А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

Акын Таштанбек Чакиевдин котормосунда А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” аттуу китеби жарык көрдү. Китепте дүйнөлүк адабияттын ири өкүлү А.П.Чеховдун тандалма аңгемелери киргизилген. Чыгармаларда ак менен кара, өмүр менен өлүм, адамгерчилик менен наадандык, боорукердик менен ташбоордук өңдүү турмуш философиясы таасын чагылдырылган.

Эскертүү: Китеп аз санда чыгарылгандыктан китеп дүкөндөрүндө азырынча жок, автордун өзүнө кайрылыңыздар.