Атантай Акбаров: Ата Журт да акынын сакташ керек!.. Акын деген – Мекендин визиткасы

Акын деген – булбулдун түп нускасы

Теңдик дешип карманып Теңир сөзүн,

Теңдик үчүн жол чалып, кыйнап өзүн.

Башкалардын жүрөгүн сакайтам деп,

Жаралашат акындар жүрөктөрүн.

 

Чындык калып, чындык деп акын өлсө,

Акын каалайт калкынын ойгонгонун.

Эл укугун талашып тирандардан,

Таланттардын көп көрдүк шорлогонун.

 

Ыйман калып, ыйман деп акын өлөт,

Ыймандуу бий калкына жакын келет.

Акын деген сатылбайт базарларда,

Сатылгандар болсо, алар акын эмес!..

 

Аялдарды урунуп буюм сымак,

Гарем куруп, шах, султан турса куунап,

Аялзатын акындар даңазалап,

Алып чыгат бийикке дастан курап.

 

“Түшпөс каган – билсеңер эл болот!..” – деп,

Түпкүлүгүн түз карайт акын көзү.

Акын жарчы Сүйүүгө, Жакшылыкка,

Акын деген – ак үн бул, элдин сөзү.

 

Ата Журт да акынын сакташ керек!..

Акын деген – Мекендин визиткасы.

Бүт дүйнөгө таанытып жүргөн калкын,

Акын деген – булбулдун түпнускасы,

 

Акын деген – булбулдун түпнускасы!..

 

Бейтааныш кыз

Сүйүү жүрбөс бир жолдордо чатышкан,

Сүрөтүңдү көрүп калдым капыстан.

Ысып, ыс-ып, ыс-с-ып кетти жүрөгүм,

Ыргып чыга жаздап кетти капыс жан…

 

Бейнең калды карегиме урунуп,

Бекиниптир мен издеген жылуулук.

Мен өксүйүн… жолукпаган бойдон кал,

Мен эч качан жолукпаган сулуу кыз.

 

Адамдардын созсо колу урунуп,

Ай-ааламга толуп турсун сулуулук.

Арман жутуп жашасам мен жашайын…

Аруу жашап, бактылуу бол сулуу кыз!..

 

“Тентектенип” эч айыпсыз сүрөтүң,

Тең жарымын айрып кетти жүрөктүн.

Сен жолукпай калганда да жүрөсүң,

Жараланган толтосунда жүрөктүн.

 

Азаптанттың биле электе атыңды,

А жолугуу… сурайт өмүр-жашымды.

Көрө электе жүрөгүмдү айрыттым,

Көрүп калсам… жоготомун башымды.

 

Сүрөт

Колумдагы сүрөтсүң,

Козгоп cүйүүм жүдөттүң.

Көзүң тиктеп олтурсам,

Көңүлүмдө гүл өстүм.

 

Өлчөп берген өмүргө

өмүр кошуп жүрөсүң.

Жомок эмес мүрөк суу,

Жоодур көзүм мүрөксүң.

 

Жаттап алып күлкүңдү,

Жадырайт да, күлөт Күн.

Түйүп алсам жаныма,

Жанымды ээлеп жүрөсүң.

 

Колумдагы сүрөтсүң,

Коюнума түнөттүм.

Сүрөттүгүң унутуп,

Суусап кетип бир өптүм.

 

Тоо жана топчу

Сезимимди сел алды…

Таканчыктап көр гана!..

“Жаным, сени сүйөм!!!” – деп,

Айткым келген жөн гана.

 

Сырдуу күчкө таң калдым,

Мококмун деп ардандым.

Балатыга байланган

Оюнчукка айландым.

 

Жыргал десем бул өмүр,

Сүйүүсүз бир кеп экен…

Аруузатым өзүңсүз

азаптандым мен эчен…

 

Айтар кебим айта албай,

Карек талып тигилдим.

А сен тамчы жаш болуп,

Кирпигиме илиндиң…

 

Тоо өңдөндү бул сүйүү,

Томкорулду ичим миң…

Тоодой сүйүү астында

Топчу өңдөнүп кичирдим

 

Боз үй

Улут үчүн баш сайган жигиттердей

ууктары түндүгүн тиреп турат.

Керегелер кеменгер айымдардай

биримдикти билинбей ширеп турат.

 

Ак боз үйлөр келиндин мамасындай

айсыз түндө өмүргө жарык берет.

