Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Агартуу министрлиги, КРдин Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институту 12-13-декабрда «Айтматов окуулары–2025» эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрөт.
Конференцияга жергиликтүү жана чет өлкөлүк окумуштуулар катышат. Форумда «Айтматовдун мурасын изилдөөнүн азыркы абалы жана келечеги»; «Айтматов медиа мейкиндикте»; «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы мектепте жана жогорку окуу жайларда» актуалдуу илимий багыттар талкууланат.
Айтматовдун азербайжан, армян, башкыр, грузин, казак, орус, тажик, татар, түркмөн, өзбек жана башка тилдеринде жарыяланган сейрек кездешүүчү үлгүлөрү менен «Китеп көргөзмөсүндө» таанышууга болот.
Улуу жазуучунун туулган күнүнө карата өтүп жаткан конференция Кыргызстанда жана андан сырткары да маанилүү илимий жана маданий окуя болмокчу.
Конференциянын жүрүшүндө жаңы басылмалардын бет ачары өтөт: Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Манас” жана Айтматов” аттуу китеби, Айтматовдун чыгармаларынын 12 томдук жыйнагы орус тилинде; “Чингиз Айтматов – голос человечества. Библиография переводов на языки мира” аттуу маалымдама; Айтматовдун чыгармалары боюнча 5–11-класстар үчүн Хрестоматия; “Кадам” жана “Оку” басмалары тарабынан массалык окурмандар үчүн китептер.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, КРдин Президентинин кеңешчиси, Тышкы иштер министри, Илим, жогорку билим жана инновациялар министри, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, Агартуу министри, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, коомдук ишмерлер Р. Т.Айтматова жана Э.Ч. Айтматов, Азербайжан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасындагы Элчиликтери, КРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын секретариаты, илимпоздор, жогорку окуу жайлардын профессорлук-окутуучулар жамааты, студенттер катышат.
Бишкек ш., Чүй пр., 265а, Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залы
E-mail: aitmatov.taanuu@gmail.com, Тел.: +996 708 283 594
