Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун 70 жылдык мааракесине карата жаш калемгерлер үчүн уюштурулуп жаткан республикалык сынак жөнүндө
ЖОБО
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун 70 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан жаш калемгерлер үчүн аңгемелер сынагынын тартибин, максат-милдеттерин аныктайт;
– Сынакты Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу уюштурат;
Уюштуруучу:
– Сынакты өткөрүү боюнча бардык иш-чараларды уюштурат;
– Катышуучулардын сынак талап кылган документтерин даярдап, калыстар тобунун кароосуна тапшырат;
– Калыстар тобун түзөт;
– Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасынын мөөнөтүн, форматын, жерин аныктайт;
– Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууну уюштурат;
2. Сынактын негизги максаты:
– Теманы чагылдыруудагы жаңы табылгаларды, жаңычылдык мамилени аныктоо;
-Жаш калемгерлердин шык, талантын ачууга, таанытууга көмөктөшүү жана кеңири жайылтуу;
– Кыргыз тилин өркүндөтүү жана даңазалоо;
-Сынакка катышкан жаш калемгерлердин арасынан мыктыларды тандоо;
3. Сынактын мөөнөтү:
– Бул жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сайтына жана башка социалдык тармактарга жарыялангандан баштап күчүнө кирет;
– Сынакка чыгармалар 2026-жылдын 15-январынан 10-мартына чейин кабыл алынат;
-Сынакка келип түшкөн чыгармаларды калыстар тобу тарабынан окуп чыгуу, баалоо, жеңүүчүлөрдү аныктоо иштери 2026-жылдын 1-мартынан 15-мартына чейин жүргүзүлөт;
4. Сынактын шарттары:
– Сынакка кыргыз тилинде жазылган аңгемелер кабыл алынат;
– Сынакка катышкысы келген автор бир гана аңгеме сунуштай алат;
– Сынакка сунуштала турган чыгарманын көлөмү Times New Roman 14 шрифинде А 4 форматында бир беттен сегиз бетке чейин болушу шарт;
– Сынакка 30 жашка чейинки калемгерлер катыша алышат;
– Автор сынакка аңгемелери менен кошо аты-жөнүн, өмүр баянын, сүрөтүн, байланыш дарегин (электрондук дарегин, телефон номерин) бир файлга чогуу тиркеп жөнөтүшү шарт;
– Чыгарма электрондук почта аркылуу кабыл алынат;
-Сынакка катышкан автор чыгармасынын өзүнө гана таандык экендигине, кайсы бир башка авторго таандык эместигине өзү кепилдик берет;
-Сынакка жиберген аңгеме рецензияланбайт, кайтарылбайт.
– Автор сынакка чыгармасын “Жазуучулар союзунун” jazuuchular@gmail.com электрондук дарекке “Матисаков” деген аталыш менен жөнөтөт.
5. Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого, кароого коюлган талаптар:
– Уюштуруучулар сынагына келип түшкөн чыгармаларды баалоо үчүн 5(беш) адистен турган (анын ичинде бирөө төрага) калыстар тобун түзөт;
– Калыстар тобу ишин ушул жобонун негизинде алып барат;
– Уюштуруучулар калыстар тобунун кароосуна сынакка келген чыгармаларды сандар аркылуу атайын белги (№) коюп гана берет. Жеңүүчү аныкталмайынча автордун аты-жөнү ачыкталбайт, дареги көрсөтүлбөйт;
– Чыгармаларды баалоо он баллдык система боюнча жүргүзүлөт (эң төмөнкү балл беш, эң жогорку балл он);
6. Чыгарманы баалоо критерийи
– Таасирдүүлүгү, образдын айкындыгы, жаңычылдык;
– Сөз байлыктын кенендиги;
-Уюштуруучулар калыстар тобу койгон баллдарды санап чыгып, анын негизинде 3 (үч) жеңүүчүнү (финалистти) аныктайт;
– Финалисттердин ичинен жеңүүчүлөр өз кезегинде калыстар тобу койгон баллдагы айырмачылыктарга жараша аныкталат;
7. Бул сынактын сыйлык фонду:
Жалпы байге фонд 100 000 (жүз миң) сом.
1-орун 50 000 (элүү миң) сом
2-орун 30 000 (отуз миң) сом
3-орун 20 000(жыйырма миң) сом
8. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
-Жеңүүчүлөр расмий сыйлоо иш-чарасына чейин жарыяланбайт;
– Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин чоң жыйындар залында 20-март саат 12.00 дө Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун чыгармачылыгына арналган илимий конференция менен коштолуп, адабий жыйында тапшырылат.
Суроолор боюнча 0554949020 номерине же https://www.instagram.com/yrysgul_izatova?igsh=MWZrcmUzZTA5dmFxMQ%3D%3D&utm_source=qr инстаграмына кайрылсаңыздар болот
