Кавказ туткуну
Арноо
(Николай Николаевич Раевскийге)
Жан досум, cѳзүмдү ук кулак салып,
Эркиндик музасынан* сага алып,
Арнадым куугун кѳргѳн чердүү ырды,
Бош кезде боюм балкып, күйүп-жанып.
Күнѳсүз, кубаныч жок кыйналганда,
Туш-туштан ушак шыбыр таралганда,
Түсү суук, кыянатчы болот канжар
Жол тосуп, туура тартып, кадалганда,
Уйкусу мухаббаттын болуп үстүн
Мерт кылып мени ѳлтүрѳ талаганда,
Жаным жай тынычтыкты сенден мен таап,
Мени сен, чындап сени сүйдүм мен да.
Тийгенде мага бороон бет алдымдан
Дуба окуп, “беттен кайтпа” дегенмин да.
Кайгылуу капа баскан күндѳрүмдѳ,
Муӊканган менин зардуу үндѳрүмдѳ,
Кавказдын тоосу мага ой түшүрдү,
Бүркѳлгѳн беш тоо* зоосун кѳргѳнүмдѳ.
Талаага, айылга да кылып айбат,
Беш баштуу беш тоо чѳгүп жаткан жанаш;
Кѳзүмѳ кѳрүнгѳндѳ элестеди
Мен үчүн улуу ал тоо болуп Парнас*
Ѳтѳ алгыс, чакмак таштуу тоо жактарын,
Шаркырап тоодон аккан булактарын,
Талааны, сай-жаканы жайпап каптап,
Сооротуп жаш жанымды кубантканым.
Жортуулдар тоо капталдап жорутканын,
Талпынып дагы жандын алп урганын,
Туӊгуюк тынчтыкта дене балкып,
Жанымдын унуттумбу чарк урганын?
Ушундан табарсыӊ сен балким күүнү,
Эске алып жүрѳгүнѳ жаккан күндү;
Кѳӊүлдѳ кайчылашкан кумар менен
Башыӊдан ѳткѳн тааныш кайгы муӊду;
Мен кѳргѳн сага дайын азап менен
Табышмак ичтен чыккан тереӊ үндү.
Ѳмүргѳ ар жол менен биздер келдик,
Тынчтык кучагында биз гүлдѳдүк:
Эр туулган атабыздын кандуу майдан
Биз туулуп изи менен ѳсүп-ѳндүк;
Түнѳргѳн кара булуттай жоо огунун –
Астында тайбай жигит кылдыӊ эрдик.
Эл, журтуӊ эркелетти уланындай,
Үмүттүн алдагы ѳмүр, курманындай,
Мен кеттим куугун кѳрүп, курман болуп,
Ушакка дуушар болуп чалынгандай.
Чыдадым жүрѳгүмдү чын бекиттим,
Дармансыз эркиндиктин таӊын күттүм;
Жаралуу жүрѳгүмѳ досторумдун
Нурунан балын септим – жан жибиттим.
I бѳлүм
Алдында айылынын олтурушкан,
Черкестер майрамдаша сѳз курушкан;
Кавказдын чыйрак ѳскѳн уландары
Сүйлѳшѳт согуш, добул, коркунучтан.
Айтышты каз моюндуу сулуу атын,
Жыргалдуу жапан ѳскѳн ыракатын,
Эскерип ѳткѳн күнүн, эр жоругун
Чабуулга каршы эч ким тура албасын.
Алдамчы уздендердин куулуктарын,
Шыкаалап, таамай мээлеп, ок чыгарып,
Мал-жанды бута кылып атыштарын;
Учуруп күлүн кѳккѳ кѳп айылдын
Туткундап кызын сүйгѳн жоруктарын.
Эл тыныч аӊгеменин кучагында,
Ай сүздү түнѳргѳн түн туманында;
Бир кезде котолошуп олтурган журт,
Карады бир атчанга бет алдында.
Бат эле атчан черкез аркан таштап,
Бир жашты туткун кылып сүйрѳп, таптап;
“Мында орус!” деп жырткычтан чыкканда үн,
Жыйналды барлык айыл дүбүрт баштап.
Үнсүз-тилсиз туткун жатат кара жерде,
Урулган, таяк тийген арка-белге;
Сѳлдѳйүп ѳлгѳн жандын сѳѳгүндѳй,
Кыймылсыз сезим кирбей калды денге.
Кѳрѳ албай душмандын тунук жүзүн,
Коркуткан эшите албай ачуу үнүн;
Кѳз алдында ѳлүмдүн уйкусу ойноп,
Дем алат араӊ зорго жумуп кѳзүн.
Кайрат жок чыга турган туткун жаштан,
Оор зил жатты узак үстүн баскан.
Чаӊкай түш болду толук, күн да ысып,
Асмандан кубанычтуу нурун чачкан.
Ѳмүрүн, бүткѳн боюн ойготуп күн,
Чыгарды туткун жандын оозунан үн;
Жылытып күндүн ысык нур шооласы,
Денесин кѳтѳрүлттү ал шоордуунун.
Ал алсыз, кѳзүн салса айланасы –
Ѳткѳѳлсүз, ашуу бербес, тоо кыязы;
Бул жерге эркин черкес мекен кылган,
Эр элдин жоокерчилик кѳп уясы.
Сезди жаш туткун болуп зар чеккенин,
Чочурдук добул түштѳй күн ѳткѳнүн.
Угулуп кулагына чынжыр үнү,
Бутуна кишен түшүп бекилгенин.
Коркунуч экен деди бул табышты,
Түнѳрүп бар ааламды күӊүрт басты;
Кечегѳр, азаттыктын нур шооласы,
Ал бир кул, туткун болуп жан талашты.
Тѳрт болуп үй артында жатты кѳзү,
Кароолуу жанында жок жалгыз ѳзү;
Черкестер жумушунда талаадагы,
Тыптыныч айыл мүлгүн турган кези.
