Түрк тилинен Садык Гавай которгон
(аӊгеме)
Мен – теги-түбүм боюнча, Генендик кишимин. Бирок, 20 жылдан бери аягым баспаган ал шаар качандыр бир көрүп, эстен чыга баштаган түш сыяктуу акылымда улам туманданып барат… Анда атамдын жаш кези, наамы боюнча капитан эле…
Эми, ошол, ар дайым атам экөөбүз өтчү баягы «Жаами базарынын» маӊдайындагы кичинекей, урай баштаган коргонду, анын ичиндеги каштан дарагынын дүмүрлөрүн көмүп аккан дарыяны, биз жуунганы барчу ысык суулуу мончонун тереӊ көлмө сүн эстегенге аракет кылып олтурам. Бирок, баары агарган туман ичиндегидей бүдө мүк: иреӊдери өчкөн, түс-турпаты күӊүрт… Узак-узак сапардан мекенине кайткан адам, көӊүлү сүйгөн көрүнүштөрдү – туулган жерин – коюу туман алдынан жолуктуруп, бир саам мурда көрүп калбаганына кандай кайгы чексе, мен да так ошондой оор сезимдерге кабылып турам бу саам. Ар күнү кечинде топ-топ болуп көчөлөрүнөнө өткөн буйволдорду, уйларды, ташсыз, топосу бызгыган жолдорду, куйма таштан (черепица) курулган үй чатырларын, жыгыла жаздап араӊ турган сокмо дубалдарды, жыгач көпүрөлөрдү, уч-кыйырсыз талааларды, жапыс кашаа-тосмолорду – баарын туман ичиндегидей бүдө мүк гана элестейт.
Бир гана үйүбүз менен мектеп көӊүлгө бекем түйүлүп калыптыр…
ХХХ
Чоӊ бакча… Ортосунда сарай кыяпатында кынапталган аппак үй… Оӊ тарабында, бурчта, биз олтурчу ак перделүү бөлмө . Ушул бөлмөдө таӊ эртеӊ менен ар күнү, апам мени жаш баладай терезе кырына олтургузуп, сабактарымды кайталаттырып, сүтүмдү ичирчү. Терезеден көрүнгөн короонун наркы тарабындагы топурак түстүү имараттын айнексиз жалгыз терезе-тешиги болоор эле. Ал карарган тешик мени абдан коркутчу. Тамактарыбызды бышырган, кирлерибизди жууган, тактайларыбызды сүрүп, атамдын аттарына жем берип, аӊчы күчүктөрдү баккан кызматчыбыз Абил Ананын ар кеч айтчу коркунучтуу аӊгемелериндеги аюуну ушул терезеден көрүп тургандай боло берчүмүн. Бул элестер түшүмдөн да кетчү эмес. Коркунучтуу түштөрдү тынчсыздана угуп, жакшылыкка жоорууга аракет кылган бечара апама ар күнү таӊда ар кыл түш айтып, алп аюунун мени түшүмдө качырып, анан тутуп алып, тоого алып барып, токой ичиндеги үӊкүрүнө камап, колдорумду байлап, мурунумду, эриндеримди жегенин айтып, анан Байрамич жолундагы суу тегирменинин чаркына ыргытканын саймедиреп, көзүнө коркунуч толгон апамды бир нече ирет: – Жок! О Кудай сактай көр… – дедирээр элем.
Ал менин түштөрүмдү ийги иштерге жоромолдоого аракеттенип, келечекте мен чоӊ адам, мартабалуу мырза, улук падыша болоорумду, эч ким мага эч качан жамандык кыла албастыгын айтканча, мен өзүмдүн жалган айтканымды да унутуп, келечекте чын эле ошондой боло тургандай кубанычтуу кыялдан магдырай түшчүмүн.
