Сын

Аскар Медетов, сынчы: “ Поэзиядагы жаңы муундун Музасы”

 

Эгемендүүлүктүн келиши менен адабиятта да жаңы турмуш башталды. Коммунисттердин бийлиги кулаган соң цензура жоюлуп, идеологиясы да кан буугандай токтогон. Жаңы бийлик адабиятка космополиттик мамиле жасап, мамлекет акын-жазуучуларга материалдык жагынан кам көргөн, алардын чыгармачылыгына шарт түзгөн жоопкерчилигин өзүнөн толук алып салды. Мамлекеттик басмалар менен бирге “Ала-тоо” журналы, “Кыргызстан маданияты” гезити каржылоосу жок калып, жабылды. Анан мамлекеттин  адабият менен иши болбой калды дейин десең, негизинен Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, Ч.Айтматов, С.Эралиев сыяктуу адабияттын классиктерине берилип келген ардактуу наамдарды 90-жылдары бийлик чачыладай эле таратып, “эл акыны” деген жогорку  наамды Э.Ибраев, Э.Турсунов, Т.Мамеев, Н.Алымбеков сыяктуу ортозаар акындарга, “эл жазуучусу” наамы Ш.Абдыраманов, М.Тойбаев, З.Сооронбаева, К.Сактанов сыяктуу халтурщик жазуучуларга ыйгарды. Ошо менен кароосуз калган адабият чөйрөсүндө хаос башталды. Жакшы менен жамандын айрымасы болбой, бул аты улук наамга татыктуусу да, татыксызы да ала берип, алардын саны азыркы күндө  жүзгө жакындап калды.

Андан бери чейрек кылым  өттү. Негизи “кой үстүндө торгой жумурткалаган заман”  болсо, отуз жыл үч адабий муундун өсүп жетилишин шарттай турган мезгил аралыгы. Бирок коррупциялашкан бийликтин кесепетинен КМШ өлкөлөрүнөн өнүгүү жагынан артта калып, мамлекеттик төңкөрүштөрү менен дүйнөгө атагы чыккан, экономикалык, каржылык  туңгуюктан башы чыкпаган Кыргызстандын шартында адабий муундун калыптанышы кыйынга турду. Ошентсе да адабиятка мамлекет тарабынан аз-аздап көңүл бурулуп, Тил комиссиясы, Кыргыз патент тарабынан аз болсо да китептер чыгарылып, акыркы жылдарда жеке жана юридикалык тараптар сүрөөнгө алып, кам көрүлө баштады.  Экс-президент Р.Отунбаеванын демилгеси фонду он беш акындын поэзия кечелерин өткөрүп, ага жүздөн ашык акындар катышкан.  Акындарга А.Осмонов, Б.Сарногоев, Ж.Мамытов, Ж.Абдыкалыков, Т.Муканов, Ч.Турсунбеков, З.Ажыматов  атындагы сыйлыктар ыйгарылып жатат. Бул кайсы бир деңгээлде адабий процесске оң таасирин тийгизип, жаш акындардын чыгармачылыгына жакшы эле мотивация болууда.

Постсоветтик мезгилдеги жаштар поэзиясында тематикалык жаңылануу болду. Ал эми көркөмдүк-идеялык, жанрдык, стилдик, чектери кеңейди деп айтыш кыйын. Ал турсун жардылана түшкөндөй да сезилет. Анткени азыркы поэзияда сатира жанры жоголду, дегеле тамсил жазган киши жок,  поэма жанрында да изденген авторлор көрүнбөйт.  Жаштар поэзиясы   граждандык лирикага, анан, албетте, арзуу лирикасынан күчүн чыгарып жаткан кез. Дегеле постсоветтик мезгилде адабияттын астанасын аттаган авторлор тууралуу бир бүтүмгө келиш кыйын. Анткени алардын поэтикалык изденүүлөрүндө бир багыт, же бир мүнөздүү көрүнүштөр, тенденциялар байкалбайт. Бир нукка түшпөгөн адабий турмушта алардын чыгарган “тырмак алды” китептеринен кийин эле акын деген ардактуу наамга ээ болушат. Мурдагы заманда  жаштардын чыгармачылыгы пионер гезитинен башталып,  андан нары жаштар гезитинен улантылып келген. Ошол гезиттердин адабий кызматкерлери жаш талапкерлердин алгачкы сынчылары болуп, алардын ийгилик кемчиликтерин  көрсөтүп, кеп-кеңештерин бере турган.  Ошон үчүн таланттуу акын Аман Токтогулов “Университетте окуп жүргөндө  дүйнөдөгү эң бактылуу адам деп мен “Ленинчил жаштын” адабий кызматкери Нурпаис Жаркынбаевди эсептечүмүн. Себеп дегенде биздин ырларга жарайт, же жарабайт деген бааны мына ошо киши берчү.” (“Кыргызстан маданияты” 13.09.1990) деп өзү башынан өткөргөн жаш акын кезин эскерип жатпайбы. Андан кийин “Учкун”,”Жалын” сыяктуу альманахтарга чыккан соң барып анан жаш акын торолуп, калеми төшөлүп калганда   “Жаштар үнү” сериясынан жупкадай китепчеси чыгып, жаш автордун ырлары бир сыйра электен өтүп, “саман-топонунан” арылгандан кийин гана окурмандын колуна тийе турган. Андан кийин үч-төрт китеби чыгып, адабий жыйын, пленумдарда сөзгө алынып, китеби талкууланып, Жазуучулар союзуна мүчө болгон соң калемгер “жаш” деген эпитеттен кутулуп, акын аталып, адабияттын  кан жолуна түшө турган. Бул бери дегенде он, он беш жыл убакытты алчы. Азыр “ жаш” деген эпитет ыр жазгандарга карата колдонулбай калды, гезитке, же интернет желесине биринчи ырын жарыялаган автор да  өзүн “акын” деп тааныштырат. Иши кылып, азыркы жаш акындардын чыгармачылык жолу “калыптануу”, “жетилүү” деген процесстерди кыйгап өтүп, баары эле асмандан даяр акын болуп түшө калгандай болуп жүрүшөт.

