БҮГҮН МЕН ТИКТИМ КӨЧӨТ
…Бүгүн мен тиктим көчөт,
мойнума түштү милдет.
Арык казып, суу коюу,
олтурбай
күндү күн деп, түндү түн деп.
…Бүгүн мен өмүрлүк жар,
жөнөкөй кызга тоолук.
Балбылдайт көздөрүбүз,
бакыттын кушу конуп!
…Бүгүн мен болдум ата,
болдум жар жана багбан.
Турмушка кирип келдим:
уялчаак балалыктын
ыпысык кучагынан!
САГЫНДЫМ
Сагындым жанга жагым жайлоо түнүн
шар акчу суусу мөңкүп, чачып көбүк.
Асыл жар чачып бөлүп жик салгандай
асманды саманчынын жолу бөлүп.
Койчунун коңур үнү созолончу,
селкинин козгоп жүрөк делебесин.
Түндүктөн түмөн жылдыз кашын кагып,
ай нуру өпчү боз үй керегесин.
Сагындым нымдуу, салкын жайлоо түнүн,
эскен жел – сырдуу жомок баянындай.
Аппакай мөңгү жатчу качанкы бир
акындын актай калган барагындай.
Эсепсиз арча, чөп, гүл жыты аңкыган,
эзели түн көрбөдүм ошол түндөй.
Көл жатчу – качанкы бир учурдагы,
айымдын унут калган күзгүсүндөй.
ТУРПАТЫНДА ЖАЙНАП СУЛУУЛУК
Турпатында жайнап сулуулук
турат бир кыз, өтөт көчөдөн.
Айтам менен келем айталбай
бир сөзүмдү көңүл күсөгөн.
Акыр не жооп түшөр болду экен,
айды бүктөп сунган катыма?
АТА ЖУРТКА МАКТАЛ
Сууң султан, абаң амир асыл жер,
сыр-сыйкырың жандырмаксыз кудурет
сүйкүмүңдө үр касиет, жан илеп.
Аскаларың кийип айбат калпагын
Аталарын мурас мисир ардагым.
Бир ууч сендик топуракмын мен дагын.
Кубанч-кайгым сиңип өөнө боюңа
киндик каным, көздөн жашым төгүлгөн.
Арууланып Ай-Көлүңө чөмүлгөм.
Айдыңдарың миң булбулдуу, миң булак
ар бир бүдүр өндүрүңдө тирүүлүк,
Ат чаптырган сендеги аваз, үн улук.
Аяй, азиз, кулпурган кут кушумсуң
аалам кезип уч, көкөлө, зуулагын.
Ай сүйдүрүп, Күн күлдүрүп дуулагын.
АЙЛЫМА
Антташкан жаш селкисин күтө карап,
Үңүлүп саатына, секунд санап.
Саргайган жигиттердин көзү менен
Автобус күтүүдөмүн сени самап.
Морунан түтүн булап ар бир үйдүн,
Аяз кысып, кар басып жаткан чыгар.
Түйшөлүшөр кирпигин түк ирмебей
Түн уйкусун унутуп сакмалчылар.
Саанчы кыз бүт айыл жаңылыгын,
Сагынычын билдирип жаш жоокерге.
Каймак, сүттөй таза дил сөздөр менен
Кат жазууга киришсе керек эле…
Энемдин нан жыттанган туурук колу,
Атамдын тер жыттанган тулку-бою.
Билемин… Биригишип бизди тапкан
Махабат аралынан – айыл койну.
Тирмийип китеп окуп олтургандыр
Даярдап үй тапшырма иничегим.
Уялап алган анын көкүрөгүн
Айлын сүйүп, сагынар асыл сезим.
Антташкан жаш селкисин күтө карап,
Үңүлүп саатына, секунд санап.
Саргайган жигиттердин көзү менен
Автобус күтүүдөмүн сени самап…
ЖҮГӨРҮДӨЙ БАЛА КАРМАП АЛЫПСЫҢ
Биз окууну бүтөр жылкы жайында
асфальт жолдо окуудан соң кечке маал
аяр басып келгенибиз айылга
— Эсиңдеби, аяйым?…
Ажарданып кызыл нур жүзүң
айтаарындай кызык сыр
Акырын ийилдиң да дедиң сен:
«Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр».
Андан бери…
Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,
канча аяздын каарына карыктым.
Жүрүп-жүрүп…
Жолугуштук жолдо шо
Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.