Эгемендүү мезгилден кийин китеп рыногунаэмне деген гана чыгармалар жайнап чыга келди. Алардын эстетикалык салмагы барбы, адабий чыгармага жатабы же жокпу деп суроо салып талдап берүү жагы дагы бир топ кыйындады.Себеби, ал чыгармалардын көбү сын көтөрө алчу деңгээлден алыс эле. Окурмандар кайсы чыгармалардын көркөм-эстетикалык деңгээли бар,кайсы чыгармаларды окуш керек экендигин билбей калышты. “Тарыхый роман” деген жанрдык аныктама менен жарык көргөн китептердин саны эле жүздөн ашып кетти деп эсептеп жүрүшөт. Ал эми башка жанрдык, тематикалык багыттагы аңгеме, повест жыйнактары деле “тарыхый роман” дегендерден кем калбайт. Адабиятчы адистердин деле алардын баарын окушка чама-чаркы жетишпей келет.
Арслан Койчиев – адабият астанасын түз эле романдык чыгарма менен, б.а. “Мисмилдирик” (“Беделдеги каргыш”) аттуу романы менен аттады. Кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган бул роман окурмандар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды. 1916-жылга арналган кыргыз адабиятында поэмалардан тартып ыр менен жазылган романдар, повесттер, драмалар бар. Мына ошол жоон топ адабий чыгармалардын соңунда жазылган А.Койчиевдин романы сюжет куруу, окуяны жандуу, элестүү баяндоо, тилдик байлыктарды эркин, ыктуу пайдалануу жагы менен улуттук адабиятыбызга таланттуу, келечектүү калемгердин келгендигин кабарлады. Улуу үркүн–көтөрүлүш темасы дагы бир таланттуу чыгарма менен толукталды. Анын бул чыгармасын атактуу акын-жазуучуларыбыздын, драматургдарыбыздын чыгармалары менен салыштырып изилдөө алдыдагы милдеттердин бири деп ойлойм.
А.Койчиев “Мисмилдирик” романында “Токмокту алабыз” деген кыргыздардын ар-намысын, эр жүрөктүүлүгүн, эркиндикке умтулуусун, кан-жанын аябай күрөшкөн эрдиктерин, психологиялык-эмоционалдык ал-абалын жогорку көркөм деңгээлде сүрөттөй алган.
Романдагы башкы каармандар Камбар менен Нарбото, Нарбото менен Камбардын ортосундагытүшүнүктөрдүн карама-каршылыгы, конфликттер психологиялык жактан ынанымдуу сүрөттөлгөн.Орус төрөлөрү менен Камбар канчалык жакын ишенимдүү мамиледемин деп ойлосо да, окуянын аягында кас душмандарга айланышат. Ал эми тууганы, ага-иниси Нарбото менен турмуш-тиричиликте карама-каршы болушса да, чечүүчү кыйын учурларда бири-бирин кыя алышпайт.
Өз баласы үчүн, ата-эне бардык кыйынчылыкка, жада калса өмүрүн кыйганга да даяр эмеспи. Камбар болуштун жалгыз уулу Мукайдын өмүрүн сактап, мындан аркы тукумунун уланышына жасаган аракети табият мыйзамынын адилдигин көрсөтөт. Бул адамзатка өзгөчө тиешелүү мыйзам, өз урпактарынын келечегин ойлоо чоң жоопкерчилик, эң бир татаал драмалуу ой толгоолор менен коштолушу мүмкүн: “ал эми атасына уулунун өмүрүнүн узактыгы эмес, тукум улар эркектин эптеп өлүмдөн кутулганы эсеп болуп, Какшалдын какшал тоолорун аралап кетишин, из жашырып кетишин тилеп кала берген”. Ушул сыяктуу көрүнүштү башка адабиятка барбай эле Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестин эске алсак эле жетиштүү болот. Орган, Мылгун, Эмрайин жаш өспүрүм Кирисктин өмүрүн сактап калуу үчүн керек болсо тамчы сууну да өздөрүнө ыраа көрүшпөйт эмеспи!
Мына ушул эпизодду жазып отурганда мага ошондой эле 1931-жылдагы мындай тарыхый бир окуя эске түштү. «1931 году огромное количество беженцев (Ат-Башинские кыргызы) перешли границу. Возмущенные тем, что у них обобществляют скот и отбирают пастбища, кыргызы, поддержанные своими китайскими собратъями, подняли восстание. Они громили пограничные посты, убивали пограничников, Эта местностъ в Ат-Башинском районе до сих пор в народной памяти сохранено как «Начальник ущелье». В результате этих действий в том году было убито 200 человек с пулеметом при переходе в Китай. И толъко девятилетний мальчик Курманакун чудом остался жив. Отец Курманакуна обнял крепко сына, и сказал ему, чтобы он не шевелънулся, после этого малъчик потерял сознание от пулеметных выстрелов. А когда пришел в себя, слышит, как будто журчит река, а это была не речная вода, а человеческая кровь. Отец и все остальные беженцы уже были мертвыми, В народной памяти это событие сохранено под названием «Акчубакское восстание» (Абдрахманов Т.А., Абдалиева Г.К. Эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана “Үркүндөр”. – Бишкек, 2016)
А.Койчиевдин романындагы жүрөк титиреткен драматизмдин дагы бир күбөсү чон апасы Карагыз менен Мукайдын Беделдин ашуусундагы жолугуш окуясы. Падышалык солдаттардан качып келе жаткан Мукай эл азап-тозоктуу кыйроого учураган Беделдин ашуусунан кытай жакка кете албаган чоң апасына күтүлбөгөн жерден кездешет:
– Апа! – деди Мукай, – Кетели!
Жаныңды сакта, жаныңды! Тилегеним сенсиң! Сенин амандыгыңды
тигил дүйнөдөн да тилейм!
“Апалаган” Мукай Карагыз апанын жеңинен тартты. Кемпир жеңин тартып алды.
Ый менен муңга жүрөгү канжалаган Мукай жалгыз кетүүгө аргасыз болот. Мындан ашкан трагедия барбы, көз көрүнө айласыз чоң апасын өлүмгө калтырып жатат. Ызгардуу Бедел ашуусунда жалгыз калган кемпирдин элеси окурмандардын сезимине катуу таасир этпей койбойт.
