К.Асаналиев: Мындан бир нече жыл мурда “Вопросы литературы” журналында совет поэзиясынын көрүнүктүү чебери М.Исаковскийдин “Качанга чейин?…” деген өтө курч макаласы жарыяланганы эсиңиздедир. Акын ал макаласында орус совет поэзиясынын өсүштөрүн белгилеп, анда сөзсүз зор таланттардын бар экенин айтып келип, өзүнүн макаласынын пафосун поэзиядагы терс көрүнүштөргө, ырдагы маанисиздикке, графоманияга арнаган эле. Мына эми дагы ошол эле “Вопросы литературы” журналынын өткөн жылкы санында сынчы В.Соловьевдин макаласы менен азыркы учурдагы орус поэзиясынын ал-абалы, өсүш традициясы жөнүндө дискуссия ачылып, азыр да уланып жатат.
Мен булар жөнүндө айтып жаткан себебим, Сизди азыркы учурдагы кыргыз поэзиясы жөнүндө талаш-тартышка чакырайын деген ниеттен эмес. Көрсө ушул сыяктуу курч талаш-тартыштар поэзиянын өсүшүнүн улам жаңы этабында өзүнөн өзү чыгып турган зарылдык окшобойбу.
Азыркы учурда сынчыларыбыз көбүнчө прозага ооп кетишип, кыргыз адабиятынын негизги жанрынын бири болгон поэзияны унутуп коюшту көрүнөт. Буга эмне себеп? Же кыргыз поэзиясында сапаттык жаңы көрүнүштөр болбой жатабы? Чыгып жаткан китептерди алып карасак, дегеле андай эмес көрүнөт. Маселен, Кыргыз ССРинин эл акындарынын, А.Осмоновдун, Ж.Турусбековдун, М.Элебаевдин, Ж.Бөкөнбаевдин томдорунун чыгышы кыргыз элинин маданий турмушундагы бараандуу көрүнүш эмеспи. Бул өткөндүн анчейин гана жыйынтыгы эмес, бүгүнкү, эртеңки күнгө берилген, мындайча айтканда, поэтикалык сабак. Кечээ жакында эле жаш акындардын тизмесине кошулуп жүргөн Б.Сарногоев, Ж.Садыков, Т.Кожомбердиев, М.Абылкасымова, Р.Рыскулов, Ж.Абдыкалыковдун жыйнактары жарык көрдү. Ушунун өзү эле поэтикалык жетилгендиктин күбөсү эмеспи. Өткөн жылы А.Токтомушевдин “Алтын тоо” романынын Токтогул сыйлыгын, С.Эралиевдин Кыргыз ССРинин эл акыны деген ардактуу наамды алышы кыргыз поэзиясынын ийгилигин айкындап турбайбы. Булардан тышкары О.Султановдун, Ж.Мамытовдун, Э.Турсуновдун, К.Жуманазаровдун, А.Өмүркановдун, Б.Алыбаевдин, Б.Асаналиевдин ж.б. жыйнактары жарыяланды. Мен колго тийгендерди гана атадым. Ал турмак, айтылуу сынчыларыбыз К.Бобулов менен С.Жигитов бирден ырлар жыйнактарын жарыялап жиберишти. Мына көрүп турасыз, ыр китептерин жөнөкөй гана тизмелеп чыгуу кыргыз поэзиясында кызыктуу, динамикалык процесс жүрүп жатканын айтып турат.
Ушундан улам, Сизге, Т.Үмөталиевич, төмөнкүдөй суроо менен кайрылгым келет. Азыркы учурда кыргыз поэзиясында кандай сапаттык жылыштар, кубулуштар жүрүп жатат? Тематикалык диапазондун кеңейиши, көркөмдүк арсеналдын байышына алып келген жаңы поэтикалык сапаттар кайсы? Ушуга байланыштуу конкреттүү авторду, конкреттүү чыгарманы атаар белеңиз.