Азыркы авторлор сыясы кургай элек ырларын интернетке жайгаштырып, поэзиянын ак-карасын ажырата албаган чаласабат окурмандардын куттуктоолоруна маашыркап, күндө бир маал мактоо укпаса башы ооруй турган акындар пайда болду. Мындай калемгерлер өзүн поэзиянын бир жагын чойгон чыгаан акын катары сезип,  дагы жаңы “ачылыштарды” жасайм деген жалган иллюзия, куру дымак менен жашап, коомчулукта жасалма каада күткөнү менен анын “күлүгү” топтон алдыга суурулуп чыга албай көптүн арасында чаңга аралашып, келатканы менен иши жоктой…

Азыркы учурда  баш сөзсүз ыр китеп чыкпай калган, жаш авторго ак жол каалап, мактоого тундуруп, “бата” берүү модага айланды. Жалаң жылуу сөз айтып, көтөрө чалып мактаган чолок рецензиялар да көбөйдү. Бирок жаш автордун ырларындагы оркойгон кемчиликтерди, эпигончулуктан өйдө көтөрүлө албай жаткан бечелдигин айтайын деген ниет эч кимде жок.  Демократиянын, сөз эркиндигинин заманында калыстык көмүскөдө калып, калпты чындай, аксакты тыңдай кылган көз боёмочулук күчөп турган кез. Болбосо,  бир кезде поэма жанрын жаңы деңгээлге көтөргөн, поэзияда чоң жаңылык, этаптык чыгарма болгон С.Эралиевдин “Ак мөөр” поэмасынын көркөм — эстетикалык табиятын кылдат талдап ачып берүү менен бирге чебер сынчы К.Укаев  кемчиликтерин да көзгө сайып көрсөтүп берген эмеспи. К.Укаев  классикага айланган бул макаласында ортозаар чыгармаларды бир беткей мактаган рецензенттерге окшоп, субьективизмге, меркантилизмге  берилбей чындыкты туу тутуп, принципиалдуу позициясынан тайбай поэзияга нукура искусствонун таламынан мамиле кылган. Азыр болсо, адабиятта жагымпоз сындын арааны жүрүп,  авторлорго чындыкты айтканга караганда, бир жактуу мактоолор көп болуп, адабий сынга кара кылды как жарган калыстык жетишпей жатканы ырас.

Эми ошол макталып жаткан жаштар поэзиясында эски канондорду бузуп, көркөм-эстетикалык салттардын жаңыланышы, жаңы сапаттык белгилердин пайда болушу сыяктуу көрүнүштөр болдубу? Окуя болчу ыр китеп, же бир көзгө толумдуу эмне бар? Сан жагынан алганда азыркы учурда жүздөн ашык жаш авторлор китептерин чыгарып, интернетке, гезиттерге, Кыргыз патент чыгарган “Саамалык” альманахына ырларын байма-бай жарыялап келатышат. Мезгил бир ордунда турбайт эмеспи, биз “жаш” деп жаткан муундун улуулары эр ортонуна келип, 25-30 жылдан бери чыгармачылык менен алпурушуп жүрүшсө, кичүүлөрү отуздан ооп, кырктын кырына келип, он беш жыйырма жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап келаткан авторлор. Жетилиши узакка созулган бул муундун  жашы жана чыгармачылык тажрыйбасы жагынан  улуусу Ж.Касаболотов. Анын алгачкы ырлары 90—жылдардын башында эле жарык көрө баштаган. Андан кийин З.Ажыматов, Н.Калыбеков, А.Эгембердиева, М.Алымбаев, А.Исмаилов, Н.Осмонова, А.Бакирова, М.Молдалиева, Ж.Жамангулова, К.Жакыпова, К.Жакыбалиев, Н.Өмүрбаева, М.Касейинова, Г.Мыйзамбекова, Ж.Турсунбаев, А.Кубанычбеков, Б.Жамгырчиев, М.Алтымыш уулу,  М.Жангазиев сыяктуу окурман журтуна таанылып калган акындардын чыгармачылык тушоосу кесилди.

Постсоветтик мезгилдеги демократиянын шарданы менен  массалык маалымат каражаттары жана информациялык технологиялар аркылуу зордук-зомбулукту, залимдикти, бузулган жашоо-турмушту, ыймандан кур жалак калган абийирсиздикти, ата-жотосун тааныбаган маңкуртчулукту, наадандыкты, каразөгөйлүктү даңазалаган  чет элдик фильмдерди, картиналарды, клиптерди кеңири жайылткан массалык маданияттын ташкыны каптап, кудайдан жөө качкан ар кандай диний секталардын идеологиясы ээн эркин жойлогон, мурда аздектеп келген баалуулуктар кыйрап, батыштын дөөлөттөрү басымдуулук кылган, идеялык жана моралдык ориентирлер алмашкан,  массанын руханий  дүйнөсү жардыланган, ушундай чакчелекей кымгуут, “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп жаткан мезгилде поэзияда  жаңы муун өсүп чыкты. Бул алардын  чыгармачылыгына кайсы бир деңгээлде тескери таасирин тийгизгени ырларынан көрүнүп турат. Жаш акындар ушундай башаламан заманда  коомдо толгоосу жеткен проблемаларга реакция кылып, граждандык лирика багытында изденип келатышат. “Мен — кыргыз!”—деп кыйкырып, төшүн кагып, даңазалуу ата-бабалардын урпактары экенин жар салган, кыйынчылыктан элди-жерди жомоктогудай баатыр келип куткарарын күткөн, туталанган, куру намыстан башы жарылайын деген авторлор четтен чыгат, эне тилдин көйгөйлөрүн көбүртүп декларациялаган ырлар мындан да көп. Жаштар поэзиясынын талуу жерине айланган мындай “балалык ооруу” менен оорубаган жаш авторду табыш азыр кыйын. Ошон үчүн кезинде Зайырбек Ажыматов:

Иргелбеген чар саптарга илээшип,

Илкип араң келатабыз, курдаштар. — деп калемдештерине бекеринен кайрылган эмес да. Анын сыңарындай Эрлан Жумагазиев:

Айкөлү жок тентигенди жыйнаган,

Ата-Журттан бозуп жүрөт кыйла жан.

Ал ансайын казынаңды эңшерет,

Ач көз бийлик калктын муңун туйбаган.—деп (Э.Жумагазиев “Машакат өмүр”, 2017) жазса, Назгүл Осмонова:

Калкым десе даяр турган казатка,

кабылан мүнөз азаматың каякта?