А.Койчиев Камбар болуштун уулу Мукайдын кийинки тагдыры да оор болгондугун көркөм сүрөттөйт. Автор 1937-жылдагы репрессияны көз алдыга Мукайдын образы аркылуу тартат. Ж.Абдрахманов, И.Арабаев, А.Сыдыков, Т.Айтматов сыяктуу кыргыздын жаш коомдук жана мамлекеттик чыгармачыл ишмерлеринин өмүр трагедиялары эске түшөт.
“Мисмилдирик” романынан тарыхый бир топ каармандарды кездештиребиз; Калыгул, Арстанбек, Радлов, Сагымбай ж.б. бул каармандар чыгарманын башкы окуяларына жуурулушуп берилгенин байкоого болот.
Бул романда 1916-жылдын тарыхый окуяларын көркөм баяндап берген гана жок, элдин аң-сезиминин ойгонушунун эволюциясынын ишенимдүү сүрөттөгөн чыгарма деп эсептесе болот.
Дегеле, Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик”, “Бакшы жана Чыңгызхан” романдарын ж.б. чыгармаларын окуп отуруп мындай жекече тыянакка барып такалдым. Автор падышалык Россия болобу, советтик идеология болобу – позициясы ачык-айкын, алардын жүргүзүп келгенсаясатын түп-тамырынан бери жактырбаганы байкалат. Бул автордук ойго, позицияга толук кошулуу кыйын…
“Мисмилдириктен” (“Беделдеги ашуу”) көп узабай 2012-жылы “Айта бар менин кебимди”, 2014-жылы “Бакшы менен Чыңгызхан” аттуу романдары жарык көрдү. Көпчүлүк учурда жазуучулар аңгеме, новелла, эссе, анан повесть жанрларында чыгармаларды жаратып, андан кийин жанрлардын эң татаалы романга өтүшөт. “Чу” дегенде үч романды жазып салган Арслан Койчувге мен алгач таң калып, адабий–көркөм көрөңгөсү, ой жүгүртүү масштабдуулугу кандай болду экен деп, “Бакшы менен Чыңгызхан” романын колума алып окуганыма бир топ мезгил болуп кетти. Бул чыгарма өзүнүн оригиналдуу табылгалары, кызыктуу сюжети, автордун өзгөчөлүктүү позициясы менен мени кызыктырса да, өз учурунда роман тууралуу пикирими билдирип, макала жазууга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес эле. Ошентип, жакында иш-сапары менен Казакстанда, Азербайжанда жүргөндө чыгарманы жаныма алып, кайра башынан барактоого туура келди.
Арслан Койчиев адистик билими боюнча тарыхчы. Романдарында да аны тарыхый темалар кызыктырары мыйзамченемдүү. Бирок, ал тарыхый жанрда чыгарма жаратууну көздөбөйт. Ал тарыхый каармандардын, окуялардын өзүн эмес, алардын тарыхый натыйжасын, сабагын эркин, көркөм фантазиянын жемиши болгон шарттуу окуялар, каармандар аркылуу сүрөттөп ачууну туура көрөт.
Чыңгызхан жөнүндө өз пикиримди Ч.Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту”,И.Калашниковдун “Каар заман”, И.Ясашинин “Бөртө Чоно” А.Кекилбаевдин “Талаа балладалары”, С.Раевдин “Жанжаза” чыгармаларын талдап жатканда да билдирген элем. Ар бир чыгармага авторлордун позициясы аркылуу анализ жүргүзүү керек. Бирөө Чыңгызханды жактайт, бирөө сындайт. Белгилүү болгондой, Чыңгызханга байланыштуу көз караштар нечен кылымдар өтсө дагы талаш-тартыш туудуруп келет. Айрымдар аны баскынчы, көп шаарларды, мамлекеттерди кыйраткан, адамдарга кыргын салган зулум катары жек көрүшсө, айрымдары аны күчтүү личность, таланттуу аскер башчы, айлакер саясатчы катары сый-урмат менен мамиле жасашат. Ал гана эмес, аны казак же кыргыз деп да өз энчилерине ыйгарып жиберишет.
Соңку мезгилдерде Чыңгызхандын образына, анын адамдык, жоокердик, мамлекеттик башчылыкишмердигине карата позитивдүү баа көбүрөөк орун алып келе жатат. “The Washington Post” гезити Чыңгызханды “соңку миң жылдыктын эң улуу адамы” деп атаган. Ал эми америкалык окумуштуу, антропология илиминин профессору Джек Узерфорд Чыңгызхандын батыш жана чыгыш өлкөлөрүн басып алууда кетирген кыйроолору, каршылык көрсөткөндөрдү аёосуз кырган таш борлугун эске алуу менен тарыхый өнүгүү, өсүү жолунда анын өтөгөн кызматынын оң жагына басым жасаган. “Чыңгызхан жана жаңы дүйнөнүн жаралышы” аттуу илимий эмгеги 400 миң нуска менен чыгып бестселлерге айланган, 30 өлкөдө которулуп басылган, 2011-жылы китептин аудиоверсиясы жылдык конкурстун жеңүүчүсү болгон, “жылдын китеби” аталган.
Эмне үчүн мен жогоруда Чыңгызхан жөнүндө позитивдүү көз караштарга токтолуп жатам?!Себеби, Арслан Койчиев “Бакшы жана Чыңгызхан” романында каарманына карата оң позицияда экендигин жана Чыңгызхан тууралуу ошол толуп-ташыган көптөгөн илимий, көркөм маалыматтарга А.Койчиев өзүнүн оригиналдуу салымын кошо алгандыгын белгилөө болуп саналат.
Чындап келгенде роман Чыңгызхан жөнүндө эмес. Романдагы окуялардын өнүгүшүнө Чыңгызхандын кыйыр гана тиешеси бар. Болгондо да Чыңгызхандын өзүнүн эмес, арбагынын, элесинин. Роман Чыңгызхан түзгөн Улуу Империякантип бытырандыланып, урпактары кантип майдаланып, кантип кумга сиңген суудай жок болуп, ар түрлүү калктар менен ассимиляциялашып, өз тегин унутуп, чаныпкеткендиги жөнүндө. Улуу Чыңгызхандын мына ошого кейигендиги, өздүгүн танган, түп атасын унуткан урпактарына Чыңгыз Айтматовдун “Кылымдан да узак созулган күн” романындагы Дөнөнбай куш сыяктуу “Атың ким, атаңды эсте” деп ата-баба осуятын эске салууга аракет кылгандыгы баяндалат. Бир караганда өз урпактарынын келечеги үчүн тынчсыздануу, алардын келечегине кабатыр болуу, өзү туура депэсептеп, жасап келген иштерин, карманып келген ишенимдеринин тууралыгын кийинкилерге далилдөө жакшы да, жаман да эмес, табигый көрүнүштөрдөн.
