Айбек Абдылдаев: Чоң энем күткөн жаз

Чоң энем күткөн жаз

-Жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп ал, оо Кудай-таалам! Мына жазды көрдүм кайра, Күндү көрдүм!

-Энем адатынча Кудай менен түз эфирин баштады! – деди менден улуу агам.

Күн жылыганда биздин бүлөбүз үйдүн жанындагы чакан багыбызга төшөк салып, төгөрөнө олтуруп түшкү тамак ичебиз. Мен эс тарткандан бери ушундай, күн жаабаса бир аптадай түштөнүүбүз ушул жерде болот. Муну баары эле кылабы, же биздикилер эле салтка айлантып алганбы, анысын билбейм. Бакта үч-төрт түп өрүк, анан мырза теректер бар. Жазды энем өзгөчө тосуп алат. Чоң эне деп айтапайт биз тарапта, эне дейбиз. Энем күнгө кактанып, бостектин үстүндө көз байланганча жатат. Ага келип кеткен катын-калач көп айылда. Жанында эч ким калбай калса, колу бош болгонубуз олтура калабыз. Атам менен апам ошентип кулакка куйган:

-Энеңердин эрмеги болуп тургула!

Карындашым бөкчөйгөн энемди бакка жетелеп келди. Бир топ жыл мурун “энеңдин жонунда дарбыз бар” дешсе, чын эле күмөнсүп, кармап көргүм келчү. Азыр ага ишенбейм! Эс тарттым, энемдин жонунда басып өткөн өмүр жолундагы жүк бар экенин билем. Аны карыганда баарыбыз көтөрөбүз ошол күнгө жетсек. Бул менин сөзүм эмес, мага апам ошентип айткан.

-9-майда мектепте футбол мелдеши өтөт, мага кроссовка керек, – деди иним.

-Бутуңда мыгың барбы, күздө эле алып бердик го, – деди апам.

-Тамагыңарды ичкенден кийин боз үйдүн кереге-уугун краскалайбыз, – деп койду атам, иним көтөргөн маселеге чекит коюп. Жайлоого камынат экенбиз эми. Майдан баштап жайлоого көчө башташат. Биринчи малы көптөр кетет. Анан майдын аягына барып эки уйлуу, бир уйлуу кишилер дагы көчүп барышат жайлоого. Үй-бүлөдө сегиз жанбыз. Агам экөөбүз быйыл бак-шакты карап кыштоодо калабыз. Былтыр менден улуулары калды эле, бирөөсү шаарлап кетти. Эми менин кезегим жетти. Анан эки иним калат, мен дагы шаарлашып кетем го. Айылда ушундай, эр жеткени шаарды көздөй кете берет. Бирок кайрылып келгендери аз, ошол барган шаарынан орун-очок таап, айлап-жылдап бир келип турушат.

Баарыбыздын ичибизден жазды чыдамсыздык менен күткөн энем менен тандыр алдында кышы менен улуп-уңшуп чыккан итибиз болсо керек. Байкуштарым экөө тең карылыктын муздак, сумсак күндөрүн жашап атканы… Кандекке канча жолу жылуу уя жасап берсем болбой эле тандырдын алдына качып, кышты ошол жерден өткөрдү. Жүнү үксүйүп жүдөп, каңк этип үн чыгарбай сенделип басып калыптыр. Күн жылыгандан бери ит дагы күн кубалап жатчу болду энеме окшоп.

Энеме деле быйыл оңой болгон жок окшойт. Февралдан баштап эле күн санап, чилдесин чыгарып, анан токсонун чыгарып:

-Жерге амал кирди, жаз келди,- деп зарыга күттү. Акыркы күндөрү күбүрөнүп, шуу үшкүрүп сабыры түгөнүп бараткан эле. Биздин айылда өрүктөр апрелге барып гүлдөйт. Бирок быйыл кыш марттын этегине чейин каарын төгүп туруп алды. Апрелдин үчүнчү аптасына барып күн жылыды. Жазды эмнеге күтөрүн жакшы билем, энем агаларын күтөт. Көрсө, эки бир тууганы согуштан кайтпай калган экен. Кайсыл согуш болмок эле, ошо 1941-жылдагы согуш!

Кат-кат тырышы баскан бетин, билинер-билинбес калчылдап турган башын, чүрүшкөн арык колдорун карап олтуруп кээде зээним кейип кетчү. Эх, карылык! Бул киши да өз мезгилинде жапжаш солкулдаган кыз болгонун, болгондо дагы сулуу кыз болгонун улуулар айтса, такыр элестете албайм десең. Апам тепшиге салып жуунтуп жатканда, чоң энемдин бир тутам эле чачы калганын көргөм. Калганын сүрөттөп айтып бере албайм. Мага абдан коркунучтуу көрүндү ошондогу кебетеси. Эми жазды күткөнүн айтайын.