Т.Үмөталиев: Орус поэзиясындагы көрүнүштөр кыргыз поэзиясында деле бар. М.Исаковскийдин жана Соловьевдин макалаларына окшогон курч, актуалдуу макалаларды жазып, талкуу ачып, талаш-тартышка жол берсек болор эле. Бирок ошол өтө эле зарылбы? Анын үстүнө бизде болуп өткөн талкуулардын айрымдары жогорку илимий деңгээлде жыйынтыктуу болбой калганын унутууга жарабайт. Орустардагы маданияттуулук, поэзиянын өсүшүнө зыян келтирбей, түрткү берүүнү максат кылган азаматтык бизде жетишерлик барбы?
К.Асаналиев: Адабий сындын жалпы маданий деңгээли, профессионалдуулугу жөнүндө Сиздин койгон талабыңыз эң туура. Чынында да биздин адабий сынга ушул сапат жетишпей жатат. Талкууну көбүрөөк уюштуруп, көбүрөөк жазсак “үйрөнүп” кетер белек дейм да.
Т.Үмөталиев: Сынчылардын поэзияга көңүл бурушунун азайганын акындардын жазышпай жатканынан же поэзияда жаңы эч нерсе жоктугунан көрүүгө болбойт. Акындар жазып жатышат, поэзия өнүгүп жатат. Жусуев, Сарногоев, Садыков, Эралиев, Буларкиева, Абдыкадырова, Момунова, Кожомбердиев, Абдыкалыков, Байзаков эмне деген күчтүү акындар! Ар бири өзүнчө жаткан ыр казынасы сыяктанат го. Булар азыркы учурдун Мукайы, Жоомарты, Жусубу жана Алыкулу эмес деп ким айтат?
Булар биринчиден болсо, экинчи жагы: поэзия жамгыр жаап басылары менен жабалактап чыга турган козу карын эмес да. Орус поэзиясы – дүйнөдөгү эң эле алдыңкы, эң бай, эң күчтүү поэзиялардын бири. Залкар акындары да көп. Бирок, Пушкин бирөө. Ал алп акындын көз жумганына 138 жыл болуптур. Ушул убакка чейин Пушкинге барабар же андан ашып түшкөн акындар кимдер деген суроого эч ким жооп бере албаганын билебиз. Ушуну менен орус поэзиясы өнүкпөй токтоп калды дешке болобу? Албетте, болбойт.
Мына ошон үчүн, биринчиден, сынга сындай карап, сындай мамиле кылуу керек. Ошол жагыбыз начар. Кээ бирлерибиз калыс пикир айталбай, өңгө карап, тааныштыкка карап бирөөнү мактасак, бирөөнү согуп киребиз. Жакшы чыгарманы жамандап, жаман чыгарманы жерге, сууга тийгизбей, чаң жугузбай мактайбыз. Кээде туура пикир айткан сынчынын артынан түшүп алабыз. Балким, мына ошон үчүн сынчыларыбыз кол шилтеп коюшар? Мейли, эмне болсо ошо болсун дешер? Экинчиден, сынды, талкууну, пикир алмашууну үзгүлтүксүз өнөкөткө айландырып алууга болбойт. Бир аз тыныгуу да керек. Ойлонуп даярдык көрүүгө мүмкүндүк берүү да керек. Көп эле жаза бергенде баркы да кетет, пайда да чыкпайт.