Чыңгызхандын образы – романдын сюжеттик курулушундагы окуялардын өнүгүш ыраатын, образдар системасын жөнгө салып, уюштуруп, бир түйүнгө бириктирип турган образ жана чыгарманын башынан аягына чейин кызыл сызык менен сызылып өткөн элестүү, жандуу образ.
А.Койчиев Чыңгызхандын портретин өтө элестүү тартып, мындайча сүрөттөйт: “…нооча бойлуу, бети багжайган, көгала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык болуп көрүнгөн киши, ии, үстүндө узун этектүү боз чапанчан, башында чымкый ак топучан…”
Мына ушул портреттик элес чыгарманын башынан аягына чейин улам бир каармандарга эскертүү берет, ой-сезимин козгойт, жолугат, кемчиликтерине капаланат, таарынат. Чыңгызхандын арбагы ал каармандардын жан дүйнөсүн, психологиясын бүгүнкү күндөгү томографиялык рентген сыяктуу ачып берет. Мындай караганда А.Койчиев Чыңгызхандын портреттик элесин улум-улам ар кайсы окуяларда кайталап, байлап отурушу айрымдарга тажатма катары сезилиши мүмкүн, бирок ошол портреттик элес каармандардын кимдин ким экенин ачык, дапдаана аныктап турат.
Бактыгерей Избасаров – бул сталиндик (Хрущев маршал Рокоссовскийге Сталинди жамандоо жөнүндө тапшырма бергенде: “Сталин для меня святой” – деген экен, азыркы мезгилде Чыңгызхан сыяктуу эле Сталинге да оң көз караштар көп пайда боло баштады) репрессиядан жапа чеккен, ата-бабаларынын тарыхындагы нарктуу, даңктуу окуяларды эскерүү, эскерме калтыруу укугунан ажыратылган, тыюу салынган, жеке инсандык умтулууларына, өнүгүүсүнө жолдор жабылган жарандардын типтештирилген бир өкүлү. Ошол үчүн ал өзүнүн төрөнүн тукуму экендигин эсине бекем сактаганы менен сыра(пиво) саткан сары бочкени шынаарлагандардан алыс бараар чөйрөсү деле жок. Коллективдештирүү кезинде анын атасы малын ортолукка берип, жалгыз күлүк тору айгырын да тарттырып, андан соң тап катары Сибирге айдалган. Боз улан Бактыгерей жер которуп кутулган, согуш учурунда туткунга түшүп, кийин ошол үчүн соттолуп, карыганда Сибирден кайтып келген. Ал табиятындасезимтал жан дүйнөлүү, намыскөй адам экендигин байкоого болот.
Бактыгерейге Чыңгызхандын арбагы эки ирээт айланчыктап келет. Биринчи ирээт тагдырына нааразы болгон кызымтал Бактыгерей капыстан маданият үйүнө кирип калып монгол улутундагы киши черткен күүнү уккандан кийин жолугат. Моңголдун “мөрүнхүүр” деген кылдуу аспапта ойногон күүсүн Бактыгерей көкүрөгү толо сагыныч, куса-ызаасын козгоп, берилүү менен угат. Бул күү ага “даңкан талаанын тегиз бетинде мойнун созо төшөлүп учуп, дүбүрт салган күлүктүн ээсин издеп кишенегениндей”, күлүк менен ээсинин табышкандыгы кубанычындай, ажырашкандагы арман-ызаасындай угулат. Ушул учурда атасынын күлүк айгырын тартып алгандагы кайгысы, ызасы эсине түшүп, өмүрүндө биринчи уккандагы күүнү дал ошондой чечмелеп, дал ушундайча кабыл алышына анын көңүл түпкүрүндөгү дал ошол окуя себеп.
Монгол андан кийин “Учан талаанын кыйырындагы ый” аттуу көмөкөй менен аткарылчу элдик ырды аткарып берет. Ошондо Бактыгерей Избасаров да кошо түйшөлүп, мындай ойго чөмүлдү.
«Эмнени сүйлөдүң? Эмне деп безелендиң, карагым? Эмнени айтып, эмнени эсиме куя албай чебелектеп кыйналдың, карагым? Башыңды кейип-кепчигендей чулгуп-чулгуп, каарың төгө карагандай туюлдуң, каргадыңбы, карагым? Кыйгачтуу көзүңүн кычыгынан чолок жаш «мөлт-мөлт» этип кылгыргандай болду эле аядыңбы, карагым? Эмне мынча жан далбастадың, карагым! Чулдураган тилиңди түшүнбөсөм да, бир маалда арааны ачылган көмөкөйүңөн «каан», «каан» дегендей какшадың, канды айттыңбы, же канымды айттыңбы, карагым? «Хабырга! Хабырга!» дегениңди даана аңдадым, «кабыргам» дедиңби, карагым? Оголе көп бирдемени божурадың-ов, боорум дедиңби, бооруңа тарткың келдиби, карагым! Боор батырышкың келдиби, карагым!..»
Кызуулуктан чалыштап, ыр-күүнүн таасиринен чыга албай, өзү менен өзү сүйлөшүп келе жаткан Бактыгерей кимдир бирөөлөр анын сөзүнө аралашып, жандап келе жатканын байкабай да калды. Темтеңдеп сүйлөшүп, сырдашып келе жаткандыгын кимдигин билгиси келген суроосуна “Ханмын!” деген жоопту каңырыш угуп, бирок кайталап сурай албайт. Бирок, “Кесирлигиңди карматпа, Бактыгерей! Шешесине асылып, ашата сөккүдөй атаңдын кеги бар беле? Же бир жөн жүргөн жоролошуң беле?! Кусуру болот, кусуру! Аны сөкпө сен, жектебеген сен эле калдыңбы?! Жабык дүйнөдө сен шордуу болсоң, ачык дүйнөдө мен шордуу”, – деп ойлогондорунан улам, анык болбосо да Бактыгерей анын кимдигин боолгологондой.
