Адабият кербени аймактарда

КР Президенти С.Н.Жапаровдун чыгармачыл союздарды колдоо саясатына ылайык КР Улуттук жазуучулар союзу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте “Адабият кербени” долбоорунун алкагында аймактарда жолугушууларды өткөрүүдө. Дүйнөлүк жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгы жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата акын-жазуучулар Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында эл менен жолугушууда. Бүгүн КР Эл акыны А.Рыскулов, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ж.Исабаева, публицист, Айтматов таануучу Э.Нурушев, КР Улуттук жазуучулар союзунун секретары Ж.Акаева, балдар жазуучусу Ы.Кадыровдор ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашып, поэзия кечесин тартуулашты. Ошол эле учурда КРУЖСнун проза секциясынын башчысы, жазуучу Ж.Токтогазиев, акын-жазуучулар А.Базарбаева, Н.Осмонова, К.Тажиева, К.Маматовалар БатМУнун студенттери менен жолугушту. КР Эл акыны Т.Нурманбетовдун жетекчилиги менен Жалал-Абад облусуна сапар тарткан чыгармачыл топту С.Стамбеков, Н.Койчуманова ж.б. акын жазуучулар тосуп алып, китепканаларда, ЖОЖдордо жолугушуу өткөрүп, адабий майрам тартуулап жүрүшөт. Чыгармачыл топторду облус жетекчилери жылуу кабыл алууда. Эртең да бир катар жолугушуулар, ыр майрамдар орун алмакчы.