Араңарда жокпу кыраан Каныкей,

кыйчалышта тээк болгон Манаска?—деп (Н.Осмонова “Чаалыккан кыялдар”, 2014) риторикалык суроо таштап, бештен  белгилүү чындыктарды чүргөсө,  ырдала берип куну кеткен, көп кайталанып тамтыгы чыккан мындай мотивдер   М.Алымбаев, Ж.Турсунбаев, Б.Жамгырчиев, М.Алтымыш уулу, М.Жангазиевдердин ырларында да кезигет. Ошол 90—жылдарда  элибиз башынан кечирген кыйынчылыктарды Ж.Касаболотов да жазган:

Кайраным кыргыз кем болду.

Казакка көбү жем болду.

Ордунан оогон оштуктар

Оруска барып эл болду–деп (Ж.Касаболотов “Самурай кылыч—жүрөгүм”, 2008, 53-б.) желдирип, ушул эле мотив вариацияланып, аны Ж.Касаболотов 40 сапка чейин жеткирген, минтип “төгүп” миң сапка деле жеткирсе болот го, бирок, бул ыр эмес–ырдын суррогаты. Ырда образ эмес, үстүрт сыпаттоо менен салкын маанайда кынапталган сөз тизмеги гана бар. Ырдын мазмунунда логикалык чаташуу болгондуктан “оштуктар” орду-түбү менен оруска кошулуп кетти дегендей маани берип калган. Чындыгында Оштун жери да, эли да ордунда эле турат, ал эми бир жарым миллион мигрант жети дубандын баардыганан кеткендиги — факт. Ыр “Күйгөндөн айтам бир сабак” деп аталат. Сөзгө маани берген киши окуса адегенде бул ыр махабат жөнүндө турбайбы, сүйгөнүнө жетпей калган лирикалык каарман күйгөндөн айтып боздосо керек деген ойго келет. Анткени “Күйгөн – кыргыздын оозеки адабий музыкалык ашыктык, сүйүү лирикалык ырларынын бир түрү. Күйгөн ырларында бозойдун, селкинин сүйгөнүнө жетпей арманда калган кусасы, өкүнүчү, ички муңу-зары муңканган обондо ырдалган “ (Б.Алагушев “Кыргыз музыкасы”, Б.: 2002), “ бир сабак” деген сөз айкашы “ырдан үзүндү” дегенди билдирет, демек “Күйгөндон айтам бир сабак” деген сүйлөмдү азыркы тилге “которгондо” “Сүйүү ырынан бир үзүндү айтайын” деген эле маанини берет, мында турмуштук проблема тууралуу ишарат да жок.  Ж.Касаболотов болсо, “күйгөндүн” маанисин теңирден тескери бурмалап, күнүмдүк жашоодогу  көйгөйлөрдөн көңүлү кайт болуп, “түтөп” күйгөнүн айтып, анысын Шаршенче кайталап, вариациялай  берген.  Анын  “Жол буугандарга” деген ырында бийликке нааразылык көрсөтүп, жол тоскондордун жаман жактарын өткөн тарыхтагы нарктуу салттарга салыштырып келип:

Жарандар эй, жарандар токтогула,

Жашообузга жаман салт кошпогула.

Кызмат үчүн кырылып кетсеңер да

Кыргызымдын кан жолун тоспогула–деп чакырык таштайт. Супсак дидактикага сугарылган, учкул канатынан айрылган бул ыр ушул куру дымактуу чакырык үчүн жазылган. Ырдын предмети– жол тосуп, толкуган эл. Алар акынга бөлөк бөтөн эмес, Нарында, Ысык-Көлдө же Ошто жолду бууп, бийликке нааразылык акциясына чыккан улутташтары. Автор алардын  мыйзамсыз аракеттерин колдобойт, анысы туура, бирок, “кызмат үчүн кырылып кетсеңер да” деп, аларды өлүмгө кыйып, кыбасы кангыдай, же жаны кашайгыдай эмне болду? Антейин десең “Кыргызымдын кан жолун тоспогула” деп кийинки сапта логикалык ката кетирип, сөзгө чалынып кыргызга күйүмүш болот. Автордун амбиваленттүү ою  боюнча кыргыздын жолу маанилүү экен да,  ал эми көйгөйдү чечиш үчүн көтөрүлүп, жемкор бийликке нааразылыгын билдирип, же  адашып, же алданып жол тоскон ошол эле кыргыз жарандары ага жат экен, ошон үчүн кан жолду буугандарга  сыртын салып, алардын өмүрүн сокур тыйынча көрбөй, “кырылып кетсеңер да” деп кайдигер карап, нарцисстик сезимдери козголуп жатса керек.  Мындай таш боор, мерездик кайдан чыкты? Дегеле акындын назик, сезимтал жүрөгү ушундай кара өзгөйлүккө жол бериши мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес, бул жасалма саптардын артында автордун бийликке жан тартып, көшөкөрлөнгөн ниети “булайып” чыгып турбайбы.  Автордун ошол жеке кызыкчылыгы элди жеритип, ага карата осол сөздү айттырып жатат. Анан калса, жашоого, адамга сүйүү жок жерде нукура поэзия жаралбайт. Табиятынан нагыз акындын жан дүйнөсүндө боорукердик, айкөлдүк, адамдын амандыгын тилеген гуманизм уюп жатат. Ошон үчүн Алыкул: Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,

Агып жатса мал кечпес жашыл аралда:

Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,

Өзүм ичпей ичирер элем адамга.—деп чын пейлинен  адам баласына кам көрүп, ал үчүн эң кымбат болгон өмүрдүн маңызын терең ачып берген.  Алыкулдун  гуманизми–элин, жерин жана адам баласын чындап сүйгөндүгүндө. Ошон үчүн чулу  философиялык ойлорго ширелген бул ыр “Адамзат” деп аталат.

Жол тосуп жабыгып турган карапайым элге суу куйду, жемкор, шылуун саясатчы кыянаттык кылышы мүмкүн, асти акын элди жамандыкка кыйбайт. Ушундай жагдайда автордун элге кылапат айтып турушу жалган пафоско ширелген  жасалма, кургак ыр саптарынын  токулушун шарттаган. “Кашаң интернет” деген ыры да куру кыйкырык, поэзиянын кыпыны жок көрүнүштү деле өзүн зордоп:

Ачпасаң бетиң буруп сал!

Ал тургай зымың жулуп сал!

Маалкатып жанды кашайттың,

Мага десең жылбай туруп кал!

