Поэзия

Акын Нуриза Өмүрбаевадан жаңы жазылган ырлар

***

Жаз жамынып, күз жамынып үстүңө,
жаткандырсың аз ойлонуп, көп уктап.
Жүрөгүңдү эзбейт чыгар бул дүйнө,
маркумдарга жашоо жеңил деп уккам.

Тегерегиң базар, бекет, күрү-гүү,
тирүүлүктүн ыры сени терметет.
Башыңды аттап кетишеттир… Типтирүү
басып жүргөн бизди деле тепсешет.

Жазды жандап, күздү күүлдөп сүрбөгөн,
жашоо сага, балким түштөй эстелет.
Адам чиркин өтөт экен дүйнөдөн,
жалкы өмүрдү жашай албай кештелеп.

Бир билгеним, турмушуңа жеңилген,
биз билбеген кыялдарың урады.
Карегиңден кара ташка чегилген,
качанкынын муңун көрүп турамын.

Сен унуткан жайын-көйүн дүйнөнүн,
эстеттимби? Оор чыгар эстеген…
Жакын жерде турат досуң, сүйгөнүң,
жазда, күздө бир кайрылып кетпеген.

Балким, сага түн ичинде угулат,
жоктоо ыйы бала, жардын жаш калган.
Балким, балким көңүл-көөнүң буюгат,
башаламан өсүп жаткан бактардан.

Балким дале жаткандырсың ыр курап,
башыбызга ыр уккандар келет деп.
Бирөө менин кулагыма шыбырайт,
“Маркумдарга жашоо жеңил эмес” деп!

 

***

Эч ким билбес тиргилигим уланат,
эч ким билбес санааларым ойду ээлеп.
Турмушуңа көндүңбү? – деп сурашат,
турмуш кимдин ою менен болду эле?

Ойдогума жетемин дейм, болбос кеп,
бирде жамгыр, бирде шамал жол тосот.
Тагдырыңдын өңү бизге окшош деп,
таш көчөлөр, тар көчөлөр томсорот.

Бир карарып, бир агарып жээк тарап,
Деңиз менен Жер күрөшөт, чарпышат.
Мен күрөшпөй басып кетсем, терс карап,
жашаганды билген жок деп айтышат.

Кечир мени, кемтиги көп ааламым,
жүз жериңден алдым сени жаралап.
Көчөсүндөй мен жашаган калаанын,
көңүлүм да ташка айланып баратат.

About the author

Жазуучулар Союзу