Мемиреп кѳз учунда мейкин талаа,
Кѳк майсаң гүлгѳ оронгон жашыл ала.
Бир жактан тоо-токою ойго кетет,
Каалгып бийик ѳскѳн асканы ала.
Кѳп аска тизмектешип созулгандай,
Кыялап түшкѳн ага жолу кандай,
Кѳргѳндѳ анын баарын жаш туткундун
Жүрѳгү оор ойго басылгандай.
Жол узак бара турган Российеге,
Жаштыктын баштап оту күйгѳн жерге;
Жаш чактын жалынына ал мас болуп,
Биринчи кубанычын кѳргѳн жерге.
Азаттын, коркунучтун кучагында,
Ынтык болуп кѳп сулууну сүйгѳн жерге.
Тилектүү дүркүрѳгѳн турмуш менен
Үмүтүн, кубанычын жойгон жерге;
Эӊ жакшы ѳткѳн күнүн эсине алып,
Ар ойду жаш жүрѳккѳ түйгѳн жерге.
Дүйнѳнү, адамды да ал кѳп кѳрдү,
Баасын да жалган ѳмүр ал кѳп билди.
Жүрѳгүндѳ досторунун айнуу болуп,
Туш болуп кыялында сүйүү турду.
Ээлигип ѳткѳн күнүн сагынгандай,
Ал үчүн курман болуп чалынгандай,
Кас болуп эки тилдүү арман жанга
Ушакты жаратпаган арбагандай.
Дүйнѳдѳн башын тарткан, жаӊы душман,
Жеринен туулуп-ѳскѳн айрылышкан.
Кубанып азаттыктын нурун эӊсеп,
Кыялдан четке алыс куштай учкан.
Ааламдын ай астында ѳмүр сүргѳн,
Ал издеп азаттыктын нурун сүйгѳн;
Жүрѳгүн кумарлыкка дуушар кылып,
Жерге да кыялга да тоӊуш кирген,
Толгонуп толкундуу ѳлѳӊ алп ургандай:
Кубантып туткун жанга жан салгандай;
Үмүттүн кѳк жалындуу оту менен
Кучактап максат кушун кармагандай.
Иш бүттү… атайылап сыйынганда,
Эч нерсе кѳрѳ албай ал бул жалганда,
Бир үмүт эӊ акыркы тилеги эле,
Болду ал да кѳздѳн кайым кыйналганда…
Ал бир кул. Кара ташка башын жѳлѳп,
Күткѳнү кызыл шапак, кулан ѳѳк.
Кызарып баткан күндѳй ѳмүр ѳчсѳ,
Үстүндѳ мүрзѳсүнүн гүлдѳр гүлдѳп.
Күн батып бара жатты тоо астында,
Адамдын тоо жаӊырып табышына;
Талаадан эл айылга келип жатты,
Баткан күн чагылышып чалгысына.
Айылга алар жетти, шам жагылды,
Чыккан үн акырындап ал басылды;
Баарысы караӊгы түн кучагында,
Тыныгып, тынычтанып, демин алды.
Жаркырап түн ичинде күмүш булак,
Күркүрѳп агып жатты тоодон кулап.
Туткундап, кара булутту капшый кармап,
Кавказдын уктап жатты тоосу сулап…
Ал да ким, чагылышып ай нуруна,
Тыптынч сырын кошуп түн сырына,
Аягын уурдап басып, кылчак карап,
Жакын келди орустун бет алдына.
Карады туткун орус кѳзү кѳрүп,
Ал дагы дал жанына келди жетип;
Лам дебей жаш кара кѳз черкес кызы,
Урматтап, турду ийилип, таазим этип.
Карады кызга ал да таӊыркагансып,
Түшүмбү, ѳӊүмбү деп жаӊылгансып,
Чарчаган денедеги сезими ойноп,
Нуруна айдын бир аз жаӊыргансып;
Жаны аяп, күлүмсүрѳп, жакын келип,
Баш ийип, изаат кылып, тизе бүгүп,
Эӊкейди туткун жанга эрке сулуу
Акырын колу менен кымыз сунуп.
Жалындуу жаш сулууну лебин жутуп,
Сѳзүнѳ, мүнѳзүнѳ кѳз жүгүртүп,
Жүрѳгү алдас уруп ал туткундун,
Идишти кымыз куйган кетти унутуп…
Чама жок, бѳтѳн тилди түшүнүүгѳ,
От болуп бети-башы шишинүүдѳ,
Дем болду сулуу кыздын чыккан үнү
Кѳӊүлүн туткун жандын кѳтѳрүүгѳ…
Жаш жигит араӊ жатып күчүн жыйнап,
Кѳтѳрүп башын араӊ жерден жайлап,
Суусунун кымыз ичип ал кандырды,
Атайлап эрке жандын берген сыйлап.
Кыйшайып андан кийин жанбаштады,
Кур ташка оор тарткан коюп башын;
Ѳчүӊкү кѳзү менен кѳз жиберип,
Энтелеп карай берди, кыз нускасын.
Олтурду бир топ убакыт кыз да тынып,
Тыптынч, учсуз-түпсүз ойго чумуп,
Туткундун жүрѳгүнүн жан-жарасын
Бѳлүшүп эӊсеп ага бермек болуп.
Эрксиз ачылгансып эриндери,
Оозуна сѳздѳр келип кире берди,
Үшкүрүп, кайта-кайта жашка толуп,
Сулуунун кара кѳзү мѳлтүрѳдү…
Жалт берген кѳлѳкѳдѳй күндѳр ѳттү,
Бечара мурункудай эрик күттү,
Мал жайган коӊур салкын тоо ичинде
Жаш туткун азап тартып сѳнүп бүттү.
Мүйүзү күмүш айдын кѳктү жарып
Томсоргон тоо астында чыкса жанып,
Жол менен жалгыз аяк черкес кызы,
Туткунга жетип келет кымыз алып.
