Алмаз Сейитказиев: Пародиялар

Уйкашса болду

Жылдыздар жуушап асманга,

Жылкылар оттоп ак карга.

Оюн салат кулун-тай,

Жылгалуу жылуу макмалга.

Турсун Молдакунова

Макмал, – деген кездеме,

Уйкашса болду, тескебе?

Майда сөзгө окурман,

Маани бербейт эч деле.

 

Биз жактагы жылкылар,

Кардай күйшөп алышат.

Көрпө, чыт, сатин үстүнө,

Кулундар оюн салышат.

 

Көргөнүм үчүн

Топ кыздар сууга келип жуунушат,

Калкалап колу менен көкүрөгүн.

Исабек Токтогулов

Караймын кыздарды мен сууга түшкөн,

Көбүнчө буйтка жерди таап алып.

Көрсөтпөйт алар бирок, эмчектерин,

Көкүрөгүн эки колдоп жаап алып.

 

Көзүм менен көргөндү ошентсе да,

Көчүрөмүн көңүлгө ашып-ташып.

Кир чайкап, жуунушкан кыздар үчүн,

Коёмун үч куплет ырды жазып.

 

Манжаларым жооруду

Так мээмде мышык менен ит куушуп,

Тарпы чыкса жаңы туулган ойлордун.

Ошол иттер мээме дагы ит туушуп,

Кетпейм, – дешсе башымды жеп тойбоюн.

Дыйканбек Керимбаев

Менин башым ит-мышыктын уясы,

Мышык – мыймыт, ити – күчүк туушат.

Байкуш баштын тарпы чыкты кыязы,

Батыша албай ыркырашып куушат.

 

Ит, мышыктын илдетиби, тооруду,

Ырларым бүт сарык менен ооруду.

Жармач ырды жаткан окшоп төшөктө,

Жазамын, – деп манжаларым жооруду.

 

Ботала боло электе

Сунулган колдун учу булганат тез,

Сууланган кирпиктердин арасынан.

Жыргалбек Касаболотов

Жаш кулап кирпигиңдин арасынан,

Жолугуп жык-жыйма эл базарынан.

Колдорумду карачы, бүт булгадым,

Көзгө сүрткөн боёгуңдун азабынан.

 

Көпчүлүктүн көзүнчө кыйнай бердиң,

Көз жашыңды көлдөтүп, ыйлай бердиң.

Колум эмес, көйнөк-кечем бүт булганды,

Көңүл үчүн кайратымды жыйнай бердим.

 

Ачуу жаштан байкабай татып алдым,

Ачуум келип, колумду катып алдым.

Башы-көзүм ботала боло электе,

Бардым дагы машинеме жатып алдым.

 

Ырды катырам

Ойготом күндү күнүгө,

Кол менен кармап кулагын.

 

Кечкисин турам күндү анан,

Кол менен түртүп батырып.

Жумадил Бектуров

Көп түрү болот энчинин,

Күн деген менин менчигим.

Күндө ойготуп, уктаткан,

Көктөн түшкөн элчимин.

 

Эртерээк элден турамын,

Эскертип дайым убагын.

Эңгезердей күндү мен,

Ээ бербей чоём кулагын.

 

Сөз айтсам күнгө дилимден,

Бир да чыкпайт тилимден.

Бүркөлсөм бүркөп кабагын,

Бир аз коркот жинимден.

 

Көгөрсөм ал да көгөрөт,

Жөтөлсөм кошо жөтөлөт.

Тамаша-чындан урушсам,

Төөчө эле мени көтөрөт.

 

Чай ичсем күн да чай ичет,

Муздакты өтө жай ичет.

Кыргыздын кымыз, айранын,

Кеп дебей, байма-бай ичет.

 

Керекпи, ак таң атырам,

Кечкисин түртүп батырам.

Күнүм улуу, тоо бийик,

Көрдүңбү, ырды катырам?!

 

Билип ал

Айкүрү конгон чүкөмдүн,

Үстүндө турчу эркелеп.

Кожогелди Култегин

Чүкөнүн сака-шаасы бар,

Чик, бөгү, алчы, таасы бар.

Чүрөгүм муну эсиңе ал,

Чыгарган ырдын баасы бар.

Акындык жигер шар чакта,

Акындык күчүм бар чакта.

Айкүрү конгон чүкөмө,

Алты күн жатып чалчакта.

Чүкөм түшсө бөгүнөн,

Чу, – дегенде сөгүнөм.

Чыкпайт анда, түзүк ыр,

Чыдап коём көгүмөн.

Чүкөм түшсө чигинен,

Чыгарам күчтү жинимен.

Андайда жаным кезиксең,

Турасың кечке тигиңен.

Оңко турса илип ал,

Шап үстүнө минип ал.

Он күн көңүл ачасың,

Ошону жаным билип ал.

 

Муштап ие жаздадым

Ыр жазып басмаларга беремин да,

Басылса кастарымдын көзүн карайм.

Жактырбай жалтакташса жаным тынып,

Макташса балакеттен күмөн санайм.

Жолдошбай Абдыкалыков

Басмадан жаңы чыккан китебимди,

Бир-бирден кастарыма тараттым мен.

Көздөрүнөн окуп алып жийиркеничти,

Кубангандан жүгүрүп бараттым мен.

 

Култуңдап сүйүнүп келе жатып,

Касымдын көзүрүнө жолуктум мен.

Шедевр жазыпсың, – деп мактап ийсе,

Бир муштап ийсемби, – деп оолуктум мен.

 

Көзүн карап, сөзүн тыңшап кастарымдын,

Китебимди басмадан чыгарамын.

Кимдер үчүн ыр жазып жүргөнүмдү,

Билдирип коюш үчүн убарамын.

 

Шерт

Элебей тепсеп кетүү күнөө, убал,

Эшилген алтын кумдай аппак карды.

Эшикке чыкпай үйдө күтө турам,

Оо кудай, өзүң келип сактап калчы.

 

Адамдар аянбастан тепсейт эми,

Катыгүн, шорго түштүң, шорго түштүң.

Жумадин Кадыров

Айтканды угуп, тилимди алган барбы?

Адам сымал өтүнөм кардан дагы.

Ак мөңгүлүү тоолорго жаасаңчы, – дейм,

Алдыңан бир өтөйүн, аргам барбы?

Кичинемден кар баспайм, сыйлаганым,

Кар кечкенди көрүп мен, ыйлагамын.

Карды тепсеп жүргөндөрдү урушчу, – деп,

Бир курдай ата-энемди кыйнагамын.

Кар баспас шертимен жанбаймын мен,

Колуктумдун тилин да албаймын мен.

Дагарага ушатып дааратымды,

Догум артып туалетке барбаймын мен.

Кыш түштүбү, үйүмө бекинемин,

Кар таптаган жандарды жекиремин.

Күн жылып, ала шалбырт башталганда,

Кошаяктай жер тандап секиремин.

Капысынан кар жааса бүлүнөмүн,

Кенен шымдын багалегин түрүнөмүн.

Жер бетин аппак кар баскычакты,

Жанталашып үйүмө жүгүрөмүн.