Күү угуп, жолдо келатып сырдуу караанга жолугуп, “сүйлөшүп” келгенден кийин үч күн, үч түн кадагандай отуруп аян болуп келген баянды эки дептерлик кылып кагаз бетине түшүрөт. Жазгандарын үч жылдан кийин жоготуп алып, аны таң атпай Юнус хандын күмбөзү жакка издеп барып, ошол жактан Чыңгызхандын арбагына экинчи ирээт жолугат. Экинчи ирээт жолукканда үч дептерлик баян жазылат.
Биз сөз кылып жаткан Бактыгерей Избасаровдун түпкү теги Чыңгызханга барып такалат. Бекеринен ага аян берилип, “Чыңгыз-наме” баяны жазылып жаткан жок. Бактыгерей төрөнүн урпагы болгону үчүн сыймыктанат. Аян болуп келген Чыңгызхандын арбагы менен сырдашат. Дал ушул Бактыгерейге Чыңгызхан өзү жөнүндө нааме жазууну тапшырат. Бактыгерей тапшырманы кантип аткарып салганын да түшүнбөй калат. А.Койчиев мистика менен реализмди ширелиштирилип бергендиктен, кайсы жерден окуя мистика башталып реализмге өтүп кеткенин же реализмден мистикага окуянын өткөнүн окурман аңдабай калат.
Аян … биздин улуу манасчылар да өзүлөрүнүн манасчылык өнөрүн Манастын улуу арбагына, күчтүү рухуна байланыштырып, “Манас” айтып калуусунун себебин түшүндө Манас баатырды, Семетейди же чоролордун бирин көрүп, алардан Айкөлдүн баянын айтуу жөнүндө тапшырма алгандыгын айтып, эпосту айта баштаганда окуялар, сөздөр өзү эле тизмектелип келип турат деп түшүндүрүшкөн. “Манастын” жазма “вариантын” жазгандардын да айрымдары арбак-рухтан келген баянды кагазга түшүргөндүгүн айткан учурлар бар. “Манаста” Манастын баяны, Манастын доору, анын эрдик окуялары баяндаларын белгилеп өтөлү.
Ошентип, Бактыгерей Избасаровдун беш дептерлик баяны түздөн-түз Чыңгызхандын арбагынын “айтып берүүсү”, аяны аркылуу жазылган. Демек, Чыңгызхандын арбагы ошондой эле Өзбекстан илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда “өтө жашыруун” делген гриф менен сакталган, Избасаровдун аяндык баянында далма-дал келген, бирок мезгилдик жактан андан көп жылдар мурда жазылган, капысынан ЦК менен КГБнын, Илимдер академиясынын кызматкерлерин дүрбөлөңгө салган кол жазманын башка, мурдагы вариантынын да “автору” десек болот.
Көркөм чыгармачылыктагы мистика менен реализмдин кесилишиндеги мындай ыкманы кыргыз адабиятында Арслан Койчиевге өз оюн эң жогорку философиялык-эстетикалык чекке жеткирүүгө мүмкүндүк түзгөн.
Арслан Койчиевдин романындагы типтештирилген реалистик каармандар Аблеухов, Хайруллаев, Абдуллаев, тарыхый каармандар Элбасар, Өзбекхан, Бердибекхан ж.б. болсо, Чыңгызхан мистикалык – аян берүүчү каарман болсо, Бактыгерей жогорку каармандардыреалдуулукту жана мистиканы бириктирүүчү, байланыштыруучу ортодогу каарман.
Ооба, дүйнөлүк адабиятта мистика менен реализмдин айкалышында жазылган чыгармалар бир топ. Атасак, Габриель Гарсия Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” романындагы окуялар “магиялык реализм” стилинде берилет эмеспи. Ошондой эле Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргаритадагы” чыгармачыл адамдар менен көзгө көрүнбөгөн сыйкырдуу дүйнөнүн аралаш берилиши, Кафканын “Метаморфоза” чыгармасында жалгыздык жана руханий кыйроо трагедиясы, Орхан Памуктун “Менин атым – Кызылында” сүрөтчүлөр турмушу менен мистикалык элементтер руханий аң-сезимге байланыштуу берилет.
Чынында эле Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чыңгызхан” романынын жогорудагы чыгармалар менен салыштырма-типологиялык метод менен изилдесе, көп жалпылыктарды жана айырмачылыктарды тапса болот.
Арслан Койчиевдин романында Чыңгызхандын өзүнүн эмес, анын бешинчи-алтынчы муундагы урпагы, кыбыра-чыбыраларынан болгон Өзбекхандын доорунан берки окуялар сүрөттөлөт. Чыңгызхандын тукумдарынын ортосунан ырк кетип, Чыңгызхандык Йасада (мыйзам-осуяттарында) айтылгандарды бузуп, барк албоону башка уруудагы моңгол балдары эмес, өзүнөн тике тараган өз урпактары баштагандыгы романда көрсөтмөлүү, көркөм элестүү баяндалат. Чыңгызхан төрт уулуна энчилеп бөлүп берген аймактардын жана андан кийинки жоортулдарда дагы кеңейтилип басып алынган аймактардын хандары “алтын уруктун” (Алтын уруг”)тукумдары, ата жолунан тайып, ар кимиси өзү басып алган аймактагы элдин ырын ырдап, динин, каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын артык көрүп, тутуна баштаган учурдан берки көрүнүштөргө байланыштуу эпизоддорду автор көз алдыга тартат.
“Алтын ордонун” хандык тактысына ээлик кылган эки бир туугандын балдары Элбасар менен Өзбекхандын согуштук беттешүүсүндө үстөмдүккө ээ болгон Өзбекхан төмөндөгүчө ой жүгүртөт: “Касиеттүү Чыңгызхандын канынан бери агылган, Жоочу хандын каны болуп агылган касиетти оодарат деген ушу. Тээ ала жаздан эки курдай бет келип, экөөндө тең алалбаган жоосун мына бүгүн – барс жылынын буйруктуу күнү, түш оой талкалап, “засаг, засаг” деген капырлардын тарак тамгалуу туусун жыкты. алтын асабалуу айчыктуу туусун Сарайга тикти. Оомат оойт деген ушу, ушу турган көк дөбөдөн жер кыйыры көз алдына алаканга салгандай көрүнүп, жердин бети чеңгелине батып турду”.
А.Койчиев тарыхтын кургак фактыларын жандандырып, алардын жандуу элесин окурмандын көз алдына тартат.
