Ыр-сөздүн падышасы. Жүрөк түпкүрүндөгү эң аяр сезим кылдарын чертип чыккан, жалын бүрккөн оттуу лагмага айланган ыр саптары бир акындын калеминен жаралып, жер шарындагы миллиондогон адамдарга Күн нурлары сыяктуу тегиз тарайт. Поэзия үчүн элдерди, мамлекеттерди бөлүп турган чек ара жок. Ыр улутуна, расасына карабастан адамдардын бардыгына бирдей таасир эте турган кудурет-күчкө ээ.
Ал эми кыргыз менен казакта акындарды эзелтен барктап, сыйлап келген. Аш-тойлордо, айтыштарда алдына ат тартып, үстүнө чепкен жапкан. Акындар да карапайым элдин үмүт-тилегин, кайгы-кубанычын ырдап, элдин барын даңктап, жогун даттап, чыркыраган чындыкты ырдап, адилетсиздикти, теңсиздикти айыптап келген. Ошол үчүн эл бийлеген өкүмдарлардын каарына калып сүргүнгө айдалып, даргага асылып, атылган. Кыргызда “ырчы менен элчиге өлүм жок” деген канаттуу сөз бекеринен айтылбаса керек.
Акындардын ошол түпкү вазийпасы азыр кандай аткарылып жатат? Кийинки акындар негедир жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү ырдабай, өзүнүн жеке керт башынын арман-күйүтүн, үмүтүн, сүйүүсүн ырдап калгандай. Анда не, жер жүзүндө адилеттик толук орноп бүттүбү? Адамдардын эч бир кемчили, көйгөйү, кайгысы калбадыбы? Акын-жазуучулардын вазийпасы өзгөрдүбү? Менимче, өзгөргөн жок. Тек гана аалам космикалык ылдамдык менен глобалдашып баратат. Адамдардын түшүнүгүндөгү нарк-насилдик, баалуулук сапаттар башкача, жаңыча өңүттөн каралууда. Алдыдагы ааламдашкан, жасалма интеллектешкен замандын чакырыктарына калемгерлер да даяр болуш керек. Акыркы 50 жылда интернет менен биология, айрыкча нейробиология революциялык жол менен катуу өнүгүүдө. Булардын баары бизге адамдын мээси кандай иштей тургандыгын билүүгө жардам берет. Адамдын денесинде алгоритмдер бар. Азыр окумуштуулар ушул алгоритмдерди кантип чечмелеп окуш керектигин изилдеп жатат. Бул алгоритмдерди ачып, окуп үйрөнгөндөн кийин адамдан да мыкты адам жасаса болот. Бирок,ошол “жасалма адамдар” бул технологияны кандай кабыл алып, тапшырмаларды кандай аткара турганын азырынча айтыш кыйын.
Азыр бул иш үч багытта жүрүп жатат. Биринчиси-биоинженерия. Окумуштуулар жаңы органдарды өстүрүп, эскилерин алмаштырып, денени генетикалык жактан изилдеп жатат. Экинчиси-органикалык заттар менен органикалык эмес заттардын комбинациясы (бионикалык кол, мээдеги компьютердик интерфейс жана миллиондогон нанороботтордон турган иммундук система). Интернеттин ар кандай түйүндөрүнө туташкан ушундай шартта да биздин мээ органикалык бойдон кала берет. Үчүнчүсү-өтө эле радикалдуусу-жашоонун толук бойдон органикалык эмес формасын түзүү. Дегеле, муну түзгөнгө болобу, бул суроо ачык бойдон калууда. Бир гана ададмдын аң-сезими ачылбаган сыр бойдон калып келе жатат. Адамда ал кандайча пайда болорун эмдигиче түшүнбөй келебиз. Жалпы жыйынтык-аң-сезим мээде жайгашкан, эгер аны “бузуп кирип”, эмоцияны жана тажрыйбаны жараткан миллиарддаган нейрондор кандай иштерин түшүнсөк, анда бул нерсени башка “материалда” кайрадан түзүп чыкканга эч кандай тоскоолдук болмок эмес. Планетада 4 миллиард жылдан бери бардык жан-жаныбарлардын жашоосу органикалык биохимиянын табигый закондоруна баш ийип келген. Бирок, эми илим баарын өзгөрткөнү турат.