Алоолонуп жанган от коломтодо,

абалтадан көчмөндү багып келет.

 

Үзүк, туурдук эненин кучагындай

жан дүйнөңө жылуулук берип келет.

Айлап ырдап боз үйдү бүтө албайсың…

Анык сырын көчмөндөр сезип келет.

 

Акыл, эрдик, мээрим… түр көркөмдүктө

ширелишет боз үйдө жасалгадан.

Чексиз аалам ченемсиз кичиртилип,

Кереметтүү боз үй деп атак алган.

 

Боз үй деген – символу айкөлдүктүн,

Боз үйлөргө кулпулар салынбаган.

Соңку малын берсе да союш кылып,

Андай бакыт көчмөнгө табылбаган.

 

Бабалардан урпакка жеткен боз үй,

Миң кылымды бир аттап өткөн боз үй.

Жаңы конуш кыргызга керек болсо,

Жан киргендей чокуга… көчкөн боз үй.

 

Комуз күүсүн укканда калкып коюп,

Кымыз сунуп, эт-чучук тартып коюп,

Космосто да келет мен конок күткүм,

Ак боз үйдүн эшигин ачып коюп. …

 

Кор кылбастан урпактар боз үйлөрдү,

Космоско да алпарып алса болот.

Конок кылгым келгени адамдарды

Космосто да өмүргө адам конок.

 

Космосто да өмүргө адам конок…

 

Жүрөгүм сынды, таңа албайм…

Наристе десе наристем,

Периште десем периштем…

Чырагым, сендей Үр кыздар

Чыкчы эмес мурда Бейиштен.

 

Чачтарың, кашың, кирпигиң,

Чакырган менен кирсизим.

Арстандай жүрөк алдастап,

Анделек болду бир тилим.

 

Солуктайт сезим канаган,

Соо калбас сени караган.

Өкүрүп турган жанымдын

Өксүгүн укпас жан адам.

 

Кагылам сенин көзүңдөн!

Караган жанды “өчүргөн”…

Ажайып пери өзүңсүң,

А Үр кыз сенин көчүрмөң!!!

 

“Сүйөм!” – деп сага бара албайм,

Сүйгөнүм дагы тана албайм.

Сындырсам колум таңмакмын,

Жүрөгүм сынды… таңа албайм.

 

Мас болгон жаз

Арстандай күн күркүрөп,

Асманды тилет бүркүт.

Буралып турат гүлдөр,

Булбулдүн күүсүн күтүп.

 

Күнү-түн жаз тосушуп,

дарактар турат жылбай,

бир дагы Президентти

тосушпайт алар мындай.

 

Булактар каткырышып,

Башталды күлкү тою.

Тестиер оозун күлкү

кулакка чейин чойду.

 

Турналар – учкан гүлдөр,

утурлап ушул жазды,

Дирилдеп турат желге

чөптөрдүн жашыл жаны.

 

Булуттар – ак чач кемпир,

конокко барат, конбойт.

Кумарлуу жүрөктөрдөй,

Куушуп кулун ойнойт.

 

Жаз – “жинди” жаштыкка мас

ээленип, эркин күлүп,

Көчөгө алып чыкты,

Кыздарды чечиндирип.

 

Өтөр Кыш Жаз көркүнө

өрттөнүп, эрип кетти.

Өлүмгө кайыл болуп,

Өз жанын берип кетти.

 

Табыт – муз “тарс” жарылып,

Өзөндөр тирилишти.

Адамдар кетсе, келбес…

Көрктө, Жаз, тирүүлүктү!..

 

Көрктө, Жаз, тирүүлүктү!..

 

Улуу жол

Бариктери, мөмөлөрү күбүлгөн,

Бактай болуп качып турса кунарым.

Көзүн менден ала качып үмүт да,

Катарымда тартты кайгы кыягын.

 

Бакыт келсе, баш кийимин илүүчү

илгич окшоп мен тарбайып тургамын.

Мына бүгүн Сүйүүм келип капилет,

Жүрөгүмдүн “жарк!” жандырды чырагын.

 

Ыйык сүйүүм, ыргап турган урааным,

Сезмек эмес сенсиз эч ким убалым.

Ашыгымдын арзуу кебин укканда,

Арашандай оргуп кетти кумарым.

 

Сезим гүлдөп алма бакка айланып,

Азыр мына бүр байлаган турамын.

Кел аруу кыз, кол кармашып сен менен

Сүйүү үчүн улуу жолго чыгайын!..