Тарыхый маалыматтардан келтире кетели: “Узбекхан приходился племянником хану Наср ад-Дину Токте и внуком хану Иксар (Илбасар, Илбасмыш) по протекции могущественного эмира Кадака был объявлен ханом, при этом сам Кадак стал главным визирем. Но в январе 1313 года Узбек вместе с Беклярбеком Кутлуг-Тимуром, прибыв из Ургенча, чтобы сказать близким покойного хана Тохты слова утешения, убил Иксара и Кадака. В январе года Узбекхан взошел на трон”.
Тарыхый булактардан Тохтахандык бийлигинен кийин Өзбекхандын бийликке келиши, Алтын ордонун хандыгына негизги талапкерлерден болгон Элбасар менен Өзбектин ортосундагы кагылыш, Өзбекхан бийлигин бекемдеп алыш үчүн Элбасар менен кошо өзүнүн түбү бир кандаш Жоочу балдарынан 120 адамдын башын алдырганы тууралуу маалыматтарды анча-мынча айырмачылыктар менен кезиктирүүгө болот.Анткени ар кандай булактарда ар кандай айтылат.
Романда Элбасар ким?! Ал тарыхый адам Чыңгызхандын тукуму, Токтыхандын уулу. Чыңгызхандын урпактары так талашып, бири-бирин кырып жатканда дал ушул Элбасар Өзбекханга (ал да Чыңгызхандын тукуму) тике карап, каяша айтып, “Ушуну бил, аталардын керээзинен кечип, Йаса жолунан тайыдың! Бийик Йасаны тебелегениңди Көк Теңир кечирбейт. Теңирим куткарбайт! Эки дүйнөдө куткарбайт сени! Йасанын куту ураар сени, куту төбөңдөн урган күн да келээр, саткын Өзбек!” Бул каргыш жалпы Чыңгызхандын тукумунун атынан айтылган каргыш-наалат эле!
Өзбекхан Токтыхандын агасы Тогрулдан туулган энесинин аты Баялуун, ата-теги –Чыңгызхан – Жоочухан – Батухан – Токан – Мөңке–Темир – Тогрылчу – Өзбекхан. Токтыхан жанында алып жүргөн баласы жок болгондуктан, ал капыстан дүйнөдөн кайткандан кийин, аскер башчы Темир-Кутлуг аркылуу Өзбек хандык такка отурган. Ал айлакерлик менен хандын тактысына бекемдеш үчүн жергиликтүү элдин ниетин өзүнө бурган. Ал үчүн Өзбекхан Чыңгызхан жазып кеткен мыйзамдан четтеп, Теңирчиликтен баш тартып, мусулманчылыкка ооп кеткен. Анын үстүнө Йасанын жазуусундагы хандык атадан-балага өтөт дегенди, агадан-иниге өтөт деп өзгөртүп салышы, Чыңгызхан урпактарынан так талашуусуна, бытырап, майдаланып, жоюлуп, ыдырап башка калкка сиңип кетүүсүнө жол ачат.
Романдагы эң мыкты түзүлгөн образдардын бири – бул Сайчы уулдун образы. Ал Бактыгерей Избасаровдун беш дептерлик баянынын башкы каарманы. Сайчы уул өзүнүн атуулдук ар-намыстуулугу, эл камын ойлогон камкордугу, келечек муундун тагдырын алыстан ойлогон даанышмандыгы, кулчулукта басынган боордошторуна дем берген кайраттуулугу, руханий лидерлик сапаты менен окурмандын эсинде сакталып калат.
Сайчы уулга байланыштуу окуяны кыскача эске сала өтсөк, Өзбекхан кандаштарына кыргын салганда Сайчы уул тогуз жашта эле. Өзбекхан такты талашууга укуктуу Жоочунун урпактарынын ичинен Хан Жоочулар аталгандарынан 120 кишинибүтүндөй кырып, Каралар Жай Жоочуларды (алар да Чыңгыз тукумунан) нөкөрлөрүнө “марттык менен” кулчулукка берген (“ – Хан Жоочуга тийбегин да, Жай Жоочуну түгөл камчыга салып бөлүп алгыла. Олжо кулдукка ал! Дене кулдукка ал! – деди ызырынып”) окуяны өспүрүм Сайчы уул өз көзү менен көрөт. Улгайганча кырк жыл бою ал Жай Жоочулар менен бирге Теңиз-Буканын кол алдында көрбөгөн кордукту көрөт. Хан тукумунан кул күткөнүнө дөгүрсүгөн Теңиз-Бука Жай Жоочуларга улам бир кыйноо таап, ырахаттанат. Сайчы уул кордукта жүрсө да ата-бабанын керээзин эсине бекем түйүп, Йасанын мыйзамдарын журтташтарына айтып, эстерине салып турат. Кор болгон Жай Жоочу тукумунун кут-касиети кайтып колго тийип, кулчулуктан бошончу учурдун ыңгайын күтөт. “Алтынды чыккан жеринен каз, сууну сиңер жерге төк” деп айтылгандай, Чыңгызхандын арбагы да анын тапшырмасын өтөсүнө чыкчу адамга – Сайчы уулга өз убагында жолугат. Чынгызхандын арбагы ага кулчулуктан бошонор күн жакын калганын айтып, үмүттүн отун жандырат. Сайчы уулдун кыраакы жетекчилиги алдында Теңиз-Бука өлтүрүлүп, Чыңгызханданжети ата өткөн урпагы Кара-Ногой такка отурат.
Окурмандын көңүл күүсүн ойготчу лиризм,курч драматизм, терең психологизм сыяктуу адабий–көркөм көрүнүштөр да дал ушул Сайчы уулунун образына байланыштуу окуялардан өзгөчө сезилет.
Ушундай учурлардын бир-экини мисалга тарта кетели.
Сайчы уул кичинесинде акыр заман тууралуу жомок угуп, акыр заман келгенде түнкүсүн жылдыздар кечигип чыгып, кулак-башты тундуруп, бири улуп, бири чыңырып чыгат: толгон жылдыздар ичинен Долоон Бурхандын жети жылдызы жети жерден улуп, Алтын Каас (Алтын казык) көк төбөдөн чыңырткы салат, ошондо жан-жаныбарлар безип кирерге жер таппай, куурулат имиш деп уккан. Кандуу-булоон түшкөн түнү, б.а. Өзбекхан 120 Хан Жоочуларды кырган түнү бала Сайчы асманды карап, жылдыздар кечикпесе деп коркот: “Ушинтип асман менен арбашкансып далайга турду. Жалбарып турду ичинен. Айланайын Алтын кадас, аман-эсен көрүнө көр! Айланайын Алтын кадас, ылайым эле түнкү асманды ээн таштабай, асман ээси боло көр! Турушунан жазбай, ушинтип жалбарды.