К.Асаналиев: Сөз отузунчу жылдардагы А.Токомбаевдин, Ж.Турусбековдун, Ж.Бөкөнбаевдин, К.Маликовдун жана Сиздин жашыңыздардагы азыркы жаш акындар жөнүндө баратат. Салыштыруум үчүн кечирип коюңуз. Анын зарылчылыгы мындан чыгып жатат. Сиздер ошондо эле “Туткун Марат”, “Энеме”, “Алтын кыз”, “Жапар менен Шарипа”, “Айсулуу” сыяктуу поэмаларды, мезгилдин, доордун духун чагылдырган чыгармаларды жараткан элеңиздер. Ошондуктан бул поэмалар адабияттын тарыхынан орун алды. Азыр да поэтикалык күчүн жоготкон жок. Ал эми, жанагы мен айтып жаткан жаш акындарда ушул көрүнүш, азыркы мезгилдин, азыркы доордун духун көрсөткөн кеңири полотнолорду түзүү болбой жаткандай көрүнөт? Мындай карасаңыз, аларда бардыгы бар: таалим-тарбия ала турган, керек учурда талаша турган улуттук көркөм салт, жакшы адабий даярдык, кругозор. Мындайча алсак, ыр жазуу техникасы боюнча ал учурдун деңгээлинен алда канча бийик турат. Таланттардан да куру кол эмеспиз. Бирок, эмне үчүндүр азыркы замандын Алтын кыздарынын образын жолуктура албай жүрөбүз. Сөз, албетте, жалаң гана алардын образы жөнүндө бараткан жок. Мезгилдин, доордун духун кеңири масштабда сүрөттөө жөнүндө баратат. Кебетеси, азыркы жаш акындар мезгилдин “тамыр кагышын” аныктоодо отузунчу жылдардагы Сиздерге окшоп турмуштун казанынан кайнап (аны биз тарыхтан жакшы билебиз), чыгармачыл активдүүлүк, мен айтар элем, өжөрдүк көрсөтө албай жатышат. Ушундан улам алардын поэзиясында “камердүүлүк”, интимдүүлүк басымга ээ болуп жатат окшойт.
Т.Үмөталиев: Кийинки жылдардын өзгөчөлүгү ушул болушу ыктымал. Прозачылар да роман жазууну азайтып, чакан повесттерге, аңгеме-очерктерге көңүл буруп жатышпайбы. Акындар да ошол жолго түшүп, майда, учкул канат ырлар аркылуу өз ойлорун айтууга өтүп жатышкан сезилет. Бул Сиз айткан “камердүүлүк” жана интимдүүлүк дегенге алып келип жатат. Кооз жана терең сыяктанганы менен бул анчалык жакшы көрүнүш эмес. Коммунизмди куруп жатышкан эмгек каармандарынын ички дүйнөсүн ачып, көргөзүү жагынан, каармандын көркөм образын түзүү жагынан мүчүлүштүккө алып келбей койбойт.
Жалындап турушкан жаш акындарга менин каалаганым: өздөрүндө бар билимди, адабий даярдыкты, кругозорду туура пайдаланып, талантты, акындык күчтү майда-чүйдөгө корото бербей, чекеден тер акканча иштеп, биз жашаган доорду кеңири көргөзгөн чыгармаларды жаратуулары тийиш. Ансыз тарых аларга кечирим кылбайт, “арзан баанын шорпосу татыбайт” дегенди кыргыз бекер айтпаганын унутуу жарабайт…
К.Асаналиев: Кыргыз поэзиясында тоону ырдабаган акын жоктур. Тоо – туулган жердин символу. Тоо – табият берген сулуулук. Тоо – береке. Айтор тоого суктануу акындарга өнөкөт болуп кеткендей сезилет. Кээ бир мисалдарды келтирели:
Тоолорум, менин тоолорум,
Торолтуп куунак өстүргөн.
Колхоздун жайып койлорун,
Коюнуңда сенин көп жүргөм.
(Б.Асаналиев “Кыял сапары” “Мектеп” 1974-ж., 88-бет).
Тоо менен келет кеңешким,
Тоо менен келет теңешким.
Тоолорго айтып сырымды,
Тоо койнунда мен өстүм.
(А.Соронбаев, “Тоо жели”, “Кыргызстан”, 1974-ж., 17-бет).
Тоо тарапка жөнөйм олтуруп,
Тосуп чыгат алдыман тууган жер.
Мени көздөй чуркашып булактар,
Мени көздөй шашылышат адыр, бел.
(Ч.Жунусов, “Гүлдүү тескей”, “Кыргызстан”, 1974, 25-бет).