Мен эмне үчүн бир тууган казак элинин жаш акыны Арайлым Мураталиеванын ырларына алгы сөз жазып жатып жогорудагы көкөй кести ойлорду айтып олтурам. Анткени, Арайлым азыркы жаш акындардын эң таланттуу өкүлү. Анын кең келечеги алдыда. Арайлым жогоруда мен айткан глобалдашкан, жасалма интеллекттешкен дүйнөнүн чакырыктарына жооп бергидей болуш керек.
Эгер акын-жазуучулар адам жанынын инженери болсо, Арайлым Мураталиева “Бак ичинде” деген ырында:
Кылыктуу эмес, кызга шай жок өрүмүм,
Ошондо да бир жүрөктүн отторумун.
Адамдар акын дешет,чындыгында—
Мен адам тагдырынын докторумун,
деп ырдайт. Баракелде! Мындан дээрлик кырк жыл мурда устатым, кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун мага айткан насаатын эстедим. “Ырды семичкедей эле майдалап чагып кете берүүгө болбойт. Ар бир ыр тагдыр күтүп тургандай болсун, ошого умтулуу чыныгы акындык жолго алып чыгат”. Жолон Мамытов баса белгилеген тагдыр Арайлым Мураталиеванын ар бир ырынан учурайт. Жаш акын табияттын кооз сулуулугун, жазын, күзүн, кышын, жамгырын, карын сүрөттөп жазса да анда сөзсүз лирикалык каармандын сезим-туйгусу, кубанычы, санаркоосу, эң башкысы-адамдын тагдыры кылдат чагылдырылат.
Ар бир жаш калемдин боюнан тазалыкты, пакизалыкты, адамдыкты издөө менин башынан келе жаткан адатым. Анткени, ар тазалыгы гана таза поэзияны жаратат. Же болбосо дагы бир устатым, казактын баатыр, көк жал акыны Мухтар Шахановдун: “Адамдыгың канча болсо, акындыгың ошончо” деген насаатына үндөшөт. Арайлым Мураталиева поэзиянын жанрдык өзгөчөлүктөрүн (рифма, ырдын техникалык түзүлүштөрүн, уйкаштыктын түрлөрүн, эрежесин айтпаган күндө да) эң мыкты өздөштүргөн. Ал ырдын ар кандай формасында өз оюн ачык, жеткиликтүү бере алат. Чайналбайт. Кыйналбайт. Анын ырлары табигый, эргүүдөн жаралат. Өзү да бир ырында: “Секунддар селт эте калганда, ырларга айланам,- деп жазат.
Кыргыз-казак адабиятындагы Токтогул менен Жамбулдан башталган жакшы салт, жөрөлгө бүгүн да уланып келе жатат. Кезегинде казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовду колдоп, сүрөп чыкты. Андан кийин Чыңгыз Айтматов казактын таланттуу, тагдырлуу акыны Мухтар Шахановдун чыгармаларына ак батасын берди. Мухтар Шаханов өз кезегинде кыргыз акыны Өмүрбек Тиллебаевдин китебине алгы сөз жазып, адабияттын улуу журтуна аттандырды. Ал эми казак элинин ааламга аты тараган акыны Олжас Сулейменов кыргыз жазуучусу Султан Раевдин чыгармачылыгы тууралуу макала жазып: “Мен келечекте Султан Раевди Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памуктун катарынан көргүм келет” деген изги тилегин билдирди. Мен бүгүн эгиз элдин ортосунда эзелтен келе жаткан ошол санжыргалуу салтты улантып казактын жаш акын кызы Арайлым Мураталиеванын чыгармачылыгына чын дилден ийгилик каалап, ак батамды берип олтурам.
Ак жол сага, Арайлым!
ӨМҮР БАЯНЫ
Акын Арайлым Мураталиева 1997-жылдын 31-декабрында Казакстандын Түштүгүндөгү Чимкент шаарында төрөлгөн. Ал Казакстан Жазуучулар союзунун жана Түрксой жазуучулар уюмунун мүчөсү.