“Утур бир жылдыз жанат жымыңдап. Утур бир көргөн жылдызына сүйүнүп, көзгө урунган сайын маалында көргөнүнө, анан да аман көргөнүнө сүйүнүп, жалбарып атты. Жалдырап тиктейт. Жалдырап тиктей да берди, жалбара да берди, ымдап-ымдап тиктей да берди, ыйлай да берди”.
Бир карасаң, Ч.Айтматовдун “Ак кемесиндеги” Бугу-Энеден бешик алып келип берүүсүн сураган Баланы, бир жагынан “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттөгү” тумандуу деңизден жалгыз кайтып келе жатып жылдыздардан жардам сураган Киристи, анан да “Кыяматтагы” Ташчайнарынан ажыраган Акбаранын көз жашын эске салган бул эпизодАрслан Койчиевдин романында терең символикалуу идеялык-тематикалык, күчтүү эмоционалдык-экспрессивдик маани-мазмундук роль ойноп турат.
Каармандын көркөм образын жаратууда психологизм маселесинин ролу чоң. Ар түрдүү кырдаалдагы каармандын мүнөз өзгөчөлүгүн сюжеттик өнүгүү багытына шайма-шай портреттик, интерьердик, кептик деталдар, таамай штрихтер, так аныктамалар аркылуу ачып берүү жазуучудан кылдат чеберчиликти талап кылат. Психологизм маселеси “Бакшы жана Чыңгызхан” романында жогорку чеберчиликте иштегендигин көрөбүз.
Көркөм психологизм түз жана кыйыр, же башкача айтканда, каармандын жан дүйнөсүн автор түз баяндап, түшүндүрмө берген же каармандын ички абалы, кыймыл-аракети, мимикасы, кеп-сөзү ж.б. кыйыр берилген түрүндө болушу мүмкүн.
Ушул ыңгайда романдагы каармандарды кай жагынан алып карабайлы психологиялык жактан алар автор тарабынан чебер тактык менен берилгендигин көрөбүз. Мисалы, Сайчы уулдун бир учурдагы абалына автор төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет: “Эмеле алыс айдасаң болбой, эмеле айланып келген, эмеле ыраак куусаң болбой, эмеле козголуп келген ызаасынын таржымалы ушундай”. Автордук бул түшүндүрмөдөн ызаанын кайсы деңгээлде экендигин, ызанын жүрөккө бекем баткан оор күчүн окурман кадимкидей сезет. Ошондой эле психологиялык кырдаалга бап келген бул автордук түшүндүрмө ызага себепчи болгон окуянын жана ага тиешеси бар каармандардын образдарынын эмоционалдык-экспрессивдик таасирдүүлүгүн күчөтөт, окурмандын сезимине таасир этет.
Орто кылымга таандык тарыхый, жазма булактарда Сайчы уул, Теңиз-Бука, Кара-Ногойлордун тарыхта жашаган инсандар болгондугу тууралуу маалыматттар айтылат. “В то время когда Узбку-хан в гневе отдал в кошун Койат исатало внуков семнадцати сыновей, родившихся от других жен Йоги-хана, вместе с принадлежавшим им племенами, остались (все они) сыну Тенгиз-Буге. Очень наглым и злым человеком был этот Тенгиз-Буга. Жестоко истязал и унижал он огланов этих, что были из потомства государей его. … И вот среди огланов этих два человека. Был одинь из них умным и мудрым. Звали его Букри-Ходжи-Ахмад. Кое-кто говорит, (что) звали (его) Мудрый Сайчи-оглан…”.
Романдагы “биздин замандын каармандарына” келсек, алар: ЦКдан келген бөлүм башчы Николай Аблеухов, Илимдер академиясынын Кол жазмалар институтунун директору Рахим Абдуллаев, КГБнын кызматкери, капитан Хайруллаевдер. Николай Аблеухов Бактыгерей Избасаровдун жоголгон кол жазмасы КГБнын колуна түшүп, аны институттун Кол жазмалар фондусунда “Өтө жашыруун” деген гриф менен сакталып турган 1227-номерлүү “Чыңгыз нааме” деген аталыштагы папкадан антисоветтик көз караштагы бирөөлөр жашыруун көчүрүп тараткан болуу керек деген шоораткаа байланыштуу Москвадан жиберилген өкүл. Ал “феодалдык доордун” кан ичери Чыңгызханды даңктоонун нак үлгүсү!” (Аблеуховдун жыйындагы сөзүнөн) болгон көк дептердин мамлекет үчүн идеологиялык жактан канчалык зыяндуу экендигин ташкендик жергиликтүү кызматкерлерге терең түшүндүрүп, жооптуулардын сесин алып, анын кесепетин жоюу үчүн кандай иш-чараларды көрүү боюнча республикалык Борбордук Комитет, Илимдер академиясы менен макулдашуу үчүн келген. Партиялык чогулуш болуп жаткан ысык аптаптуу кундөрү бир да жел жок учурда ачык турган терезе капыстан “тарс” деп жабылды. Баары селт эте түшүштү, түшүнбөй да калышты. Бул Чыңгызхан жөнүндөгү көк дептер тууралуу узун сөз болуп, Чыңгызханды сындап жатканда эч кимге көрүнбөй келген, баарын уккан Чыңгызхандын арбагы эле: “Эмне мынча майдаланып каңгыдыңар? Карага айланып, карып кейпин киерлик тукум эмес элеңер го?” – деди армандуу. Ушинтти да үч айланып, кимдир бирөөгө наалыды, кимдир бирөөнү каргады.
«Ээй!» – деди. Арасынан күң катындан туулгандарды, арам сийдиктен тарагандарды, дагы-дагы өзүнөн өзү жүдөп-кемирейип, карага каны аралашып, жөнүн табалбай арамданып кеткендерди айра тааныды. Тааныды да армандады.
– Туулбаптыр! – деди каңырыгы түтөп”.