Айтор, ушул мүнөздөгү мисалдарды уланта берүүгө болот. Биз тоону жазууга, тоону ырдоого каршы чыгып жатканыбыз жок. Кеп, ошондой эле бул ыр саптарынын жакшы же жаман экендигинде да эмес. Кеп – бул ыр саптарында “поэтикалык күтүлбөгөндүктүн” жок болуп жатканында. Баары тең тааныш ойлор, тааныш сезимдер. Жаш авторлор, эгер жөнөкөйлөштүрүп айтсак, эң адепки эле сезимди, ойду ыр саптарына уйкаштыруу менен чектелип жатышат. Акын ошол адепки ойдун, адепки сезимдин ар жагын, тереңинен бериш керек эмеспи. Ошондон улам жанагы биз айткан “поэзиядагы күтүлбөгөндүк” жаралат да. Алыкул Осмоновдун кыргыз тоолору жөнүндөгү атактуу ырындагы “Ар жагынан бер жагына куш эмес, араң гана бороон өтөт калтырап” деген саптары кимдин эсинде жок. Эгерде тереңдетип айтсак, Днепрдин ар жагынан бер жагына сейрек гана куш учуп жетер деген Гоголдун гиперболасына такар элек. Бирок ал оюбузга эч келбейт. Акын кыргыз тоосунун өзүнүн гана пейзажын ошончолук так сүрөттөгөн экен. Ырдын образдык курулмасында бул эки сап ыр өзүнчө бир “эпицентр” болуп калыптыр. Поэтикалык күтүлбөгөндүк дегенибиз ошол. Акын окуянын, көрүнүштүн окуучу күтпөгөн жагын ачып берет эмеспи…
Т.Үмөталиев: Тоолорду жазба дегим келбейт. Тоо – пейзаж, тоо кооздуктун падышасы. Анын үстүнө биз – тоодо туулуп, тоодо жашаган элдин урпактарыбыз. Ата-конушу менен ким сыймыктанбасын… Бирок, жаш акындар турмуш чындыгын таамай көрүшсө кандай жакшы болор эле. Азыркы кыргыз илгеркидей көчмөн эмес. Көпчүлүгү эмгекте, мейкин түздөрдө, аппак кыштактарда, көрктүү шаарларда жашап, завод-фабрикаларда, курулуштарда, кызылча жана пахта талааларында, жемиш бактарында жана жүзүмзарларда иштешет. Эл тиричилигинин басымдуу бөлүгү өнөр жайлар болуп калды. Келечек болсо – өөрчүгөн өнөр жайлуу республиканы көргөзүп турат. Ошон үчүн окурмандарды тоого чакырбай, төмөн, эл жайнаган эмгек казаны кайнаган жерге чакыруу керек. Акын деген доордун жар чакыруучусу экенин унуткан болбойт эмеспи.
Ал эми Алыкулдун “Тоо жоготтум” деген ырындагы күтүлбөгөндүктү ар бир акындан талап кыла берүү да туура эмес.
К.Асаналиев: Мен Алыкулдун “Кыргыз тоосу” деген ыры жөнүндө айтып жатам. “Тоо жоготтумду” да ошол ырдын катарына коюп, “көркөмдүк күтүлбөгөндүк” маанисинде караса болот.
Т.Үмөталиев: Бардыгы эле ошол деңгээлде турса, анда Алыкул көптүн арасында көрүнбөй калмак. Албетте, талап кылуу жакшы. Үмүт кылуу да жакшы. Бирок жомоктогудай баары көз ачып жумганча боло калбасын эске алуу керек.
К.Асаналиев: Биз жогортодо поэтикалык “күтүлбөгөндүк” деп поэтикалык ачылыш жөнүндө эле айттык. Ушул маселе боюнча мени көптөн бери бир нерсе ойлонтуп жүрөт. Билесиз го, кийинки мезгилде “Нарын дептери”, “Ысык-Көл дептери”, “Ош дептери”, “Украина дептери” деген сыяктуу ат менен ырлардын циклин жазуу өзүнчө салт болуп кетти. Булар негизинен акындардын ошол жерге барып келүүсүнөн (командировка, юбилейлик той ж.б.) жаралган ыр. Ал ырларда көбүнчө акынга таасир калтырган окуя, жер-суунун көрүнүшү, кызыктуу адамдардын элеси сүрөттөлөт. Конкреттүү мисалдын зарылчылыгы жок го. Анткени биз андай ырлардын жазылышына каршы чыгып жатканыбыз жок. Ал ырлар да өз кызматын аткарат өңдөнөт. Ошондой болсо да, бизди тынчсыздандырып жаткан бир ойду айтпай коюуга болбойт. Биринчиден, бир барып келген жерден бир дептер ыр алып келсе, поэтикалык ачылыш дегенибиз оңой нерсе болуп калбас бекен. Экинчиден, маселен, “Сокулук дептери”, “Жыламыш дептери” деген сыяктуу жаза берсек поэзия сөзү коромжуга учурап калбайбы.