Жаш туткун кѳрүп сулуу черкес кызын,
Атайлап алып келген жүзүм суусун.
Бѳлүшүп, бирге ичип, бирге жешет,
Таруусун кардай аппак, нак кымызын.
Олтурат салып сулуу кѳздүн кырын,
Билгизип, ишараттап, сѳздүн сырын,
Сѳз айтпай тереӊ ойдун кѳздѳрү ойноп,
Үн салып, толкундатып, тоонун ырын.
Бакыттуу Грузиндин ырын булбул,
Үн салат чыдай албай жанып гүл-гүл.
Эскерип алда нени оюна алып,
Сайрады түшүнүксүз жат кызыл тил.
Жандырып жашы толгон таза жанын,
Кыз сүйдү, билди жакшы бакыт жайын;
Орустун жалындаган жаш ѳмүрү,
Жоготту эчак эле бал кумарын.
Туткун жан жооп бере албай жүрѳгүнѳн,
Кумардуу жаш мухаббат тилегинен,
“Балким бул-түшүм чыгар унутулган”-деп,
Коркту ал муну эсине түшүрүүдѳн.
Жашчылык бирден ѳчпѳйт соолгон гүлчѳ,
Кызык чак бизди таштап жѳнѳлгѳнчѳ,
Жерден биз күтүлбѳгѳн кубанычты
Бир эмес, кучактарбыз алда нече.
Таасирин кызык чактын жоѐ албайсыӊ,
Биринчи ашыктыкка тоѐ албайсыӊ.
Жаштыктын жалындаган кубанчына
Кайрылып, кайта келип, коно албайсыӊ.
Туткун да, күдѳр үзгѳн сыяктанды,
Кайгылуу, муӊ ѳмүргѳ адаттанды;
Капасы эриксиздин, зордук оту,
Жашыруун жан сырынан орун алды.
Мунарып кѳз уялткан тоо караны,
Соккондо таӊ эртеӊки жел шамалы,
Асканын ортосунда туруп туткун,
Кѳз албай бийик тоону кѳп карады.
Бозомук, кызгылт тартып, кѳгүлжүмдѳп,
Кѳрүндү кѳз учунда тоо карааны;
Эӊ сонун сүрѳттѳргѳ оронуп тоо,
Түбѳлүк такты минди кардан дагы:
Булуттун эч кыймылсыз тизмесиндей,
Асканын кѳзгѳ илинди чокулары.
Алп болуп эки баштуу ортосунда,
Жаркырап кѳпкѳк муздун жар ташында,
Улуу тоо Элбурстун ѳзү турду,
Агарып кѳк менен жер арасында.
Болгондо кѳктѳн табыш чарт-чурт этип,
Күркүрѳп чагылганы жарк-журк этип;
Туткун жан алда нече тоо үстүндѳ
Олтурган козголбостон калт-култ этип;
Бутунун ал жагында булуттар сүзүп,
Талааны учкан чаӊдар дуулап кесип,
Тыгылып аскалардын арасына,
Жазганып, алда нени издегенсип.
Бүркүттѳр, жар таштардан кѳтѳрүлүп,
Шаӊшып учуп, асман мелжеп, кѳкѳлѳнүп;
Дүркүрѳп үйүр-үйүр жылкы, койлор,
Маарашып, кишенешип, жѳткүрүшүп.
Бир кезде мѳндүр жүрүп, жамгыр куюп,
Ойноду чагылганы булут кыйып,
Дүркүрѳп, кыян жүрүп, толкун ташып,
Агызып жаткан ташты козгоп кууп.
Жапжалгыз чокусунда тоонун туруп,
Туткун жаш кѳз жиберди моюн буруп,
Күттү артынан каалгыган кѳп булуттун
Жарыгын чыкчу күндүн кайта туулуп.
Коркунуч чагылгандан кѳрүп күчтү,
Эркинсиз добулдан да бир элести,
Кѳз кѳрүп, жаны сезип, бети чымырап,
Алда не кубанычы ойго түштү.
Тоо эли салты менен оюн алып,
Жигитти соӊуркатты европалык.
Туткун жан тоо элинин үрп-адатын
Билди так ой жиберип, кѳзүн салып.
Турмушун сүйдү алардын карапайым,
Мейман дос, жоокерчилик, жакшы жайын,
Эр жүрѳк, кыймылы эркин, чапчаӊдыгы, –
Баары да айкын ачык болду дайын.
Кѳз албай сагат сайын түркүн-түркүн
Ал карайт черкестердин жүрүш түрүн,
Толкундуу, тоолу, таштуу кеӊ талаада,
Тебетей, кара кийим кийген кѳркүн;
Чиренип үзѳнгүгѳ жаасын тартып,
Үйрѳнгѳн согушка эрте эрлер эркин
Жаратып элдин сулуу жүргѳн түрүн,
Кынама бойго кийген кийимдердин,
Боюна канжар – курал тагынышып,
Шаттанып кѳӊүлү жай жүргѳндѳрүн,
Асынып ок-жарагын, соот кийген,
Жана аркан, найза, саадак, канжар илген,
Ѳмүрдүк болот кылыч – анын досу
Эмгеги ошол анын сүйүп билген.
Башка зат кызыктырбайт, эмне дээрсиӊ?
Мейли атчан, мейли алар жѳѳ жүрүшсүн;
Баягы бир калыпта кайда кѳрсѳӊ,
Баш ийбес, жеӊүү бербес, чиркин эрсиӊ!
Даӊкынан анын корккон казак-орус,
Үйүр-үйүр жылкы баккан толгон ѳрүш;
Ээн ѳскѳн, так секирген тулпар аты,
Жакыны, жан жолдошу минип жүрүш.
Тымызын, айлакер жан ат жүгүртүп,
Капчыгай, дүлѳй сайда, жортуул жүрүп;
Жолоочу ѳтсѳ эгер байкоосуздан,
Качырып сала берет атып кирип.
