Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” адабий сыйлыгы жөнүндө
ЖАЛПЫ ЖОБО
Бул жобо калемгерлердин “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
Кароо сынак “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүлөт.
Конкурстун уюштуруучулары:
3. Сынактын этаптары жана мөөнөттөрү:
Сынактык чыгармалар жарыяланган күндөнтартып ар жылдын 10-июлдан 15-сентябрына чейинкабыл алынат.
Сынактык чыгармаларды окуп чыгуу жанабаалоо 15–сентябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.
Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.
Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандарытарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат.
Сынакка катышуучулардын жаш курагы чектелбейт. Бирок мамлекеттик Токтогул сыйлыгына ээ болгон акын-жазуучулар сынакка катыша алышпайт.
Сынак жыл сайын өткөрүлгөндүктөн бир жылдын (2025-жыл) ичинде жазылган жаңы чыгарма болушу шарт.
Көзү өткөн авторлордун эмгеги сунушталбайт.
Сынакка катышуу үчүн авторлор сынактык иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.
Электрондук почта аркылуу jazuuchular@gmail.com адресине “Конкурска” дегенбелги менен;
Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт.
дареги: Эркиндик бульвары 54
Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0554949020 (Ырысгүл Изатова)
Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдүкамтыган, ошондой эле улуттар жана диндераралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.
Уюштуруучу конкурска жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сыйакы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдалануугаукуктуу.
Конкурстун катышуучулары конкурска чыгармаларды берүү менен, Уюштуруучулартарабынан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, колдонууга, иштетүүгө жана жайылтууга автоматтык түрдө макулдук беришет.
Чыгарманы конкурска жиберген адам авторлугуаныктыгына жооп берет. Конкурстун материалдары кайтарылбайт жана рецензияланбайт.
Уюштуруучу конкурска жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт(эгер почта аркылуу кагаз жүзүндө жөнөтүлгөнболсо), авторлор менен талкууга кирбейт.
Уюштуруучу конкурстун шарттарына жоопбербеген чыгармаларды эсепке албайт.
– ырлар жана поэмалардын тематикасына чектөө коюлбайт, көлөмү 1 басма табактан баштап 10 басма табакка чейин (А 5 форматта 16 беттен – 160 бетке чейин) болушу керек.
Сынактын катышуучуларынын чыгармаларын баалоонун этаптары
Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн Уюштуруучу топ 5 (беш) адамдан турган, анын ичинде 3 (адам) мүчө жана 1 (бир) адам төрага, 1 (бир) адам катчылык кылган комиссия түзөт.
Сынакка комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана сынакка түшкөн иштерди баалайт, ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын аныктайт.
Сынактык чыгармалар сынактын уюштуруучулары тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.
Сынактын комиссиясынын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.
Сынакты баалоо 10 баллдык система боюнчажүргүзүлөт.
Калыстар тобунун чечими менен эң жогоркусуммардык балл алган сынактын катышуучулары лауреат болушат.
Жыйынтыктоочу суммардык балл сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт. Уюштуруучу, Төрага жанакомиссиянын мүчөлөрү сынактын жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы комиссия мүчөлөрү тарабынан сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине чейин ачыкка чыгарылбайт.
Сынактын жыйынтыгын жарыялоо жанажеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жыл сайын 12-декабрда Улуттук адабият күнүндө өткөрүлөт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча лауреаттар сыйланат.