Т.Үмөталиев: Бул дептерлерди мен окуп жүрөмүн. Муну башташкан орус жолдоштор болушкан. Биздин жаштардын Ош жана Сокулук дептерлеринин көп жакшы болбой жаткан себеби: ошол өздөрү таппай бирөөлөрдү ээрчигендикте болушу мүмкүн? Бул деле көрүнүш эмес. Жыйнактардан башка дагы бир начар жөрөлгө башталды. Кийинки кездерде ар кимдер өзү жашаган жерлеринин атынан ырлар-күүлөр чыгарып алышып, асмандата ырдап жүрүшөт. Бул өзү “Ата-Мекен” дегенди тар түшүнүп, жер-жерге бөлүшүп алышкандык болбосун?
К.Асаналиев: Принципте белгилүү бир крайдын, жердин кооздугун даңазалап ырдоого каршы чыгууга болбойт деп ойлоймун. Бирок, маселенин баары ошол ырдын жалпылагыч көркөмдүк күчүндө. Ал жөн эле мактоо болбостон, ошол жер табиятын Ата-Журттун бир бөлүгү катарында даңазалаган ыр болууга тийиш.
… Ошентип, мен Сиз менен болуп жаткан маегимдин негизги учугуна келип такалдым. Сөз жаш акындардын изденүүсү жөнүндө болмок. Изденүү касиетин алардан алып коё албайсың. Сөзсүз изденүү бар. Алар көбүнчө эл, жер, турмуш, сүйүү жөнүндө медитативдик, философиялык ырларды жазууга умтулат. Изденүү, маселен, К.Жуманазаровдун “Тогуз кайрык”, Ж.Мамытовдун “Убакыт”, С.Акматбекованын “Алыскы талаалар”, А.Өмүркановдун “Мөлтүр сезим” ж.б. китептерине мүнөздүү. Бирок ошол изденүүнүн алгачкы күүсүнөн болуш керек, кээде аша чапмайлык да кездешпей койбойт экен. Ошол эле биз жогоруда эскерткен Ж.Мамытовдун бир ырында катары менен “Лазер нуру”, “Сызыгындай чагылгандын”, “Жогорку вольт” деген салыштыруулар, аныктамалар кездешет. Поэтикалык эффектиге кызыгып кеткени сезилип турат. Же мындай деген ыр саптарын окуйбуз:
Мен жазамын потенция деген ыр,
Күн кубатын каалайм анын ичине…
(Ж.Мамытов, “Убакыт” “Кыргызстан” 1973-жыл, 5-бет)
Потенция – ички жашырын күч. Ошондой ыр жазылат. Ага күндүн кубаты берилет. Эффективдүү. Бирок, мында поэзияга караганда, проза көбүрөөктөй сезилет. Булардын баары – изденүү инерциясынан келип чыккан мүчүлүштөр. Мезгил өзү ага корректив киргизет, мезгил жетилтет.
Бирок башка мүнөздөгү аша чабуулар бар. Бир ырды толук келтирели:
Сактанарсың чагылгандан, добулдан,
Сакаярсың чаккан жылан заарынан.
Сабыркаба көчкөн ташка согулсаң,
Сакта дегин адамдардын каарынан.
Өтөт кырсык, өтөт оору жөнөкөй,
Өтөсүңөр кирген суунун шарынан.
Санаа, кайгы, өлүм келсе – көтөрмөй,
Сакта дегин адамдардын каарынан!
Ашык дүйнө алгым келбейт, коркомун –
Адам көзү сырдуу тиктейт баарынан.
Жамандыкка баргым келбейт, коркомун –
Жалгыз гана адамдардын каарынан!
Адам каары түбүң менен жок кылат:
Ата-бабаң, тукумуна… сокку урат.