Кѳз ачып жумганча ал согуш баштап,
Чечкиндүү күрѳш салып, жанын таштап;
Сай бойлоп кетип жаткан жолоочуну,
Кылтактап түшүрүшѳт аркан таштап.
Жер чапчып, башын чулгуп, ат жулкунат,
Дыркырап алга карай ал умтулат;
Учканда тоо, таш, чуӊкур, сазды басып,
Куюшкан соорусуна шак урулат.
Кандуу из арт жагында жошолонуп,
Талаада ат дүбүртү үнүн кошуп;
Күркүрѳп, кѳбүк чачкан сууга кирет,
Жанбаштап, жиреп кечип, сууну ичип;
Шайманы кетип анын тилеп ажал,
Ѳлсѳм да тез ѳлсѳм деп, жандан кечип.
Тулпар ат башын чулгуп алып качкан,
Күрѳшүп толкун менен алп урушкан;
Дайранын алып чыгат жар четине,
Сыяктуу кирген буура кѳбүк чачкан.
Же болбосо, кыян менен суу боюна,
Жыгылган дѳӊгѳчтү алат ал колуна,
Карарып түн киргенде, айсыз түндүн
Кѳлѳкѳсү түшѳт жердин кыр, оюна.
Эр черкес калкан, канжар, жарактарын,
Саадак, найза, кылыч, мылтык, жаа окторун,
Жүз жашаган дѳӊгѳчтүн бутагына,
Айланта коѐт илип соотторун.
Андан соӊ аны ыргытып агын сууга,
Артынан ѳзү сүзѳт окшоп кууга,
Канчалык чумулса да, урунса да,
Кыйналбайт, чарчабайт да батып ойго.
Тынч түн, дайра ташып агып жатат,
Урулуп таштан ташка тийип жатат,
Кубаттуу, күчтүү анын чоӊ толкуну
Шарпылдап, жарды бойлоп, жүрүп жатат.
Башында бийик коргон, кѳк тиреген,
Турат казак найзасына бек жѳлѳнгѳн.
Дайранын түнкү аккан агымына
Ойлонуп сүзѳ карап, кѳз жиберген.
Колуна мылтык тутуп, калкып сүзүп,
Жакындап келет душман аӊдып жүргѳн.
Эмнени ойлоносуӊ сен эр казак?
Түштүбү кѳӊүлүӊѳ ал ѳткѳн чак?
Ажалдын талаасында токтоп жүргѳн
Туулган элиӊ, жериӊ, ал ѳскѳн чак?
Кече кѳр боштон ѳскѳн эли журту,
Короо жай, ата конуш, чоӊ Дон суусу;
Ок жааган, кандуу майдан, жоокерчилик,
Алма бет, сулуу кыздар жандын кѳркү,
Дайранын жээгин бойлоп, аӊдып басып,
Жашынып жатат душман жаасын тартып,
Ок тийип куштай казак учуп түшѳт,
Коргонду канга боѐп, канын чачып…
Черкес да, ѳз үй ата конушунда,
Күн бүркѳк, аба начар, бузугунда,
Очокто күйгѳн отту тегеректеп,
Үй ичи менен бирге олтурганда.
Жол жүрүп алыс жолдон чарчап-арып,
Жолоочу келе жаткан кечке калып,
Ал үйгѳ салам берип, кирип келет,
Каӊтарып атын тышка байлай салып.
Үй ээси адеп менен анда туруп,
Жылмайып, алик алып, башын ийип;
Чихирдай* сонун таттуу ичимдикти
Конокко куюп келип берет сунуп;
Ыш болгон боз алачык үйдѳ жатып,
Жолоочу таттуу уйкуга кирип батып,
Эртеси кол кармашып, кош айтышып,
Жѳнѳлѳт ѳз жолуна сапар тартып.
Болгондо айт, майрамы ардактанган,
Жаштары башын кошуп, жайрактаган
Туудуруп бир оюндан бир оюнду,
Кызыктуу кезек менен жаа тартышкан.
Уландар, кош канаттуу жаасын тартып,
Асманда, булуттагы бүркүттү атып,
Ашыгып же болбосо тике жарга,
Жетишет катар туруп, бирге басып.
Болгондо бирден белги, куланышат,
Коркутуп, жер силкинтип, эс чыгарып,
Бастырып, кеӊ талааны калыӊ чаӊга,
Чуркашат дүбүрт салып теӊ жарышып.
Эрдикке туулган жанга согуш үчүн,
Кѳӊүлсүз мейли ал тынч ѳмүр сүрсүн,
Айт, тойдогу оюну ырайымсызга –
Айланып кылат жерди астын үстүн.
Ал тойго эс алаӊдар жыйналышат,
Шапа-шуп кылычтарын бир суурушат,
Кулдардын башы жерге учуп түшүп,
Боз балдар кубанышып, бий салышат.
Кан тѳккѳн ѳрнѳк үчүн кайсар элди,
Ойго албай бир калыпта орус жүрдү;
Сүйсѳ да обол мурун оюндарын,
Артынан ѳлүмдү ойлоп ичи күйдү.
Чыкканда жекме-жеке ѳӊүн бузуп.
Ѳлүмгѳ окту тосуп, башын кыйып;
Кечикпей ѳмүрүнүн чын ѳчѳрүн
Эриксиз ал туткун жаш билди сезип.
Ким билет, эмне ал ойлонгонун,
Мурунку ѳткѳн күнүн ойго алганын,
Курчаган жан достору ортосунда,
Той тойлоп, оюн-күлкү кѳп курганын.
Ѳткѳн күн жѳнүндѳ ал ѳкүндүбү?
Алданган үмүтүнѳн кол үздүбү?
Болбосо, таӊ-тамаша, оюндарын
Жактырып, кызыксынып, кѳз кѳрдүбү?
Болбосо жапайы элдин үрп адаты
Күзгүдѳн кѳрүнгѳндѳй ѳӊдѳндүбү?