А. Мураталиева 2015-2019-жылдары Түштүк Казакстан Мамлекеттик университетинин Педагогика жана маданият факультетин аяктаган. Анын “Ай-Зер” деп аталган туңгуч китеби 2016-жылы жарык көргөн. Бир катар республикалык жана эл аралык поэзия фестивалдарынын жеңүүчүсү. А. Мураталиева 2025-жылы Ош шаарында өткөн акын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” эл аралык поэзия фестивалында лауреат болгон.
***
Кездешүүгө жалгыз келбе,
Сезим менен кел тунук.
Экөөңдү тең тосуп алам,
Тосуп алам мен күлүп.
Керек болсо гүл алып кел,
Нуруңду алып эрте кел.
Эң аялуу муңуңду алып,
Көңүл кылын черте кел!
“Чиркин, кандай махабат”–деп,
Аңыз кылсын бизди эл.
Келээр болсоң кирдебей кел,
Өмүрүмдү бузбай кел!
Жалгыз гана күнөөң сенин–
Жол таба албай жүргөнүң.
Кереги не айтып жүрсөң,
Менсиз өткөн түнгө муң.
Кездешүүгө жалгыз келбе,
Берсин сага арың дем.
Өлбөй турган ырыңды алгын,
Тосуп алам баарын мен.
* *
Биз экөөбүз калганда не болмокчу?
Балким, анда уяңдык жоголмокчу.
Балким, үнсүз каларбыз, кудай сакта,
Эмне айтууга болор эле мындай чакта.
Кааласаңыз, ашырбай өлчөмүнөн,
Шарап жасап ичербиз жан сөлүнөн.
Балким, вальс бийлербиз сырдуу түндө,
Кош жалгыздык айланып бир бүтүнгө.
Назик бир ыр бүтпөсө таң атканча,
Бүт жылдыздар таңданып карап калса.
Анда биздин тийишер жанарыбыз,
Ал жанардан билинер кабарыбыз.
Шыбырарсың козгоп бир көңүл кылын,
Тек соолутуп албачы сүйүү гүлүн.
Келет ысык демиңден сезгим баарын,
Эч ким жокто айтылар сөздүн даамын.
Жомок айтып бересиң анда мага,
Соңу бакыт болор чын мен каалаган.
Жомокторго ишенем неге али,
Андан ары билбеймин не болорун.
Эмне иштөөгө болот айт дагы башка,
Жүрөгүңдө атымдын бары ыраспы?
Бары ыраспы Кудайдын ал жүрөктө,
(Кудайы жок жүрөктөр калп жүрөк го?)
Элжиреттим кандайча, кетпес ойдон,
Саал жылмайып ал жылы карай койгом.
Дал ошондон санааңа салмак болдум,
Дал ошондон санаама салмак болдуң.
Алыс жүрүп неге азап тартабыз биз,
Неге чогуу калгандан коркобуз биз?
Неге жалгыз калгандан коркобуз биз?
Х Х Х
Өмүр мага кызыктуу соңку кезде,
Соңку кезде жибиди тоң мүнөз да.
Сени гана ойлоймун бул күндөрү,
Кереги жок сыяктуу жандын өзгө.
Жо-жок, керек, дос, тууган, эне керек,
Жана сенин орунуң абдан керек
Бул алгачкы ырым да сен жөнүндө,
Мен жөнүндө бул да бир жаңы дарек.
Чакырганың эсимде алгач бийге,
Бийлегенбиз сезимге мас сүйүүгө.
Алматадан көрүнгөн тоо сен белең,
Айланып кеттим бүгүн мен Каспийге.
Жагат мага келбетиң, ийиндериң,
Күзгүдөй жарашыктуу кийингениң.
Керек болсо, ичтеги муң боломун,
Мүнөзүм бар ушундай кыйын менин.
Сүйгөнү үчүн согулган ташка башы,
Ашык жандын бийик го баркы, баасы.
“Жүрөк” деген сөз чыгар эң таасирдүү,
Жүрөк деген сезимдин баш паанасы.
Сендик урмат, баркым да бийик экен,
Көңүлүмдө кээде жаз, кээде көктөм.
Кулпунат го өмүрүң билесиңби,
Ушу ырлардын авторун сүйүп өтсөң.
