Котормо

   Өзбекстандык акын Халима  Ахмедованын ырлары

Халима Ахмедова

 

     Өзбек тилинен которгон – Алтынай Темирова   

           Халима  Ахмедова 1960-жылы Бухара (азыр Навои) областынын Кызыл-Дөбө районундагы Пулоти кыштагында төрөлгөн. Ташкенттеги мамлекеттик университеттин филология факультетин,  андан соң Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунун эки жылдык жогорку курсун аяктаган. Он чакты жыйнактары жарык көргөн. “Жашыл” деген ыры менен Лондон жана Кембриджде өткөн экинчи эл аралык Адабият фестивалынын лауреаты болгон.

 

*   *   *

 

Эртең келемин,

каректерим таңды өзүнө көчүрдү,

бут астынан майсаң чөптөр көрүндү,

алоолонгон оту ааламдын

таң зааркы –  бейиш гүлү өңдүү,

көңүл күйүм найза учунда

таңда ушу,

жан-дүйнөмө нуру төгүлдү,

тамырларым ичине  гүл айдала,

жылдардын селкинчегин

тээп баратам, мына –

жан-дүйнөмө  мейкин орноду кайра.

Барганымча ышкым артсын, айтыңчы анда

күтүүгө тунган жаным

көкөлөп эс танганча,

атылып чыктым мына…

Бактыңа кубан деди ичимдеги мен,

уйкудан ойгоно албай,

туманда жаткансыймын кең…

Рухумду талкалаган

турмуштун шамшарынын мизинде элем,

жолумдан адашкам бир кезде талып,

жар боюнда турганда катып,

билдим бар экенимди,

бу жалган дүйнөдө оор,

шыбырап сурап турдум:

О, Кудай кайдасың, зор?!..

Көрдүңбү абалымды кандай начар.

Терметти өмүрүмдү шуулдап шамал,

айткан сымал:

– Эй, пендем, өзүңдү тап, өзүңө бар,

…Эртең кайтамын,

пэрэнденин күйгөн канаттарында

талкаланган күндөрүмдү узатам да,

сүйөнөмүн желкеңе, барып сага –

эртең кайтамын, күтүп ал, күткүн анда!..

 

                *   *   *

Бир куш болсом канаттары асыл таш,

Сенин сөөгүң көмүлчү жайды билген,

Каректериң өпкөн пери болсом жаш,

Айтар белең мага өзүңдүн дарегиң?!

 

Ушул наздуу кусалыкка сырдашсам,

Дабагери сымал ар бир дартыңдын,

Махабаттуу жандарга талаш болсом,

Айтар белең мага өзүңдүн дарегиң?!

 

Күйүп барам, дилим кара топурак,

Шөкөттөгөн арман, күйүт ар күнүм,

Үмүтүмдү чаксам оттук таш сымак,

Айтар белең мага өзүңдүн дарегиң?!

 

Эзелки бир окуяны баяндап,

Сен деп тарткан азапты айтып беремин,

Садагага чапсам жанды курмандап,

Айтар белең мага өзүңдүн дарегиң?!

 

Жүрөгүмдү асманыңа орнотсом,

Энтиктирсе сенин ар чыккан демиң,

Көздөрүмдү бут алдыңа торосом,

Айтар белең мага өзүңдүн дарегиң?!

 

Күлүп койсом: “Ашык жандын дилин көр”,

Баш айлантса тунук кыял, ниетиң,

Халиманы делбе кылсам жашы – көл,

Айтар белең сен өзүңдүн дарегиң?!

 

                      *   *   *

 

ЖАШЫЛ

 

Эй, кайгы менен бакытты жараштырчу,

Эй, Ажал көздөрдү жабык  кылчу,

Өзүмдөн өзүмдү адаштырчу,

ый-арманды гүлдөткөн –

таңды көрдүңбү,

көрдүңбү ысытмасы даяр аптапты…

Дал ошондо, көңүлүмдү жамаганга

ашык болсун дейм ар бир жалбыракты.

Аял кеңдиктери

жап-жашыл кечтер,

сагыныч багындагы азалуу күндөр,

какжырап эрте соолгон чаңкоолордон.

Тамырда дүңгүрөтө чабат гунндар

Саманчынын артында

жанган жылдыз

колуна бал ачтырат, төрт тарапка

төлгөсү төп келбеген тааныш шамал

чакырууда:

– Халима, кайдасың, келгин, келе кал!

Дал ушу шамалга айланар

бечара өмүрүм,

а, бирок, көңүлүмдүн чырагын уурдады ким,

шаттыкка бөлөнбөй каректерим –

ичинен шыбыроодо эмненидир

жамгыр тынбай…

Дилимдин гүлзарына кирген жигит

бейкапар сурады менден камырабай:

Нике шакегиңдин асманы кайда калды?!..

Ойлоном эстей албай:

“Кайда  калды ал асман?..”

Анан жүрөк гүлзарынан

бул бейгам эркекти

бөтөн жандай жулуп салгам…

Издеп келем төрт тараптан нике кайып болчуну,

Анжир гүлдөрүндөй сырдуу,

өзүнө тартып алчуну,

айтчы, эмне үчүн, эмнеге мен – миң жылкы,

жанымда бир эр эээрчите албай жүргөнүмдү?

Качангаче, мен дале жашыл бойдон,

дарыяга талпынган жылгадаймын.

желкеме башын коюп уктоодо күн,

айтат ал да ойгонгондо:

салам, жашыл дил!..