Туткун жаш үнсүз тереӊ ойго батты,
Кыймылын жүрѳгүнүн басаӊдатты,
Антсе да анын бийик маӊдайында,
Ѳзгѳргѳн кѳрѳ албайсыӊ эч бир затты.
Бейгамсыз оттой жанган туткун жашты
Аяшып черкес бүткѳн таӊ калышты,
Жалындуу жаш ѳмүрүн кызганышып,
Ѳз ара күбүрѳшүп, шыбырашты;
Ѳзүнүн колго түшкѳн олжосуна
Кубанып, баш ийкешип, мактанышты…
II БѲЛҮМ
Тоо кызы, билдиӊ эле анын баарын,
Жүрѳктүн шат кѳӊүлүн, турмуш даамын,
Күнѳѳсүз жалын чалган кѳз карашыӊ,
Ал айтат кубанычты, сүйүү жайын.
Достуӊ сени, караӊгы түн ичинде,
Сѳз салбай эркелетип чын сүйгѳндѳ,
Анда сен, кубанычка күйүп жанып,
Унуттуӊ жер ааламды, дүйнѳсүндѳ.
Сен айттыӊ анда туруп: “Жаным туткун”,
Кѳӊүл ач, кайгысын жой, капалыктын;
Кыйшайып кѳкүрѳгүмѳ башыӊ коюп,
Азаттык, эл, жериӊди сен унуткун.
Жашынсам кучагына жайык талаа,
Жанымдын сен эркеси назик кана.
Сүй мени, кыз болгону эч ким мени,
Сүйгѳн эмес, кѳзүмдѳн анык кара.
Черкестин солкулдаган боз баласы,
Кыз мурун, кара кѳздүү, кара кашы,
Жаныма жууркан ачып келген эмес,
Түн катып, эшик ачып, түн баласы,
“Эӊ катуу, бекем кыз” деп моюн бербес
Атандым мен сулуунун эӊ тазасы.
Болорун бир жазмыштын жакшы билем,
Жашымдан алпештеген ата, энем,
Сатканы турат мени сүйбѳгѳнгѳ,
Баа коюп алтын менен кылып ченем.
“Сатпа” деп ата, энеме жалынамын,
Болбосо, уу ичемин, жарыламын:
Шумдуктуу акыл жеткис бир күч менен
Сен жакка, эриксизден тартыламын.
Туткун жаш, сени сүйѳм дилим менен,
Кѳрбѳсѳм, сүйлѳшпѳсѳм сагынамын.
Туткун жаш, сүйлѳбѳй кызды аяп,
Кумардуу, күйүп жанган аны карап;
Сѳзүнѳ ал сулуунун кѳӊүл коюп,
Ойлонду… эсин алып, кызды самап.
Унутту ал ѳзүн ѳзү: ойлор түшүп,
Толкуну ѳткѳн күндүн басып кысып,
Муӊканып олтурганда бир мезгилде,
Мончоктоп кѳз жашы да кетти ыргып.
Коюлган коргошундай оор тарткан,
Жүрѳктѳ мухаббаттын чогу жаткан,
Олтурган бет алдында жаш сулууга
Ѳзүнүн зары, муӊун тѳгүп айткан.
“Унут мени: Арзыбайм мен сүйгѳнүӊѳ,
Отуна кубанычтын күйгѳнүӊѳ,
Баа жеткис күндѳрүӊдү бош ѳткѳзбѳй,
Башка бир жашты таап ал жүргѳнүӊѳ.
Мен үчүн мухаббат тап сен ал жаштан,
Муз болуп менин жаным салкын тарткан,
Андай жар, эч алдабайт, баалай билет,
Сүйкүмдүү ай нуруӊду балкып жаткан.
Наристе жаш баладай оттой жанган,
Ал сүйѳт, сѳздѳрүӊдү жалындаган.
Үмүтсүз же тилексиз эки ортодо
Мен болом, кумарлыкка болуп курман.
Бакытсыз мухаббаттын салган изин,
Бороон соккон коркунуч жандын изин,
Кѳрѳсүӊбү? Бошот мени, бирок аяп,
Сен эскер баштан ѳткѳн күндүн бирин.
Бакытсыз сулуу кѳзүӊ, шекер сѳзүӊ,
Кѳзүмѳ мурун неге кѳрүнбѳдүӊ?
Үмүткѳ ишентип мен ал күндѳрдѳ,
Кубанып кур кыялга күлүӊдѳдүм!
Кеч калдым, бакыт үчүн ѳлгѳн жанмын,
Учту үмүт шооласындай алтын таӊдын;
Кол үзүп сенин достуӊ таттуу ѳмүрдѳн
Таш болгон сезимине ысык кандын
“Сулуунун жумшак сѳзү жанга тиет,
Жагымдуу жансыз ээрди кантип сүйѳт.
Жашоорду, кара кѳзү жашка толуп,
Муз болгон салкын денем кантип күлѳт?
Томсоруп, бир жылмайып, бирде күлүп,
Кур бошко күндѳшүүдѳн азап тарткан,
Сезимсиз жаны жай таап уктап жаткан,
Кумардуу ашыгынын кучагында,
Башканын кыйын экен оюн айткан!
Акырын, жылуу, жумшак, адеп менен
Сен жуттуӊ ысык демди эркелеткен;
Сен үчүн махаббаттын сааты согуп,
Ашыгып эч билинбей тез, тынч ѳткѳн.
Ошондо дүйнѳ тынар, жел да жүрбѳй,
Жаш толгон кара кѳзгѳ сен элестей,
Сабыркап кебетеӊ да кайгы тарткан
Кѳрүнѳт кѳз алдыма кѳргѳн түштѳй,
Чакырып ал элеске умтуламын,
Үндѳбѳй, кээде кѳрбѳй жулкунамын.
Ѳзүмдү ѳзүм унутуп берилгенсип,
Кучактайм колум созуп сыр арбагын.