Темирден кордүм кордукту,

Техника болбой куруп кал…-деп жаңы замандын “каргышын” айтып наалып, желдирип, уйкаштырат. ”Кайрык”, “Көңдөй тагдыр” аттуу ырларында табалоо мотиви орун алган. Чет жерде сапарда жүрүп жазган ырларында да  эл-жериндеги көйгөлөр мотиви кайталанат. “Теңирге” аттуу ырында

Кылычым колдон түшсө жаңысын бер.

Кыр ашкан баатырлардын далысын бер.—деген  сыяктуу элдик ырлардын мотивиндеги  “тилектер” варияцияланып отуруп 48 сапка жеткен.  Ал эми акындын арзуу лирикасында :         Кусалантып улам эңсеткен,

Кумар элең дайым көксөткөн.–деген миң кайталанган эски кайрыктар менен аавтор көбүрүп-жабырып, эзиле берет. 2010-жылдагы апрель 7-апрель  тууралуу “Эрте кеткен турналар” (же кечиккен репортаж) деген ырында   авторитардык бийликке каршы чыккан жигиттер курман болгон  аянттагы окуяны үстүртөн сыпаттап, “өч алынбай калабы” деп өкүтүн билдирип,  окко учкан азаматтарды  “Турналар эрте кеткен турналарым” деп турналарга айлантып, анан эле кокустан:

Бир күнү менин да күнүм бүтүп калат.

Бир азга көч токтолуп күтүп калат.

Акыры араңарга кошулганы

Арбагым артыңардан учуп барат–деп жыйынтыктайт. Ж.Касаболотов “кечиккен репортаж” деп  аянттагы окуяны баяндап келип, окко учкан жигиттердин трагедиялуу образын өз алдынча жаратуунун ордуна даяр калыпка салып, Р.Гамзатовду “жардамга” чакырып,  атактуу “Турналарды” түз эле кайталаган.  Бул эпигончулуктун кашкайган үлгүсү. Ал эми “Кайрылуу” деген ырында

Алпкаракуш шилтеген канат болгун,

Артыңдагы балдарга сабак болгун.

Арбактарга милдетиң арта бербей

Алың жетсе ар бириң Манас болгун–деп курбалдаштарына   акыл айтып, тайыз дидактикадан өйдө көтөрүлө алган эмес. Ушул мисалдардан автордун өз алдынча стили, поэтикалык “мени” калыптанбагандыгы айкын көрүнөт. Акын али индивидуалдуу ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн эмес, даяр калыптардын негизинде ой жүгүртөт. Автордун ошол карандай акылга салып жазган ырларында эмоция, агынан жарылган чынчылдык, күйүп- жанган эргүү жетишпейт. Ошон үчүн автордун идея, образ жагынан аксаган, эстетикалык ырахат тартуулай албаган, көк канат ырларындагы табалоо, өч алуу, элге бой көтөрүү мотивдери кургак декларация, жалган пафос  менен кештелген. Автордо албетте, акындык шык жөндөм бар, бирок адабиятта өз сөзүн айтыш үчүн жалаң кара талантка таянуу аздык кылат. Чыгармачылыктын азап-тозоктуу жолунда “калыптануу”, “жетилүү” деген бийиктиктерди багындыруу, кайталангыс образдарды жаратыш үчүн айрым бир турмуш көрүнүштөрүнө, же окуяларга реакциясын стереотиптерге салып жазуу жетишсиз. Ошон үчүн В.Г.Белинский  чыгармачылыктын табияты тууралуу “Творчество—не забава, и художественное произведение—не плод досуга или прихоти; оно стоит художнику труда… И потому, если поэт решится на труд и подвиг творчества, значит, что его к этому движет; стремит какая-то могучая сила, какая-то непобедимая страсть. Эта сила, эта страсть—пафос…” (Белинский В.Г. Избранные статьи.–М.: 1978, стр.127) –деп жазган.

Ал эми Ж.Турсунбаевдин “Дил чабыт” (2013) ырлар жыйнагында да граждандык лирика басымдуулук кылат. “Ата-Журтум” деген ырында;

Ата-Журтум сезип турам муңуңду,

Абийир төгүп, түшүрдүк го тууңду–деп мекенинин кыйын абалда турганын, уулдары уят кылып жатканын айтат да кайра:

Сенде жашап, сага кылып кыянат,

Соолуттукпу жүзүңдөгү нуруңду?–деп суроо таштайт. Ушундай кыйын учурда Манас баш болгон  мыкты уулдарынын жетишпей жатканын 12 сапта санап өтөт да карайлап, кризиске белчесинен баткан мекенине жардам бере албай “Карбаластайм, көзүм туман, башым маң…” деп кейип-кепчийт. Андан нары ата-журтка “кылдай кызмат аткарууга  жарабай” жүргөнүн, ата-мекенин ким кейитсе чөгөлөп кечирим сурай турганын жар салат. Жалган пафоско ширелген бул ыр негизинен жалаң декларациялардан турат. Автордун кыйынчылыкка кабылган мекенине боор толгоосу да, куру убадалары да, кечирим сураганы да чындыкка коошпойт. “Кайыр заман” деген ырында автор замандын сүрөтүн сырткы белгилери аркылуу тарткысы келет,  көчөдөгү таштандыларды аңтарган кайырчы, тилемчилерди санап, алардын аракеттерин сырттан байкап, терип-тепчип, тизмелейт. Ошон үчүн ал “челектерден оокат издеп жүргөн” аксакалды “ал кургур”, баласы менен кайыр сураган аялды “алсыз неме”, кайыр сураган баланы  “бул шордуу”, майыптарды “байкуштар” деп сыпаттап, карып болуп, мүңкүрөп турган мискиндерден бийиксинет. “Сыр бербей жылып заман кайда барат?” суроо таштап жыйынтык чыгарат. Ушул заман мотиви автордун башка ырларында да көп кайталанат, бирок, андан бир философиялык бүтүм чыгара албагандыктан, бул түшүнүксүз суроо автор үчүн дежурный саптарга айланган. Акындын бул ыры карандай натурализм,  терең идея, жандуу образдан кур жалак калган, анан да турмушта көргөнүн көргөндөй, болгонун болгондой көчүрүүдөн поэзия жаралбайт эмеспи.