(Э.Турсунов, “Бийиктик”, “Кыргызстан”, 1973. 5-6-бет).
Кандай дейсиз, бул ырга атайын комментарийдин зарылчылыгы жок го! Кантсе да, адамды жек көрүү сезими менен жазылган ыр.
Т.Үмөталиев: Мен изденүүгө каршы эмесмин. Изденбеген, ой жүгүртпөгөн, аракеттенип, азап чекпеген киши акын болуп жарытпасын билемин. Изденсин, айга, ааламга чабыт салсын. Албетте, ошентсе да болот. Бирок жергиликтүү чечкиндүүлүк дегениң эмне? Аны биз өз заманыбызда жергиликтүү улутчулдук, тар улутчулдук дечүбүз. Эгер сөз ошол жөнүндө болсо, анда мен жаштарга кең пейил болууну, интернационалист болууну, эл достугун үнгө салып ырдап, күүгө келтирип чертүүнү кеңеш кыламын. Эгерде бул “жерде качанга чейин жөрмөлөп жүрөбүз? Ааламга, галактикага чыгып кетели, жерди таштайлы” деген сөз болсо, анда мен жаштарга: “Жок, балдарым! Жерди урматтагыла” деймин.
Ал эми жалпы адамзаттык поэзия жөнүндө сөз болгондо, абдан кылдат, абдан сак болуу зарыл. Мен ГДРда, Венгрияда өткөрүлгөн эл аралык чогулуштарда болуп, бул маселе жөнүндө ар кимдин ар башка пикир айтканын уккамын. Албетте, жалпы адамзатка бирдей кымбат чыгармалар дүйнөдө аз эмес. Андай чыгармаларды жаратуу үчүн чоң чебер болуу керек…
Акын ырды өзү үчүн жазбайт. Калың эл үчүн, түптүү журт үчүн, көпчүлүк үчүн жазат. Андай болсо, Ж.Мамытовдун лазер нурун же сызыгындай чагылгандын жогорку вольтун кыргыздын баары түшүнөбү? Чабан же пахтакер түшүнөбү? Бул жалпы адамзаттык боло албайт. Ар ким өз тилинде сүйлөп, өз тилинде жазып эле жалпы адамзаттык чыгарма жаратса болот. Кеп кайсы сөздү көп эл түшүнгөнүндө эмес. Чыгарма кайсы тилде жазылса, ошол эл таамай түшүнгөнү жакшы.
Ал эми Э.Турсуновдун адамга берген баасы өтө жаман. Же Максим Горькийдин адам деген сөз сыймыктуу угулат деп айтканын окуган эмес, же окуса да анын ою менен макул эмес. Эмнеси болсо да, гуманист акындын жазар ыры эмес. Биринчиден, адамды жек көрүү бар. Экинчиден, адамдын баарын бир катарга тизип койгон. Адамдын баары эле каардуу, баары эле жамандык кылууга даяр турушкандай жазыптыр. Партиялуулук деген кайда? Марксисттик көз караш кайда? Капиталист да, жумушчу да, дыйкан да, помещик да бирдей каардуубу? Жамандыктын булагы жеке менчик, ал эми жеке менчик болуп, бардыгын ээлеп алган ач көз бай экенин, адамдарга каарын төккөн ошол байлар, капиталисттер экенин Эрнис укпаса керек? Адамдан сактаныш керек эмес, ошол ач көз миллионерлерден сактануу зарыл десе болбойбу? Ошолордун буйруктарын аткарышкан фашисттерден, агрессорлордон сактануу керек дебейби, акыры. Жумушчу табынын революциячыл күрөшүнүн, тап күрөшүнүн казанына толук кайнап бышпаган акындан гана ушундай мүчүлүштөр кетиши мүмкүн.
К.Асаналиев: Жаш акындардын улуттук адабий салтка карата болгон мамилеси жөнүндө бир-эки сөз. Бул маселе менин оюма алардын ыр китептерин окуп жатканда түштү. Мен окуп чыккан жыйнактардан А.Осмоновдун аты аталбаган жыйнакты дээрлик жолуктурбадым.