Ошентип, Чыңгызхандын арбагы Аблеуховго мейманканага барып жолугат да, анын ата-бабасынын баскан жолун эскертип, анын Абулай балдарынын ичинен христиан динин кабыл алган, ата жолунан адашкан урпактарынан экендигин, Москванын тең жарымы анын тукумунан экендигин айтат. Романдагы Аблеуховдун образы – Чыңгызхандын тукуму Чыгыштан Кытай, Корей, Вьетнам, Тибет, Батыштан Россия, Кавказ, Армения, Польша, Венгрия, Турцияга чейин тарап, жергиликтүү калктар менен ассимиляциялашып кеткендигин, алардын көбү өз тегин билбей, билсе да барк албай, танган урпактардын жалпыланган бир көрүнүшү экендигин тастыктоо максатында алынган образ.
Экинчи жагынан, Аблеуховдун образы – өзүн советтик идеологиянын берилген коргоочусу сыяктуу сезген кызматкерлердин образы, алар партиялык ишеними боюнча кандай гана кырдаал-шарт болбосун партиянын тапшырмаларын жүз пайызга так аткарган, маселени саясатка ылайыктап чечүүгө абдан маш болушкандыгын көрсөткөн образ
Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусу жөнүндө окуп жатканда А.Койчиев кол жазмаларга байланыштуу Совет мезгилиндеги атмосфераны өтө билгичтик менен сүрөттөгөнүнө таң бердим.
Директор Рахим Абдуллаев – улуттук, мамлекеттик кызыкчылыктар (советтик, советтик эмес, ар кыл доорогу) илимге, өзгөчө гуманитардык илимдерге көп кийлигишип, илимдин принциптерине каршы жыйынтыктардын жаралып калышына себепкер экендигининкөрсөтмөлүү далили болгон образ. Саясатка ылайыкташкан “илимий” жыйынтыктар, “илимий” мамиле биздин кечээги советтик турмушубузда да көп болгондугуна улуттук адабияттаанубузда К.Тыныстанов, Молдо Кылыч, ж.б. чыгармачылыгы боюнча “илимий” эмгектердеги корутундулар күбө. Аларды жазган илим адамдары көпчүлүк учурда илимий жактан туура эмес, жыйынтык чыгарып, туура эмес пикир жаратып жаткандыгын эң сонун түшүнүп туруп эле, керт башынын кызыкчылыгы жана тынчтыгы үчүн саясат талап кылгандай жазып, саятталып калгандыгын айтууга аргасыз болушкан. Ошол сыяктуу Рахим Абдуллаев дагы кол жазма боюнча өзүнө, институтка, кол жазма көк дептерге тагылып жаткан дооматтар өтө туура эмес экендигин түшүнүп эле турат. Идеологиялык чалманын сыйыртмагы мойнуна илингендигин сезген Абдулаев өзүнөн бийликтин күткөн жыйынтыгын тезирээк аткарып, тезирээк актанып алууга далалаттанат. Партбюронун тыкыр тапшырмасынан кийин Академиянын кызматкерлерине төмөндөгүдөй милдеттерди коет.
“- Ачыгын айтсам, мунуңар түк жарабай калыптыр, жолдоштор!… Аны элестеткениңде тирүү адамды көрсө эле жырткычтай ыргыштап, кандын жытын күсөгөн маньяктын сүрөтү өзүнөн өзү тартылуусу керек, жолдоштор! Түшүнүп атасыңарбы ушуну!? Чанда бир жолукчу маньяктын сүрөтү тартылуу керек! Маньяктын гана! Партиянын тапшырмасы ушундай: мейли жумушчу табынын өкүлү болсун, мейли дыйкандар табынын өкүлү болсун, аны элестеткенинде, дүнүйөгө көзү тойбогон, дүнүйөгө ач жалаңкычтын, катын-кыздан башканы ойлобогон катынпоз маньяктын, ушундай түшүнүк бар адабиятта «садист» деген, ошол садисттин сүрөтү тартылуу керек!
Албетте, Абдуллаевдин образына сыпаттама берүүдө “илимий принциби жок”, “кошоматчы”, “эки жүздүү”, “коркок” деген эпитеттерди колдонсок болор эле, бирок илимий чындыгы суу кечпесин түшүнгөн анын айласыз абалынан улам, биздин ал “эпитеттерибиз” ашыкчылык кылат го дейбиз.
Ал эми Абдуллаевдин келбетине КГБнын кызматкери Хайруллаевдин көзү аркылуу берилген сыпаттамасынан (жымшайган көздөрү, жазы маңдайы, “казак башаралы” түспөлү) автор Абдуллаевдин өзү да Чыңгызхандын урпактарынан экендигине ишара кылып жаткандыгын түшүнсөк болот. Романда “Чыңгызхан айткандай, “Москванын тең жарымы менин тукумум” дегендей, ташкенттеги навайчылар, пахтачылар, коончулар ж.б. баары анын урпактары.
Мурдагы политбюронун жыйынында көк дептердеги “Чыңгызнаме” деген аталыштагы теманы өзгөртүү жөнүндө Аблеуховдун “Болобу?” деген суроосуна илимий кызматкер, Абдуллаев, Хайруллаев, партиянын секретары “Болот!” дегенде ачык турган терезелердин бири карс жабылган. Катышуучулар “Чарвактын жели” деп эч бир маани беришпеди. А бирок жыйындагы адамдардын пикирлерине каршы туруп тунук жел менен терезени тарс жапкан, Чыңгызхандын арбагы эле. “Кан ичер Чыңгызхан!”, “Каргыш ургур Чыңгызхан!”, “Зөөкүр тууралуу икеа”, “Жырткыч тууралуу баян” деген кыйкырык үндөр бөлмөдө жаңыра баштаганда, терезенин экинчи көзү катуу карс жабылды. Бул ирээт Чыңгызхандын арбагы өтө ачууланып, жыйындагы катышуучуларга өзүнүн каршылыгын билдирди.
А.Койчиевдин автордук позициясы – Чыңгызханга болгон мамилеси оң экендиги мына ушул кичинекей көркөм деталда эле даана көрүндү.
Чыңгызхандын арбагы романда жөн гана үстүртөдөн көлөкө, байкоочу фон эмес, ал романдын жандуу, активдүү каармандарынан. Эгерде мына ушул мистикалык сүрөттөөлөрдү чыгармадан алып салсак, анда романдын структурасы толук үбөлөнүп калат. А.Койчиев Чыңгызхандын арбак, аян сыпатында эле эмес, реалдуу көрүнүш катары каармандар менен болгоншарттуу диалогун да өтө ишенимдүү түзө алган. Мисал катары, Аблеухов менен Чыңгызхандын сүйлөшүүсүн алып көрөлү:
– “ Кечиресиң, сен адашып келдиңби?