“Адашкан эл болбойлу”, “Көйгөй”,  “Мен кыргызмын”, “Чемичкечи аксакал”, “Кем дүйнө”, “Жаралуу сезимдер”,”Көчөдө балдар жүрөт”, “Кыз адеби кымбат”, “Ажырашуу”, “Арзан сүйүү” аттуу ырларында да коомдогу терс көрүнүштөрдү үстүртөн сыпаттайт, бул ырлар гезиттеги маалыматтардай эле канатсыз, көйгөйдүн маңызын ачып бере албайт, ырдын предметине карата эстетикалык мамиле, индивидуалдуу өзгөчөлүк жок, жалпы сөз.

“Колунда бар көпөстөр жыргап жатат,

Кедейлерди көр оокат чырмап жатат—деген сыяктуу кургак маалыматтардан турган поэзиянын обьекти менен автордун ортосунда эч кандай ички байланыш жок. Автордун мындай жалпы сөздөн турган сыпаттоолорунда  ошол “көпөстөргө” карата бир жек көрүү сезими, же адалдан түгү жок азап чеккен жардыга боор толгогону, руханий туңгуюкка жутулуп бараткан коомго ичи ачышып, кабыргасы кайышып, кейигени да сезилбейт. Анткени автор белгилүү чындыктарды кайталап жатат, ошол үчүн ага баары бир. Бул ырларда башына кыйынчылык түшүп, мөгдүрөп кыйналып, мусапыр болуп  турган элдин үнү угулбайт, кыйналган азаптуу, коогалуу жашоосу көрүнбөйт, элди алдап эсирген, менменсиген, кара өзгөй  жемкорлордун жандуу элеси көз алдыга тартылбайт. Коомдогу кайырчы, тилемчи, селсаяктар, сойкулар, кызыл камчы төбөлдөр, алкы бузук жемкорлор, мансапкорлор, улут безерлер, маңкурттар, байлыгына манчыркаган  наадан ишкерлер, ууру-кески, шумпайлар, кылмышкерлер, сакалчан кожо-молдолор, аялдарчасынан узун этек көйнөк кийген динчилдер, соцжеледе ар кимдин камчысын чапкан троллдор публицистикалык ырлардын жаңы каармандары, аларга байланышкан  окуялар да поэзия үчүн жаңы көрүнүштөр, турмуштун жаңы кырлары, чечилбеген сырлары. Бирок аларга карата автордун өз алдынча мамилеси, дегеле коомго, турмушка карата автордун терең ишеними иштелип чыккан эмес, көз карашы калыптана элек. Турмуштун бороз салына элек ушундай жаңы материалдарын жаңы формада чагылдырууга, жаңы образдарды жаратууга акындардын көркөм тажрыйбасы, чыгармачылык шаасы жетпей жатат окшойт.

Акыркы жылдары арзуу лирикасынын “жаңы” кырлары ачыла баштады. Айрым авторлор сүйүүнүн ырахатын дене кумары катары сүрөттөөнү өзүнчө бир “чеберчилик” катары көрүшөт окшойт. Ж.Турсунбаев:

Кош алмаңа дене боюм тиреше,

Коомай колдор чачтарыңды жиресе.

Ак мойнуңдан жыттап тансам эсимден,

Азыркыдан бактым ашмак миң эсе…

же: Кучактап бир соруп алсам… Бах чиркин…

Кеткичекти эриндериң көгөрүп..!— (Ж.Турсунбаев “Дил чабыт”) деп махабаттын эстен тандырган күчүн “биологиялык” призмадан көрсөтүп, ашыгын кармалап көрмөйүнчө моокуму канбаган лирикалык каарманды огеле берилип, эзилип, шилекейин агызып сүрөттөгөн экен.

Ал эми Венера .Акматова сүйүү сезимдерин ого бетер детальдаштырып:

Кудуңдап кирпик, кашым санап саатын.

Күтүшөт сенин келчү жолдоруңду.

Тамыры сыздай түшөт буттарымдын,

Сен келип кармаласаң колдорумду. (В.Акматова “Адемим” 2013) кирпик, кашка сезим бүтүп, алар“толкундап, сүйүнүп”, сүйүктүүсүн өзүнчө күткөнүн карабайсызбы,  буттун тамырлары эмнеден улам сыздап жатат деген суроо өзүнөн өзү пайда болот, аргасыздан “сүйүүнүн күчү керемет” дегиң келет.

Назгүл Осмонова андан кем калышпай:

Ак денемдин аптаптуу ысык демин,

бир өзүңдөн бөлөккө келбейт бергим.

Кабыл албайт жүрөгүм башкаларды

Өбүшүүсүз бүрүшүп кургак эрдим.

же: Муздактыр эриндериң меникиндей,

Сагынып өзүң сүйчү алкымымды.

Таппадым таптуу колду сеникиндей

денемден сыйрып салар кайгы-муңду—(Н.Осмонова “Чаалыккан кыялдар” 2014) деп лирикалык каарман жашоосунда далай колду көргөнүн айтып араң токтогон. Минтип лирикалык каармандын ышкы сезимдеринин өтө эле интимдүү жактарын жылаңачтап баяндоо—натурализм.Сүйгөнүнө ашык болуудан тутанган тунук сезимдер сергек табит, жалындаган ышкы, поэтикалык эргүү менен айтылса окурмандын да жан дүйнөсүн козгоп, жүрөк кылдарын чертип, ырахат тартуулайт эле го. Ал эми жогорудагы эротикалык боёкторго чыланган саптарда жанкумарына тап коюп, кош алма, эрин, кол, чач, моюн, алкым ж.б дене мүчөлөрүнө ашык болуу, аны эзип, тамшанып баяндоонун өзү жасалма болуп, эстетикалык жагынан кунарсыз чыгып калган. Кумарланууну сүйүүнүн негизги белгиси катары натурализм менен сүрөттөөнүн өзү жаңылыш, себеби сүйүүнүн сырдуу табияты сырткы белгилер менен чектелбейт, махабатадамды адам кылып калыптандырган татаал парадигмалардан турган феномен. Анын философиялык маңызын чечмелеген Чыгыш поэзиясынын классикасын  айтпаганда да, кыргыз поэзиясы  арзуу лирикасына бай, анын нускалуу салттары да жетиштүү. Акындарыбыз айчырайлуу кермекаштардын сырткы келбетине, же кер мурут жигиттердин карылуу колдоруна азгырыла бербей ошол өнөгөлүү көркөм-эстетикалык салттарды өздөштүрүүгө умтулушса дурус болмок.