Кандай көчөлөрдөн өтүп, ким менен мектепке бараарым да анча эсте калбаптыр. Мектеп бир кабат, дубалдары акталбаган там эле. Дарбазадан кирээр менен үстү жабылган короо. Андан бир аз тереӊде майда дарактуу, тар бак боло турган… Бактын аягында чыйыр жол, анан, даарат алуу үчүн жасалган абдан чоӊ челек бар эле. Эркек балдар менен кыз балдар чогуу олтурушуп, бирге окушуп, бирге ойношчу. «Чоӊ мугалим» дегенибиз суюк чачына кына чөбүн сүйкөп жүрчү, бүкүрөйгөн, узун бойлуу, бала кыял улгайган аял. Көк көздөрү ар нерсени теше тиктеп, жанып, куш тумшугундай ийри, сары мурундуу ал жүндөрү жыдыган, оорукчан, жүдөмүш кузгунга окшошуп кетчү. «Жаш мугалим» дегенибиз болсо Чоӊ мугалимдин уулу эле. Андан балдар коркушчу эмес. Кыязы, ал бир аз дөөдүр да болушу мүмкүн. Мен мектепте эӊ акыркы бийик секичеде, Чоӊ мугалимдин чыбыгы жетпей турган жерде отурчумун. Балким, чачымдан ак-саргыл болгондугунандыр кыздар мени «Ак мырза» дешчү. Чоӊураак балдар болсо атымдан эле аташчу же «капитандын уулу» деп чакырышчу. Сыныптын (класстын) эшигинин ачылбаган бир канатында бозоргон жазуусу бар тактайча кирген-чыккандарды өлүктөй суук «тиктеп», «узатып жана тосуп алып» турчу; калыӊ дубалдардын шыпка жакын тар терезелеринен кирген муздак жарык тынымсыз чурулдашкан, кыйкырып ойношкон наристелердин аарыдай ызылдаганынан ого бетер оорлошуп, ого бетер булганып, бараткандай таасир калтырчу.
Окууда жазанын жалгыз гана түрү боло турган: ал – таяк… Чоӊ күнөө кылгандар, ал тургай кыздар да таманына таяк жеш үчүн атайын жасалган текчеге чыгарылып жаткырылчу жана ошол жерде жазага кириптер кылынчу. Бул жазадан коркпогон жан жок эле. Ал эми кичинекей күнөөлүүлөр үчүн жазалар түрдүү жана чексиз болчу: Чоӊ мугалимдин чыбыгы, Кичине мугалимдин шапалагы ж.б.у.с… Жазага туш келген ар кимдин башы шишичү. А мен эстеп кө рсө м эч таяк жебептирмин. Бир гана жолу Чоӊ мугалим жалган сүйлөгөнүм үчүн курушкан сөөктүү колдору менен кулагымды кызарта чойгону эсте. Ушунчалык катуу чойгон экен, эртеси да кулагым от болуп жанып жүрдү. А чындыгында анчалык күнөө м деле жок эле, чындык үчүн жазалангам.
Ал мындай болгон: бакчадагы суу түтүгүнүн чоргосуну бирөө жулуп салган экен. Чоӊ мугалим күнөөкөрдү издеп жүрдү. Күнөөкөр болсо көк чепкенчен, кызыл белдиктүү, арык, оорукчан бала эле. Мен Чоӊ мугалимге аны кабарладым. Жаза боюнча чоргону жулган ал таяк жемек. Бирок ал ө зүнө суу жугузбай танып туруп алды эле, башка бир бала ортого чыкты да «күнөөкөр – менмин» деди. Жаза колдонулчу тактайга жатты. Кыйкыра – бакыра таманына таяк жеди. Ошондо Чоӊ мугалим:
– Эмне үчүн жалган сүйлөп, күнөөсүз бечараны жазага жыккыӊ келди?! – деп кулагыма шып жармашты да, кабагы карыш түшүп, каны кайнап чыкты…
ХХХ
…Ошондо ызадан ыйладым. Мындайда ким ыйлабасын. Анткени жалган айткан эмесмин. Тигинин чоргону жулганын өз көзүм менен көргөнмүн.