Талаада ал жѳнүндѳ жашым тѳгѳм,
Элесин кайда барсам анын кѳрѳм,
Караӊгы кайгыны ал алып келет.
Жаныма ал кайгынын уусун себем.
Ыргыткын кол, бутумдан темиримди,
Камыккан жалгыз кыял, ой, черимди,
Кайгыма, кѳз жашыма ортоктошуп,
Кубантып басалбайсыӊ кѳӊүлүмдү.
Жүрѳктүн угасыӊбы, сокконун кѳр?
Кечиӊиз, коштошууга колуӊду бер!
Аялдын мухаббаты узак барбай
Кайгыртат, айрылышкан салкын зар – чер…
Махаббат ѳтүп, кайра кайгы жетип.
Бирѳѳнү эрке сулуу дагы сүйѳр”
Жаш сулуу дирилдетип ээрди, башын,
Чыгарбай зар ыйлады кѳздѳн жашын;
Кыймылсыз, күӊүрт баскан кѳз карасы
Билдирет сѳз айтпастан иш арасын.
Колунда жаш жигиттин кыз алп урган,
Кѳгѳрүп кѳлѳӊкѳдѳй калтыраган;
Жигитти тоӊгон колу бек кучактап,
Жашооруп кара кѳзү жалдыраган;
Кайгылуу сѳздѳр чыгып акырында,
Муӊ чери кумарлыктын кѳп айтылган:
“Дүйнѳ ай! Орус сенин тилегиӊди,
Биле албай эмне үчүн жүрѳгүӊдү,
Мен сага ѳмүрлүккѳ чын берилип,
Унуттум таяныч, калканч, тирегимди.
Тѳшүӊдү сенин бир аз сулуу жыттап,
Унутту ѳзүн-ѳзү, тынычтык таап,
Аз гана кубанычтын түнүн тагдыр,
Жиберген “үлүшүӊ” деп кызга атап.
Түбѳлүк кубанычым кантип ѳчтүӊ,
Айланып келесиӊби, сени күттүм;
Колуӊдан алдоо туткун келет эле,
Ѳмүрдѳ кѳргѳнү аз, жаш жүрѳктүн.
Эч болбосо жан жарасын аяп билип,
Эркелеп үнсүз-сѳзсүз ойноп күлүп,
Бѳлѳнгѳн болор элем ыракатка,
Багынып адеп менен башымды ийип.
Бир мүнѳт кѳзү уйкуга байланганын,
Муӊдуу дос тынчтык таап жайланганын,
Мен күтѳм, сен болбодуӊ, – ал ким эле?
Ал сенин досуӊ эле, байкабадыӊ!
Сүйѳсүӊбү, болосуӊбу сүйгѳн жарым?
Азабыӊ сенин кѳргѳн мага дайын,
Кече кѳр, мына мынча кѳз жашымды,
Кайгыма күлүп жүрбѳ, күнүм-айым!”
Деди да, кыз токтолду чердүү сѳздѳн,
Мончоктоп жашы акты кара кѳздѳн;
Кысылып кѳкүрѳгү, сѳзү чыкпай,
Оозунан кѳбүк чыкты, тайып ѳӊдѳн.
Эч нерсе, билбей, сезбей, эстен танып,
Жыгылып туткун жанга башын салып,
Жигиттин кур тизесин кучактады,
Кыбырап араӊ зорго демин алып.
Бакытсыз сулуу кызга туткун жигит,
Акырын башын сүйѳп, айтты үгүт:
“Ыйлаба! – жаш жүрѳгүм азап тартты,
Шум тагдыр мени келди мында кууп,
Сүйүүнү, сүйгѳн жанды мен билбедим,
Ѳзүмчѳ жалгыз сүйүп, жалгыз күйдүм,
Талаада унутулган кѳк жалындай,
Чогунан күлгѳ айланып ѳчѳм ѳзүм,
Ѳлѳрмүн суунун алыс бир жээгинде,
Кѳл болор ушул талаа ѳлѳрүмдѳ,
Дат басып, ушул жерге бирге чирир,
Чынжырдуу болот кишен сѳѳгүмдѳ…”
Шооласын нурдуу түндүн күӊүрт басты,
Үргүлѳп кеӊ талаа да бүркѳк тартты;
Мунарып, жымжырт тартып, кѳз уялтып,
Алыста, кардуу тоолор кѳк талашты,
Жашооруп, баш ийишип үнсүз-сѳзсүз,
Ашыктар кучакташып айрылышты.
Кайгыга андан бери туткун толду,
Айылдын чѳйрѳсүндѳ жалгыз жүрдү,
Алтын таӊ нур жиберип жер үстүнѳ,
Күн чыгып, күн артынан күндѳр туулду.
Караӊгы түн артынан түндѳр куушуп,
Шооласын азаттыктын аӊсап турду.
Бадалдын арасында кийик оттоп,
Секирет караӊгыда сайгак* топ-топ.
“Жашынып казак уктап жатабы?” деп,
Чынжырын шылдыратты, тыӊшап-токтоп.
Казактар түнкү айылга жортуул жүрүп,
Куткарып кулду эр жүрѳк, эл бүлдүрүп,
“Дагыда калбасын”, – деп кыйкырышат,
Бурулуп жан-жагына кѳз жиберип,
Айлана жымжырт, тыптынч, жалгыз гана,
Шырпылдайт эрке толкун табыш берип,
Адамдын жытын сезип эрке аӊдар,
Жүгүрѳт айсыз түндѳ так секирип.
Бир кезде туткун орус укту анык,
Жаӊырган тоо ичинде үндү канык;
“Жылкыга, жылкыга” деп чуркашканда,
Шылдырайт жүгѳндѳрү добуш салып.
Карарып чепкендери, найза жалт-жулт,
Ооздугун ээрчен аттар чайнайт карс-курс.