Өлкөбүздүн эгемендүүлүк жылдарындагы коомдук турмушунда эгерим болуп көрбөгөн социалдык-экономикалык, саясий, маданий катаклизмдер болуп өттү. Жемкор бийлик шалтурук абалга келип, анын залакасы калкка тийип, элдин жашоосу кыйындап, жумушсуздук, жакырчылык күчөгөн. Акын З.Ажыматов суру жаман замандын түрүн көрүп, андагы аңгыраган боштукту:

Акыл—нөл, жан дүйнө –нөл, санаам да нөл,

Сүйүү–нөл, досчулук–нөл, адам да нөл.

Жылдар—нөл, өсүү болбой тегеренген

Ырлар—нөл, окурман—нөл, заман да нөл—деп (З.Ажыматов “Нөлү көп жылдар” 2011) баардыгы жапырт абсурдга айланганын жок сандын символуменен таамай берген. З.Ажыматов өз мезгилинин духун таамай кармаган. жетилбегенин көркөмдүк-эстетикалык жагынан алешем ырлары айкындап турат.

Ушундай кыйын абалдан чыгыш амалын издеп,ыңырчагы ырдап, итке минген эл жумуш издеп Россия, Казакстанга сапар алды. Алардын саны азыркы күндө бир жарым миллионго жетти. Башка жер, бөтөн элде алар кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, айрымдары мантыгып кетсе, көбү өлбөстүн күнүн көрүп, ден соолугунан ажырап, же турмуштан жолу болбой ар кандай кырдаалда кырсыкка учурап, көз жумгандары отуз жылдан бери табыт менен кайтып келип жатат. Мисалы, Статкомдун маалыматы боюнча 2021—жылы сырттан 549 табыт келсе,  2022—жылы жети айда 370 мигрант көз жумган. Бул кыргыз коому үчүн чоң көйгөй, алардын жакындары үчүн бул арылбас арман, кабырга кайыштырган кайгы. Ушул мүшкүлдү акын ырга айланткан. Н.Гургубаеванын “Груз—200” деген ыры алыста жүрүп каза болгон мекендештерине арналган:

Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,

Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!

Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,

Кимге өчтү жанып турган жарык күн?..

 

Ушул жерге кан сураган, жан алган,

Кандай максат сени апкелди жетелеп?

Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,

Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…

 

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,

Же баласың үйдө жалгыз чырактай…

Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,

Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?

 

Тирүү  калган… Сени тирүү билгендер

Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…

Сени апкелген кул жолдорду бул жерге

Сени апкелген жолдор эми кечирбейт!—деген саптарынан лирикалык каармандын ичинен сыздап, ар бир келген сөөк канча кишини кайгыга салып,  жакындарынын кан какшаган ыйын күчтүү сезимдер аркылуу туюнтуп, соңу бүтпөгөн табыттар лирикалык каармандын жан дүйнөсүн алай-дүлөй кылган. Ырдын мазмунунда бардыгы камтылган. Лирикалык каарман көз жумган кишиге кайрылып, ага жаны ачып:

Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан

Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек—деп бир кезде турмуш шамалы айдап, бөтөн жерге келип орун-очок алып, отурукташпаган, бейтааныш калаага батып кете албаган улутташына күйүп:

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,

Же баласың үйдө жалгыз чырактай…—деп ата болсо, же эне болсо артында боздоп балдары калганы, бир үйдүн чырактай баласы болсо ата-энеси кан жутуп отурганы ыр саптарынын терең катмарларына чөгөрүлгөн. Ырдагы драмалуу психологиялык маанай, трагедия нукура поэтикалык туюнтмалар, жандуу образдар менен берилген. Бул поэзиядагы жаңы сөз, жаңы образдар, жаңы стиль. Аны турмуш өзү берип жатат. Бул тарых, бул күндөр да өтөт, аны акын трагедиялуу нотадагы образ менен түбөлүүккө калтырып жатат. Акын ошону эч кимди кайталабай, индивидуалдуу стили, трагедияга жаны ачыган лирикалык каармандын кайраттуу да, кайгылуу да  диалогу менен муңдуу кырдаалдын жандуу картинасын тарткан.

Турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөрдү сергек байкоо, урунттуу учурларын, мүнөздүү  белгилерин кармай билүү, мезгилдин духун сезүү менен аны образга айлантуу, өзүнүн поэтикалык дүйнөсүн жаратуу, стилине ээ болуу  сыяктуу нукура искусствонун белгилери Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” (2016) китебиндеги ырларынан таасын байкалат. “Өзүңдөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да.” деп аталган ырда лирикалык каарман:

Жан көрсөм, бирок кокус мүңкүрөгөн

Жанында башын жөлөп турарым чын–деп кырсыкка кабылып, көкүрөгү муңга толгон карыпка кол сунуп, эс-учун жоготуп алсыраса оозуна суу тамызарын чын дилинен айтып жатат.Н.Гургубаеванын ырлары гуманизмге каныккан.Н.Гургубаеванын лирикалык каарманы тагдыры татаал, үй-жайсыз калып, кайрычы болуп каңгып жүргөн селсаякка да, кароосуз калган оорулууга дакол сунат, мусапыр замандаштын абыгер чеккен оор турмушун, сабыркаткан кайгы-муңун түшүнөт, ошон үчүн ага жөлөк-таяк болот, себеби, аларбашына кыйынчылык түшүп турган адамдар, алар тилемчи болуп төрөлгөн эмес, башкалардай эле алардын да бактылуу балалыгы, бактылуу учурлары болгон, кыйын заманда минтип кырсыкка кабылып турган  кези: бул азыркы учурдун катаал реализми. Акын ырларында жашоодон үмүт үзүп, каңгыган, экзистенциялык кризиске кабылганадамдардын трагедиялуу образын жараткан.  Акыналарды  түшүнүп, аяп, ылымсып мамиле кылат. Лирикалык каарман турмушка сыртынан көз салып, үстүртөн карабайт, ал ошол кан-жини аралаш шаркырап агып жаткан турмуш дайрасында бактылуу байпагы макмалдар менен да, маңдайы кайкы, шору арылбаган бактысыздар менен да жанаша сүзүп, жуурулушуп келатат.  Ошон үчүн ал алардын жакшысына сүйүнүп, жаманына күйүнөт, бардыгын бирдей кабыл алып, бирдей көрөт—сүйөт. Н.Гургубаеванын поэзиясына болмуштун маңызын, дүйнөдөгү адамдын ордун, инсандынкарама–каршылыктуу табиятын, экзистенциялык жалгыздыгын философиялык өңүттөн чагылдыруу мүнөздүү. Бул кыргыз поэзиясы үчүн жаңы мазмун, жаңы образдар акындын өзүнө гана таандык интонациялык ыргактары, уйкаштары, поэтикалык сөздүгү аркылуу туюнтулуп, жаңы стиль, жаңы поэтиканы жараткан.