Алыкул, талашсыз, зор акын. Анын поэтикалык салты бай жана ар түрдүү. Анын үстүнө акындын тынымсыз изденүүчүлүк пафосу да жаш акындарды өзүнө тартып турса керек. Алыкулга карата болгон сүйүү, урмат бардык тарабынан татыктуу. Ошондой болсо да, жаш акындардын өткөн адабий салтка мамилеси белгилүү даражада бир жактууракпы деп ойлойм.
Т.Үмөталиев: Туура, жаштар Алыкулду көбүрөөк эскеришет. Ага ыр арнабаган жаш акын жок. Бул жаман көрүнүш эмес. Арнасын, эске салсын, андан үйрөнсүн! Дагы бир себеп бар. Ал биздин сынчылардын, адабиятчылардын Алыкулга көбүрөөк көңүл бурушуп, анын чыгармаларына изилдөө жакшы жүрүп жатканында. Мына ошон үчүн болсо керек, кээ бир жаш акындар Алыкулга анчалык таасир бербестен эле жаза коюп жүрүшөт: мисалы Анаш Сооронбаев өзүнүн чыпалактай кичинекей жыйнагына Алыкулга арнаган үч ырын кийириптир. Бирок Алыкулдан үйрөнгөн же суктанган эч нерсе байкалбайт. М.Элебаев, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, М.Алыбаев жана Р.Шүкүрбековдор деле кыргыз поэзиясынын асманында жаркырап күйгөн чолпондор. Алардын чыгармаларын изилдөө иши аз болуп жаткансыйт.
К.Асаналиев: Туура айтасыз! Мукай, Жоомарт, Жусуп, Мидин сыяктуу акындардын жаштар арасында анчалык “барктуу” болбой жатканынын дагы бир себеби – алар жөнүндөгү жазылган адабий эмгектердин илимий терең эместиги. Муну моюнга алыш керек. Алардын поэзиясынын “сыры” Алыкулдай ачылып бериле элек.
Эң акырында, Темиркул Үмөталиевич, Сизден бир маселе боюнча оюңузду билгим келет. Албетте, сөз “ак ыр” жөнүндө баратат. “Акындарга үч суроо” деген талкууга сиз дагы катышып, ак ырды “жат короого келген эчкидей” деп айтканыңыз эсимде. Мына эми, дал ушул азыр да ак ырдын абалы кандай, ошондой эле жат короого келген эчкидей чочуркап турабы же үйүр алып, “үйрөнүп” калдыбы? Деги ак ырдын кыргыз поэзиясында кандай перспективасы бар?
Т.Үмөталиев: Ак ыр жөнүндө өз оюмду өзгөрткөн жокмун. Биринчиден, кыргыз тилинин түзүлүшү, кыргыз тилиндеги басымдардын сөздөн орун алышы (азыркы муунда гана кезигиши) ак ыр жазууга мүмкүндүк бербей келе жатат. Орус тилинде басым сөздүн ортосунда, ал турсун, биринчи эле муунунда да учурайт. Ошол үчүн, ыр сабынын акыркы муундары уйкашпаганы менен, ортосунда же башында уйкашат.
Экинчиден, ак ырды баштаган С.Эралиев азыр толугу менен кайра Пушкиндин силлабикалык ыр түзүлүшүнө өтүп алды. Бир учурда Сүйүнбайды ээрчип, ак ырга кызыга башташкан М.Абылкасымова, Т.Кожомбердиев, С.Урмамбетов ж.б. да кайра өз короосуна келишти. Ак ырлардын короосунда Рамистен башка эч ким калган жок. Мына дал ошол үчүн кыргыз поэзиясында ак ырдын келечеги аз го деп ойлоймун.
К.Асаналиев: Бул маселе боюнча дале болсо Сиз экөөбүздүн позициябыз эки башка бойдон калат окшойт. Эгерде “ак ырды” жалаң гана уйкаштыкка байланыштырбай, көркөм ойлоого, чындыкты көркөм өздөштүрүүгө байланыштырып кеңири карасак, менин оюмча, ак ырдын кыргыз поэзиясында перспективасы кеңири. Деги мунун чечилишин келечектен күтө туралы.
К.Асаналиевдин “Өрдөн өргө” китебинен