АЙ-ЗЕР
Терезе алдында тургамын,
Сыр издеп асмандан.
Мен түндүн көрсөм деп жүрөгүн,
Түнөккө аттангам.
Кечиргим келбейт эч эринди,
Жетим деп атаган.
Чертилбей жүргөн көп черимди,
Мен эмес жасаган.
Мен жалгыз эмесмин, жан, арым,
Менин да бар таңым.
Көрсөм деп бакыттын жанарын,
Ишеним артамын.
Ай жалгыз деп айтты бир бойдок,
Күзгүгө карабай.
Сулуусун кечке чең жүрдү ойлоп,
Сүйкүмсүз кары агай.
Көзүнөн жаш көрдүм сокурдун,
Төгүлгөн санаага.
Калемди ыйлатып отурдум,
Кат жазып апама.
Күбө ага дептердин барагы,
Күбө ага Ай теңим.
Жүрөгүм түрсүлдөйт,
Көнөмүн кантемин.
Секунддар селт эте калганда,
Ырларга айланам.
Мен жалгыз эмесмин жалганда,
Карап тур Ай мага…
ОШ ЖАЗЫ
(Кыргыз жигитине)
Бир жомок бар кыялымда,
Бала кезден кетпейт эстен.
Биз кездешпей калган болсок,
Бул көктөмдүн неси көктөм?
Жүргөн элем көптөн сүйбөй…
Бозоргондой болгонбу өмүр?
Ошко келип ойдо жокто,
Өрткө оронду тоңгон көңүл.
Тынчтык бербейт санаа дагы,
Сан сурактын талаганы.
Ой талаасын аралатты,
Ойлуу көзү караганы.
Чиркин, неткен, оттуу караш,
Жан-дүйнөңдү каарып өтөр.
Сүйө албаган күндөрүмдүн,
Жазасындай оор, көтөр.
Анын ар бир айткан сөзү,
“Манас”болуп угулгандай.
Карап турам жүрөгүмдөн,
Мен көргөнүм улуу кандай.
Туруп алды көз алдымда,
Узун бойлуу, мырза жигит.
Ааламыма Күн орнотуп,
Каламыма ыр жаздырып.
Калемиме ыр жаздырган,
Бешенеси беш эли экен.
Ал өзүчү, мени көрсө,
Кандай болуп кетер экен?
Айып этпес, үч күн бою,
Жан-жүрөгү жүрсө эзилип.
Парасаты алп Памирдин,
Бийигиндей тур сезилип.
Мүнөз-пейли Кара-Койдун
Булагындай таза экен.
Ал укмушту күндө көрбөө,
Аруулардын азабы экен.
Турпатына ашык болдум,
Ал жигиттин Ошто туулган.
Колубуздан башка бирок,
Не келмекчи коштошуудан?
Кат жазышып турар балким,
Сагынычтан саргайганча.
Арман чиркин, болочок жар,
Сендей болсо айла канча.
Алма-Атага кетип барам,
Биз жолуккан ал күн улук.
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн,
“Бегимайдын” ыры угулуп,
Арайлымдын ыры угулуп.
КОҢУР ПАЛЬТО
Коңур кечи калаанын жеткен асем,
Коңур желдин жүзүмдү өпкөнү асем.
Коңур пальтосун кийип коңур күздө,
Сейилдеген апамды жок дебесең.
Коңур пальтосун кийип коңур күздө,
Кеткен бекен анда апам теңирди издеп.
Кеткен бекен анда апам өзүн издеп,
Ал күзгө баары бирдей көңүлсүз де…
Коңгуроосу мезгилдин коңур үндүү,
Коңур муңга бөлөдү көңүлүмдү.
Коңур деген өмүрдүн түшү экен го,
Бир боюна жыйнаган көп илимди.
Коңур десе түшөт го апам эске,
Ал жомогунайтчу эле таңда, кечте.
Түшөт го учурларың, балам эске,
Болбосо башка түш да бар эмеспи.
Ынак эле апамдын сырына түн,
Тоңгон жанын өзүндөй ким укчу эле.
Ааламдын күчү жетпей жылытууга,
Өзүнүн пальтосуна жылынчу эле.