Кечки дем алышта таяк жеген баланы кармадым да:
– Эмне үчүн менин сөзүмдү жалганга чыгардыӊ, сен чоргону жулган эмес элеӊ го? – дедим.
- Мен жулганмын.
– Сен жулган эмессиӊ. Мен тигини өз көзүм менен көргөм.
Жүзүмө тигиле карады. Ошентип бир саам мелтиреп турду. Эгер Чоӊ мугалимге айтпасыма ишендире алсам, ал менден сырын жашырбасын түшүндүм. Дароо түшүндүрӨ баштадым.
– Чоргону Али жулган болчу. – деди ал. – Бирок, ал оорукчан, алсыз. Кө рүп турасыӊ го, ал таякка чыдай алмак эсмес. Балким өлүп да калышы мүмкүн болчу: төшөктөн жаӊы эле турбадыбы.
– Бирок, сен эмне үчүн анын ордуна таяк жешиӊ керек?
– Эмне үчүн болмок эле. Биз аны менен ант ичишкенбиз. Ал ооруп тургандыктан, мен сак-саламат болгондугумдан аны куткарууга милдеттүүмүн.
Анча түшүнө бербедим. Кайра сурадым:
- Ант дегениӊ эмне?
- Билбейсиӊби?
- Билбейм.
Ал күлдү, анан менден бир аз узай берип, жооп берди:
– Ал мындай: эки дос бири-биринин канын ичишет. Муну ант ичүү дешет. Ант ичкендер кандаш тууган болуп калышат. Бири-бирине өлөрөлгөнчө жардам беришет, камкордук көрүшөт.
Ошондон кийин жакшылап курбуларымдын арасындагы мамилелерине көӊүл бурсам, бир топ балдар ант ичишкен достор болуп чыгышты. Алардын бири-бирине мамилелери кандаш бир туугандай ысык ымалада эле. Ал тургай кээ бир кыздардын да ант ичишкендери бар экенин байкадым. Бир күнү бул окуя – ант ичүү – кандай жасаларын да көрүп калдым. Ал окуя арткы секичелерде болду. Кичине мугалим даарат алуу үчүн тышка чыккан. Чоӊ мугалим артын бизге салып, муруну салаӊдаган коӊуз өӊдүү, жай жана оор кыймылдап намаз окуп аткан. Эки бала жыгач саптуу бычак менен колдорун тилишти. Коюу болуп чыккан канды колдоруна өйкөшүп, сүргүлөштү да, билектеги кандар аралашкан соӊ бири-биринин колдорунун кандарын эмип сорушту. Ушуну «ант ичип кандаш болуу» дешет экен… Бул окуя мени ойлондура баштады. Анткени эгер менин да кандаш досум болсо мугалимге кулагымды чойдурбай, таманга таяк жээр кез келсе таканчык болоор эле. Азыр болсо ушул кенен мектепте өзүмдү жапжалгыз, жолдошсуз, коргоочусуз, колдоочусуз сезип жүрдөм. Мунумду апама айттым: ант ичким келгендигим, ал кандай жасаларын сүрөттөп бердим. Буга ал ыраазы болбоду:
– Андай адепсиздик кылба. Этият болгун… – деп эскертти.
Бирок мен ал сөзгө кулак салбадым. Көӊүлүмдөн ант ичүү жөнүндөгү ой такыр чыкпай койду. Бирок ким менен ичем? Ошентип жүргөндө күтүүсүз болгон бир кокустук-окуя мага да кандаш дос таап берди: Жума күндөрү биздин үйүбүздүн бакчасына коӊшу балдардын баары топтолушуп, каш карайганча ойноор элек. Артыбыздагы үйдүн ээси Хажи Будаклардын мен курдуу бир баласы боло турган, аты да мага абдан жакчу. Мыстык… Ушундай кызык ысым. Бул ысымды ушунчалык жактырчумун, ичимден кайталай берчүмүн. Кандай кулакка жагым, дилге жакын ысым! Кыздар болсо бул уккулуктуу ысымга уйкаш сөздөрдү курап алышып, Мыстык кай жерде учурабасын – көчөдө, короодо, бакчада – бир ооздон кыйкырышып калышаар эле. Азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде:
Мустафа Мыстык,
Арабага кыстык.