Н.Гургубаеванын лирикалык каарманы туулган жеринен алыста жүргөн мигрант. Ыраакта жүргөндө киндик кан тамган жерин сагынуу тууралуу төмөнкү саптарды окуп көрөлү:

Алыстыкты жазыш азыр кандай оор!

Алыстыктан арзыш сага—андан оор.

Сап ичинде саргалдактай кылайган,

Санаа-сыркооң менен, Журтум, аман бол!

 

“Келем” дебей, сенден кетүү күч алып,

Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…

“Аманбыз” дейт үнү  менен апамдын

Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык. Бул ырда туулган жерин  жакшы көргөнүн далилдеш үчүн көп иштерин бүтүрүүгө убада берген жасалма мотивдер жок. Ал тургай сагынуу деген бир сөз жок. Ал “аманбыз” деген апанын сөзү  аркылуу берилип жатат. Конкреттештирилген ушундай муңайым маанайдагы  жандуу образдар менен алыста жабыгып, туулган жери көзүнөн учкан мигранттардын жалпыланган, синтезделген көркөм образы жаралган.  Акындын арзуу лирикасында да өз тагдыры, өз көз карашы бар, карама-каршылыктуу мүнөзү бар индивидуалдуу лирикалык каармандын образы берилген. Жаңы турмуштук материалдарды акын өз алдынча ырга салган, өзүнө гана таандык стилин тапкан. Ошол эле учурда акындын ырлары сөз менен иштөө жагынан аксайт. “Жашалбаган”, “ыйланбаган”, “сүйүлгөн” деген орундуу эмес сөздөрдү колдонгон учурлары кездешет.

Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекет”(2023) китеби акындын үчүнчү ырлар жыйнагы. “Сезим күүсү” (2008) аттуу алгачкы жыйнагына балалык, эне-ата, студенттик кез, айыл тууралуу ырлары кирген. Мисалы, “Чоң эне” аттуу ырында:

Эх, чоң эне, актай алаар бекемин,

Эмчек сүтүң болбосо да эмгегиң.—деп көп кайталанган, жаш акындар үчүн мүнөздүү болгон “ карыз төлөө” мотивинен өйдө көтөрүлө алган эмес. Башкалардын таасиринде эпигончулук менен жазылган калыптануу жолундагы ырлар менен бирге “Бир тоголок кар” деген ырында автор балалык кездин бир көз ирмеминен жандуу поэтикалык дүйнө жаратканы, автордун келечегинен үмүттөндүрүп койгон. “Ай менен сырдашуу” (2013) аттуу экинчи китебинде турмуштан өзүнүн жолун издеген жаш лирикалык каарманга жолугабыз. Бул жыйнагында акындын индивидуалдуулугун көрсөткөн ырлар бар. Лирикалык каармандын баё, таза жан дүйнөсү, курбуларына, замандаштарына, айлана чөйрөгөкарата мамилеси, кыялында жашаган, көңүлүнө жаккан, сүйүүсүнө арзыган жанга болгон тунук сезимдери ыр саптарында табигый, жөнөкөй баяндалганы, ыймандай сырын жашырбай окурман менен тең бөлүшүп, агынан жарылганы мененөзүнө тартып турат. Акындын “Жазда”аттуу ырын окуп көрөлү:

Сезимим ай, жок нерсени бар кылган,

Секелектей бетин басып албырган.

Жазда жандап басып келем бир жигит,

Жалгыз гана бакыт сурап жамгырдан.

 

Баткак кечип көчөсүндө айылдын,

Башка жердин жамгырына чайындым.

Кол кармашып турат биздей эки жаш,

Корголошуп түбүн тигил кайыңдын.

 

А биз болсо басабыз жашырып сыр,

Алыстардан жагымдуу жаңырып ыр.

Алып учуп арзуунун ааламына,

А жүрөгүм сүйүүнү сагыныптыр…

Бул чакан, жандуу психологиялык картинадан уяң, тартынчаак  кыздын жаштыктын жалындаган дүйнөсүндө өз бактысын издеп, алдыдагы келечеги табышмактуу болуп турган чагы, романтикалуу маанай, анын алдыда күтүп турган сырдуу дүйнө көз алдыбызга тартылат. Акын ошол күлгүн курактын бир үзүмүн татаал метафора, ассосиацияларсыз эле жөнөкөй сөздөр, элестүү этюд менен жандуу кылып тартып салган. Ушундай жаркын поэтикалык образдарды жараткан ырлардын катарына китептеги “Издеп чыктым”, “Алгачкы кар”, “Жалгыздык”,”Күз”, “Бар күчүмдү көз жашымдан чыгардым”, “Сүрөткө”, “Жаралган жандайсың мен үчүн”, “Кайрылып кетким келди”, “Жолдо”, “Сагыныч” аттуу ырлар кирет. Ошону менен бирге жыйнакта кемчиликтер да кездешет. Алсак, акын айрым учурда учкун сыяктуу жылт этип, жанып өчкөн сезимдерди олуттуу ой катары берүүгө умтулган, карандай эмоцияны ырга айланткан учурлары бар.

Акындын үчүнчү китеби “Бейтааныш бекет”. Ушул эки жыйнактын ортосунда он жыл аралык жатат. Автор үчүн бул мезгил түйшүктүү изденүү жылдары болгонун бул чакан китеп далилдеп турат. “Бейтааныш бекет” адабий чөйрөдө кызыгуужараткан жыйнак болду. Китепке карата жазуучу С.Раев, адабиятчылар Ү.Култаева, Э.Нурушев, Р.Исмаилова, Ж.Турдубаев, журналист А.Кожоевдер жакшы баа беришкен. Бул азыркы учур үчүн сейрек көрүнүш. Биз сөз кылып жаткан постсоветтик мезгилде адабиятка келип кошулган жоон топ жаш акындардын биринин китеби да адабий чөйрөдө мындай жандуу кабыл алынып, резонанс жараткан эмес. Мунун сыры эмнеде? Н.Өмүрбаеванын ырлары алыста жүргөн мусапыр-мигранттын бөтөн жер, башка элдеги тагдыр тарткылыгын:

Курчап турса сүйүү багы—кайың бак,

кусалыктан куруп турган жайымды айт.