Апамдын муңуна окшоп буулугат түн,
Азыр аны угамын, айлана тынч.
Жүрөгүмө көчүрүп алган экем,
Мен анын махабатын, үнүн, атын.
Кирген эле апакем түшүмө бир,
Суук күздө төгүлүп ичиме нур.
Андан соң мен бир пальто сатып алдым,
Дал ошондой түсү коңур.
Көрсөткөнбү мүнөзүн өмүр дарак,
Көп сагынат өткөнүн көңүл дарак.
Сыр бөлүшөр куш да жок, жалгыз экен,
Жалгыздык жанына кас, жүрөк канап.
Мен сүйгөн жалгыздыктан башка, муңдуу,
Тапкамын ага, досум, коргорумду.
Мекендеп алган алар небак эле,
“Жүрөк” деп аталуучу борборумду.
Өмүргө көрбөгөн соң кейип, наалып,
Ишенем көрсөтөрүн сыйын анык.
Жылытып кайтсам бекен бул калааны,
Үстүмө коңур пальто кийип алып.
БАК ИЧИНДЕ
Күз да келди чыкпаган жүз күн ойдон,
Жүрөгүмдө башталды изги майдан.
Айтыңызчы, сиз өзү көргөнсүзбү,
Сулуулкту сезбеген кызды кайдан?
Карачы, ага, бактарга, тамашага,
Сапсары түс тагдырга жарашабы?
Сары ырлардын термелип ыргагына,
Мүмкүн, вальс, бийлербиз жалгыз гана.
Кызыктуу эмес, кызга шай жок өрүмүм,
Ошондо да бир жүрөктүн отторумун.
Мени акын деп ойлойт эл,
чындыгында
Тагдыр илимдеринин докторумун.
Убакыт ал-түн менен таң күрөшү,
Күрөшү жок өмүрдүн мааниси не?
Жел дегениң-өмүрдүн күрсүнүшү,
Өмүр деген-жүрөктүн аңгемеси.
Сырдуулугун жактырам мына бактын,
Жалгыздыгын тур анын күнөөлөп ким?
Куштун баары кайтыптыр, көктөмүнө,
Өткөнүнө сабылып бир дарак тур…
Жүрөгүмдө башталды изги майдан,
Кетпейликчи алыстап биз Кудайдан.
Жарты ааламга добушум жетер бекен,
Күздү аябай сүйөмүн
Сизди кайдан…
ЖАМГЫРЛУУ КЕЧ
Сааттарга жалганып кечээги өткөн,
Арадан өтөт көктөм нечендеген.
Жамгырда сени ойлодум, аялуу жан,
Ааламдын бир бурчегин мекендеген.
Кааласам колум жетчү жер, жайдасың,
Мендеги тагдырдасың, маңдайдасың.
Сен жытын жактырган гүл мен болоюн,
Көкүрөктө көктөмүң саргайбасын.
Убактым сүйүү менен өтсүн текши,
Сырымды жат укпасын, деги эч ким.
Мен–жаңы супа салып аткан таңмын,
Сен—саатсың,
Көрсөтүп турган тили кечки бешти.
Тагдырдын тамаша эмес неге азили,
Сен тууралуу ойлор мага жан азыгы.
Кечиккен көктөм үчүн чым-чым эткен,
Жүрөгүңдүн бар беле же жазыгы?
Сендеги тазалыкка ашык эткен,
Өмүрдү ойлодумбу аруу деп мен.
Көпөлөк канатындай каттарыңдын,
Шамалы дидарымды жумшак өпкөн.
Орто жолдо кездештик саал кечигип…
Бойтумарым сыяктуу болду ысымың.
Эч ким жүрө албаган жолум үчүн,
Эч кимден сурабаймын мен кечирим!..
Өзүңдү эске салып мына жамгыр,
Ааламды тазарткандай күнөөдөн бир.
Балким, ал сен чыгарсың өзүмдү эңсеп,
Асмандын көңүлүнөн кулаган ыр…
Которгон жана даярдаган ӨМҮРБЕК ТИЛЛЕБАЕВ,
Эл аралык Түрксой уюмунун Абай жана Жолон Мамытов атындагы сыйлыктарынын лауреаты