Айзада Эсенжан кызы: Көз тийген сырга (аңгеме)

Эсенжан кызы Айзада 1994-жылы Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. 2001-жылы айылдагы Жеңижок атындагы орто мектебинин ак босогосун аттап, ушул мектепте окуп келет.       Жаш кезинен тарта ырларды жазат.Анын “Турар” басмасынан 2011-жылы “Акак” деген аталыштагы ырлар жыйнагы жарык көрүп окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынды. Ошону менен бирге эле “Жаңы Ала Тоо журналына” да ырлары жарыяланган. Областтык, республикалык газета журналдарга макалалары жарык көрүп келет.

Көз тийген сырга

(аңгеме)

Апамдын сыргалуу болушу айылдагы келин-кезек, байбичелердин айтып түгөтө алгыс жаңылыгы болду да калды. А түгүл тигил Чомполдун үстүндөгү айылдан да апамдын эски достору келип, эки саат жобурашып, апамдын сырга-сабагын кеп кылышып отуруп кетишти. Буга апам да компоюп ыраазы.

-Тим эле таза алтын экен- деди. Эки көзү сыргадан өткөн Сыргаян кемпир, ичимде ойго бата түштүм. Бул кемпирдин атын эмне үчүн Сыргаян койду экен деп. Ошентип бир айылдын бир айдан ашык эрмеги апамдын сыргасы болду.

Жакында шаардан үйгө барсам апамдын кабагы салыңкы.

-Эмне болду апа-десем,

-Кандайча экенин билбейм, өзүнөн өзү эле сыргам сынып калды,-деди мостоюп.

-Эч нерсе эмес апа, жаныңыз аман болсун, окууну бүтсөм мындан да коозун, мындан да таза алтындан жасалганын алып берем, -дедим. Апам менин кубаттаган сөзүмө толкундана түшсө да, бир айыл элдин кыз-келиндери суктанган сыргасына ичи ачышып турганын сездим да.

-Мен окуган шаарда мыкты зергерлер бар, оңдотуп берейин-десем гана апамдын кубанычы жүзүнө толуп-ташып чыкты.

-Оңдотсоң тезирээк эле берип жибер ээ, – деп шаштысы кете түштү. Кыязы сыргамды көргөнү дагы бирөө жарым келип калбасын дедиби билбейм.

Жай аяктап, күз кирип келгенине да анча болгон. Суук түшүп жер кыроо тартар маал да жакындап калгандай. Саргарган жалбырактар апамдын сыргасына окшоп тырс сынып түшүп, айрымдары күздүн салкын шамалынын кубатына багынып, абада каалгып жүрөт. Алар кудум эле апамдын сыргасындай сапсары. Алтын түстүү шуудураган сары жалбырактарды тебелеп, апамдын алтын сыргасына сарсанаа болуп бараттым. Апам да сыргам тезирээк оңдолуп калса экен деп бушайман болуп жүргөнүн ойлоп, тезирээк оңдотоюн деген чечимге келдим.

Күздүн таңкы суугу таманымдан өтүп, таңкы Кербендин тынч көчөлөрүнүн биринде кадамымды кере таштап, шашыла келе жаттым. Мени менен учурашкандай анча-мынча куштардын үнү угулуп, сары жалбырактар алдыма төшөлө калып, кеч күз чындап болгонун айгинелейт. Азыр туура ишке барам, андан соң окуума жөнөмөкмүн. Кийин зергерге да киришим керек.

Сабагым бүтүп, болжолдогон убакытта зергерге кирдим. Апамдын сынган сыргасын кармап кезекте турдум. Адам көп экен күтүп турушка туура келди. Бир убакта кезек мага тийип сырганы зергерге көрсөтүп оңдоп берүүсүн өтүндүм. Сырга эки жеринен сынган эле, уста колундагысын айландыра карап, мага таң кала кадалды да, ишке киришти. Кызык, бая нарыдан бери оңдоп берип жөнөтүп жаткан уста мага келгенде көпкө кармалып, сырга кайра-кайра карматкан сайын сына берди. Зергер ойго батып майдаланган сырганы карап турду да, мага кайрылды.

-Сырганы ким тагат?

-Апам..

-Апаң сулуубу? -Мен тамашабы деп ойлоп “ар кимдин апасы өзүнө сулуу” деп жооп бердим. Ал дагы тунжурап турду да:

-Сураганым, апаңа көз тийиптир. Ошон үчүн сырга кайра-кайра сынып жатат. Жакшы, апаңа зыяны тийбептир-деди. Бул эмне жиндиби деп ичимден күлкүм кыстады. Аны уста байкады көрүнөт, мындай деди:

-Адам эмеспизби, бирөөнүн сөзү жаман, бирөөнүн көзү жаман. Эгер аял кишиге бирөөнүн көзү тийсе, көз өзүнө эмес, сыргага тиет. Ошондо морт болуп, сырга майдаланып сынып кетет. Муну көпчүлүк биле бербейт, кооздук үчүн тагынышат. Сырганын ушундай нерселерге да пайдасы бар,-деди.

Эмне айтарымды билбей, жакамды кармап апамдын ден соолугун тиледим. Апамды суук көздөн далда кылган жаратканга жалындым. Анткени менин бул жалганда эң кымбатым, таянар тоом, ылдый түшсөм жөлөгүм, өйдө чыксам өбөгүм эле апам эмеспи. Ата-энеден кымбат эмнем бар эле.

Бир аздан соң сырга даяр болуп, ансайын көркөмдүү, кооз болуп көрүнүп, толкунданып апама шашып, үйүмдү көздөй бет алдым. Жолду ката зергердин айткандары кулагыма жаңырыктап баратты.

Апам сыргасын көрүп, кубанычы койнуна батпай сүйүнүп калды.

-Сыргаңызды кулагыңыздан түшүрбөй тагынып жүрүңүз-дедим.

Апамдын ден соолугу үчүн сынган сырганы кийин мен да жакшы көрүп калдым.

-Апа, сыргаңыз сынса сынсын, өзүңүз сынбай менин бактыма бар болуңуз-дедим.

Аксы району, Кербен шаары