Урматтуу окурман, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайткандан кийин эл-жерибизде бир топ саясий окуялар болуп өттү, коом өзгөрдү, өзгөрүүлөрдүн оңуна да, терсине да, жакшысына да, жаманына да күбө болуп жатабыз. Мына ушундай шарттардан улам Чыңгыз агай дүйнөдөн кайтып кетсе да кыялымда жолугуп, ырларым аркылуу мени түйшөлткөн көрүнүштөрдү баяндап, жан дүйнөмдө Чыңгыз агай менен ой бөлүшүп келем. 2008-жылдан бери Чыңгыз агай жөнүндө бир топ ырларым жазылды, китеп болуп жарык көрдү. Аларда мындай саптар бар:
* * *
Маңкурт болсо Сиздин жалгыз Жоламан, –
Маңкурт азыр каптап барат – аламан…
* * *
Сүрөт карайм, сүйлөшөмүн, жооп күтөм,
Неге мынча телмиресиз, тиктейсиз.
Эмне болду, өзүм дагы бушайман,
Көптөн бери түшүмө да кирбейсиз.
* * *
Жан дүйнөмдө сырдашып отуруп, Чыңгыз агайдан жооп күткөндөй болом. Сүрөтүн карайм… телмирип, ойлуу тиктегенсийт. Унчукпайт. Көздөрүнөн төмөнкү саптарды окугандай болом. Анын тереңине кире албайм, бирок ушундай маанидеги ойлор жазылып тургандай сезилет. Көзү ойлуу, унчукпайт…
* * *
Элим менин, мен силерге кайрылам, –
Ак булуттуу Манас аалам айлынан.
Кубанамын өсүштөргө элимдин, –
Артка тарткан маңкурттарга кайгырам.
Бишкегимдин өзгөргөнүн айтайын, –
Көктү тирейт жаңы үйлөрүң шаңкайып.
Кошо өссүн дейм, акыл, билим бийиктеп, –
Эске сактап ата салтын, тек-жайын.
Кеткениме “Манас” дүйнө көп болду, –
“Басып өттүм” кыялымда чоң жолду.
Кыдырамын дале болсо аралап, –
Мурдагыдай элдер күтүп – топтолду.
Саламдашам, суроолорго жооп берем, –
Окурмандар улам жаңы, так белем –
“Кайдан келдиң?” – деп сурашат кызыгып,
Айтып берем Ала-Тоомду кепкенен.
Ысык-Көлүм, чалкып жатат, сагындым, –
Нечен жолу нур жүзүмдү чайындым.
Сендей болбос, эч табылбас дүйнөдө, –
Тумар кылып Жан дүйнөмдө тагындым.
Таң калышат чет элдиктер ооз ачып,
Ысмайылым согуш барбай, тоо качып.
Жамийлам бар, обон салса Ааламга, –
Кубанычтан, сүйүнүчтөн жаш агып.
Чиркөөлөрдө эл толтура чокунган, –
Талкуулашат “Кыяматты” окурман.
“Кыргыз эли кандай болот деги эле?!”, –
Суроо салат немец тилдүү боз улан.
Оо, ошондо канат бүтүп кыялга,
Сыйбай кетем толкунданып кыйлага.
Эл-жериме сагынычым артылып, –
Кирип кетем түпкү, уңгу сырларга.
Учуп жүрөм, ак булутту аралап, –
Европалап, Азиялап, дааналап.
Тосуп алат кучактарын жайышып, –
Калып калам Жан дүйнөмдө пааналап.
Кайда барба, жолугушат даңктуулар, –
Жолугушат жада калса маңкурттар.
Жоламандар жалгыз болсо жазганга, –
Көбөйтү, аттиң неге, Ааламда?!
Ооба, жаздым, ойлонсун деп бардыгын, –
“Билсин” дедим сезимдердин аныгын.
Кайгы-капа, кубанычтар ортоктош, –
Өмүр-өлүм, өлүм-өмүр кайыгын.
Мейли, мага сөз айткыла ар кандай, –
Такыр эле жактырбастай, тангандай.
Адам болуп жашагыла Адамдар, –
Ар бир күнү акыр жашап жаткандай.
Мейли, мени чийип деле салгыла, –
Чыгармамды эч жаратпай тангыла.
Тирүүлүктүн баркын билбей жүргөндөр, –
Арбагымдан өчүңөрдү алгыла!
Кимиңерге көчөгө ат кой дедим?!
Кимиңерге эстеликти ой дедим?!
Кимиңерге чет тилдерге которуп, –
Кимиңерди китеп чыгар, бол, дедим?!
Окурманым жолугушуу жолдомун, –
Улам жаштар жаңы муундар коногун.
Мен жүрсөм да “Манас” дүйнө аралап, –
Сага аманат менин жазган жомогум.
Жетимиш жыл Даниярым үн салат, –
Окурмандын сезиминен күч табат.
Махабаттын чындап баркын билгенге, –
Өмүрүнө өмүр бою нур тамат.
Гүлсаратым, Аалам үстү чапкылап, –
Ысык-Көлүм, “Ак кемеде” тартылат.
Авдий болсо чындык үчүн күрөшүп,
Христостой дарга тартып, асылат.
“Согушту мен жек көрөм!” – дейт Толгонай, –
Окурманым, кайдыгерден ойгон, ай.
Чыгармалар ошон үчүн жазылат, –
Акча эмес, байлык эмес, китеп бай.
Балам келет ата-энесин сагынып, –
Таятанын жомогунан айыгып.
Орозкулдай пенделикке түшкөндүн, –
Базарбайлар турмушунан чалынып.
Бостон турат Чындыкка орун талашып, –
Танабай да ага жакын, жанашып.
Эдигейим, маңкурт атап Сабитти, –
Казангапты көмө албай, жан ачып…
Совет учур жакшы мезгил, кача албайм, –
Ал убактай Бийиктикте жана албайм.
Ошентсе да Эгемендик мен үчүн, –
Жан дүйнөмдүн Эркиндиги – тана албайм.
Тоо кулады, – тоолор эмес ойлогон, –
Абийир болчу… адамдарды кордогон.
Адамзатың бардыгына кайдыгер, –
Бүгүн күнү замана тур, оордогон.
Ата-Журтум, элим үчүн жашагам, –
Кыргыз атын таанытууну самагам.
Өмүрүмдө аткарылып тилегим, –
Элдер болду кыргызымды баалаган.
Эсиңерде болсо керек “Форумум”, –
Тынчтык каалап Жан дүйнөмдө оорудум.
Аппак карлар курчап турса үстүмдө, –
Эл-жеримдин ынтымагын жорудум…
Бар бол, элим, сен деп кылдым кызматым, –
Кечиргиле, кеми болсо бир татым.
Баарыңарга рахматым бар азыртан, –
Кудай айтса, “жолугарбыз”, жүз жашым…
23.01.2026, саат 18.10–19.43
Абдылдажан Акматалиев
PS.: Чыңгыз агайдын сүрөтүн карайм. Телмирет… Унчукпайт… Дагы көптөгөн ойлор, сөздөр катылып турат. Балким, кайрадан кыялымда жолугуп, көздөрүнөн аларды окуп калаармын…