Чабуулга барлык айыл болуп даяр,
Тоо ташты дүӊгүрѳтүп, жерди калт-култ,
Дайраны жиреп кечип, дѳӊдѳн ашкан,
Кубандын суусун бойлоп чугоюшкан,
Уктабай, тыным кѳрбѳй, жортуул жүрүп,
Зордуктап, элди талап, мал табышкан.
Мунарып тынчтыкка айыл батты,
Дѳбѳттѳр күн чубактап уктап жатты.
Шириӊки, кара тору келген жаштар,
Эркиндеп кубанычтуу ырын айтты.
Алардын аталары чылым тартып,
Түтүнүн трубкеден буркуратты,
Жаштарды тегеректеп олтурушуп,
Кыздардын ырын угуп, кѳӊүл ачты,
Кандырып тааныш ырлар кулак курчун
Жүрѳгүн карылардын кѳп жашартты.
ЧЕРКЕС ЫРЫ
I
Шырылдап дайра жатат толкунданып,
Караӊгы жымжырт түндѳ тоо мунарып,
Таянып колундагы найзасына –
Үргүлѳп казак турат чарчап, арып.
Уктаба, сен эр казак, түн убагында!
Чечендер жүрѳт дайра ар жагында!
II
Кайыкта сууну шилеп казак жүрѳт,
Дайранын түбү тунук, бетин жиреп,
Абайла, казак сууга бата кѳрбѳ,
Баладай сууга баткан кѳзүӊ ирмеп.
Сууга түшүп эӊ ысык күн чагында
Чечендер жүрѳт дайра ар жагында!
III
Жээгинде мѳлтүр суунун эркиндешип,
Байышкан казак айлы ѳѳрчүп-ѳсүп;
Ал жакта таӊ-тамаша, бат баргыла,
Орустун ырчылары тез жүгүрүп:
Сулуулар, болгула бат үй жагында
Чечендер жүрѳт дайра ар жагында”.
Ошентип кыз ырдады, жаны ачып,
Туткун жан кѳп олтурду ойго батып,
Элине “качсамбы?”-дейт, бирок анын –
Чынжыры жанга батат оор тартып:
Тереӊге түшүп кетсе кармар тал жок,
Термелип тереӊ дайра жатты агып.
Кеӊ талаа таттуу уйкуга кирип жатты,
Асканын чокуларын күӊүрт басты,
Айылдын үйлѳрүнѳ чагылышып,
Алтын ай акчыл нурун жерге чачты.
Баш иет карагайлар сууда калкып,
Бүркүттѳр кечке калган учуп шаӊшып,
Жүгүргѳн кѳп жылкынын дүбүртүнѳн
Жаӊырат аска-тоолор кайым айтып.
Ошондо бир добушту кулак чалды,
Бүркѳнгѳн кыз карааны айкындалды,
Кайгыдан жүзү солуп, жүдѳп, азып,
Туткунга жакындады, келип калды.
Эӊ жакшы кичине оозу сѳз карманса,
Кайгыдан кѳзүнѳ жаш толгон канча,
Ийинин, кѳкүрѳгүн порумдап жаап,
Толкуган кара чачы толкундарча,
Колунда жаркылдаган алмас ара,
Дагы болот канжарды чыккан ала;
Ашыгып келе жаткан кыздын түрү,
Элестейт чыкканга окшоп кан майданга.
Туткунга карап турган кѳз жиберип,
“Кач!” – деди тоонун кызы жетип келип,
Жолунда черкес аттуу жан жолукпайт,
Ѳткүзбѳ түн убактыӊды бошко берип;
Колуӊа шамшаарды ал, батыраак кач,
Изиӊди түндѳ эч ким билбейт сезип”.
Колуна дирилдеген арааны алып,
Кыйшайды бутуна анын жакын барып,
Чыйкылдап араа астында темир кишен,
Кесилди чынжырлары шылдыр кагып,
Чарт этип болот кишен кыйылганда,
Кѳзүнѳн кыздын жаштар кетти агып.
“Кач!” – деди: “Сен бошондуӊ”, – сулуу туруп,
Бирок да, ѳӊ жок, түз жок, алы куруп,
Үзүлгѳн махаббаттын назик кылын,
Кѳзүнѳ элестетти, кайгы жутуп:
Шуулдап жел ышкырып, кыз жамынган
Чапанды желпилдетти желпий уруп.
“Жан досум”, – деди орус: -сен чын мендик,
Жан чыгып ѳлмѳйүнчѳ мен да сендик.
Бул жерди, элди таштап экѳѳбүз да
Качалык, колуӊду бер мага ѳмүрлүк!”
– “Жок, орус! Мунуӊ болбойт, жумуш бүттү,
Ѳмүрдүн балдан таттуу оту ѳчтү;
Мен билген бардык иштер, кубанычтар,
– Баары да баштан ѳттү, ѳлдү, кетти.
Мүмкүнбү? Сен башканы сүйгѳндүрсүӊ,
Сүй аны, ошону тап, чын сүйѳрсүӊ.
Кайгырам, кайгы жутам, мен дагы эле,
Эмнеде ушул кайгы, сен билерсиӊ?
Кеч, жаным! Күйүп-жанып мен болдум чер,
Ар убак, ар качанда жакшылык кѳр.
Унуткун менин кѳргѳн азабымды,
Кел бери, коштошолук колуӊду бер”.
Сулууга колун сунду ал туткан жан,
Жүрѳгү куштай учуп, оттой жанган.
Бир топко ажырарда сүйүшкѳнү,
Билгизди мухаббатты чын кошулган.
Кайгылуу ал эки жаш кол кармашып,
Дайранын жээгин кѳздѳй кетти басып,
Туткун жан кѳбүк чачкан суу үстүндѳ,
Жѳнѳлдү казча сүзүп, толкун чачып.
Жар ташка маӊдайдагы келип жетип,
Жѳрмѳлѳп чыкты ага шордуу ашык.
