Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар,

Урматтуу калемдештер,

Жалпыңыздарды бүгүнкү Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Курман айт – мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири.

Курман айт майрамында Азирети Ибрахим пайгамбардын, (алайхис салам) өзүнүн канынан жаралган сүйүктүү уулу Азирети Исмаил пайгамбарды (алайхис салам) курмандыкка чалууга камдануусун жана Исмаил пайгамбардын да өз атасынын мындай амалына чын жүрөктөн ыраазы боло моюн сунуп бергендигин, анан да Аллага чын жүрөктөн берилүүнү туюнтуу ниетинде малдарды курмандыкка чалуунун жана ошондой эле жогоруда аты аталган эки пайгамбардын Алланын бу дүйнөдөгү чоң сыноосунан өтүшкөндүктөрүнүн сүйүнүчтөрүн майрамдашат. Бул күнү мүмкүнчүлүгү бар адамдар курмандык чалып, мусулмандар бири-бирин куттуктап, үйлөрүнө мейманга барышып айттап келишкен.

Мусулмандардын майрамы болгон улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун!

КРУЖС Башкармалыгы