/ шамды жактык,
Тамашага баттык! – дешип, кыйкырыша чурулдашып, тоголоктолгон жалбырактарды аны көздөй ыргытышчу.
Мыстык ачууланчу эмес. Күлүп койчу. Биз деле ага кээде ошолордой тамаша кыла берчүбүз
Бул кичинекей ыр менин кыялыма да ушунчалык таасир эткен экен, түшүмдө да бир топ арсыз кыздардын аны арабага салышып, үч шамды жагышып, тамашага батышканын көрчүмүн кээде. Эмне үчүн Мыстык мынчалык жоош, эмне үчүн кыздарды бирден шапалак берип туруп, жолуна салбайт, эмне үчүн бул май аралаш көӊ сасыган арабадан түшүп калбайт? Болбосо ал баарыбыздан күчтүү го. Анан калса ысмындай болуп өзү да топтомолок бала эле: башы да, колдору да, буттары да, денеси да топтомолок… Ал тургай манжалары да… Күрөштө бардык балдарды жеӊип койчу. Жазында болсо жума сайын эртеӊ менен чоӊ кучак мажүрүм тал чыбыктарын көтөрүп бизге келчү. Ал бутактардан ат жасап, найза учтап, күлүк жарыштырып ойночубуз. Жарышта да ал баарыбыздан озуп кетчү… Аны эч ким кармай да алчу эмес. Ошентип, ошондой жума күндөрүнүн бири эле, Мыстык дагы мажүрүм тал чыбыктарын кучактап жетип келди. Мен эӊ узунун тандап алдым. Калгандарын балдарга тараттым. Бычак менен бутактарынын учтарын кесип, кабыктарынан чыбык башына байлап эки кулак, бир мурун чыгарып, ат башына абдан окшош кылаар элек. Бул иште мен уста болчумун. өз атымды жасап аткам. Мыстык жана башка балдар кезектерин күтүп турушкан. Кандай болуп кетти, билбейм… Кабыкты шылып өткөн бычак баш бармагымды кесип кетти. Суюк кызыл кан ага баштады. Ушул көз ирмемде акылыма бир нерсе келди: ант ичүү! Бармагымдын ачышканын да унутуп, Мыстыкка:
– кел, кандаш дос бололу. Сен да колуӊду кес, – дедим.
Ал дароо макул болгон жок, ойлоно түштү да көздөрүн жерге кадап, башын чайкады:
– Кантип болсун ушу. Ант үчүн бармак эмес, билек кесилет да…
– Кандай айырмасы бар? Бармактын каны кан эмеспи? – деп, аны демите баштадым. – Баары бир эмеспи – билектен болсун, бармактан болсун. Кел, кел…
Акыры макул болду. Менин колумдан алган бычак менен өз билегин мага караганда бир аз тереӊирээк кести. Каны ушунчалык коюу экен, акпастан томпоюп, чоӊоюп келатты. Колдорубузду бири-бирине сүрүп, кандарыбызды аралаштырдык да, оболу мен сордум. Кан туздуу жана ысык эле. Андан соӊ ал менин бармагымдын канын ичти.
Билбеймин, арадан канча мезгил өттү. Балким алты айдыр… Балким бир жыл өткөндүр… Мыстык менен кандаш дос болгонуму да унута баштаган экенмин. Мектептен үйгө кайтканда дайыма чогуу, ойногончо кетчүбүз. Ошондой көп күндөрдүн биринде аба үп болуп, абдан ысып турган. Чоӊ мугалим бизди жарым күнгө дем алууга таратты. Бейшемби болсо керек эле… Мыстык экөөбүз көчөнүн чаӊдуулугунан улам жайбаркат баратканбыз. Чоӊ жолдун кесилишинде ураган тамдардын жерпайлары болор эле. Так ошол жерге жеткенде капысынан калдайган кара чоӊ иттин бизди карай чуркап келатканын кӨ зүбүз чалды. Артынан бир топ таякчан кишилер кууп алышкан. Бизге:
– Качкыла! Качкыла, каап алат! – деп бакырып чуркап келатышты.
