Жаңылыктар

Эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык маарекеси өтүүдө

Бүгүн, 12-май күнү Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Фадеев атындагы сыйлыктын (алтын медалдын) ээси, Казакстандын кайраткери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесинин алгачкы 2 иш-чарасы өткөрүлдү.

Биринчи иш-чара – Сооронбай Жусуевдин эстелигин орнотуу үчүн бөлүнгөн Тоголок-Молдо сейилбагындагы жер тилкесине расмий белги (таш) коюу расмиси. Иш-чара Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду, даярдалды жана салтанатты Бишкек шаарынын мэри А.Ж.Жунушалиев ачып, мазмундуу сөз сүйлөдү. КР Жогорку кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова, КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Ажымалиев, КР улуттук жазуучулар союзунун төрагасы К.К.Иманалиев, Бажы кызматынын Генерал-лейтенанты Н.Т.Турганбаев, Кыргыз эл жазуучусу А.М.Матисаковдор Баатыр-акындын кыргыз маданиятындагы орду, эли-журтуна кенч катары калтырган опол-тоодой эмгеги, устаттык улуу касиет-сапаты ж.б тууралу кызыктуу кеп курушту.

Салтанатты С.Жусуевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча элдик демилгелүү топтун жетекчиси, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин жүргүздү.

Бишкек шаардык маданият башкармасы тарабынан даярдалган, С.Жусуевдин сөзүнө жазылган обондордон турган концерт дагы жалпы катышуучулардын көңүлүн көкөлөттү.

Мурда Баатыр-акын С.Жусуев ушул Тоголок-Молдо сейилбагында эстеликтери курулган Тоголок-Молдого, Арстанбекке, Осмокулга өзү таазим этсе, келечекте кыргыз окурмандары Сооронбай Жусуевдин өзүнө ушул сейилбакта таазим этери байма-бай айтылды.

Ал эми экинчи иш чара – КР Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча Бишкек шаарындагы китепканалардын райондор аралык жарышынын старт алышы М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин залында өттү.

Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагынын директору, Кыргызстандагы китепканачылардын коомдук бирикмесинин төрайымы К.Ж.Дандыбаева кечени ачып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни жаңырды.

Сөз сүйлөшкөн КР улуттук жазуучулар союзунун төрага орун басары Керимбек Кадыракунов, Кыргыз эл акыны Тынчтыкбек Нурмамбетов, Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин ж.б. Сооронбай Жусуевдин чыныгы акын, чыныгы котормочу, чыныгы устат катары көрсөткөн өрнөк өмүрүнө токтолушту.

Китепканачылар окуган С.Жусуевдин ырлары, С.Жусуевге арналган акындардын ырлары өтө жагымдуу кабыл алынды.

Кеченин жүрүшүндө Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналып даярдалган «Өмүргө байланган поэзия» аттуу даректүү фильм көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы китепканачылардын коомдук бирикмеси тарабынан чыгарылган “БиблиоПлюс” журналынын бир саны толук С.Жусуевдин 100 жылдыгына арналгандыгы жарыяланып, журнал катышуучуларга таркатылып берилди.

Кыргыз эл артисти Бактыбек Ыбыкеев баштаган ырчылар, М.Абдраев атындагы музыкалык мектептин кыл кыякчылар жана комузчулар ансамблдери салтанатты көркүнө чыгарышты.

Эртең, 13-майда саат 10.00до Бишкек шаарындагы Иван Васильевич Панфиловдун эстелигинин алдында (Панфилов сейилбагы) 8-Гвардиялык Панфилов дивизиясынын согуш ардагери, КР Баатыры Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган реквием-эскерүү. Саат 14.00тө Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан даярдалган “Мезгил кайрыктары” адабий-музыкалык кечеси (Дареги: Н.Исанов кампусу. Малдыбаев көчөсү – 34 “Б”)

About the author

Жазуучулар Союзу