкан балык менен сыйладым. Миңбай аке менен уулу кой багуу кезмети бүткөндүктөн эртең айылга кайтышат экен. Алар апамдын телефон номерин жазып алып, айылга жеткенде менин аман-эсендигим, үйгө бир-эки күндө кайтып каларым жөнүндө кабарламак болушту. Уктарда үйдөн орун сунуштаса да, сыртка чатыр тигип жаттым. Акыркы үч күндүн ичинде башымдан өткөн окуяларды бирден талдап, өзүмө сиңиришим үчүн жалгыздык керек эле. Мен акыры Каравшинге жеткениме жана бул тоолордун түбүндө уктаарыма дагы деле ишене албай турам.

***

О, Кутман таң!  Менин 18 жылдык өмүрүмдөгү  эң сулуу, эң унутулгус, керемет  таң!

Бул бул өзгөчө таңда өзүмдү чындап бактылуу сезип ойгондум. Миңбай аке таңзаарлап эле уулу менен айылга кетиптир. Баказ менен Адыл акелер эрте мененки нанүштөдөн кийин отор койду караганы жайытка жөнөштү. А мен Каравшин тоолоруна бет алдым.  

Мынакей, акыры кыялыма жеттим! Керавшин укмуштай сөөлөттүү экен! Бул Патагониялык аска-чокуларды өз көзүм менен жанынан көргөнүмө ишене албай турам. Мен мектепте география окуу китеби аркылуу тааныган 5509 метр бийиктиктеги Пирамида калыбындагы чоку көк мелжийт. Көркү менен сөөлөтү жүрөк титиретет. Дүйнөдөгү эң бийик жана шиш чокулардын түбүндө турам деп качандыр ойлодум беле!

​Асман тиреп зыңгыраган алп зоолорду көзүм тойгончо тиктегенден кийин айланасын кыдырып көрүүнү чечтим. Баары: ачык асман, тунук булактар, токойлуу өрөөн менин кубанычыма ортоктош болгонсуйт. Сол жактан мөңгүнүн тили салаңдап, андан күңгүрөгөн кубаттуу доош жаңырыктайт. Мөңгү бут алдымдан күркүрөйт, озондойт, онтойт, кыркырайт – айтор дооштордун оркестри! Денеңди дүркүрөтүп, үшүңдү алат. Айланада бир да жан жок, улуу жана жапан табияттын койнундагы жалгыздыктын апкаарыткан сүрүн сезесиң.  

Көпкө чейин кетким келбей айланып басып жүрдүм.  300 метр бийиктикте ачкарын басып жүрүү кыйын экен . Жанымда нан менен колбаса бар эле, бирок алар көңүлдү айланта баштаган. Каравшинди кайра-кайра сүрөткө тартып, артка кайттым. Келе жатканымда дарыянын аркы тарабынан альпинисттердин 3-4 түстүү чатырларын көрдүм. Каравшинде акыркы сезондо калышкан орусиялык альпинисттер экен.

Кош, Каравшин! Сен эң керемет жана оңойлук менен  багына бербес  бийиктик экениңе ынандым. Сен – менин биринчи чоң жеңишим болдуң! Буюрса, дагы сөзсүз келем деп ниет кылдым!  

***

Ошко кайтканымда апамдан кийин эле жолуккан адамдар – бул Азиз менен Кайрат болду. Алар мага аябай кабатырланышыптыр. Каравшинге жетпей калышканына өкүнүчү экөөнүн тең жүзүнөн байкалып турду.

– Азамат, сен ошондо бизди жакабыздан сүйрөп болсо да ээрчитишиң керек болчу, – деп тамашалады Азиз.

– Ка-ап,Азамат аке, баягы жерде сизди эле угуп, жаныңызда баса бермепмин да,  – деп Кайрат айтат.

– Эми мен силерге эч качан жамандык каалабайм. Жалаң гана жакшы нерсени сунуштайт элем. Меники туура болуп чыгыптыр да. Кийинкисинде ошол катаны экөөңөр тең кетирбейсиңер деп ойлойм, досторум. Турмушта ар бир күрөш менен гана жетүүгө болорун эске туткула! – дедим.

Ошо менен көңүлүмдөгү капачылыгым жуулуп кетти да, анан үчөөбүз кезектеги саякатты кайдан баштоону талкуулоого кириштик.

About the author

Жазуучулар Союзу