– Адашкан жокмун, балам. Сен Абулай Укуп эмессиңби!
Абулай-Ухов!? Эч кандай Ухов, Муховду тааныбайм, жолдош… Мүмкүн, номурун алмаштырып алдың. Сен…
– Кантип тааныбай каласың!? Абулай-Укупсуңда сен!
– Кечиресиң, жолдош… Эшик кулпулануутурса, чертип койбостон уруксатсыз кантип кирип келдиң? Бул люкс номер! Мен Аблеуховмун, ЦКнын бөлүм башчысы…
– Ооба, ооба, Абулай-Укуп атанбадың беле!
– Жолдош… Сен адашып калдың көрүнөт.
– Адашпай-этпей эле! Келем деп сөз бербедимбеле, убадама туруп келдим мына…”
Бул жерде А.Койчиев арбак менен Аблеуховдун сүйлөшүүсүн бир жагынан мистикалык көрүнүш катары берип жатса, экинчи жагынан түпкүрдөгү генетикалык сезимди ойготуп, өзү менен өзүн сүйлөшүү монологун берип жатат.
Чыңгызхандын арбагы ошондой эле наавайчыга ж.б. жолугат.
– «Өнөрүм менен жумушу не? Темселеген кимиси? Кайсы кеңкелеси?» Наавайчынын итатайы тутулду:
Бейтааныш киши, ошентип наавайчынын ачуусуна тийет, наавайчы болсо өзүнүн хан урпактарынан экендигин кайдан билсин, наавайчылык кесиби менен мактанат. Бейтааныш каңырыгы түтөп, “Туулбаптыр! Туулбаптыр! Туулбаптыр!” – деп көздон кайым болуп кетет.
Чынында эгер Чыңгызхандын тукуму майдаланып кетпей, хандыктан-хандыкты бири-бири менен талашпай өткөрүп келсе, дүйнө кандай өнүттө кетмек, тарых кандай нукта болмок? – деген суроо автор А.Койчиевди кызыктырат. Бул суроо романда Бердибекхан, Өзбекхан жана башка каармандардан тартып Чыңгызхандын арманынан көрүнөт.
Хайруллаев – бул Ч.Айтматовдун Таңсыкбаевинен ашса ашат, кем калбайт. А.Койчиев ал аркылуу идеологияны курал кылган күч органдарынын кызматкерлеринин ташбоорлугун, кайрымсыздыгын, жөнөкөй адамдарды күнөөсү жок болсо да баса калып, көрсөтмө алууга маш болгон кызматкерлердин образын даана сыпаттаган “Антисоветтик” көрүнүштөрдүн бетин ачсам дегенде “эки көзү төрт”. Ал үчүн, өз кызыкчылыгы үчүн капитан Хайруллаев оң ишти тетири кылууга, кармалгандарды азап чектирүүгө дайыма даяр. Ага көк дептердин жоголушу – кызматтан-кызматка көтөрүлүүгө, жаңы, жогорку кызматтык чин алууга шанс болчу, ошондуктан базардагы соодагерлерден баштап Бактыгерейге чейин шектенип, аларды кармап, камап сурак кылуу ага рахат алып келет
Бети багжайган, жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык кишинин сүрөтүн тарттырып алып, базардан базар калбай, көчөдөн көчө калбай, үйдөн үй калбай тинтип издеп жүрдү…
Акырында Арслан Койчиевдин “Бакшы жана Чыңгызхан” романына байланыштуу оюбузду кыскартып, жыйынтыктай турган болсок, роман сюжеттик курулушу жагынан өтө чыйрак, чың курулган. Мезгил-мейкиндик жактан жети кылымдык окуяны камтыган, жыйырма жети бөлүкчөдөн турган бөлүмдөр бири-бирин идеялык көркөмдүк жактан толуктап, тереңдетип, каршы-терши мазмундук жактан байланыштарды түзүптурат. Мисалы, Абулай тукумунан чокундурулганын баяндаган окуя менен ЦКдан келген кызматкердин фамилиясынын Аблеухов деп окшошуп турушу, же Сайчы уулунун тогуз жашындагы Алтын кадас жылдызы жөнүндөгү ою менен кулчулуктан кутулаар мезгил келгендигин сезгендеги Алтын кадас жөнүндөгү эскерүүсү ж.б.
Романдагы автордук идеялык-эстетикалык концепциядан четкерээк калган каарман, окуя, эпизод жок. Байыркы тарых, азыркы учур, мистикалык көрүнүш бири-бири менен жуурулушуп турат. Романда кезиккен рефрендик кайталоолор бир ойдун же көрүнүштүн бир канча түрдө кайталанып чечмелениши, тереңдетилиши, сүрөттөлүшү да өз ыгы менен, окурмандын көнүлүн ошол көрүнүшкө байырлантуу, буруу үчүн пайдаланылып, өзгөчө бир стилдик ыргактуулук тартуулап турат.
Романдагы урпактар жөнүндө тема Чыңгызхандын урпактарына гана тиешелүү эмес, бул тема бизге, кыргыздарга да түздөн-түз тиешеси бар, актуалдуу. Элибиздин урпактары бири-бирин колдоп, жөлөк-таяк болуп келгендиктен канча кылымдардын тарыхында азап көрсө да кырылып калбай, майдаланбай, муундан-муунга насаат калтырып, “Манасын” айтып келе жатат.
Дегеле, Арслан Койчиевдин көркөмдүксистемасын тарых, миф, философия, улуттук аң-сезимдин синтези, реализм менен мистикалык элементтердин айкалышы аркылуу түзөт. А.Койчиев мистика аркылуу кыргыз адабиятындагы реализмдин чегин кеңейткендигин көрөбүз.
Өз ишинин чебери үчүн “мурда көп иштелген тема” деген түшүнүк болбойт. Кандай гана такталган тема болбосун ал түпкүрдөн жаңы боек, жаңы нур, жаңы ыргакка боелуп, өзгөчөлүү, оргиналдуу идеялык-эстетикалык чечилиштерге жыйынтыктарга ээ боло алат.
Арслан Койчиев да адабиятта мурун иштелген тема болсо да, болбосо да жаңы көз караш менен ийгиликке жетишкен автор. Жаңычылык издөө – Арсландын кредосу, чыгармачыл табылгалар көп болушун авторго каалайбыз.
