Абдыжалил Бетегеев: Бир ордумда моло таштай селейип, Көөдөнүмдү уулап турдум чылымга.

Бабаларым

(Улуу кыргыз)

Улуу көчтүн башаты бабаларым,

Ат жалында атырып талаа таңын.

Урпактардын уучтап уюткусун,

Бапестеген барчындай балапанын.

 

Жеңиштериң желбиреп байрагыңда,

Эрдиктериң тамырлап айбатыңда.

Жоолашканды жапырып жагалмайдай,

Сан кылымды сапырып айдагыңда.

 

Түгөнөөрдө түтөгөн түгөнбөгөн,

Шамалды да азоодой жүгөндөгөн.

Жашык жандай жашытып булуттарды,

Жылдыздарды жылкыдай түгөлдөгөн.

 

Доор тамырын үч кылдай дирилдетип,

Көктө күндөй көөдөнүн күлүңдөтүп.

Касына да кымындай зыяны жок,

Калпагындай пейили, дили тетик.

 

Улуу тоонун бүткөндөй мөңгүсүнөн,

Айкөл Манас урпагы өң түсүнөн.

Алты айланып ааламды таба албасмын,

Кыраан калкты өзүңдөй жер жүзүнөн.

 

Бир ууч журтпуз толгудай алаканың,

Жай турмушту каалаган карапайым.

Башка түшсө байталың жорго болгон,

Калкалаган кыргызбы кара жанын…

 

Ат жалында атырып талаа таңын,

Канаттууга кактырбас балапанын.

Алп тарыхың силерге тизе бүксүн,

Көчмөндөрдүн көч башы бабаларым.

 

Туулган жер жөнүндө баллада

Жебедей сызды сага сагынычым,

Тепкедей турпатыңды көргөнүмдө.

Жангандыр мага каткан таарынычың.

Туурума кутуң тартып келгенимде.

 

Талпынып толуп турду турпатыңа,

Өзүмдөн сагынычым мурда жетип.

Жолума нурун төшөп күн шашыла,

Кыяңдан тосуп чыкты жоодур этип.

 

Сылады көкүлүмдөн тентек желиң,

Куюнуң жүрдү бийлеп кубанычтан.

Жон ылдый жылып түштү чарчоо демим,

Чекемден чыккан терлер бууланышкан.

 

Жолдоруң алып учту жомоктордой,

Кыбылаңан кыдыр даарып, дуба жолдоп.

Чыт курсак чүрпөлөрүң чоролордой,

Чыбык ат минип жүрөт көчө бойлоп.

 

Кылактап, кыз-келиниң жагалданат,

Кер мурут жигиттериң салабаттуу.

Буурул чач карыларың, сакал жанат,

Жүн ийрийт байбичелер бала бактуу.

 

Жондогу, жолду карайт куттуу үйүм,

Ак саамай энекемдин көзү тартып.

Бактагы мөмөлөрүң түркүн дүйүм,

Даам татып турушуптур тегиз балкып.

 

Жер жоктур, жер жүзүндө куту сендей,

Туулган жер жарабадым кызматыңа.

Бооруңа тарттың мени энекемдей,

Бүт элдин мээри сыйып турпатыңа.

 

Жаштыгыма

Кырктагы кыялга мас кезим менин,

Кырчын кез көргөн түшчө сезилбедиң.

Кечээги кызгалдактай кыраңдагы,

Кумар көз кыздын дайым эсиндемин.

 

Кыялап кеткенимде күлгүн кезден,

Кайрылып таба албасмын кылым кезсем.

Кылгырып кош айта албай жаштыгыма,

Күндөгү, күкүк куштун ырын эстейм.

 

Кайыптан кайрат бүтүп капталыма,

Кайгырбай кайра келгис чактарыма.

Каниет кылып келем күлүмсүрөп,

Көңүлдө сүтак сайрап жатканына.

 

Гүлдөп тур жүрөгүмдө

Жүрөгүмдү өзүңө сунам гүлдөй,

Сен да мени тосуп чык күлүп күндөй.

Кубанычтан сезимим алып учсун,

Толубайдын тобурчак күлүгүндөй.

 

Көкөлөйүн көккө бир кыялымдай,

Жамалыңа мас болгон кыябымдай.

Жаштыгыңдан анан мен ойгоноюн,

Гүл искеген, күлгүн кез курагымдай.

 

Күүгүм көкүл, күн жүздүү секелегим,

Келди өзүңө менин бир эркелегим.

Илебиңден искейин кызгалдактай,

Жел сүйгөндөй жүзүнөн бетегенин.

 

Тулкумду бүт балкытсын аруу демиң,

Бир өзүңө багынсын талуу жерим.

Качан болсо гүлдөп тур жүрөгүмдө,

Ууз сүйүү, жапжашыл жазым менин.

 

Сага

Бир көргөндө жамалыңа арбалдым,

Алсыздыгын туюп туруп аргамдын.

Күкүк кушту мажнун кылган зейнептей,

Кудуретиң бардыгына таң калдым.

 

Карааныңды үзгөнүңдө көзүмдөн,

Кусалыгым ырбай берди көңүлдөн.

Айсыз калган көрксүз түндөй, мынчалык,

Жалгыздыкты сезбегенмин өмүрдөн.

 

Мезгил токтоп калгансыды кылымга,

Күнүм көктөн тутулгандай тынымга.

Бир ордумда моло таштай селейип,

Көөдөнүмдү уулап турдум чылымга.

 

Шам чыракча ишенимим өчпөдү,

Жүрөгүмдө сүйүү гүлү көктөдү.

Жалгыз сенде менин үлкөн үмүтүм,

Жылдызым бол жанып турган көктөгү.