Коркуп шаша түштүк. Бир саамга эсеӊгирей түшкӨ н экенбиз, оболу мен өзүмө келе калып:
– Качалы! – дедим.
Көздөрү оттой жанган кара дөбөт бизге жетип калган болчу.
Мыстык:
– Сен артыма жашын! – деп кыйкырды да алдыма өттү. Жаалданган дө бөт Мыстыктын үстүнө секирди. Бир аз чарпышы түшүп, бири-бирине тамактарына асылышты. Ит да эки бутуна туруп алган. Анан экөөтеӊ жерге жыгылышты. Чаӊга бурдалана тоголонуп кетишти. Мыстыктын баш кийими менен бут кийими ыргып кетти. Бул көз ирмем мага аябай узак болуп сезилди. Калтырап аттым. Кууган байкелер жете келишип, куураган таяктар менен кубаттарынын болушунча дөбөттү сабап киришти. Ошентип Мыстык кутулду. Бирок, мурунунан жана колдорунан кан агып жатты. Дөбөт болсо куйругун чатына кысып, тумшугун жерге салаӊдатып, дыргаяктап качып жөнөдү.
– Эч нерсе эмес… Ооруган жок… Бираз тиши чийип кетти окшойт. – деп койду.
Мыстыкты үйүнө алып кетишти. Мен да өз үйүмө кеттим. Апама болгон окуяны айтып бердим. Абил Ана мени жерге жаткырып, баштан аяк колун тийгизип сылап «текшерип», табарсыгымды басып көрүп, тамырларымды кармалады да, кандайдыр бир дубаны окуп, жүзүмө үйлөдү. Сарымсак жыттанган ооз деминен бышкырып-чүчкүрүп араӊ чыдадым.
Эртеси Мыстык окууга келбеди.
Анын эртеси да келген жок. Апама «Мыстыкты барып көрүп келели» дедим.
– Ал ооруп атыптыр, жөжөм. – деди.
– Кудай буюрса жакшы болоору менен дагы чогуу ойнойсуӊар. Азыр анын тынчын алууга болбойт.
Ошондон кийин ар күнү эртеӊ менен мен мектепке Мыстыкты сак-саламат жолуктурам деген үмүт менен келип, кайра үйгө ошондрй эле аруу тилек менен кетип жүрдүм.
Бирок… Аттиӊ… Ал эч качан кайтып келген жок… Дөбөт кутурган ит экен… Догдурларга көрсөтүү үчүн Мыстыкты Бандырмага алып барышыптыр, ал жерден Истамбулга жөнөтүшкөн экен.
Анан… Бир күнү сай-сөөктү сыздаткан кабар уктук: Мыстык жабырга толо, бирок жакшылыктан үмүтү мол жарыкчылыктан кол үзүптүр…
ХХХ
Эртелеп турганымда ар бир булутсуз ачык таӊ мага дайым балалыгымды эске салат да, турат. Туулуп өскөн жеримди ар качандан бир качан көз алдымдан кайра-кайра өткөргөндү сүйөм жана андай учурда сол колумдун баш бармагын кантип карап турганымды да байкабай калам. Биринчи муундун үстүнө н түбө лүк орун алган, али да агарып турган тырык достуктун ыйыктыгын эске салат. Ө з анты үчүн жанын кыйган, өмүрүн курман чалган, кандаш досумдун ысык эриндери кайрадан билегиме тийгендей болот. Мени куткарам деп өзүнөн чоӊ, кара дөбөт менен калтаарыбай кармашкан арстан мүнөз асыл досумду эстеп, кө зүмө жаш тегеренет… Бирок, анын эрдигине эреркеп, сыймыктанганымды да жашыра албайм…