Өзү мынтип айтат:

-Согуштун экинчи жылында ала-шалбыртта Тиленбай акеме пронтко чакыруу келди. Эл дөбөгө топтолду, биздин айылдан төртөө-бешөө чакырылган экен. Башкалар баарыбыз менен коштошуп жатса, Тиленбай акем эч кимге кош дебей, атына камчы басып артын карабай чаап кеткен! Өткүр кылычтай болгон шар неме эле, кайраным… Анан артынан Төлөнбай акем кетти. Эсиме жара чыкпаса, согуш бүткөнүн күн жылып, жер көктөп калган мезгилде укканбыз эле…

Эки агасы тең дайынсыз кетиптир. Артынан кара кагаз дагы келген эмес. Ошого жаз келгенде агалары кошо кирип келчүдөй болуп чоң энем күтөт экен да жарыктык. Апам айтат:

-Келин болуп келгениме кырк жыл болсо, энем ошондо эле жазды күтчү. Бирок көп байката берчү эмес. Акелерин оозунан түшүрбөй айтып калат эле,-дейт.

Кара жолду карап жатат керелден-кечке. Арадан сексен жыл өтсө дагы ошондогу отуздун кырындагы агалары картайбай, ошол калыбында жетип келчүдөй боло берет. Бирде кызык окуя болду. Жогорку айылдан согуштан дайынсыз кеткен бир кишинин неберелери архивден чоң атасы көмүлгөн жерди тааптыр деген кабар айылды солк эттирди. Баарыбыздын сөз кылганыбыз ошол. Чоң энем дагы олтура албай калды.

-Архибиңер эмес, силердин колдон келеби,-деп.

-Ал Москвадан экен, ал жакка ким барат,-деди атам энемдин үмүтүн өчүрүп. Байкушум көпкө чейин сүйлөбөй, бизге артын салып таарынды.

-Эне, мен мектепти бүткөндө шаарга окуйм. Ошол архивден издеп акелериңизди табам,-дедим.

-Айланайын атам, тилегиңи берсин!

Энем буулугуп турган экен жашып кетти. Кат-сабаты жоюлбаган киши болчу энем. Бирок көкүрөгү көрөгөч, даанышман болгонунда шегим жок. Элдик ырларды куюлуштура сүйлөп, кошокторду айтып калчу. Апамдын айтымында акылман аял болгон. Он сегиз жашымда келин болуп келип, ушул кишиден бир жаман сөз укпадым дейт апам.

-Эне, сиз дагы мектепте окудуңуз беле?

-Жок, айланайын биз бала кезде окуганыбыз жок. Кийин бизди окутушту.

-Кантип окутат эле?

-Тегерек токочтой “О-оо” деп окучубуз.

Баарыбыз күлүп калабыз, энем кошо күлөт.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы танкалар, жоокерлердин сөөктөрү, курал-жарактар табылган кадрларды телевизордон көрөбүз. Бирде агам экөөбүз бир кино көрдүк. Эртеси таң атпай жөө-жалаңдап жайлоого, энеме жөнөдүм.

-Эне, бир киши согушта Германияда калып калып кийин айылына келген экен. Келсе, өлгөн жоокерлердин катарына ысымын жазып коюптур. Ошону көрдүм…

Чалды-куйду сүйлөп, энеме ошол кинодогу окуяны жеткирейин деп жатам, толкунданып жатам. Энем көзүнүн жашын шыпырып:

-Садагаң болоюнум, акелерим дагы ошентип немистин жеринде калып кетсе гана эле көзү тирүү болсо. Мүрзөсү белгисиз, кайда өлгөнү белгисиз, куран окулбай, сөөгү кепинделбей…

Энемдин таң атпай көңүлүн чөктүрүп, атамдан тил угуп, кайра салпактап кыштоого кеттим. Мен болсо энеме үмүт берейин деп баргам. Көрсө, канча жылдан кийин деле кайтып келгендер бар экен деп айтайын дегем. Ошондон кийин мен дагы энеме окшоп эки жоокерди күтө баштадым. Энемден айырмаланып, алар улгайып калганын элестете алчумун. Энем болсо аларды дайыма жапжаш элестетип, ошондой сүрөттөп калар эле. Кийинки жылы энем жазды көрбөй калды. Мен болсо эки жоокерди издеп, арманда кеткен энемдин өтүнүчүн аткаруу тууралуу өзүмө максат койдум. Ал максаттар кээде алыстап, кээде унутулуп, зырп этип кайра эске түшүп жүрүп далай суулар акты. Интернеттеги издөө баракчаларынан экөөнүн тең ысымын таптым, бирок “дайынсыз кеткен” деп турат. Сөөгү кайсыл жерде калганын биле албадым. Даректерин тапсам, энем үчүн куран түшүрүп, бата кылайын дегем.

Жеңиш деген шаң-салтанаттын арасында энеме окшоп ичинен зилдеп, көзүнүн жашын шыпырып олтурган канча жан болду экен дейм. Согуш деген – жоготуу, азап, муң-зар, мыкчаачылык! Согуш деген энемдин көз жашы! Менде ушундай сезим жашап калды көкүрөгүмдө.

09.05.2016.