Абдулла Орипов: Бул жашоодон көңүлү сууган адам, кеселдеген тулпарга окшоп турат

Абдулла Орипов (1941-2016)

Дарчы

Булут жандап…

Асмандын так алдында

Кирпиктеги көз жаш сымал дарчы тур.

Кылыч мизи – аркан менен ал мында

Көзүн жумуп басып кирди – шарт ушул.

 

Колдогула, кол чапкыла, чап толук?!

Кандай чапчаң! Кандай эпчил! Кашайбай…

Бизчи… биздин көзү ачыктар баш болуп

Даңгыраган жолдо жүрбүз баса албай…

 

Сагыныч

Үзүк-үзүк булуттар,

Чексиз асман,

Тоо артында төтө жол – айкын белек.

Мекендебей… бар түйшүк кетип баштан,

Мен бүт-бойдон кашыңа кайткым келет!

 

Ичтим тагдыр шарабын ачкыл-кычкыл,

Сездим асман чапчыган кумар күчүн.

Билдим – адам жашабайт жайдыр-кыштыр

Сынап эркин дайыма турмак үчүн.

 

Үзүк-үзүк булуттар,

Чексиз асман,

Тоо артында төтө жол – кандим белек.

Кайтсам кана… бар түйшүк кетип баштан,

Кашыңда мен бүт-бойдон жангым келет!

 

Короочу

Арзып… арып… курду кооз үй килейген,

Акча-нени аябады башкадай.

Үйдү коруйт бир чолок ит – билем мен,

Мойну котур, көзү чалыр, саксагай.

 

Ак сарайды курган менен, байбатча,

Ага ылайык короочуң жок… кай жакта…

Инсан жүрөгү

Ойнобогун инсандык жүрөк менен,

Анда жашайт тил дагын, улут дагын.

Бабалар жүр бакжайып – тилек менен,

Бардыгы жүр байралып… туюп шаңын…

 

Ойнобогун инсандык жүрөк менен,

Анда жашайт эне да, мекен дагын.

Коку-уй, жөн-жай нерсе деп жүрөт белең?

Ал жарылса – жайпап бүт кетер баарын…

 

Ыйбадат сыры

Айта көрбө раазымын деп жашоого,

Айтсаң дагы – тоо-талаага жар салгын.

Кай бир адам угуп калса – баш оору,

Канча суроо каптап келет – каршы алгын.

 

Жашоого сен болсоң эгер наараазы –

Жап оозуңду чыдап азап-кайгыга.

Үйүлөт, чын, – укса пенде баласы, –

«Неге?..» – деген сан-миң суроо алдыңа.

 

Бул жашоонун ташпишине таң калба,

Боло келген… аңдашка жан үрөгүн.

Аруу түндө жалгыз калган жагдайда

Ачкын бирок Жаратканга жүрөгүң…

 

Адам жана тулпар

Бул жашоодон көңүлү сууган адам

кеселдеген тулпарга окшоп турат.

Алтын-зер да кызыксыз улам аган,

Тулпар арпа искебей токтоп турат.

 

Эки дүйнө бип-бирдей… урап шаңы…

Айырмасыз кепе да, алтын сарай.

Тулпардын да туйлабайт туяктары,

Байгелерге чабылбай… жаркылдабай…

 

Сөгүнчөөк

Жан эле шалпып сөгүнгөн,

Өзүмчүл, бузук, калпычы.

Сөгүнсө – кемип өмүрлөр,

Булганчу чөйрө жай-кышы.

 

Акыры үч-төрт азамат

Адебин берди токмоктоп.

Байланып жаагын – капа нак,

Бар сырын айтпайт токтотсок.

 

Баланча көчө – эл билер,

Жарым жан адам… шорун айт…

Баарысын тапкан пейлинен,

Каргасаң дагы момурайт.

 

Салам жана алик

Өмүрүмө ыраазымын… бирок мен

Ашыкчараак көөдөн кергем көшүлө…

Жаштык – мастык… чалды-куйду күн өткөн,

Салам бергем шайтандардын дөөсүнө.

 

Убакыттын учкулуна капамын,

Кайра күлүп коём жоктой дарт-арман.

Картайдым го… алик алып жатамын

Салам берсе кибиреген шайтандар.

Кыргыз тилине которгон: Кожогелди Култегин