Бир кезде дүлѳй толкун күрүлдѳдү,
Алыстан, алда кайдан бир үн келди.
Жээгине чоӊ дайранын туткун орус
Карады, ал жакта эч ким кѳрүнбѳдү;
Жээктери мѳлтүр суунун тунук тартып,
Кѳбүрүп ак кѳбүктѳр күлүӊдѳдү.
Бирок да кѳрүнбѳдү черкес кызы,
Кара кѳз, кыйгач каштуу, тоо сулуусу;
Тоодо да, сууда да жок, кайып болуп,
Дүйнѳ тынды, үргүлѳйт дайра суусу.
Жалгыз ок соккон желдин жумшак үнү,
Угулат айлуу түндѳ тартып күүнү;
Толкундар бирде болуп, бир жоголуп,
Чайпалып жатат сууда күнү, түнү.
Ал билди. Ар тарапка кѳзүн салды,
Коштошуп кыраан кѳзү жерди чалды;
Кѳр айыл бейкут жаткан, малын баккан,
Кеӊ талаа кыялына кучакталды:
Салынып кол аякка темир кишен,
Кѳрүндү кыйнаган жер туткун жанды;
Эр черкес тоодон кулап ырдаганда,
Кѳрдү ал ѳзү отурган булактарды.
Таӊ сүрүп караӊгы түн оолак качты,
Күн чыгып алтын нурун жерге чачты.
Жол менен эӊ алыскы жалгыз аяк
Бошонгон туткун жигит келе жатты.
Алдында жѳѳ тумандын арасынан
Орустун найзалары жаркылдады:
Кыйкырган чоӊ коргондун тѳбѳсүнѳн
Казактын кароолчусу айкындалды.
ЭПИЛОГ
Ошентип кыял досу, назик Муза
Бет алып учту ыраак Азияга;
Кавказдын жапан ѳскѳн гүлдѳрүнѳн
Тагынды гүлдѳр үзүп жашыл ала.
Согушта ѳскѳн элдин жасанганы,
Айлантып кызыктырган бул Музаны;
Кийинип ал элдерче, алда нече,
Мага келип назик Муза жымыйганы.
Чѳйрѳлѳп ээн жаткан айылдарды,
Кыдырды жалгыз ѳзү аскаларды,
Тыӊшады анда туруп кулак салып,
Кайгылуу жетим кыздын муӊун зардуу.
Ал сүйдү эр айылды тоодо турган
Эр жүрѳк казактарды добул урган;
Коргонду, жымжырт жаткан мүрзѳлѳрдү,
Жылкыны кишенешкен, оюн салган.
Ыр менен аӊгеменин ал кудайдын
Эске алып кыял менен жерди кездим.
Балким, Муза кайтоолдоп айтып берер,
Кавказдын мурунку ѳткѳн чежиресин.
Айтабы, ыраактагы жайын элдин,
Мстислав* жеке чыккан илгерки эрдин,
Сатылып орус эли кыргын тапкан,
Колунда кыздарынын грузиндин.
Ырдаймын сонун кезди даӊкы чыккан,
Кабар берип кан майдандуу ал уруштан;
Касташкан кавказдыкка ат салышып,
Эки баштуу биздин бүркүт алыс учкан.
Жатканда буурул кѳбүк чачып Терек,
Жаӊырткан биринчи ирет ок күркүрѳп;
Орустар барабанын тарс-тарс кагып,
Киргенде кан майданга жер титиреп.
Кавказдын Котляревский, нар кескени,
Кажыбас, кайраттуу эр ырдайм сени;
Ойнодуӊ чагылгандай, баскан изиӊ –
Жугуштуу кара оорудай болбос эми.
Курутуп башын кестиӊ далай элдин,
Таштадыӊ кылычыӊды, эми билдим;
Кан тѳккѳн согуш сени кубандырбайт
Сагынтып тынчтыкты, туулган жерди;
Намыстын жарасында сен сагынып,
Эстедиӊ жортуулуӊду түркүм-түркүм,
Жайланып үй ичинде майрам күндѳй
Тынчтык даамын таттыӊ ээн-эркин,
Күн чыгыш кан согушта күӊгүрѳндү,
Башыӊды ий, кардуу Кавказ, салам бергин!
Ермолов добул кагып келе жатат,
Жарашып аны менен эпке келгин!
Согуштун ачуулу үнү жарды жерди,
Оруска шер-баатырыӊ баары кѳндү,
Кавказдын мен менсиген уландары,
Согушта каршылашты, кырылды, ѳлдү.
Кѳз уялткан соот, найза канжарыӊ да,
Бийик тоо, так секирген тулпарыӊ да,
Биздин кан сизди сактап кала албады,
Жараткан азаттыктын нур таӊы да!
Батыйдын уруусуна окшош болуп,
Бабаларын Кавказ сатар кѳздү жумуп;
Унутаар жоокерчилик кан ичкичин,
Найза, кылыч, жаа, окторун жерге коюп.
Уялап тоо кыштаган жериӊизден
Жолоочу коркпой ѳтѳт элиӊизден;
Күӊүрттѳѳ кийинкилер жомок кылып,
Ырдашар кѳп кан тѳккѳн жѳнүӊүздѳн.
Түшүндүрмө сөздөр:
Муза – “көркөмдүктүн” поэзиянын, акындыктын кудайы деген сөз;
Беш тоо – Кавказдагы тоонун аты;
Парнас – Грециядагы тоонун аты;
Уздендер – деп, Кавказдагы княздарды айтат;
Чихирдай – деп, Грузиндин жүзүмдөн жасай турган кызыл арагын айтат;
Сайгак – тоо эчкиге окшогон талаада жүрүүчү айбан, кавказда болот;
Кубань – деген дайранын аты;
Мстислав – Владимир олуянын уулу, баатыр да, князь да болуптур, ал черкестер менен согушкан.
Которгон: Касымалы Баялинов