Чок баскандай жүрөгүмдү куйкалап,

чоочун сезим көңүлүмдү байырлайт.

 

Тирүүлүктө түйшүгү көп бүтпөгөн,

ызалыктын баарын жеңип күч менен.

чоң турмуштун агымында сүзөмүн,

чоочун көздөр чоочунсунтуп тиктеген.

 

Бул чөлкөмдө чоңойбогом, туулбагам.

Эмне берип, эмнени алат бул кадам?..

Чоочун жердин шамалындай шуулдап,

чоочун күндөр өтөт жашты уурдаган.—деп ырга салып, алдыдагы белгисиздиктен апкаарып, чоочун дүйнөдөн чоочуган жаш адамдын жан дүйнөсүндөгү процесстер, сагыныч кусалыгы, арзуусу автор тарабынан психологиялык жактан таамай кармалган. Бейтааныш эл, бөтөн шаар эле эмес, ал аймактын мезгили да ага чоочун болгон жерде өмүр көчүн уланткан лирикалык каарман “Жаштыгыбыз талаа-түздө короду” деп турмуштун шамалы айдап, чет жерде жүргөн бүтүндөй бир муундун тагдырын айтып жатат. “Чоочун күндөр” деп аталган бул ырда башка жерге келген адамдын ички дүйнөсүндөгү санаркоолору, күдүк ойлору жандуу чагылдырылып, таасирдүү чыккан.

Н.Өмүрбаева “Бейтааныш бекет” китебинде өзүнүн поэтикалык дүйнөсүн жарата алган. Жыйнактагы ырларда турмуштун татаал жолдорун басып өткөн, жашоонун өйдө-төмөнүнө калчанып, бороонуна тотугуп чыйралган, карама-каршылыктуу ойлонгон лирикалык каармандынтагдырына жолугабыз. Алыстагы лирикалык каармандын жалгыздыгы, кусалыгы, сүйгөн адамы менен ажырашуусу, күйүтү, драмасы Н.Өмүрбаеванын ырларынын туруктуу мотивдери. Ошон үчүн ал “Жүрөккө” деген ырында:

Тарта берип сүйүү азабын,

өзүм дагы абдан жүдөдүм.—деп ыймандай сырын жашырбай ачык айтат. Автордун ырларынын мазмунун ажырашуу, күтүү, арылбас арман, сабыркатып саргайткан кусалык, жетпей калган сүйүүнүн азабы, кайгы-муңу сыяктуу мотивдер түзөт. Н.Өмүрбаева ырларында окурман менен ачык-айкын аңгеме-дүкөн куруп, ыймандай сырын айтат. Бул карапайым адамдын жашоосу, жалгыздыгы,  чарчоосу — ошон үчүн ал окурманга жакын. Лирикалык каармандын сүйүүнүн азабын тартканы экзистенциялык жапа чегүү катары кабыл алынат. Акындын ырларында адамдын башына келген трагедиялуу сүйүү аны ыбырсыган күнүмдүк турмуштан өйдө көтөрүп, руханий кудуретин, моралдык туруктуулугун сынап, өзү менен өзү болуусун  жашоонун маңызы катары чагылдырылган. Сүйүүдөн жабыккан адамдын жан дүйнөсүндөгү сырларын, ышкылуу сезимдерин, кыйчалыш тагдырын агынан жарылып, муңдуу интонация, көңүл чөккөн маанайда өзүнө гана таандык стили менен баяндаган. “Бороондуу бекеттин” образдарынын жаңылыгы да, ийгилигинин ачкычы да мына ушунда.

Жыйынтыктап айтканда постсоветтик мезгилде адабиятка келип кошулган муундун поэзиясында мезгилдин духун кармаган, жаңы мазмунду чагылдырган, жаңы поэтикалык образдар, жаңы туюнтуу каражаттары менен байыткан көрүнүштөр, бир муундун тагдырын жалпылаштырып, синтездеп ырга салган идеялык-көркөмдүк табылгалар, аздыр-көптүр ийгиликтер менен бирге интеллектуалдык-эстетикалыкинфантилизмдин, профессионалдык дилетантизмдин айынан эпигончулуктан өйдө көтөрүлө албаган көрүнүштөр көп. Граждандык лириканын актуалдуулугун жамынып мекен, эне-ата, айыл, өлкө, туулган жер, нооруз, рамазан, эгемендүүлүк, эркиндик сыяктуу дежурный темаларды, диний мотивдерди эрмектеп, трафарет образдарды даяр калыптарга салып ыр чүргөгөн ышкыбоздор сайдын ташындай көбөйдү. Мунун эң негизги себеби авторлор стереотиптүү ой жүгүртүү, китептик таасирлер менен чектелгенинде. Анткени поэзиядагы орто деңгээл төмөндөп, мурдагыдай катуу талаптар коюлбай, соцтармак аркылуу ыр жарыялоо, окурманга жетүү абдан оңой болуп, сөздү аздектеген чыгармачылыктын кунун кетирди.Жалпы эле адабиятка карата болгон мамиле, көз караш өзгөрдү, критерийлер майдалынды, талап төмөндөдү, жакшы менен жамандын ажырымы болбой калды. Ушундан улам өзүнө катуу талап коюп, чаалыкпай изденген калемгерлердин катары кескин азайды.  Чыгармачылык тагдыр күтүп, поэзияга олуттуу мамиле жазап, дүйнөлүк адабияттын көркөм дөөлөттөрүн терең өздөштүрүп, турмуштун казанында кайнап, заманды зирек кабылдаган, изденүүнүн түйшүктүү жолуна түшкөн акын гана мезгил, турмуш, өмүр, өлүм,сүйүү сыяктуу түбөлүктүү темаларда философиялык жалпылоолорго жетишип, адабиятка өзүнчө чыйыр салып, өзүнүн сөзүн айтарында шек жок. Себеби адабият мурдагыдай  көпчүлүктүн иши эмес, идеологияга да көз каранды эмес, ал жеке автордун инсандын табияты, тагдыры, жалпы эле болмуш, дүйнө тууралуу ой терметүүлөрүн, таасирлерин, ички сезимдерин, көз караштарын образдар  аркылуу эркин чагылдырган эстетикалык көркөм туунду.

About the author

Жазуучулар Союзу