Кадамдар өтүүдө эзгилеп Рухум,

оңолбос бүкүрдөй кулак салам, бил,

эң алыс эс-тутум жээгин сезип,

шамалга жаттатууда бак атымды,

жийде жыты абаны эзип,

кайгы-муң атымды тытмалады,

муздаган көздөрүмдүн асманын тосуп

кирпиктерим куштай канат каккылады:

– Канакей мен,

Кайдамын,

Жоголдум  качан?

Мобу, бак, күн дарбазалары

бир кезде керемет эмес беле, таң,

бүгүн неге алардын көздөрү кары?!

Досторум айтышат:

“Чыккын бул  сар-санаадан”,

кандай гана көркөмдүү көрктүү жансың,

көңүлүңдү сындырбай, болгун аман:

опурталдуу жашоого – адам үйрөткүч…

Күлүп-ыйлоонун баасы канча,

ыйлап-күлүүнүн мааниси неде?

Өзүмдү бош коюуга күчүм жетпөөдө,

неге топуракмын-оу, рухум сенде.

Эй, каран түндү

нурга айландыруучу,

ыйман кеңдигинде жайгарып жүрчү,

сенин жолуңа тытылып ыргытыла,

жашыл күндүн калдыгымын, күкүмү  да…

Балким, суунун жумшак тунуктугуна,

таң калып аткан жалбыздыр наркым,

суу ичип турган

акактай жылдыз тамырлары кангыча.

Ошо көгөргөн маалым.

Балким, кечип чыккандырмын

кайсы бир  кезде

мажнундун ишке ашпас кыялынан,

балким, алп каракушту ойготкондурмун,

алдаган майсаң чүчкүрүгү, анан…

Азыр болсо көңүлүмдү

жалбыз учуна илип,

газелимди бүтүрөм,

газелим улук.

Анткени, сөз деген көп.

Сөздү дил уясынан айырып,

бактык жалган шарап менен

сөздөрдү акыйкат жолунда

сайрандатуудан чоочудук.

Анткени, акыйкаттын өңү да жашыл…

Ким-бирөөлөр айтты эле:

мурун-кийин жашыл баарын толтурат.

Мен өзү жалбыздардын көлөкөсүндө

куруган  дилимди

улук  газелдериме  белек кылам.

Кар баскан жан-дүйнөмү капыс

өсүмдүк йоддору менен тирилтем…

Жан кирген асманды

төбөмө кондуруп,

кумурскадай баарын тыңдай берем,

дарак күүсүн токуган

шамал баштаса ырдап

атымды атап кыңылдап

саргайган китептей тытылат бак.

Соолуп  бараткан дарыянын

соңку тамчысындай

жашыл сагыныч менен тирүүмүн бул кез.

Баары жалган туюлар бу жашоодо,

күн өткөрүү үчүн алдайм Убакытты.

(Жалгандарга эч доом жок.)

Кошуна аял да

обозгер очогуна

бир кучак өз бактысын отундай калайт күндө.

Бир чала мас

ырдап келет көчөдө:

“Кайсы чөлдө жүрөсүң, кайсы чөлдө?..”

Канчалар эркин жүрөт, өзүнөн азаттыкта…

Сезилет бир оордук жан-денимде,

дилдеги тактыда кооз гүл өсүүдө.

Мен ашыктык ырларын унуттум, болду.

Ырдасам муңга

салчудай обону,

Жамгыр,

акырындат кадамың,

азыр мен өзүмдөн

чачырап кетип барамын…

…Жаагыма чапкылады дабагер:

“Эс-учуң жый, сакайгын, ооруу жан…

(колдору укмуш мээрман)!

шыбыраймын эс-акылым маң:

Сакая албайм, дарыгер.

Жыргап уктап баратам…

Кайсы жол сага алпарат Жараткан,

кайда менин жашыл көйнөгүм,

жок дегенде бир гүлдөйүн,

кимдин алаканында мажнун  жүрөгүм?..

…Көзүмдү ачам,

жашыл баар таң,

бардык дартым алыста, алыс калган,

терезеден жылмая, жылуу багып,

жамгыр айтат сенин дарегиң.

Жашоо тамырында, агам кайрадан,

дилим сыйбай өзүмө толкуп, жанган,

ысык демиң киргенин сезген чактан,

көрөм кайра,

оо, Жараткан,

каректериң керемет жашыл абдан.

Жаратканым,

каректериң керемет жашыл таңдан…

 

 

* * *

 

 

Жол көгөрөт мейкиндиктин артында,

Балким менин кыялымдыр, же жомок.

Аруу күндөр ошол жолго байлана

Өтөт күндөр – жолоочу сымал, конок.

 

Мейкиндиктин ар жагында жол жатат.

Жүрөгүмдү дүкүлдөтүп чочутат.

Ким-бирөөнүн жадынан чыккан сымак,

Адашкан арбактай издеймин карап.

 

Жол көгөрөт мейкиндикке созулуп…

Рухумду издейм, кайда болду экен ал?

Асман мага жылдыздар жайын толук

Көрсөт, балким жаным аларда чыгар?

 

Мейкиндикти артынып көк жол жатат,

Өлүм – кайра жаралуу тагдырындай.

Кетем мен да мейкиндик жакка карап,

Акылым тунук, жолум дагы ачыктай.

 

Жол көгөрөт мейкиндиктин артында,

Кыйкыр, узун тилим, неге ыйлайсың?

Неге жаным, унчукпайсың, кимди анда

Издөөдөсүң, карегимде муң гана?

Жол көгөрөт мейкиндиктин артында…

 

About the author

Жазуучулар Союзу